АБАКАН КЫРКА ТООСУ

АБАКАН КЫРКА ТООСУ -Бат. Сибирдин түш. -чыгышындагы кырка тоо, Абакан, Томь, Лебедь д-ларынын алаптарынан орун алган. Уз. 300 км, бийикт. 1400-1700 м (эң бийик жери 1984 м). Гранит, габбро ж. б. интрузиялары м-н тирелген метаморфизмделген тоо тектерден турат. 1700 м ге чейин ийне жалбырактуу токой, андан жогору тундра өсүмдүктөрү өсөт.