Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



КСДП-
чыныгы революциялык партия!
Кыргызстандагы эң кубаттуу, көп жылдык тарыхы бар Кыргызстан социал-демократиялык партиясына жана партия лидери Алмазбек Атамбаевге Ысык-Көл областынын калкы өзгөчө сый менен мамиле кылышат. Кайсы шайлоодо болбосун көлдүктөр Алмаз Атамбаевди колдоп келгени буга анык далил боло алат. Быйылкы парламенттик шайлоонун алдындагы Кыргызстан боюнча үгүт кербенин да социал-демократтар дал ушул көл өрөөнүнөн башташты.
Былтыркы "Балыкчы окуясынан" кийин ак жеринен камалып, Бакиевдердин ит көрбөгөн кордугун көрүшкөн көлдүк, өз элинин патриот уул-кыздарын талаага таштабай, бир дагы сот процессинен калбай катышып, алар үчүн акыр-аягына чейин туруп берген Алмазбек Атамбаевди көлдүктөр зор кубануу менен тосуп алышты.
Балыкчы, Чолпон-Ата, Ананьево, Түп, Ак-Суу, Каракол, Жети-Өгүз, жана Тоң райондорун кыдырышкан социал-демократтардын ар бир жолугушуусуна миңдеген адамдар жамгыр жаап, суук болгонуна карабай сурантпай эле өздөрү келип, кызуу колдоп беришти. Биринчи жолугушуу катуу шамалга карабай Балыкчы шаарындагы маданият үйүндө өттү. Шаардык маданият үйү жыкжыйма толуп, көпчүлүгү сыртта калууга аргасыз болушту. Анда А.Атамбаев өткөн жылы соттолгон балдар менен сот процесстери жүрүп жаткандагы оор күндөрдү эске салды. Ошондогу бийлик, эл бир үй-бүлөдөн коркуп жашап калгандыктан турмуш оорлоп, коррупция күч алганын, эми ал системаны тазалап, жаңыча жашоо түптөлүп атканына токтолду.
Андан соң, Балыкчыдан ЖКга талапкер Г. Жамгырчиева сөз сүйлөп, ал 2009-жылы таза шайлоо үчүн 4 ай камакта жатып чыкканына токтолуп, А.Атамбаев өлкөгө таза шайлоону оор кыйынчылык менен алып келгенин ырастады.
Ошондой эле бул жолугушууда А.Атамбаев шайлоо алдындагы үгүт ишин Ысык-Көлдөн баштап атканына көпчүлүк ыраазы экендиктерин жашырышкан жок.
Көлдүк шайлоочулар Бакиевдердин жана анын жакындарынын көл жээгиндеги мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу кечеңдеп атканын айтышты.
А.Атамбаевди Балыкчы шаарынан тосуп алып, коштоп жүргөн көлдүн таанымал инсандарынын бири, убагында Токтогул каскадынын схемасын иштеп чыгышкан академик Дүйшөн Маматканов Камбар-Ата долбоорун 2008-жылы А.Атамбаев премьер-министр кезинде баштаганы жөнүндө сөз кылды.
Партиянын лидери А.Атамбаев Ак-Суу районундагы болгон жолугушууда Сары-Жазга Эңилчек мөңгү көлүн пайдаланып, 3 суу электр станциясын куруу пландалып, ага Кытай инвесторлору 3 млрд. доллар берүүгө даяр экенин билдиргенде дүркүрөгөн кол чабуулар бир нече мүнөткө созулду.
А.Атамбаев баштаган КСДПчылар андан ары Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорундагы Кыдыр аке, Тилекмат, Сарт акелердин күмбөзүндө болуп, ошондой эле Тоң районундагы "Аалам Ордо" маданий комплексинде 7-апрелдеги революциянын баатырларынын эстеликтерине барып куран түшүрүштү.
Кайсы жерде болбосун, чогулган элдердин бардыгы КСДП партиясынын чыныгы революциялык партия экендигин бир ооздон айтышып, адилеттик, акыйкаттык үчүн акыр-аягына чейин күрөшкөндүгү үчүн дал ушул партияга колдоо көргөзүшөөрүн белгилешти.
Эч кандай партияга мүчө эмес, экс-премьер-министр, коомдук ишмер Т.Чынгышев - Акаев менен Бакиевдин элге каршы саясатына бир гана А.Атамбаевдин партиясы тайманбай кармашып келгендигин, анын 2 жолку жыйынтыгын да А.Атамбаев көргөзгөнүн айтты.
Ал эми Ысык-Көлдөн КСДПнын атынан ЖКнын депутаттыгына аттанган Рита Борбукеева журналисттик кесибине байланыштуу бир да партияга кирбейм деп жүргөнүн, бирок баштаган ишти аягына чыгарган А.Атамбаевге катуу таасирленип, дал ушул социал-демократтарды тандап алганын айтып келип, элди шайлоо алдында КСДПга добуш берүүгө үндөдү.
Жети-Өгүз районундагы жолугушууда "Орусия менен Кыргызстандын мамилеси мындан ары кандай өнүгөт" дегендей суроолор болгондо, партия лидери Орусиянын премьер-министри В.Путин менен болгон жолугушуусу жөнүндө айтып, күйүүчү-майлоочу майларга киргизилген бажы акысын алып салуу сыяктуу биргелешкен бир топ экономикалык долбоор боюнча макулдашуулар болгондугун ачыктады.
Тоң районундагы жолугушуу "Аалам Ордо" маданий комплексинде болуп, ага 5 миңден ашык эл катышты.
А.Атамбаев элдик байлыктарды мамлекеттештирүү зарылдыгын белгилеп, Кара-Кече көмүр кенинин жарымы мамлекетке кайтарылгандыгын, аны иштетүүгө азырынча 650 млн. сом бөлүнгөндүгүн кошумчалады.
Ошондой эле салыкты азайтуу, пенсиянын көлөмүн жогорулатуу, дегеле экономикабыздын азыркы абалы жөнүндөгү шайлоочулардын суроолоруна: "Мен пенсионердин баласы болуп жүрүп, Москвада жогорку окуу жайда окудум. Эми да ата-энелер пенсиясы менен гана балдарын окутканга кудурети жеткидей кылууга баардык шарттар бар. Бул үчүн акыр-аягына чейин аракет кылабыз"-деген ачык жана так жоопторун берди.

Бактыбек Асанбаев,
КСДПнын мүчөсү,
Ысык-Көл областы.





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"




Яндекс.Метрика