Сандан-санга

Кандуу жылдар
"уятың жок неме турбайсыңбы, мен эмне, сага бойдок кыз көрүнүп жатамбы, же бузулган неме бекемин?!" дегенди айтсам болмок экен деп үйүнө кетип баратып ойлоп жатпайбы. "Мен сени сүйүп калдым" деген сөздү сан ирет айтып жүрүп Кулан үйлөнгөн эмеспи. Ырасында Кулан адегенде жакшы көрчү, анан беш-алты жылдан кийин эркелеткенин да, сыйлаганын да койду. Кызмат орду чоңойгон сайын ага болгон сезими суугандай боло берди. Үйгө түнөбөй, "иш менен, өкмөттүк зарыл иш менен" жүргөн күндөрү көбөйдү. Үйүндө аялы барбы, жокпу - баш оорутпай калган. Кенже болсо аны жактырып тийгени менен, кийин жөн гана күйөөсү катары көрүп калган. Эч кандай жүрөк дегдеткен сезими жок эле...
Темираалынын "жакшы көрөмүн" уккандан кийин аны биротоло жаман көрүп жүрдү. Жигит да аны сезип, өзүн обочо кармайт. Бир күнү сабагын бүтүп конторго класстык журналды коеюн деп кирсе, Темираалы жанына келип бажырайган кыпкызыл роза гүлүн сунуп:
- Туулган күнүңүз менен, - деп жатпайбы.
Кызык болуп кетти Кенже. Сунулган гүлдү айласыз алып, ооз учунан "рахмат" деди да, сыртка шашты. Туулган күн дегенди өмүрү белгилеп, шаан-шөкөттөнүп көргөн эмес. Куландан да, башкадан да эзели гүл алган эмес. Сүйлөшүп жүргөндө атыр-патыр сыяктуу белектерди берчү. Үйүнө келип гүлдү вазага салып койду. Кечинде Кулан үйгө келип ошол гүлдү көрүп "бу эмне гүл, ким берди?" деп сураган да жок. Аз мурун көңүлдөшү менен тоо таяна эс алып, ошол эс алгандан чарчап түшкөн. Табы болбой турганын айтып, эрте эле жатып алды.
Ошол гүл алгандан бир айча өткөндөн кийин Темираалы үйүнө кетип аткан Кенжени узата басты. Облборбор аталчу бу чакан шаарда жашагандар бири-бирин жакшы билишет, жакшы болбосо да сыртынан таанышат. Кошо баскан Темираалыны өзүнчө бас деп кантип айтмак, уялып, тартынып араң кадам шилтейт. Аялдын ал-абалын айттырбай сезген Темираалы ачык эле айтты:
- Кенже, мени менен баскандан уялып жатасың, көрүп турам, мен тетиги дүкөндөн бурулам. Момуну берейин деп эле басып калдым. - Жигит костюмунун төш чөнтөгүнөн калың конверт сууруп Кенжеге берди. - Окуп кой, окубайм десең тытып кой. Бир айтарым - эмне жазсам да жасалмасы жок чынын жаздым, - деп өзү айткан дүкөн туштан бурулуп кетти.
Кызык, Кенже колундагы катты сумкасына ката салып, азыр ушул жерден эле окугусу келди, көңүлү түшкөн жигиттен алгачкы кат алгансып, алеп-желеп боло жаздады. Үйүнө ылдамдай жетип, эшигин ачып эле сумкасындагы катты алды. "Кенже, эгерде ушул жазгандарымды окуп калсаң, шашпай, кунт коюп оку. Эң чоң өтүнүчүм - мени жек көрбөй оку..." деп өзүнүн баскан жолун аздап айтыптыр. Он сегиз жашында үйлөнүп, отузга чыкканда ажырашып кетиптир. "Колуктумдун кадырына жете албай койдум" дейт. Мына, жети жылдан бери бой жашайт экен, үч эркек баласына каралашып турарын да жазыптыр. Булар айтылып бүткөндөн кийин Кенжени бир көрүп эле сүйүп, жактырып калганын кыска жазып, андан эч нерсени суранбаптыр. Ошол катты Кенже туура үч жолу окуду, анан өрттөп салмакчы болуп ширеңке алып, кайра ал оюнан кайтты. Уктоочу бөлмөсүнө кирип, өзү майда-чүйдө салчу чакан шкафынын суурмасына салып койду. Ал кат кечинде да, эртеси да бир топ жолу окулду. Анан бир күнү кат өрттөлдү, балакет болуп бирде-жарымы окуп калса абийир кетпейби деп ошентти. Ал катты алгандан кийин баягы Темираалы көзүнө жакшы көрүнчү болду. Анын мамилеси да өзүнө бапестей жасалчу. Ошол өздөрү менен иштеген бир-эки келин, анан жаңы эле окууну бүтүп иштей баштаган мөлтүрөгөн жапжаш кыз да Темираалыны жактырып жүрүштү. Бирок жигит бир да бирөөнө көңүл токтотподу, бирөөнү да жүрөгүн ээлеткен жок. Күндөн-күнгө Кенжеге болгон берилүүсү артты. Жанагы эки келин күйөөлөрү болгон менен алам десе ошо күнү баса бермек, өзүнөн он беш жаш кичүү кыз да эч нерсени карабай аял болуп бермек Темираалыга. Анын көңүлүндө Кенже гана жашап жүрдү. Баягы бир ирет "жакшы көрөм" деп айтканы, катка жазганы боюнча экинчи жолу аны айткан жок. Айтпай, кайталабай сүйүүсүн ичинде бапестеп, ичинен бышырып, анысы мамилесинен, көз карашынан гана дааналанып жүрдү. Кийин, үч жыл өткөндөн кийин Темираалы борборго жогорку окуу жайлардын бирине мугалим болуп которулуп кетти. Бир ирет телефон чалды эле. Кенже: "Эгерде мени сыйласаң экинчи телефон чалба" дегенден кийин байланыш болгон жок. Бул сөздү Кенже аны жаман көргөндөн, болбосо сүйлөшкүсү келбегенден эмес, чогуу иштешкендердин ушагынан чочуп айткан, Темираалы болсо башкача түшүндү: "Мага асылганыңды кой, мен сени жакшы көрө албайм, байланышкым келбейт" деген сымал. Ошону менен Темираалыны көргөн жок. Аны сүйүп-күйбөсө да ушунча жыл эсинен кетирген жок. Токтоо, татына жигиттин элеси эмдигиче көз алдыда. Аны менен көңүлдөш болсом, же тийип алып чогуу жашасам деген ою таптакыр жок болгону менен, аны эстегени карыбады. Кийин Кенженин бир группалашы кезигип, Темираалы экөө бир кафедрада иштерин, Кенжени дале жакшы көрөрүн, өмүр өткүчө унуталбайм го дегенин айтканда, Кенженин ал жигитти көргүсү келгени, бир баскысы келгени бар...
Эми абышкасы аял алды деп укканда ошол керилген жигит эсине келди. Ачуусуна алдырды: "Бу айбанга ак элем, ошондо эле тигиге кетип калбай не болду, эч болбоду дегенде эркек кылып байланышып албай не?!" Ушул тапта ал Темираалыны сагынып турду, ошондон жардам сурап турду, ушул тагдырдан арылганда. Көкүрөгү муңга толгон, арманга толгон, аттиңи айтылып көзүнөн жашты сыбызгытат...
- Кир, бул эжең болот, - деп Нестанды ээрчитип Батма кирди. - Эжеңди энеңдей сыйла, жеңе. Оорунун айынан төшөктө жатпайбы. Акемди чындап жактырсаң анын байбичесин да жакшы кара, жеңе.
Кенжеге Батманын сөзү октой тийип жатты. Кулагын көзөй кетип көкүрөккө кадалган ок болуп тийди... "Мунун жардамынын кереги жок" деп бир бакырып, бөлмөдөн кууп чыккысы келди. Кантип айтмак. Абалын ойлоп түтөп кетти. Жек көрө Нестанды тиктеди. Көргөн көзүнө ишене албайт. Ушул кагаздай жука, үзүлчү жиптей үлбүрөгөн кызынын кызындай секелек немени Кулан аял кылып алдыбы? О, жосунуң жолдо калган шүмшүк. Кайсы ары менен алды экен, абийир жок айбан... Кыздын аянычтуу кебетеси, муң чачкан көздөрү Кенженин боорун оорутуп жиберди. Бу шордуу оорукчан неме го, акыл-эси кем жаралган неме го, болбосо жанагы күлтүйгөн, чоң атасындай болгон айбанга кантип тийди?! Аа, шоруң курган байкуш, бу жерге жыргайм деп келсең керек, эртең эле эсепте жок талпак болот эмессиңби...
- Аты Нестан, - деди Батма тааныштырып. - Бу жеңемдин аты Кенже. - Батма Нестанга Кенжеге баш ийкей көрсөттү, - колу-буту паралич болбосо, сенин бу жерге келер-келбесиңди ким билет эле, жеңе, - Батманын оозу тынбай Нестанга Кенжени кандай караш керек, кандай тазалаш керектигин айтып турду...
Нестан кыймылсыз аялдын жагымсыз жыт каңылжар өрдөгөн бөлмөсүнөн да, Батма айтып жаткан тигинин бок-сийдигин чыгарасың дегенинен да жийиркенген жок, ушул көздөрү нымдалышып аянычтуу тиктеген көздөрүнөн кандайдыр бир жылуулукту, мээрим чачкан жакшылыкты көрдү. Ооба, эчакта өлгөн энесине окшоштуруп жаткан тура... Бу аялдын төшүнө башын кое кучактап, боздоп-боздоп алгысы келди, ушул аялдан жансоога жардам издегиси келди. Көзүнөн жаш мөлт этип алсыз аялды алсыз карап шалдырай турду...