АБАКАН

АБАКАН — Енисейдин сол куймасы. РСФСРдин Краснояр крайындагы дарыя. Алтай м-н Бат. Саян тоолорунан башталат. Уз. 514 км, алабынын аянты 32 миң км2. Ноябрдын 2-жарымында тоңуп,, апрелдин аягында ачылат. Жылдык орточо чыгымы 400 м3/сек. Карагай агызуу ж-а сугат ишине пайдаланылат. Жээгинде Абакан ш-ы жайгашкан.

АБАКАН (1931-жылга чейин УстьАбакан с. ) — РСФСРдин Краснояр крайындагы Хакас АОнун борбор шаары. Абакан д-нын Енисейгө куйган жеринде. Жол катнашы Ачи — Новокузнецк — Тайшет т. ж. аркылуу жүрөт. Калкы 90 миң (1970). Жеңил ө. ж. токой ж-а а. ч. сырьёлорун иштеп чыгаруучу ишканалар, эт, ун комбинаттары, вино, сүт з-ддору ж-а кездеме тигүү ф-калары иштейт. А-да Хакас тарых, тил ж-а адабият ил. из. ин-ту, пед ин-ту, а. ч. политехникуму, мед., пед., ж-а муз. окуу жайлары, драма театры, край таануу музейи ж-а теле борбору бар. Хакас тилинде «Ленин чолы» ж-а «Советская Хакасия» обл. газеталары чыгат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *