Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_8.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_8.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_8.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_8.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_8.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_8.htm on line 2
Зарылбек Рысалиев,
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри:
"Мыйзамды бузган партияларга катуу чара көрүлөт!"
- Зарылбек мырза, маегибизди шайлоо маселесинен баштасак. Сиз жетектеп жаткан ИИМдин 10-октябрда боло турган парламенттик шайлоонун талабына ылайык, тынч өткөзүүгө болгон даярдыгы кандай?
- Кудай буйруса, даярдыгыбыз жакшы. Биз учурда, ар бир областагы, райондордогу, ар бир айылдардагы шайлоо участоктордун так эсебин чыгарып, ошол участоктордо шайлоо учурунда ыкчам иш жүргүзүү пландарын иштеп чыктык. Учурда биз партиялардын ортосунда кайсы жерден "от чыгып" кете турган божомолдуу жерлердин жана улуттар арасында ошондой кооптуу жерлерди тактадык, картасын чийдик. Ошондой кооптуу деп эсептелген жерлер биздин бардык күч тармактарынын тыкыр көзөмөлүндө турат. Буйруса, карта боюнча ыкчам иш алпарабыз деген ниетибиз бар. Эгер шайлоо учурунда кокус чыр-чатак чыгып кете турган болсо, андай жерлерге күч тармактарынан канча адам барыш керек? Чырды күчөтпөй ордунда басуу үчүн күч тармактарынан кошумча канча адам керек? Чыр чыгаргандар кандай жазаланат? Ушул пландарды кынтыксыз аткаруу үчүн канча каражат сарпталат? Мына ушул маанилүү маселелердин үстүндө биз күндүр-түндүр иштеп, учурда бул маслелер толугу менен биз ойлогондой чечилди деп айтсам болот. Мындан тышкары партиялар ортосундабы, же улуттар ортосунда болобу, айтор, ошондой күмөндүү, кооптуу жерлерге күчөтүлгөн көзөмөлдөрдү, кароолдорду коюп баштадык. 5-сентябрдан тартып, биз казармалык тартип менен иштөөгө өтөбүз.
- Жалпы жонунан шайлоонун тынч өтүшүн камсыз кылууга күч тармактарынан канча адам тартылат?
- Канча адам талап кылынса, ошончо адам тартылат. Милициялар бардык тиешелүү жерлерге, тиешелүү санда бөлүндү. Мисалга айтсак, ар бир шайлоо участогуна 4 милициядан 7-8 милицияга чейин коюлат. Мындан тышкары, бизге Коргоо министрлиги, Бажы тармагы, Каржы тармагы, Жеке күзөт тармактарынан, афганчылар, ар бир областта, ар бир райондордо, ар бир айылдарда түзүлүп жаткан Элдик кошуундардын тобу, мергенчилер жана таксисттер жардам беришет. Ошондо орто эсеп менен ар бир участокту 30-40тай адам көзөмөл кылат. Эгер бул адамдардын саны аздык кыла турган болсо, анда көзөмөл кылуучулардын санын дагы көбөйтүүгө кудуретибиз жетет. Кыскасы, шайлоонун тынч өтүшүн камсыз кылууга азыр абдан жан үрөп иштеп жатабыз.
- Сиздер болжолдуу түрдө, кайсы партиялардын ортосунда: "жыгылган күрөшкө тойбойт" болуппу, же башка шылтоолор мененби, айтор себептүү жана себепсиз шылтоолор менен кагылышуулар чыгып кетет деп божомолдоп жатасыздар? Эгер ошондой шылтоолор менен чыр чыга турган болсо, кандай чара көрөсүздөр?
