Сандан-санга

Кандуу жылдар
Нестан туруп бөтөлкө, стакандарды алып келип Батманын алдына койду эле, аны Кулан алып келин экөөнө куйду.
- Бала-чакаңар бапырап шаар болсун, аке, өмүр өткөнчө ынтымактуу кол кармашып жүргүлө, - деди Батма стаканын көтөрөрдө. Кулан да ичти. Ашкан эттен жешти. Бир маалда Батма Куландан сурады:
- Аке, жеңемди карап койдуңарбы?
- Каралаар, - деди Кулан кабагын чытып, - а да бир азап болду го...
- Тагдырдан кайда качмакпыз... Кой, мен барып карайын.
Куландын байбичеси шал болуп жатат эмеспи. Колу гана эптеп кыймылга келген болот, бирок эч нерсе кармай албайт. Ичирип-чычырганы башкалар. Бир жумадан бери аны Батма карайт. Мурун да карачу. Кезектешип карабаса бир кишинин чыдаганы кыйын. Айла жоктун иши. Өзү шал болуп жатканы менен акылы тунук. Мыкты аял деп токтоолугуна, адамдыгына, жаман-жакшыны ажырата билгенине, анан ак көңүлдүгүнө карап айтылат. Ушул алтымыштан өткөнчө бир да бирөөнө жаман айтпады, бир да бирөөнө жамандык кылбады, антмек турсун оюна келбеди. Күйөөсү Кулан болсо өмүр бою көпкөн турмуштун үстүндө болуп келет. Жүрбөгөн катыны жок. Анын баарын көтөрүп келди бу байбиче. Аты - Кенже. Улуу-кичүү дебей Кенжеке деп турушчу эле. Эми алардын аягы суюлду. Бирин-экин адамгерчиликтүүлөрү көргөн болбосо, көптөрү келбей калган. Колу-буту соо кезде келген адамга тамак-ашын жайната берип, курсагын тойгузбай чыгарчу эмес. Балдары көп болуп, өп-чап жашагандарга ун, талкан, май-чайына чейин кайрылышчу. Кудайга несинен жазды экен, минтип шал кылып. Кырк жылдан ашуун жашап, жакасын кирдетпей, кийимине чаң жугузбай, жүргөн аялдарын да көңүлгө албай бир өйдө карап койбой жашап келбеди беле, күйөөсү менен. Шал болуп төшөктө бут тарта албай жатып калгандан аз өтпөй "бу сен качан өлөсүңгө" өттү, ошол бапестеген күйөөсү. Анысы аз келгенсип, шаардагы эрке өскөн далдаке кызы күйүмсүз болду.
Кез-кези аны-мунусун алып келип "иш күйүп" атат деп кайра шашат. Энесине күйбөй, ишине күйгөн ушундай кыз болуптур, боору таш. Кээде богу-жини аралашып кароосуз калган күндөрү өлөрүн санайт. Асынып өлөргө шай жок болсо, кантип өлдү?! Бир ирет Кулан кызымтал болуп алып, анда шаарда турушчу, сүлкүлдөгөн бир келин менен келип, төркү үйгө кирип алышып үч-төрт саат ичип-жешип, анан Кулан аны узатып коем деп эртеси келгенде Кенженин оозунан чыгып кеткен: "Кудай көрсөтөөр"-деп. Башка сөз айткан эмес. Кудай Куланга эмес, өзүнө көрсөттү окшобойбу. Былтыр энеси сексендин жоон ортосунда каза болгондо кабар келген. Өзү кантип баралмак. Сопсоо туруп жаман да болсо кайненем эмеспи деп Кулан барып топурак салбады. Арманы ушул. Жаман да болсо бир эркек баласы болсо "таенелеп" өкүрүп барып топурак салып келбейт беле, соолгурдуку! Көрүнгөнгө кор кылбай келини карап албайт беле. Арман күн аа! Күндөн-күнгө ушундай арманы денеге батпай сүлүк курттай сорот, өзөгү өрттөнөт. Үмүтсүз ойлор, жакшылык жок ойлор. Көзү өтүп кетсе эл катары коер бекен жанагы өлүм тилеген күйөөсү. "Эжекелеп" турчу инилери да жок, эки сиңдиси бар эптеп оокат кылган. Эркектанадан айтпаптыр да булардын тукумуна. Эркек демекчи, ооруп жатып кала электе деле, кийин деле "эркек төрөп бербеген сен да катынсыңбы" деп жер-жеберине жетип келет. Кудай бербеген немени кантти?! Ушинтип эзилет Кенже... Таң заардан ойгонуп бир жагынан заарасы кыстап, бир жагынан таңдай кургай суусап айласы кетип жаткан. Батма кирди:
- Кандайсыз, жеңе?
