АБАНЫ КОНДИЦИЯЛОО — жабык же туюк жайлардагы абанын темп-расын, нымдуулугун ж-а тазалыгын автоматтык түрдө керектүү деңгээлде кармап туруу. Бул үчүн аба ысык болгондо, ал муздатылат (к. Аба муздаткыч), муздак болгондо жылытылат (к. Аба жылыткыч) ж-а бардык мезгилде аба тазаланып турат (к. Аба чыпкасы). Абанын нымдуулугу ж-а басымы атайын приборлор м-н жөнгө салынып, керектөөчүлөргө бардык параметрлери талапка туура келтирилген аба берилет. А. к. коомдук имараттарда, турак үйлөрдө, ө. ж. ишканаларында адам ИШТӨӨГӨ зарыл шарт түзүү үчүн колдонулат. Анын системасы борбордук ж-а жергиликтүү болуп, ага абаны даярдоо, жүргүзүү, бөлүштүрүү, параметрлерин автоматтык жол м-н жөнгө салуу ж-а башкаруу иштери кирет. Борб. системадагы аба даярдоочу агрегат — кондиционер бир нече жайды тейлесе, жерг. системадагы кондиционер бир гана бөлмөнү тейлейт.

от 123