АБАЗИН ТИЛИ

АБАЗИН ТИЛИ — абазиндердин тили. Кавказ (иберий-кавказ) тилдеринин түн. -бат. (абхаз-адыгей) тобуна кирет. Бул тилде 25 миңге жакын адам сүйлөйт. А. т. тапант ж-а ангхар диалектисине бөлүнөт. Жазмасы 1932-ж. латын, 1938-ж. орус графикасынын негизинде иштелип чыккан. АБАЗИНДЕР (өзүлөрүн а б а з а деп аташат) — Карачай-Черкес АОсунда жашаган эл; айрым топтору Адыгей АОсунда ж-а Кисловодскинин аймагында кездешет. Элинин саны 25 миң (1970) киши. А-дин ата-бабалары Кара деңиздин чыгыш боюнда жашашкан. Азыркы жашаган аймагында 14к-дан бери белгилүү. Этногр. жактан тапанта ж-а шкарауа деп эки топко бөлүнөт.