АБАШИДЗЕ Григол Григорьевич (1914-ж. т. )

АБАШИДЗЕ Григол Григорьевич (1914-ж. т. )-грузин совет акыны. 1944-жылдан КПССтин мүчөсү. Соң. Эмг. Баатыры (1974). 1967-жылдан Грузия жазуучулар Союзунун Башкармасынын 1-секретары. Тбилиси ун-тин (1936) бүтүргөн. Алгачкы ырлар жыйнагы 1938-ж. жарык көргөн. А-нин поэзиясынын каарманы- коммунизмди куруп жаткан эмгекчил совет адамдары («Негиздөөчү», 1939). Акындык чеберчилиги Ата Мек. согуш жылдарында («Душмандар», 1941; «Туулар», 1943, ырлар жыйнактары; «Жеңилбес Кавказ» поэмасы, 1943) өсөт. Сов. патриотизмдин күчүн көрсөткөн «Түштүк чек арада» (1949), «Ленин Самгориде» (1950) аттуу ыр циклдери үчүн А-ге СССР Мамл. сыйлыгы берилген (1951). «Георгий алтынчы» (1942) поэмасында грузин элинин улуттук көз каранды эместиги үчүн күрөшүн чагылдырган. А. -«Лашарела» (1957) аттуу тарыхый романдын автору. Чыг-лары СССР элдеринин тилдерине, чет тилдерге которулган. СССР Жог. Советинин 9-шайл. депутаты. Чыг. : Стихотворения и поэмы, М., 19. 61. Ад. : Апхаидзе Ш., Григол Абашидзе, Тб., 1958.