- Азыр биз тигил, же бул партия деп айта албайбыз. Шайлоо учурунда кайсы партия, кайсы партия менен тирешет? Кайсы партиялар чыр чыгарганга аракет кылышат? Аны убагында көрөбүз. Эл арасында ар кандай ушак-айыңдар чыгып жатат. Бирок биз партиялардын шайлоо учурунда кандай кадамдарга барышарын, кандай максатта иштешерин жакшы билебиз. Мен: "Шайлоого ат салышып жатышкан ар бир партиянын лидерлери акыл-эси толук, элим деп күйгөн, патриот адамдар"- деп ойлойм. Ушу себептүү шайлоонун тынч өтүшү да кандайдыр бир деңгээлде аларга да тиешелүү. Эгер партлидерлер кыргыз элинин келечегин ойлошсо, жеке амбицияларын жыйнаштырып, утулган партия утулганын моюнга алышы зарыл. Себеби, партлидерден ар тараптуу көп нерселер көз каранды. Ар кандай окуялар алардын кадамдарына жараша өнүгүп кетиши мүмкүн экендигин жокко чыгарууга болбойт. Эл азыр саясаттан абдан чарчап бүттү. Эгер кайсы бир партия лидерлери жок жерден тополоң чыгарып, кайрадан кан төгөбүз дешсе, анда чоң жаңылышат! "Мен кыргызмын" деген ар бир адам, кайсы бир партиянын эртеңки келечегин ойлобой, мамлекеттин келечегин ойлошу зарыл! Мыйзамды бузган партияларга катуу чара көрүлөт. Биз элибиздин тынчтыгы үчүн бар болгон аракетибизди көрөбүз. Эл бизге өздөрү: "Бизден силерге кандай жардам керек, жардам берели"-деген максат менен агылып келип жатышат. Демек, бүгүн эл милиция эл менен, милиция эл менен! Милиция кызматкерлери мурдагыдай кайсы бир партиянын артынан түшүп, кайсы бир партиянын кызыкчылыгын көздөп иш алып барбайт. Ал мезгил артта калды. Милициянын тилеги эл менен бирге экенин далилдеп бердик деп ойлойм. Бүгүн милиция эл үчүн иштейт. Бир сөз менен айтканда, милиция кызматкерлери элдин калканычы болууга бар болгон аракетин жумшап жатат.
- Шайлоонун тынч өткөзүүгө болгон даярдыгы жакшы деп жатасыз, демек, шайлоо күнүндө жана шайлоонун эртеси да болуп кете турган ар кандай кооптуу маселелерди өз убагында колго алабыз деп ишенимдүү айта аласыз?
- Ишенимдүү айта алам. Себеби, биз учурда бул маселенин үстүндө катуу иштеп жатабыз.
- Курал маселеси боюнча кеп кылсак. 7-апрелде жана Түштүк окуяларынын тийгизген терс таасиринен улам, элдин колуна бир топ курал-жарактар түштү. Учурда бул куралдардын так эсебин айта аласызбы, деги эле элдеги куралдардын канча пайызы кайтарылды?
- Куралдын санын биз өз кызматыбыздын кызыкчылыгы үчүн так айта албайм. Элдин колунда кайсы бир деңгээлде курал-жарактар бар экенин танууга болбойт. Бирок ал куралдар бүгүн атылбайт. Себеби ок чыгарууга, атууга негиз жок. Бул маселе боюнча биз ыкчам иштерди жүргүзүп жатабыз, буйруса, жакынкы аралыкта элдин колуна ар кандай жол менен түшкөн куралдар акырындык менен биздин колубузга өтөт. Негизи, фактыга таянсак, элдин колунда көп деле курал жок. Бир мисал айтайын, түштүк окуясынан кийин элдеги куралдардын 30 пайыздан ашууну артка кайтарылды.
Ал эми кыргыз күч тармактарынын куралдары жетиштүү. Ар кандай чараларга колдоно турган атайы жабдыктарыбыз (спец средство) да жетиштүү. Эгер кырдаал кайсы бир себептерден өтө эле курчуп баратса, анда биз бул айтылган жабдыктарды колдонууга мажбур болобуз.
- Элге чыккынчылык кылышкан коррупционер чиновниктерди кармоо аларды жоопко тартуу маселеси абдан аксап келатканын жокко чыгарууга болбойт. Буга сиздин көз карашыңыз кандай? Себеби бул маселе түздөн-түз сиз жетектеген тармакка тиешелүү болбосо да, кайсы бир деңгээлде тийиштүү эмеспи.
- Туура, бул маселе Башкы прокуратурага, УКМКга түздөн-түз тиешелүү. Бирок ушул кезге чейин бул маселе боюнча ИИМ аткарган иштерин анализдеп карай келсек, талапка ылайык иштер жүрбөй келгенин ачык айтышыбыз керек. Кайсы бир себептерден уламбы, айтор бул маселеге байланышкан айрым кылмыш иштеринин бети ачылбай келген экен. Кыскасы, иш алгылыктуу жүргөн эмес. Кудай буйруса, шайлоонун тынч өтүшүн камсыз кылсак, андан кийин бул маселе боюнча болгон аракеттерибизди жумшап, жакшы жыйынтык чыгарабыз деген максатыбыз бар.
- Түштүктөгү түзүлгөн кырдаал боюнча эмне айта аласыз? Ал жакта кырдаал толук турукташты деп айтууга болобу?
- Жок. Толук турукташтыруу деп айтууга болбойт. Бирок акырындык менен турукташуу жагына өтүп жатат. Эл арасында болсо, дале болсо ар кандай ушак-айыңдар токтой элек. Биз түштүктө түзүлгөн кырдаалды толук жөнгө салуу үчүн бар аракетибизди көрүп жатабыз.
- Сиз ИИМдин башына келгенде, коомчулукта ар кандай сөздөр чыкты. Сиз ал пикирлерди кандай кабыл алдыңыз?
- Туура, министрликке келгенимде мен жөнүндө айрым гезиттер чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратууга үлгүрүштү. Ал тургай, мени райондун деңгээлиндеги милиция деп да жазышты. Ал маалыматтар атайы буйрук менен жазылган маалыматтар экенин мен жакшы билем. Менин ишмердүүлүгүмө шек келтиргендер, професионалдуу деңгээлиме ишенбегендер, менин бул тармакта 1985-жылдан берки аздыр-көптүр аткарган жигердүү иштериме көз чаптырышсын. Ошондо менин деңгээлимди билишет. Мен опер кызматынын бардык жетекчилик тепкичтерин басып өттүм. "Наркобизнести", "Уголовный розыскты", №9 башкаруу бөлүмүн жетектедим. Акыркы жылдары БШИИБнин орун басары, жетекчиси болуп иштеп келдим. Анан мен кайдагы: "Райондун деңгээлиндеги милиция" болуп калам. Шыбайт десе эле, шыбай бербей, жараша турган кепти айтса, болот го. Уюшкан кылмыштуу топторду менден мыкты билген, менден кайраттуу болгон башкы жетекчи республикабызда өтө аз. Киши өлтүрүү кылмыштарын, баңгизатка байланышкан кылмыштардын бетин ачуу боюнча мен алдыда болсом керек. Айрыкча, буйрук менен киши өлтүрүү кылмыштарынын бир тобун бетин ачкан да мен. Менден аштым деген офицерлерди, генералдарды табуу кыйын.
- Акыркы убактарда, ИИМ кыска убакыттын ичинде полковниктерди генерал-майор, генерал-лейтенанттарга айлантып жаткан тармак өңдөнүп бараткансыйт. Учурда сиз да, полковник чини менен, бир нече генералдар менен иш алпаруудасыз. Дегеним, бул тармактын башына бир адам узак убакытка турбай жатат да. Генерал болушкандан кийин кетип калып жатышат. Эртең парламент келсе, сиз да кетип калышыңыз, же улантып иштеп кетериңиз суроо астындагы кеп. Буга көз карашыңыз кандай?
- Мен бул маселелерде эч кандай амбициям жок. Эгер менин полковник чиним кимдир бирөөлөргө жакпай жатса, мага майор чинин деле ыйгарып койсун. Мага сыйлык жана чин биринчи маселе эмес. Мага эң башкы маселе - бул элимдин тынччылыгы жана бакубат жашоосу. Ал эми эртең кызматтан кетип калсам, кетип калармын. Буйрукка жараша, иштей беребиз. Элдик бийликке айланууга аракет кылып жаткан бийлик мени кайда иште десе, ошол жерде иштей берем. Негизи мен табиятыман бийликке жутунган адам эмесмин.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев









кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_8.htm on line 45

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_8.htm on line 45

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_8.htm on line 45


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_8.htm on line 45

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_8.htm on line 45

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_8.htm on line 45


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_8.htm on line 45

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_8.htm on line 45

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_8.htm on line 45