Тагдырыбызды тандайлы!

Алмазбек АТАМБАЕВ
КСДПнын лидери:
"АЙЫЛЫ БҮТҮН - АМАН"
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын лидери саясат айдыңында көздөгөн максатынан кайтпаган инсандардан. Чындык дегенде ичи түтпөй, кала берсе досторунун да бетине чаап айтмайы бар. Бул бир чети жакшы, бир чети кээде өзүнө залакасын тийгизип жүрөт. Кийинки кезде анын саясий атаандаштары нерсе табалбай, каралоо максатында 2007-жылы Бакиев менен жакындан иштешкен деген аргументин ала чуркашты. Ошондуктан маегибиз ошол окуя тууралуу башталды.

- Ошондо сиз премьер болбой койгондо азыркыдай "жаманатты" болбой калат белеңиз?
- Актаныш үчүн эмес, тактоо иретинде ошол окуяга чейин эмне болгонун кыскача кеп сала кетейин. 2006-жылы ноябрда демократиялык оппозициянын кысымы менен К.Бакиев парламенттик-президенттик Конституцияга кол койду. Бирок ал жеңиш узакка созулган жок. Бакиев-Кулов тандеми жаңы жылга чейин эле кайра президенттик Конституцияны калыбына келтирди. Анан Бакиев тандемдешин эки жолу парламенттин колу менен кулатып, жолго салды. 2007-жылы апрелде Кулов "бийликти тынч жол менен өткөрүп алам" деген ураан астында адамдарды "Ала-Тоо" аянтына чыгарды. Келгендер тынч жол менен бийлик качан өтөт деп бир жумадан ашуун күтүп отурушту. Ал ортодо Жогорку Кеңештин алдына Бакиевди жактаган негизинен спортсмен жигиттер жыйналышты. Абал саат сайын курчуп, түндүк-түштүк кагылышы чыгайын деп калды.
Ошондо баарыбыз ардактаган Докем, Дооронбек Садырбаев, мага келип: "айланайын Алмаз, баарын жыйыштыр да, чакырган кызматына бар. Көрөсүң го, эки жыл өтпөй, түндүгү болсун, түштүгү болсун, лидер сөрөйлөрдүн анык жүзүн көрүшөт, азыр өлкөнү сактап калыш керек" - деп калды. Ошентип, мен баарына көз жуумп, премьерликке макул болдум. Ал чечимим үчүн мен уялбайм, тескерисинче, сыймыктанам. Өлкөнү жарандык согуштан сактап калууга менин саясий чоң салымым болгон. Ал эми элдин башын айландырып, алып келген авантюристтер анын алдында туруп бербей, көлөкөдө башын катып отурганын кимдер билбейт?
Ошол 8 ай премьер болгондо бюджеттин киреше бөлүгүн 1,5 эсеге көбөйтүүгө жетишкенбиз, бир топ коррупциялык схемалардын бетин ашкерелеп, миллиондорду бюджетке бура баштаганбыз. Бир эле мисал. Сол жээк Талды-Булак алтын кенин иштетүүгө лицензияны 300 сомго - 7 долларга сатып жиберишиптир. Биз ал компанияны бюджетке 20 миллион доллар төгүүгө мажбурладык. Үй-бүлөнүн майлуу куйругун басып жаткан соң бакиевчилер менден кутулууга шашты… Мына болгон таржымал.
- Сиз үчүн дал ушул тушта эмне баарынан маанилүү?
- Албетте, биринчи кезекте өлкөбүздүн бейпилдиги. Июндагы коогалаң мамлекетибиздин бейпилдиги менен экономикасына катуу доо кетирди. Үй-жайлар калыбына келет, бизнес кайра иштеп баштайт дечи. Азыр элдин ортосунда ынтымакка жетишүү баарынан маанилүү, ансыз бир да аракетибизден майнап чыкпайт. Бир жагынан ичтен да, сырттан да көрө албаган күчтөр толтура. Элибиз айтмакчы, "бир көзүң экинчи көзүңө жоо" болуп турат. Ошондуктан көз карашыбыз ар башка болсо да, саясий күчтөр Кыргызстандын бүтүндүгү жана келечеги деген ураанды тутунуп иш кылганыбыз акылдуулук болоор эле. Эгер биз легитимдүү парламентке, анын артынан өкмөткө ээ боло алсак, анда, айтып коёюн, келерки жылы эле бюджетти 1,5, мүмкүн, эки эсеге чейин көбөйтө алат элек.
Башкаларды билбейм, биздин партиянын буга көзү жетет, жетмек түгүл, бюджетти көбөйтүүнүн жолдорун жакшы билебиз. Жогоруда айттым го, 8 айлык премьер кезимде эле кайсы жерде кандай ресурс катылып жатканын, же кайсы жерден кандай байлык сол чөнтөккө кетип жатканын көргөм.
- 7- апрель кыргызды дүйнөгө таанытты. Биз өзүбүздү тааныдыкпы? Бекеринен улуу ойчул Сократ "өзүңдү тааны" деген эместир...
- Ооба, 7-апрелде элибиз өзүн-өзү тааныды, дүйнөгө да таанылды. Ушунча да эркин мүнөз, кайраттуу эл бар тура деп тамшангандар болду. Эмки максат - биз өз алдыбызча мамлекет курууга жарактуу экенибизди далилдөө, буга сонун тарыхый шарт түзүлдү. Эл өзүн тааныды дегеним, элибиз эми байыртан берки салтына таянып, мамлекет да, экономика да кура алат. Биз Швейцария, Малайзия, дагы башкасы боло албадык. Биз жөн эле татыктуу Кыргызстан бололучу. Албетте, биз сыяктуу чакан, тоолуу өлкөлөрдүн мыкты өрнөктөрүн үйрөнүү керек. Мисалы, Түштүк Кореянын билим берүү системасын ар тараптан үйрөнүү зарыл. Бирок баарын сокурлук менен көчүргөн жарабайт.
Ар бир улут өз тарыхый салтына, кулк-мүнөзүнө ылайыктап мамлекет курат. Кыргыздардын дилине парламенттик демократия жакын. Баары кеңешип-таңашып, чечимдерди кабыл алышкан. Бир да ханды тааныган эмес. Мунун баары биздин партиянын программасында кенен камтылган. Ошондой эле экономикалык, коопсуздук жана башка реформаларга да программабызда орун берилди. Биз өлкөнү азыркы кризистен чыгаруунун жана андан ары өнүктүрүүнүн жолдорун айкын билебиз.
- Кыскасы, баардык жоопкерчиликти көтөрөлү деп жаткан турбайсыздарбы, оор болуп калбайбы?
- КСДП (СДПК) - 17 жылдан бери такшалган партия, мамлекетибиздин ысык-суугун жакшы эле тартып келдик. Албетте, жоопкерчиликти моюнга алууга даярбыз. Биздин программа ар тараптуу терең иликтөөлөрдүн негизинде жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин аракети менен жазылды. Аны ар бир тармактын тажрыйбалуу адистери менен кеңешип-кесип, турмушка анык ашкыдай кылып иштеп чыктык. Анын үстүндө партиябызда өз ишинин мыкты устаттары бар.
Эл деген азыр илгеркидей "жел" убадаларга ишенбей калган. Жанагы айрым саясатчылардын "эртең эле айды алып берем, бүрсүгүнү баарыңды жыргатып жиберем" деген сөздөрүнө күлүп жаткандары ошондон. Биздин партия ар бир тармактын кесипкөй өкүлдөрүнүн курамынан тургандыктан, өлкөбүздү жапатырмак өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң.
- Биздин партиялардын көбү саясий өнөктөштөрүн алмаштырган көрүнүштөр толтура. Сиздердин партиядан чыгып кетип, кайра киргендер көппү?
- Жашоодо жаңылбаган адам барбы. Бу турмушта эч бир аракет кылбаган адамдар гана жаңылышпайт. Биздин партия да 17 жылдан бери көчүн түзөп отурду, опол тоодой сыноолорду башынан өткөрдү. Далай саясатчылар келди, кайра кетти. Бири карьера издеп келди, бири такшалуу мектеби катары тандап келди. Азыркы кыргыз саясатчыларынын жоон тобу КСДП (СДПК) мектебинен өтүптүр. Кайра келет элем дегендери көп, бирок биз макул эмеспиз. Кеткендердин ордун баса турган акылдуу, мекенчил ишмерлер толуп жатат. Сатып кеткендеринин болсо өз абийиринде, мен аларга кек да сактабайм, табиятыман ошондой адаммын. Тек гана кимдин ким экени билинип калат экен.
- Саясатка аралашкан жылдардан эмне таптыңыз, эмне жоготтуңуз?
- Тапканыман жоготконум көп болду.
- Мисалы?
- Уйкуну жоготтум. Уйку дегеним, саясатта чоң максатты көздөгөн адам керт башынын кызыкчылыгы, же жыргалы үчүн уйкусунан ажырайт дейсизби? Кыйын жолдон элди кантип чыгаруу керек деген санаа уктатпайт. Ал эми тапканым эмне болду? Турмуштун ачуу сабактары. Кыргызстандын соңку жылдардагы тагдыры өтө оор болду. Мамлекет, эл катары жоголуп кетүү коркунучуна келип калдык. Эми аны жоготпой сактап калуу - ар бир кыргыз баласынын атуулдук милдети.
- Башында адабият чөйрөсүнөн төбөңүз көрүндү эле, калемди таптакыр таштап койдуңузбу?
- Андай күн кайда? Саясий күрөш убактымдын көбүн уурдап кетти. Саясат чыгармачылыкка болгон эле убактымды эмес, үй-бүлөмө бөлчү убактымдын далайын уурдады. Чоң саясатка аралаштыңбы, ага тийди-качты мамиле кылган болбойт. Күрөш артынан күрөшмөйүн, муратка жетпейсиң. Сөзүмдү кыргызымдын: "Айылы бүтүн - аман" деген накыл кеби менен бүткүм келет, бул үч сөздө баары камтылган.
Максат ТӨРӨЕВ

Материал КСДПнын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. Заказ берүүчү - КСДП. Каржылык маселелер боюнча ишенимдүү өкүл - Сатыгул кызы Надира. Каттоо күбөлүгү №090 15.08.2010-ж.