- Кандайы курусун, заарам толуп...
- Жакшы эле эрте келейин дедим эле, кечигип калбадымбы. Анын үстүнө түндө да кеч жатпадыкпы, нике кыйылып, анан эт бышып... - Батма Кенжени жөлөй тургузуп, керебетинин алдындагы илегенди алып чыгып жөлөп-таяй заара кылдырды. Суусаганын айтты эле, муздак чайдан апкелип берди. Жаздыгын керебетинин башына бийигирээк жаздап, ага жөлөй отургузду. Анан түндөгү калган эттен апкелип, аздан кесип жедирди, сорпо ысытып келип ичирди. Чынында Батма балтаңдаган ак көңүл неме болчу. Ушу караганда Кенженин көңүлү бир аз алаксып калат. Анан акчага караган немелер келип тултуңдай-бултуңдай кыймылдаганда көңүлү айнып бугу ичине батпай кетет. А бу Батма менен баарын жашырбай сүйлөшө алат. Азыр сурап турду:
- Нике кыйылып кеч жаттык дейсиңби, кимиси келин алыптыр, ыя, Батма?
- Кимиси дегениңиз эмне, э ботом, жеңе, акем аял албадыбы...
- Кайсы акең?
- Кайсы акем болмок эле, Кулан аке да...
Кенженин жансыз денеси дүр этти. Эмне эле эки күндөн бери бир баш багып койбойт десе, көрсө... Ичи тарып, намыстанып кетти.
- Кайдагы немени алыптыр? - деп араңдан-зорго жийиркенип жатып сурады Кенже.
- Кайдан экенин билбейм. Кенедей кыз экен, бечара. Энесимин деп бир улкунуп-жулкунган немеси жеткирип келди. Бир күйөөгө тийип чыккан неме го кебетеси...
Кенже көзүн жуумп алды, ич күйдүлүгү, арманы аралашты, аялдык намысы удургуду... Азыр тура калып албууттанып барып күйөөсүн алка-жакадан алып, абийирин айрандай кетирип, анын катынпоз экенин, айбан экенин бүт журтка жар салса... Ээ, куураган дүйнө, денең өзүңө баш бербей, тамак ичкенди кой, заара ушатууга жарабай турса кайдагы чууну салды?! Бугун баса албай калды, мөлт эткен жашы көзүн ачтырды. Жанында ар нерседен сүйлөп отурган Батманын кебин уккан жок. Тиги Кенженин көз жашын сүлгү менен аарчып койду:
- Э жеңе, эмнеге ыйлайсың, кайра сүйүнбөйсүңбү. Өзүңө каралашканга жакшы эле болбодубу. Каалагандай жумшап аласың...
- Жумшаганы да курусунчу...
Батма эртең менен баш жазбады беле, көңүлү көтөрүңкү, бу аргасыз жаткан жеңесинин арман-бугу менен кандай иши болсун.
- Э жеңе, берки жеңемди алып келип көрсөтөйүн, көрүндүгүңүздү камдап туруңуз, - деп сыртка чыгып кетти.
Бу сөз Кенжени ого бетер сыздатып жиберди. Сыздай берет, өзөгү өрттөнө берет өлөрүн самап жата берет. Бу жарыкчылыкта кимге таянмак, арманын бөлүшчү, көкүрөк көлкүлдөтө жакшы сөз айтчу жакын адамың жок болсо, жата бер кыйноо тартып... Атаганат де, ошондо уялган тура, ошондо жаңылган тура, э кокуй, элдин бетин кантип карайм деген тура... Темираалыны эстеди. Жосуну жолдо калсын, ошону көргүсү келди, сагынган сымал улутуна эстеди, эстегенде да...
