АБАЕВ Шаршеналы

АБАЕВ Шаршеналы (1896-1972) — Кырг-ндагы сов. ишмер. Нарын уездиндеги Үкөк айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. 1919-жылдан КПССтин мүчөсү. 1908-жылдан 1917-жылга чейин батрак болгон. 1918-жылдан кыргыз айыл-кыштактарындаСовет бийлигин чыңдоого активдүү катышкан. 1918-ж. майда Үчүке волаткомунун председатели болуп шайланган. 1930-жылга чейин сов. админ. кызматта иштеген, 1931-жылдын январынан 1934-жылга чейин Кырг. АССР БАКтын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеди. Андан кийин республиканын бир катар р-ндорунда сов. ж-а чарбалык кызматтарда иштеди. 1960-ж. персоналдык пенсияга чыккан.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *