Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_2.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_2.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_2.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_2.htm on line 2
Теледебаттагы жоор чукушмайдан…
29-сентябрь күнү Коомдук-каналдын түз эфиринде партиялардын теледебаттарынын алгачкы күнү болду. Чүчүкулактын натыйжасында, теледебатка "Ата-Журт", "Республика" жана "Кыргызстан элдер союзу" партиялары эң биринчилерден болуп катышты. Алгачкы теледебатка катышкан партиялар, айрыкча "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов менен "Ата-Журт" партиясынын ана башчыларынын бири Камчыбек Ташиев кызуу кандуулукка салышып, бири-биринин жоорун ой-даа чукушту. Кимиси Максим Бакиевге жакын болгонун, үгүт иштерине жумшалчу каражат кайдан келип жатканына чейин айтышып, бири-бирин кекетип-мокотуп, жөөлөшүп өтүштү. Айтор, бет кап артындагы чыныгы жүздөрүн эл алдында жакшы эле сыйрышты. Көргөндөрдүн көөнү толуп, бири-биринин айыбын ачып, абийирлерин дагы төгө түшүшсө деп эңсетти…
Диалог түрүндө талкуу жүргөн убакта Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабановго: "Эми сен Өмүрбек досум бере турган суроолорума таарынба, муну деген дебат деп коет", - деп туруп, - "Сен убагында Максим Бакиев менен чогуу бизнес кылып жүрбөдүң беле, эми андан баш тартып жатасың", - деди.
Ө.Бабанов: "Өзүң кандай кылгансың бизнести, мен аянтта 2006-жылы жүргөндө, сен парламентте отуруп алып, Конституциянын баарын өзгөрткөнсүң. Мен Максимдин офисинде жүргөн эмесмин жана бизнес да кылган эмесмин. Алар менин компанияларыма кылмыш иштерин козгоп, куугунтуктап жүрсө, кантип аны менен дос болмок элем? Сен алар менен өзүң кучакташып жүргөнсүң", - деп кайра сес көрсөттү. Ошол эле убакта ал Айдар Акаев менен жакын мамиледе болгонун, бирок аны эч качан өз кызыкчылыгында пайдаланып, бир да мамлекеттик мүлк сатып албаганын айтты. Ал эми Максим менен эч кандай мамиледе боло да албастыгын, анткени алар Ширшов экөө анын фирмасына көз артып, НТС телеканалын тартып алгандарын баса белгилеп айтты.
Камчыбек Ташиев болсо кайра Өмүрбек Бабановго: "Өткөндө Алайда болдук, баягы жер титирөөдөн жабыркаган Нурада салынып берилген үйлөр кайрадан урап жатыптыр четинен. Сен ошол үйлөрдү кургансың, комиссия мүчөсү болуп. Аларга эмне деп жооп беребиз?" - десе, Ө.Бабанов: "Ошол үйлөрдү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги курган, сен кургансың, муну тендер аркылуу курушкан. Мен жеке өзүм Нурадагы 20 баланын бюджетин көтөргөм", - деди. Буга К.Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда мончо, спортзал, жолдорду куруп, үй курбаганын жана Ө.Бабанов акчалуу болгондуктан, 20 эмес 50 баланын бюджетин көтөрүп ала тургандай экенин билдирди.
Айтмакчы, дебат учурунда Камчыбек Ташиевге "Ата-Журт" партиясында кримчөйрөгө аралашкан талапкерлер менен Бакиевдин тушунда жер сатканга аралашкан депутаттардын бардыгы туурасында жана улутчулдук туурасында суроо берилди. Ташиев мындай суроолорго кыска жана орой түрдө жооп кайтарды. Башкача айтканда, "Ата-Журт" партиясында кримчөйрөгө аралашкан талапкерлер бар деген карандай калп экендигин, өзүн улутчул эмес, патриотмун деп атап, анын партиясындагы кээ бир мурдагы депутаттар жер сатканга аралашкандар болсо, андайлар бардык партияларда эле бар экенин жана керек болсо, сот аркылуу жоопко тартыш керектигин оозу-мурду кыйшайбай туруп айтты. Ал эми үгүт иштерине канча акча короткону тууралуу суроого "бухгалтерден сурагыла" деп тим болду. Эң кызыгы үгүт иштерине каражатты кайдан алып жатышканы туурасында Бабановго тийишип: "Өмүрбек билет, биз каражатты кайдан алып жатабыз, ал экөөбүз коллега болуп иштегенбиз", - деп жыландын башын кылтыйтты. Бабанов болсо мындай какшыкка ак да, көк да дегенге жараган жок. Ташиевдин бул кыйытма сөзүнө караганда сыягы эл арасындагы "Республика" менен "Ата-Журтту" Бакиевдер каржылайт деген чын окшобойбу.
Ошондой эле Кубат Оторбаев Камчыбек Ташиевге: "Силер үгүт жарнагыңарда Нариман Түлеевди Бишкекке алып келебиз деп жаздыңар. Бакиевди да алып келесиңерби?" - деп, кабыргасынан койгон суроого, "Ата-Журттун" ана башчысы кызаңдап, "эмне кааласак ошону жасайбыз" дегендей орой жооп кайтарды. Тактап айтканда, "Нариман Түлеевди алып келебиз деп жаздык, мына алып келдик. Эгер Бакиевди алып келебиз деп жазсак алып келебиз" дегенди да кыйытты. "Чын элеби?"- деген кайчы суроо узатылды эле, Ташиев бир аз тайсалдап, 7-апрелден кийин Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган ою жоктугун белгилеп, качкын президентти алып келе турган эч кандай ойлору жоктугун кошумчалады.
Акырында Ташиевдин "А" менен "Б" планынын сыры туурасында суроо узатылды. Бул суроого Камчыбек түз жооп бербей, ар кайсынын башын бир айткан болуп, чаргытып тим болду.
Мына окурман, кыргыздын эртеңки келечегин түзөбүз деген "тыңчыкма" жигиттер акыл көрөнгөсүн, саясаттагы дараметин, психикалык абалын жана эмоционалдык туруктуулугун, интеллектуалдык деңгээлин бир жарым сааттын ичинде ашкерелеп салышты.Мындайды элибиз "эгер ал унчукпаганда анын акмак экени билинбей калмак" деп айтышат эмеспи…




Баалар арзандайт!
Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоолордон кийин күйүүчү жана майлоочу майларга болгон баалар төмөндөшү мүмкүн экендигин билдирди.
Эсиңерде болсо, 2010-жылдын 1-апрелинен баштап, Орусия Кыргызстанга ташылып келинүүчү күйүүчү майларга кошумча экспорттук бажы төлөмүн киргизген. Ошондон бери күнүмдүк турмушубуздагы эң маанилүү болгон бул заттын баасы күн санап кымбаттоонун үстүндө. Август айынын акырында КСДП лидери Алмазбек Атамбаев Орусиянын премьер-министри Владимир Путин менен болгон жолгушуусунда көпчүлүктүн көкөйүн кескен дал ушул маселенин үстүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, экспорттук кошумча бажы төлөмдөрүн алып салуу маселесин орус бийлигинин алдына кабыргасынан койгон. Орус премьери бул маселени парламенттик шайлоодон кийин сөзсүз түрдө кайрадан талкууга алышаарын ачыктаган.
Аталган маселе боюнча Алмазбек Атамбаев: "Бул маселе оң жагына чечилет деп ойлойм. Ошондой эле биз эң негизгиси ортодон акча жасап, бааларды атайылап көтөрүп жаткан кызыл кулактардын тизгинин тартып, аларга карата катуу чара көрүшүбүз керек"-деген пикирин билдирген.

"Ата-Журт" кыялга батканда…
"Ата журтчулардын" "камчысы" Камчыбек Ташиев алдыдагы шайлоонун жыйынтыгын алдына ала билип алганын, болгондо да шайлоочулардын 50 пайыз добушун чогултушаарын 24. kg деп аталган маалымат булагы аркылуу калайыкка жар салыптыр. Түштүктөн 70 пайыз (40 мандат), Түндүктөн 25 пайыз (20 мандат) менен алдыга чыгышаарын айтып, бирок муну кайсы көзү ачык айтканын ачыктабаптыр. "Ата-Журт" баш болгон бакиевчил партиялар акчаны самандай сапырып жатышканын көчөдөгү ар бир экинчи адам айтып жатканына караганда, демек, Камчыке алдын ала санап койгон добуштарды ата-журтчулар чын эле чогултуп коюшкан окшойт. Бирок элибиз азыр акылдуу, алчусун алып, жүрөгү менен добуш бергенди үйрөнүп алган.

Куловдун калканы эмнени эске салды?
Тээ үч-төрт жыл мурун эл арасында "Робин Гуд" атыккан кадимки Рыспек Акматбаев "мурдуңду талкалайм" деп, Ала-Тоо аянтынан жекеме жекеге чакырса, артын карабай зыр койгон Феликс Кулов бүгүн калайык калкка "мыйзамдын темир калканы" болуп берем деп, катуу оолугуп жатат. Негизи Куловдун калканы боюнча калк арасында өтө жүйөлүү ар кандай кептер айтылууда. "Бу Куловдун темир калканы - жөөттөрдүн кадимки алты кырлуу "Давид жылдызы" деп аталган эмблемасынын эле көчүрмөсү го?.."-деп чочулагандар четтен чыгып жатат. Жакшылап карап көрсөк, чын эле окшошуп кетет экен. Бир кездери дээрлик жөөттөр башкарган Дүйнөлүк банк "Кыргыздар карызыңарды төлөй албай калдыңар. ХИПК деген программабызга киргиле" дегенде дал ушул Феликс Кулов менен жакындан бери ар-намысчы атала баштаган Акылбек Жапаров "кириш керек эле, кириш керек" деп айгай салып чыгышканы да жөн жерден эмес окшойт дегендер пайда болду. Айтор, элине эсте калаарлык эмгеги сиңбеген эки эргулдун айланасында ар кандай чуулуу кептер тынчыбай келет.





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_2.htm on line 40

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_2.htm on line 40

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_2.htm on line 40


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_2.htm on line 40

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_2.htm on line 40

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_2.htm on line 40


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_2.htm on line 40

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_2.htm on line 40

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/1001_2.htm on line 40