АБА ВАННАСЫ

АБА ВАННАСЫ, к. Аэротерапия.

АБА ВИНТИ, пропеллер (лат. propellere — айдоо, түртүү) — авиациялык кыймылдаткычтын мех. энергиясын тартуу күчүнө айландыруучу жылдыргыч. А. в. кыймылдаткычтын валына кийгизилген күпчөктөн ж-а ага бекитилген ар түрдүү түспөлдөгү калакчалардан турат. Калакчалар дюралюминийден, болоттон же жыгачтан жасалып, А. в-нин диаметри 7 м ге жетет. Кыймылдаткычтын кубаттуулугуна жараша А. в. эки, үч, төрт калакчалуу болуп жасалат. Артка шиленген аба уюлгуган себептүү кубаттуулугун коромжу болушун азайтуу үчүн бири бирине кийиштирилген ж-а тескери багытта айланган кош октуу А в. пайдаланылат. А. в. поршендүү ж-а турбовинттүү самолёттордо, вертолёттордо ж-а дирижаблдерде колдонулат. А. в-н түзүү идеясын 1475-ж. Леонардо да Винчи сунуш кылып, 1754-ж. М. В. Ломоносов, 1912- 15-жылда Н. Е. Жуковскийөөрчүткөн. АБА ЖОЛУ — географиялык белгилүү жайлардын ортосунда самолеттор учуу үчүн абада белгиленген атайын тилке. А. ж. өткөн жерлерде самолеттор учуп-коно турган аэропорттор болот да, алар учуу коопсуздугун камсыз кылуучу аспаптар м-н жабдылат. СССРде А. ж. жерг., союздук ж-а эл аралык болуп бөлүнөт. Жерг. А. ж-да ири совхоздорду ж-а колхоздорду, райондорду, шаарларды республиканын, крайдын ж-а областтын борборлоруна катташтыруу уюштурулат. Союздук А. ж. Москва ж. б. ири шаарларды республикалардын, крайлардын, областтардын борборлору, ө. ж. р-ндору ж-а курорттор м-н байланыштырат. Эл аралык А. ж. СССРди чет мамл-тер м-н байланыштырат. Кырг-ндын А. ж. б-ча биринчи самолёт Ташкен — Пишпек — Алматы маршруту м-н 1919-ж. учуп өткөн. 1930-ж. Фергана — Анжиян аркылуу Фрунзе-Ош, 1933-ж. 7-ноябрда Фрунзе-Пржевальск, 1935-жылдан баштап түз учуучу Фрунзе-Ош маршруту түзүлгөн. 1975-ж. Кыргыз гражд. авиация башкармасы тейлеген А. ж. Кырг-ндын көпчүлүк жерин ж-а союздун 19 шаарын байланыштырып, анын жалпы уз. 60 миң км ге жеткен.