ААРЫ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ

ААРЫ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ — бал, мом алуу ж-а өсүмдүктү чаңдаштыруу максатында өстүрүлүүчү а. ч-нын тармагы. А. ч. — эң байыркы чарбалардын бири. Б. з. ч. мезгилдерде эле байыркы Египетте, Ассирияда, Римде аары чарбачылыгы күтүлгөнүн археол. эстеликтер айгине кылат. Б. з. ч. 500-жылдарда СССРдин аймагында жашаган скифтер ж. б. элдер аарычылыкты кесип кылып, бал, мом м-н соода жүргүзүшкөн. 1-2-к-да славян урууларында да аарычылык өнүккөн. Бир нече рамалуу бал челекте аары өстүрүүнү 1814-ж. орус аарыкечи П. И. Прокопович ойлоп чыгарган. Биринчи дүйн. ж-а гражд. согуш учурунда Россияда бал челектин саны азайып кеткен. 1919-ж. 11-апрелде В. И. Ленин кол койгон «Аарычылык ишин коргоо жөнүндө» токтом чыккандан кийин, Сов. Союзунда аарычылык жолго коюлуп, соң. а. ч-нын бир тармагына айланып, бал челек короосу м-н бал челектин саны тез өскөн. 1941-ж. СССР 10 млн. (бардыгы рамалуу) бал челек күтүп, дүйнөдө биринчиликти ээлеген. 1955-ж. СССРде бал челектин саны 9 млн-го жеткен. 1970-ж. дүйнөдөгү бардык бал челектин жартысы — 20 млн-дон көбүрөөгү соң. өлкөлөрдө, анын 11 млн-дон ашыгы СССРде болгон. Сов. Союзунун дээрлик бардык жеринде А. ч. бар. Аары асыроочу негизги райондор — Ы. Чыгыш, Сибирь, Украина, Кавказ, Башкырт ж-а Татар АССРлери. Кырг-нда 80 миңге жакын бал челек бар. Илим м-н алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктеринин натыйжасында колхоз-совхоздордун бал челектеринен бал ж-а мом жыйноо жыл сайын өсүүдө. Алдыңкы чарбаларда ар бир бал челектен 100 кг га чейин бал жыйналып алынат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *