Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
Өмүрбек Бабанов,
"Республика" партиясынын лидери:
Кремлде Өмүрбек Бабанов Россия президентинин администрация жетекчиси Сергей Нарышкин менен жолукту
Өткөн жуманын аягында "Республика" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кремлде Россия президентинин администрация жетекчиси Сергей Нарышкин менен жолукту. Жолугушууда эки өлкөнүн экономикалык жактан өз ара алака-катышы талкууланып, анда Кыргызстандын азыркы финансылык абалына өзгөчө маани берилди. Ошону менен катар эле Кыргызстан тараптан Россияны кызыкдар кылган бир катар инвестициялык сунуштар айтылды. Алардын ичинен Кыргызстандын түштүк регионун жана курулуш, айыл чарба, энергетикалык тармактарды кайра калыбына келтирүү маселелерине басым жасалды. "Бул жерде финансылык жардам көрсөтүү эмес, бир катар кызыктуу инвестициялык долбоорлорго эки өлкөнүн финансылык жактан тең укукта катышуусу - Россия менен Кыргызстандын ара мамилелеринин өнүгүшүндөгү жаңы нук, жаңы кадам",- деп белгилешти адистер. Жолугушуунун жыйынтыгында Өмүрбек Бабанов: "Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, биз ар дайым өз ара кызматташуу жана тыгыз алака-мамилелерде боло бермекчибиз",- деп белгиледи.Айтып кетчү нерсе, көпчүлүк кыргыз саясатчылары Россия жетекчилиги менен жолугушууларда бир нерсе суранып эле жүрүшөт. Алардан айырмаланып, Өмүрбек Бабанов конкреттүү ишти, эки тарапты тең канааттандырган тең укуктуу проектилерди талкуулап келет. "Мен суранганды, тилемчилик кылганды жаман көрөм. Эч качан өмүрүмдө андайга барган эмесмин. Биз Россиянын жогорку жетекчилиги менен конкреттүү проектилерди талкуулап жатабыз ", - деп айтты Өмүрбек Бабанов.



"Биздин партиянын бардык региондо элдин оозуна алынып, колдоого арзып бара жатышы бир топ саясатчыларга тынчтык бербей жатат"

26-сентябрдын экинчи жарымында Жалал-Абад шаарынын борбордук стадионунда "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов баш болгон депутаттыкка талапкерлер - партия мүчөлөрү Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Мирлан Бакиров жана Малик Осмонов областтын эли менен жолукту.

Борбордук стадионго "Республика" саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасы менен жакындан таанышуу жана партия лидери Өмүрбек Бабанов менен көзмө-көз жолугуп, суроо берүү үчүн 25 миңге жакын облус жашоочулары келишти.
Жолугушуунун алдында Кыргызстандагы апрель жана июнь айларындагы кайгылуу окуялардан курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду.
Партия лидери Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын алдына чыгып сүйлөгөн сөзүндө учурдагы күзгү талаа жумуштарына карабастан, жолугушууга атайын убакыт бөлүп келгендиги үчүн облус жашоочуларына ыраазычылыгын билдирди.
"Бүгүн "Республика" кризиске каршы конкреттүү программаны иштеп чыккан жападан жалгыз партия. Азыркы шартта кыргызстандыктар мамлекет менен бийликтин колдоосуна өзгөчө муктаж болуп турган учуру. Мамлекет тарабынын элге көрүлгөн камкордук деген эмне? Ал - татыктуу айлык акы, жеткиликтүү билим берүү, сапаттуу медициналык тейлөө, айыл чарбасына берилүүчү жеңилдетилген кредиттер, өнөр жай тармагына, социалдык курулуштарга жасалган колдоо. Бул маселелерди чечүү - мамлекеттин эң башкы милдети! "Республика" партиясы Кыргызстандын ички финансылык жана жаратылыш ресурстарын коррупциянын айла-амалга салынган ыкмаларысыз колдонууну сунуштап жаткандыгын дагы бир жолу эсиңиздерге салууну туура көрүп турам. Биз бир үй-бүлөгө эмес, жалпы кыргызстандык мекендештерибиздин кызыкчылыгы үчүн таза абийир менен иштөөнү сунуш кылып жатабыз",-деди Өмүрбек Бабанов.
"Республиканын" лидери жалал-абаддыктардын бир нече суроолоруна жооп берди. Карапайым эл тарабынан "Эмне үчүн бир катар партиянын лидерлери "Республика" партиясы Максим Бакиев тарабынан каржыланып жатат деп айтып жатышат", "Республика" партиясынын Роза Отунбаевага тиешеси барбы", "Шайлоолор таза өтөрүнө ишенесизби" деген суроолор берилди.
Буга партия лидери Өмүрбек Бабанов кезеги менен, түшүнүктүү кылып жооп берди. "Биринчиден, "Республика" партиясы эч ким тарабынан каржыланбайт жана чет жактан келген акчага муктаждыгыбыз жок. Бул боюнча мен бир нече жолу айтканмын, бул жолу да сиздердин алдыңыздарда айтып коюшту эп көрүп турам. Биздин партиянын мүчөлөрүнүн каражаты жетиштүү болгондуктан, сырттан акча алып жатат деген сөз күлкү келтирерлик нерсе. Экинчиден, "Республика" партиясынын Роза Отунбаевга эч кандай тиешеси жок. Эгерде чынын айтсам, өзгөчө акыркы күндөрү биздин партия тууралуу атайылап ар кандай ушак сөздөр, чындыкка келбеген жалган кептер таратылууда. Биздин партиянын бардык региондо элдин оозуна алынып, колдоого арзып бара жатышы бир топ саясатчыларга тынчтык бербей жатат. Элдин колдоосуна татып жатышыбыз өзгөчө, элдин алдына чыгып куру убадаларды бергенден башка колунан иш келбеген саясатчыларды жаман абалга алып келип, бүлүнтүп жатат. Аларды калың эл билет жана бул жылдар арасында элдин элегинде болуп келишти. Мен элдин салмактуулук менен акыл калчап, ой жүгүртүп туура тандай тургандыгына ишенем",-деди партия лидери.
"Жакында өтө турган шайлоонун таза өтөр-өтпөсү туурасында айта турган болсок, парламенттик шайлоонун таза, бурмаланбай өтөрүнө мен ишенбейм. Азыртадан эле бир нече партиялардын мамлекеттик ресурстарды пайдаланып жаткандыгын көрүп жатабыз. Буга чейинки андай ыкманы колдонгондордун тагдыры кантип калгандыгы аларга сабак болбой жатат, административдик ресурстарды колдонуу жана шайлоо күнү добуштарды бурмалоо аракеттери аларга таптакыр тескери жыйынтык бериши мүмкүн. Эл эми алдатпайт. Андыктан "Республика" партиясы шайлоонун таза өтөрүнө ишенбейт, бирок, калың элдин, карапайым кыргызстандыктардын колдоосуна ишенет жана таянып турат. Биз маанилүү тандоонун алдында турабыз, эгерде сиздер 10-октябрда биздин партияга добуш берсеңиздер, бул суроого жооп берген болосуздар. Ал эми бизге берилген добушуңуздарды коргоп, сактап алууга болгон аракетибизди жумшайбыз",-деп жооп берди Өмүрбек Бабанов.
Эл алдында чыгып сүйлөгөн Бакыт Төрөбаев менен Мирлан Бакиров "Република" партиясынын экономикалык программасынын артыкчылыктары туурасында айтып берип, жалал-абаддыктарды өз элинин кызыкчылыгы үчүн экономикалык жана саясий туура чечимдерди кабыл алууга багыт алып бара жаткан жаш лидерлерди колдоого чакырды.
Жолугушуу кыргыз эстрада ырчыларынын концерти менен аяктады.


кыргыз тилиндеги гезит "Форум"




Яндекс.Метрика