АБАШИДЗЕ Ираклий Виссарионович [10 (23). 11. 1909-ж. т. ]

АБАШИДЗЕ Ираклий Виссарионович [10 (23). 11. 1909-ж. т. ]-советтик грузин акыны, ГССР ИАнын академиги (1960). 1939-жылдан. КПССтин мүчөсү. 1953-67-ж. Грузия жазуучулар союзунун башкармасынын председатели. 1967-жылдан Грузин Совет Энциклопедиясынын Башкы редактору. 1928-жылдан ырлары жарыялана баштайт. А-нин ырларында жаңы турмушту пропагандалоо, соц. курулуш үчүн болгон күрөштү күчөтүү, мекенди сүйүү идеялары айтылган («Ырлар», 1932; «Жаңы ырлар», 1938). А-нин поэзиясындагы башкы тема — эркин адамдын баатырдык иштери. Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде фронттогу жоокерлерди, тылдагы эмгекчилерди эрдикке үндөгөн ырлары окурмандарга кеңири белгилүү. Согуштан кийинки ырлары совет элинин эмгегине, тынчтык ж-а демократия үчүн күрөшүнө арналды, партия м-н элдин биримдигин даңазалады («Партияга арналган гимн» ж. б. ). «Руставели жүргөн жерлер менен», «Палестина, Палестина!» деген ырлар циклинде грузин элинин улуу акыны Руставелинин өмүр жолун ж-а рухий дүйнөсүн ачкан (1966-ж. Руставели атн. сыйлык ыйгарылган). А. дүйнөлүк ж-а СССР элдеринин акындарынын чыгармаларын грузин тилине которгон. СССР Жог. Советинин 4-7-шайл. депутаты, 2 жолу Ленин ордени, башка 3 орден м-н сыйланган.

Чыг. : По следам Руставели, М., 1966; Приближение, М., 1969.

АББАС I (1571-1629)-Ирандын шахы (1587-жылдан), Сефевилер династиясынан, ири кол башчы. Жеңип алган жерлерин талап-тоноо, аларда жашаган грузин-армяндарды ж. б. элдерди жер которуштуртуп, Ирандын ички р-ндорунун экономикасын чыңдаган. Эл көтөрүлүштөрүн ырайымсыз басып турган. Ички-тышкы сооданын өнүктүрүлүшүн жактаган. Ирандын Закавказьедеги, Хорасандагы үстөмдүгүн калыбына келтирген, башка жерлерди каратып алган. А. Iнин тушунда Иран мамл-и саясий жактан аябай күч алган.