АБАЙ (Ибрагим) Кунанбаев

АБАЙ (Ибрагим) Кунанбаев (10. 8. 1845, Чынгыш Тоо, азыркы Караул кыш., Абай р-ну, Семипалатинск обл., -6. 7. 1904)-казактын улуу акыны ж-а ойчулу, казак жазма адабиятына негиз салган классик, обончу. Атасы Кунанбай түпкүлүктүү бий тукумунан чыгып, өзү да бир сапар дубанга аким (ага султан) болуп шайланган. Ал айылдык молдого окуткан балдарынын ичинен А. сергек чыкканын көрүп, аны Семей ш-дагы медиресегө жиберет. А. медиреседе 4 жылдай таалим алып, иран, араб, түрк тилиндеги адабияттардын классиктери жараткан чыг-лар м-н таанышат, аларга таасирленип өзү да ырлар жаза баштайт. Анын алгачкы ырларында казак оозеки поэзиясынын ж-а Күн чыгыш акындарынын салттары айкын байкалат. А. медиреседен кетерге жакын үч айдай орусча окуп, орус тилинде бир аз сүйлөп, китеп окуганга жарап калат. Бирок А. окуусун андан ары улай алган жок, анткени аны атасы Кунанбай айылга чакырып алып, эл башкаруу иштерине аралаштырат. Коомдук-саясий иштерге аралашуу А-дын социалдык тажрыйбасын арттырат. А. орус тилин дагы терең үйрөнүп, өз алдынча көп окуп, билимин көтөрө берет. Анын эстет. табитинин, коомдук-саясий ж-а филос. көз караштарынын калыптанышына орус адабиятынын классиктери А. С. Пушкин, И. А. Крылов, М. К). Лермонтов, Л. Н. Толстой, М. Е. Салтыков-Щедрин, В. Г. Белинскийлөрдин чыг-лары, байыркы грек философтору Аристотель м-н Сократтын, Күн чыгыштын окумуштуулары Ибн-Сина, Беруни ж. б-лардын эмгектери зор таасир тийгизген. А. Семей аймагына алдыңкы саясий көз караштары үчүн сүргүнгө келген орус окумуштуулары Н. И. Долгополов ж-а Е. П. Михаэлис м-н таанышып, алардан аздыр-көптүр саясий таалим алган. Анын адабий мурасы бай ж-а негизинен үч бөлүктөн турат: өзү чыгарган төл поэтикалык чыгармалары; башка тилдерден, көбүнчө орусчадан которгондору; кара сөз м-н жазылган санаттары. Ал өз ырларында ошо кездеги актуалдуу коомдук-саясий маселелерди, өмүр, заман, махаббат тууралуу «түбөлүктүү» темаларды козгойт; казак коомундагы курч социалдык карама-каршылыктарды көрсөтүп, эски уруучулук салттарга, нааданчылыкка, теңсиздикке каршы чыгат; өз элинин бардык жагынан артта калганына кейип-кепчип, мекендештерин илим-билимге, орус маданиятын үйрөнүүгө чакырат. Кара сөз м-н жазылган санаттарында («Гаклиясы») негизинен ырларындагы идеяларын улантат. А. казак ырынын туюнтуу мүмкүнчүлүктөрүн алда канча кеңейтип, идеялык-эстет. деңгээлин бийиктетип, формасын жаңылаган; казак поээиясын 17 түрдүү жаңы ыр өлчөмү м-н байыткан. Ал И. А. Крыловдун тамсилдерин, А. С. Пушкиндин ырларын ж-а «Евгений Онегин» романынын айрым главаларын, М. Ю. Лермонтовдун бир катар поэтикалык чыгармаларын казакчалаткан. А-дын филос. ж-а коомдук-саясий көз караштары өз заманы үчүн өтө прогрессчил болгон. Анын филос. түшүнүктөрүндө илимий-агартуучулук, материалисттик ой-пикирлер диний-идеалисттик көз караштар м-н айкалышып кетет. Дүйнөнү түшүндүрүүдө ал деисттик көз карашты тутунган. А. таланттуу музыкант, чебер обончу да болгон. Ал кээ бир ырларын обону м-н кошо чыгарган. Биздин ‘заманга анын кыркка жакын обону жетти. Ал обондор казак композиторлорунун опералык ж-а симф. поэмаларында кеңири пайдаланылды. А-дын чыгармалары көзү тирүүсүндө басылып чыккан эмес. Анын ырлары 1-жолу 1909-ж. Петербургда арабча тамга м-н басылган, «Гаклиясы» 1918ж. «Абай» журналында жарыяланган. А-дын адабий мурасы сов. доордо гана толук жыйналып, казак ж-а боордош элдердин тилдеринде көп ирет жарык көрдү, чет тилдерге которулду. Анын ысмын жер шарына таратууда М. Ауэзовдун «Абай жолу» романы айрыкча роль ойноду. Кыргыз окурмандары А-дын адабий мурасын боордош казак тилинде да, өз тилинде да окуп жатышат. Кыргыз совет адабиятынын алгачкы өнүгүш мезгилинде А. кыргыз акындарына байкаларлык таасир тийгизген.

Чыг. :. Менин элим. Ырлар, которгон А. Токомбаев, Фр., 1970; Шыгармаларының бир томдык толык жинагы, А., 1961. Ад. : Ауэзов М. О., Абай Кунанбаев, А., 1967; Каратаев М., Великий национальный поэт, в кн. : Казахская литература, М., 1960; Токомбаев А., Казак элинин улуу баласы (Абай Кунанбаевдин дүйнөдөн кайтканына 50 жыл толушуна карата), «Кызыл Кыргызстан», 1954, 5-сентябрь.