Анда Кенженин болуп турган кези. Отуздун жоон ортосунда эле. Мектепте иштечү. Апыр-сапыр толо кийим албай тандап кийчү. Өңү татына, тулкусу келишкен ак жуумал өңүнө кандай кийим алса да куп жарашып жатып калчу. Далай эркектин көзү анын келбетине тешилген эмеспи, кезинде. Бир ирет жаңы эле башка жерден которулуп келген мектептин завучу Темираалы деген арыкчырай, шыңга бой жигит уялбай-этпей эле: "Мен сизди жакшы көрөм" - деп контордон түз эле айтканда, отурган жеринен жерге кирип кете таштаган. Анан эти ымыр-чымыр болуп, бети кызара дуулдай ысып чыккан. Ошол "мен сизди жакшы көрөм" деген сөз опсуз суук угулуп, жүрөктү түшүрө коркунучтуу угулуп...





Айбек ШАМШЫКЕЕВ
Кел эми Адинай, ошол үлпөт тоюбуздун жана менин Англиядан аман-эсен тез келишимди тилеп, бул шампанскийди жутуп жиберели.- Бактыяр бул бокалдагы шампанскийдин жарымын гана ичти. Адинай болсо бир гана ууртады. Экөөнүн барган сайын айтыла турган сөздөрү азайып, бирин- бири тиктөөсү арбып, бири-бирине ачыктан ачык эле арбалып баратышкандай болду. Көздөр көздөргө кадалып, ортодо жанагыга караганда, көбүрөөк тунжуроо орун алды. Мындай сөз менен айтып бере алгыс керемет учур, экөөнө тең абдан жагып тургансыды. Сүйүүнүн кызыгына, күчүнө баш ийишип, бир башкача кылгырган көздөрдүн көпкө созулган тиктешүүсүнөн кийин Бактыяр ордунан туруп терезедеги музыкалык аппаратты иштетип, жай ыргактагы жагымдуу музыканы жаңыртты. Андан соң, бөлмөнүн жарыгын өчүрүп, стол үстүндөгү жанаша турган шам чырактарды күйгүздү. Сезимдери бир башкача ахыбалга туш болуп, өзүнчө эле бактылуу болуп олтурган Адинайды колдон алып тургузуп, бийге тартты. Экөө бири- бирине кыналышып, көпкө бийлешти. Сезимди козгогон жай ыргактагы жагымдуу музыка, экөөнүн бири- бирине болгон ысык сезимдерин дагы да күчөтүп жибергенсиди. Эки жаш бул бактылуу мүнөттөрдүн көпкө, абдан көпкө созулушун ичтеринен тилеп, бири -биринин кучагынан бошоо алар үчүн өтө оорго тургандай болду. Бактыярдын кантсе да эркекчилик сезими күчтүүлүк кылып кеттиби, айтор, ал Адинайды бийдин ыргагына жараша, белинен аяр ийип, өзүнүн салмагын акырын анын үстүнө таштады. Эки жаш бири-бирине жуурулушуп, эриндери эриндерине магниттей жабышты. Бир нече мүнөткө созулган өбүшүүнүн күчүнө арбалышкан эки жаш, кантип төшөк үстүнө оонап калышканын деле көп сезе беришкен жок. Бактыяр эркекчилик сезиминин эркине алы жетпей баратты көрүнөт. Адинай деле мурда башынан өтпөгөн мындай жагымдуу учурдан оңой менен баш тарта албай, арбалгандан арбалып баратты. Бактыярдын мындайда эптүүдөн эптүү боло калган колдору Адинайдын төшүнө сойлоп, анын кош мамактарын эзгилөөгө өттү. Адинайдын назик мамагына катуу колдор тийгенде, бүт денеси копшолуп диртилдеп, бир топ чоочуп барып, акырындан ал "толкунга" да көнө түшүп, кайра өзүнө келе калды. Кыязы, кош мамагынын диртилдеп, денесинин бир башкача ымыр-чымыр болуп жатканы жакты көрүнөт да. Көздөрү жумулуп, назик колдору менен Бактыярдын олбурлуу денесин аяр гана аткып, аткып алды. Бактыярдын бир колу Адинайдын белинен өйдөкү кийимдерин шамдагайлык менен чечип жиберди. Адинайдын белинен жогору жагы кийимсиз калып, бөдөнө тумшук мамактары өзгөчө тикчийип, бөлмө ичиндеги кош шамдын үлбүлдөгөн алсыз жарыгына карабай, аппак жумшак дене Бактыярдын көзүнө укмуш көрүндү. Делебеси ого бетер козголуп, күчөп кетти. Шыпылдаган колдору уламдан улам ылдыйлап, сылап олтуруп жоон санга жетти... Ал "бейбаш" колдор Адинайдын белден ылдыйкы кийимин, дагы шыпырып түштү. Адинай буга каршылык көрсөтпөстөн, тескерисинче, ал дагы Бактыярдын үстүнкү кийимин чечкенге аракет кылгандай болду. Адинай үчүн бул учур жан дүйнөсү балкып, кызыктын кызыгы болуп бараткансыды.
