ААРЫ ЗЫЯНКЕЧТЕРИ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ААРЫ ЗЫЯНКЕЧТЕРИ — аары чарбачылыгын зыян келтирүүчү ар түрдүү мителер ж-а жырткычтар. Аары мителери: амеба, грегарина, нозема, ак курт, кене, жумур баш, канатсыз чымын, кычы коңуз, аары бити. Булар аарынын денесине жабышып, мителик кылат. Уюк мителери: момчу, гүл чаңчы, эмерекчи ж-а тамчы күбөлөр, кыпчуур, тарпкор теричи, анткор коңуз, аары кенеси. Бул мителөр көбүнчө уюктун ичинде жашап, балды, момду, гүл чаңын жейт. А. з. карышкыр аары, заардуу, шимикчи аары, түктүү карышкыр аары, аңчы чымын, кумурскалар, жөргөмүштөр, өлүк баш көпөлөктөр, аарычы куш, сары аарычылар, ала дунгандар, борбаштар болот. Айрым учурда аюулар да аары уюктарын талкалап, балын, уруктарын жеп кетет. А. з. мех., хим. ж. б. жолдор м-н жок кылынат. ААРЫ УУСУ -бал аарысынын чабуучу ийнесинин түбүндөгү бези бөлүп чыгаруучу уулуу суюктук; ар түрдүү хим. бирикмеден турган татаал зат. Бул бирикменин ичиндеги уу зат мелиттин — протамин тибиндеги белок. А. у-да активдүү ферменттер бар. А. у. кургак бойдон күчүн жоготпой жылдап сакталат. Муну суута эритип кайнатса, же ичеги-карын зили таасир тийгизсе, күчүн жоготот. Аары чакканда, болжол м-н 0, 2-0, 3 мг уу бөлүп чыгарат. А. у. тирүү клеткаларга тийгенде, цитоплазмасы эрип кетет. Сүт эмүүчү жаныбарлардын организми, аары чакканда, татаал комплекстүү реакция м-н жооп кайтарат: А. у. элдик медицинада дары катарында эзелтен колдонулуп келатат. Ал үчүн сыркоолуу кишини кылдаттык м-н аарыга чактырышат. А. у-нан 1-жолу 1927-ж. Германияда дары препараттар жасалган. Азыр Европа м-н Американын көп мамл-теринде препараттар чыгарылууда. ГДРде апизартрон, Чехословакияда вирапин, СССРде венапиолин, токсапин чыгарылат. А. у. дары катарында кызыл жүгүрүккө, сөөк ооруларга, жанчкак, кобук, куяң ж. б. перифериялык нерв системасынын дарттарына, кептөөргө, шакыйга, гипертония оорусуна, тиреотоксикоздорго, кан тамырларынын дарттарына (эндартериоз, атеросклероз) каршы колдонулат. ААРЫ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ — бал, мом алуу ж-а өсүмдүктү чаңдаштыруу максатында өстүрүлүүчү а. ч-нын тармагы. А. ч. — эң байыркы чарбалардын бири. Б. з. ч. мезгилдерде эле байыркы Египетте, Ассирияда, Римде аары чарбачылыгы күтүлгөнүн археол. эстеликтер айгине кылат. Б. з. ч. 500-жылдарда СССРдин аймагында жашаган скифтер ж. б. элдер аарычылыкты кесип кылып, бал, мом м-н соода жүргүзүшкөн. 1-2-к-да славян урууларында да аарычылык өнүккөн. Бир нече рамалуу бал челекте аары өстүрүүнү 1814-ж. орус аарыкечи П. И. Прокопович ойлоп чыгарган. Биринчи дүйн. ж-а гражд. согуш учурунда Россияда бал челектин саны азайып кеткен. 1919-ж. 11-апрелде В. И. Ленин кол койгон «Аарычылык ишин коргоо жөнүндө» токтом чыккандан кийин, Сов. Союзунда аарычылык жолго коюлуп, соң. а. ч-нын бир тармагына айланып, бал челек короосу м-н бал челектин саны тез өскөн. 1941-ж. СССР 10 млн. (бардыгы рамалуу) бал челек күтүп, дүйнөдө биринчиликти ээлеген. 1955-ж. СССРде бал челектин саны 9 млн-го жеткен. 1970-ж. дүйнөдөгү бардык бал челектин жартысы — 20 млн-дон көбүрөөгү соң. өлкөлөрдө, анын 11 млн-дон ашыгы СССРде болгон. Сов. Союзунун дээрлик бардык жеринде А. ч. бар. Аары асыроочу негизги райондор — Ы. Чыгыш, Сибирь, Украина, Кавказ, Башкырт ж-а Татар АССРлери. Кырг-нда 80 миңге жакын бал челек бар. Илим м-н алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктеринин натыйжасында колхоз-совхоздордун бал челектеринен бал ж-а мом жыйноо жыл сайын өсүүдө. Алдыңкы чарбаларда ар бир бал челектен 100 кг га чейин бал жыйналып алынат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *