Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
  Кудай сакта...

Жүзүңдү ач,
"Ата-Журт"!
Бакиевдер жана алардын ат кошчуларынын апрель окуяларына чейин эл-жер деп чыккан мекенчил атуулдарыбызга каршы жүргүзгөн репрессиялык саясаттары аз келгенсип, "черный мир" деп аталган дүйнөнүн өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып, алардын кызматын керектүү учурда колдоно коюп жүргөндүгү жөнүндөгү кептер учурда эч кимге деле жашыруун эмес. Ошол эски бийликти калыбына келтирүүнү эңсеген Бакиевдик бийликтин айрым эргулдары бүгүн "Ата-Журт" партиясы менен бийликке аттанабыз деп турушат.


Ташиев Ош - Жалал-абадда кантип "очко" топтоду?
Ата-журтчулардын ана башчыларынын бири Камчыбек Ташиев ЖКда депутат кезинде эле саясаттан сырткары спорт чөйрөсүндөгү чоюн дене балдарды "тарбиялары" туурасында гезиттердин биринде өзү айтканы бар. Бирок К.Ташиевди айрымдар кыргыз спортун көтөрмөлөгөн күйөрман катары кабылдашы мүмкүн. Тилекке каршы, анын "саяпкерлиги" астында эл аралык бир да мелдеште Кыргызстандын туусун желбиретип чыккан спортсмендин аты-жыты чыкканын уга элекпиз. Камчыбек мырзанын таптап-баптаган спортсмендери болгону жан сакчылыкка, автомат, тапанча атканга тартылган гана жигиттер окшобойбу. Өзгөчө июнда болгон түштүк коогалаңында анын жигиттери "элдик кошуун" деген атка жамынып бейпилдик орнотумуш болуп, Ош - Жалал-Абадда К.Ташиевди элдик "геройдой" таанытышты.
Бирок бул жерден адилеттүү бир суроо туулуп отурат. Ташиев өтө опурталдуу делинген аймактарга кантип коркпой-үркпөй жетип барып, эмне болуп "герой" боло калды экен? Себеби куралчан жарандардын арасында анын да көздөй ишенген адамдары жүргөн үчүндүр... Толук мүмкүн.

"Ата-Журт" камкорбу, же "канкорбу"?
Кудай берген интернетибизди чукулап отуруп, ата-журтчулардын арасынан кылмыш дүйнөсү менен алакасы бар делинген айрым "азаматтарыбызга" жолугуп калдык. Алсак, "Ата-Журт" партиясынын атынан депутат болгусу келген, буга чейин К.Ташиевдин курчоосундагы спортсмен балдардын арасынан чыккан шылуунчалыш, "он башы" шайлангандардын бири Исмаилов Ф. аттуу жигитке ИИМ тарабынан 2009-жылдын 30-июлунда 30-70-беренелер боюнча кылмыш иши козголгон экен. Мындан тышкары ЖК депутаты ыраматылык Санжарбек Кадыралиевдин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелип, издөөгө алыныптыр. Бирок кийинчирээк күч органдары эмнегедир Исмаиловго көп тийишпей жайына коюшкан экен.
С.Кадыралиевдин өзгөндүк жердештери менен бир туугандары да "Санжардын өлүмү боюнча күнөөлөнүп камакта жаткан А.Итибаевдин күнөөлүү экенине ишенбейбиз жана тийиштүү органдар анык кылмышкерди таап берүүсүн өтүнөбүз" дегени эсибизде. Мындан улам бул жигиттин ошол кездеги колдогон кожосу өтө эле таасирдүү экендиги ачыкталып отурат. Ал кезде ИИМди М. Конгантиев, УККны Ж. Бакиевдер "мыкчып" турганы баарыбыздын эсибизде. Алар менен ал кезде Исмаиловдун "колдоочусу" экс-министр Камчыбек мырза шилекей алышкан табакташ-достордон эмес беле. Демек…
Эми өткөн иш өтүптүр, жаңы бийлик бул жагын териштирбей каякты карап отурат-деген суроо көпчүлүктүн көңүлүн оорутуп отурат.
Кылмыш иликтөө органдарына жерге житип кеткендей таптырбай жүргөн бул жигит кандайча болуп "Ата-журт" партиясынын тизмеси аркылуу Боршайкомдун каттоосунан өтүп кеткен?
Башпрокурор, ИИМ, УКК бул фактыны иликтеп - жиликтөөгө милдеттүү, эгерде алар өздөрүн мамлекеттик орган катары санаса. Эгерде мамлекеттик органдарыбыз андай эле чабалдык кыла турган болсо, жарандык коомдордун өкүлдөрүн бул ишти ийне-жибине чейин териштирүүгө чакыруудан башка аргабыз жок го? Биз бүгүн мамлекет тагдырын кимдердин колуна беребиз?

Жайсаңбаевдин жандоочусу
Капчыгыбыздан 1 млн. АКШ долларын кымырып, өлкөбүздү сызга отургузуп кеткен Ш.Жайсаңбаевдин негизги өнөктөшү делинген Марат Султановдун экономикалык кылмышка тиешеси бар экени туурасында эки бийликтин тушунда тең журналисттердин жаза берип калеми, айта берип тили тешилди. М.Султанов улам бийликтин бийик тепкичтеринен ылдый түшпөдү. Анын себеби эле Бакиевдердин колуна суу куйган "ак" эмгек, кара тери болду окшойт. Ал эмес ЖК төрагасы болуп турган тушта анын Ага Хан фондусу Кыргызстанга берген 100 000 АКШ долларын кайсы чөнтөккө сологону тууралуу уу-чуу кептер али күнчө тынчый элек. Бул боюнча мурунку чакырылыштагы парламенттеги кесиптештеринин алдында да, коомчулук алдында да жооп бербей кутулганы бар. Акаев тушунда Улуттук банктын төрагасы болуп турганда республика бюджетин оңго-солго каалагандай будамайлаганы туурасында 2006-жылы "Алас" гезити факт, документтердин негизинде жазып чыкканы бар, ал иш кийин эмнеге "жым" болду, иликтеген жан жок. Айтор, М.Султановдун тегерегинде "Кыргызгазмунайзатка" байланыштуу иштерди жана Жайсаңбаев экөөнүн 1 млн. долларды кантип жалмаганы жөнүндөгү кептерди жаңы келген бийлик ээрдеги көчүгүн бекемдеп алса, кайра териштирерине ишенип туралы…

Роман Шинби же
"жинби"?
Суроону мындай койгонубуздун себеби: электорат добушуна жиндей азгырган акчасы менен депутаттык мандат колуна бир эмес, эки жолу тийди. Экөөндө тең парламент жыйындарынан же ооз ачканын, же мыйзам токуганы билинбеген балык депутат болуп отурду. 2004-жылкы парламенттик шайлоодо акчасын самандай сапырган фактыларды атаандаштары БШКга далилдеп берсе да "Алга, Кыргызстан" партиясынын мүчөсү болгондуктан ал кылмышы көз көрүнөө будамайланып кала берген. Кийин Бакиев тушунда казиного байланышкан кылмыш иштери боюнча оппозиция жана маалымат каражаттары жаагы талыганча какшады, аны тергеген бийлик болгон жок. 2007-жылдан бери Коммунисттер фракциясынын депутаты болуп турганда да анын тегерегинде кылмышка шектүү иштери боюнча эркин басылмалар көп жазды. Аларды кайталабайлы. Ага карабай, алдыдагы шайлоого баратканы кандай?! Демек, мамлекетибиз кылмыш дүйнөсүнө курчалган тордон дагы көпкө чейин чыгалбайбы?

Атажуртчулардын таянычы "баягыларбы"?
Эл арасындагы айрым кептерге караганда "Ата-Журт" партиясынын эң чоң таянычы эски бийлик эриш-аркак иштешип келген "кара дүйнө" экендиги айтылууда. Аларды каржылаган да, баардык саясый тирештерде да тикесинен тике туруп колдоого шыкактаган кримавторитеттердин көздөгөнү эмне? Ишенимдүү табакташтарын бийликке кайра алып келүү. Бакиевдерге айыгышкан оппозиция болуп келген партия лидерлери бийликке келе турган болсо, алардын өздөрүнүн тилиндеги "лафа" жашоосуна бир топ кыйын болуп калаарын түшүнүп атышкан окшобойбу.
"Уккан кулакта жазык жок"-демекчи борбор шаарыбыздын спорт клубдарында акыркы айлары чоң машыгуулар жүрүп, "Ата-Журттун" лидерлери кримавторитеттер менен күн алыс шеринелешип, алака мамилелерин мурдагыдан да бекем чыңап атканы жөнүндөгү сөздөрдү кулагыбыз чалып атат. Ал эмес алдыдагы шайлоодон кийин бирин-бири колдоого кепилдик беришип, касам ичишкенин партия курамындагылардын айрым баканооздору тилинин учунан чыгарып жиберген экен, анысы акыркы бир жумадан бери тил-ооздон калганы жөнүндө каңшаар тарады. Мунун баарын күч органдарыбызга күмүш сырга кылып жаткандагыбыз. Биз го укканыбызды жазып жатабыз, калганын өздөрү караштырып көрүшсө, ашыкча деле убактылары кетпесе керек.
Шербото ЧОРО








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"




Яндекс.Метрика