"Бактыяр, Бактыярчик, болдучу, болду эми токтотолучу" -деп ооз учунан күбүрөп жибергенин да билбей калды. Бактыярдын кулагына ал сөздөр кирген жок. Чынында ага азыр андай сөз кирбейт да болчу. Ал Адинай менен эртеби-кечпи боло турган ушундай ажайып түндү көптөн бери күтүп жүргөн. Бирок анын ал каалоосу нике кыйылганда, ишке ашса деп ойлочу. Азыр минтип шайтан азгырып, ал асыл ойлору тумандап, эс-акылынан сүрүлүп кеткендей болду. Денеси чыңалып, каалоосу күчөгөндөн күчөй берди. Музыка ыргагы да ал каалоого ыңгайлуу шарт түзгөндөй, кулакка өзгөчө жагымдуу угулгансып жатты. Ырдап жаткан ырчынын да үнү бир башкача кубулжуп, ырдын маанисинде жалпысынан жашоодогу ак сүйүүнү даңктоо-мактоо максаты орун алган экен. Анын эриндери Адинайдын эриндерин назик өпкүлөп, колдору жоон санын назик сылап, жанатан бери эле титирегенсип бирдеме эле болуп жаткан жан жерине жете келгенде, Адинай так секирип, өзүнчө эле "үркүп" кеткендей болду. Балкып ырахатка батып бараткан денеси, күтүүсүздөн чоочуп, жыйрылып кеткендей болду көрүнөт. Башын көтөрүп, назик колдору менен Бактыярды үстүнөн нары көздөй сүрүп, түртүп салды. Олтура калып, Бактыярды карабастан, бетин басып:
- Жок Бактыяр, биз мындайга азыр барбашыбыз керек. Буйруса үйлөнгөндө, нике кыйылганда... Элибиздин салтын бузбайлычы, баары өз жол-жобосу менен болсунчу. Сен капа болбо, нике кыйылганча, мен кыздык абийиримди сакташым керек. Мен өзүмө ушундай сөз бергем. Туура түшүн... - ал сөзүн үзүп, эки жакта ыргып жаткан кийимдерин алып кийине баштады.
- Туура айтасың, Айка. Ошондой болгону жакшы. Мени кечирчи, мен, мен...-Бактыяр андан ары мукактанып сүйлөй албай калды. Ал өзүн Адинайдын алдында абдан оңтойсуз сезип, жети өмүрү жерге киргендей уялып, көңүлү суз тарта түшкөн Адинайдан тартынып калды.
Адинай кийинип бүтүп, Бактыярдай эле өзүн ыңгайсыз сезип турган эле.
Анан:
- Эч нерсе эмес, Бактыяр. Кудай буйруса, биздин келечек алдыда. Мен сага эч качан таарынбайм! Тескерисинче, сага ырахмат! Сени да түшүнүм, сени бул жолу эркекчилигиңе басым жасап кеттиң окшойт да, - деди акырын ооз учунан сүйлөп.
- Ооба, Адинай эркекчиликтин, бойдокчулуктун акылды тумандатып кое турган сапаттары бар экен. Бирок сен эмнеге ырахмат айттың?- Бактыяр анын сөзүн түшүнбөй калгандай болду
- Жөн эле, сен мени туура түшүнүп, колдоого алганың үчүн.
- Эч нерсе эмес. Сага дагы ырахмат! Баары көңүл менен болгон жакшы эмеспи. Сен токтобосоң, чынында мен эч качан токтоно албайт болчумун.
- Жинди десе.. - деп Адинай оозун басып күлүп жиберди.
- Мен жинди жигит болсом, жиндини болочоктогу жубайы дагы өзүнө окшоп жинди кыз болот да ээ?..