Абибилла Кудайбердиев,
КРнын Коргоо министри, генерал-майор:
"Кыргыз армиясынын чама-чаркы июнь окуяларында көрүндү..."
Кыргызстандын коргоо министри генерал-майор Абибилла Кудайбердиев армиянын күжүрмөн даярдыгы жана социалдык шарттары жакшырып баратканын "Азаттыктагы" маегинде баса белгиледи. Ошол эле мезгилде ал аскерлер арасында зордук-зомбулук көрүнүштөрү дале орун алып жатканын танбайт.


- Абибилла мырза, азыркы учурда Кыргызстандагы Куралдуу күчтөрдүн абалы жалпысынан кандай?
- Июнь айында болгон окуялар армиянын кандай экендигин көрсөтпөдүбү. 1999-жылдан азыркы убакка чейин биздин армияны эки эсе кыскартышкан. Мурдагы президент Аскар Акаевдин сөзү бар болчу. "Биздин Кыргызстанда тынчтык болот, биз экинчи Швейцария болобуз, эч кандай душман келбейт. Бизге армиянын кереги жок" деп, ошонун негизинде эки эсе кыскартылган болчу.
Азыркы армиянын болгон саны менен анын даярдыгы жакшы деп айтсам болот. Коргоо күчтөрүнүн негизги тапшырмасы кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн, кыргыз элин тышкы душмандан коргоо болуп саналат. Башка эл аралык келишимдердин негизинде милдеттерди аткарып жатат.
- Сөзүңүзгө аралжы. Аскер адамдарынын социалдык абалы тууралуу сурагым келип турат?
- Чынын айтканда Кыргызстандын армиясында маселелер көп. Мына офицерлерибиздин, аскер адамдарыбыздын айлык маянасы аз. Көп офицерлерибиздин жашай турган үйлөрү жок. Аскердик пункттарда азыркы мезгилдин талабына ылайык келген объектилерди куруу керек. Буларды чечүү үчүн көп иш-чаралар жасалып жатат.
Үй менен камсыз кылуу боюнча биз пландарды түздүк. Өткөн жумада Коргоо министрлигинин өзүнүн акчасы менен 50 квартиралык үй курууну баштадык. Кудай буйурса, ал үйдү жылдын аягына чейин бүтүрөбүз деген пландарыбыз бар. Үйдү бүтүрүп алсак, 50 аскер адамы үй менен камсыз болуп, бактылуу жашап, өздөрүнүн кызматтарын так аткарганга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Мындан сырткары эмдиги жылга пландаштырып жатабыз. Башка мамлекеттерден жардам беребиз деген келишимдер бар. Ошолордун баарын аскер шаарчасын куруп, үй менен камсыздандыруу боюнча иштетели деген планыбыз бар. Эки-үч жылдын ичинде бул нерсе ишке ашат деген ойдомун.
- Абибилла мырза, жоокерлердин арасында мыйзамсыз көрүнүштөр, чоңу кичинесине кордук, зордук-зомбулук көрсөткөн учурлар көп айтылып келет. Мындайча айтканда "дедовщина" маселеси көп жылдан бери ойлондурган бир маселе эмеспи. Азыр ушул абал кандай?
- Өзүңүздөр билесиздер. Бул Совет армиясынан бери келе жаткан жаман иш. Андан кийин Кыргызстандын армиясы эгемендүү болгондон бери ошол боюнча эле келе жатат. Бирок биз чараларды көрүп жатабыз. Аскердик кызмат эки жыл болгондо ушундай жаман иштер көп болгон. Эми азыркы кезде мына Кыргызстандын армиясында азыр кызмат кылуу бир эле жыл. Ошол бир жылда ошондой болбосун деп, бир аскер бөлүгүндө майда чакырылса, алар гана кызмат өтөйт. Эки жолу чакыруу болот. Күздө болот, анан жазда болот. Күздөгү чакырууда жалаң гана күздөгүлөр болсун деп чараларды көрүп жатабыз. Кудай буйурса жыйынтык бар.
- Минтип сурап жатканымдын себеби, буга чейин жоокерлер арасында ар кандай жагымсыз окуялар болуп келген. Жакында Баткенде чек арада бир жоокер каза болбодубу?
- Тилекке каршы, мындай окуялар болуп жатат деп жатпаймбы. Эми бул Баткенде болгон окуя чек ара кызматында болду. Бул кызмат азыр коопсуздук кызматына карайт. Биз Коргоо министрлигинде ушундай нерсе болбошу үчүн чараларды көрүп жатабыз. Келишимдик кызматка өтүп жатабыз. 70 пайызы бизде келишимдик негизде. 30 пайызы чакырылып жаткан аскерлер. Келишимдик кызмат деген аскердик кызматты өтөп келгендерди биз кайра жумушка алабыз. Акча маяна төлөйбүз.
Жаркын Темирбаева,
"Азаттык"






Тажикстандын өкмөттүк
күчтөрү жоготууга учурады
Өкмөттүк күчтөр жоготууга учураган Рашт өрөөнү -Тажикстандын бийик тоолуу аймагы
Тажикстандын Коргоо министрлиги 19-сентябрда өкмөттүк күчтөргө жасалган кол салууну "террордук чабуул" деп атады. Чыгыштагы Рашт өрөөнүндө болгон кол салуу үчүн жоопкерчилик мурдагы эки талаа командиринин тобуна жүктөлдү. Тажикстандын күч структураларынын жетекчилери алардын бири молдо Абдуллону табууда жардам көргөзүүнү өткөн аптада аталган чөлкөмдү байырлаган мурдагы талаа командирлери менен сүйлөшүүлөрдө суранган эле.
Тажик Коргоо министрлиги жекшембинин кечинде таратылган билдирүүсүндө Рашттагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти молдо Абдулло же Абдулло Рахимов менен катар Али Бедак же Аловуддин Давлатовдун тобуна жүктөдү. Расмий маалыматта кол салуудан 23 аскер кызматчысы каза таап, дагы бир нечеси жаракат алганы айтылганы менен Душанбедеги "Азия плюс" агенттиги өлгөндөрдүн саны кеминде 40, алардын бешөө офицер экендигин, 10дон ашуун аскер кызматчысы жаракат алганын кабарлады.
Окуя башкы калаа Дүйшөмбүдөн 180-200 чакырымдай чыгыш тарапта жайгашкан Рашт өрөөнүндө, Навобод калктуу пункуту менен Камароб деген капчыгайдын кесилишинде, кечээ чак түштө болгон. Өкмөттүк аскерлер түшкөн эки унаа капчыгайдан гранатометтон жана пулемоттон аткыланган.
Кол салуу алдындагы сүйлөшүү
Тажикстандын күч структураларынын жетекчилери, атап айтканда ички иштер министри Абдуррахим Каххаров, коргоо министри Шералы Хайруллоев жана Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрага орун басары Мансуржон Умаровдун мурдагы тажик оппозициянын талаа командирлери Мирзохожа Ахмадов жана Шох Искандаров менен Рашт районунда жекшембидеги кан төгүүнүн жуп алдында сүйлөшүүлөрдү өткөргөн эле. Тажик өкмөтү бийликтин жогорку даражалуу өкүлдөрү менен мурдагы талаа командирлери ортосунда сүйлөшүү өткөндүгү тууралуу фактыны расмий жарыялаган эмес. Бирок башка бир катар булактар ырастаган окуя өкмөт мурда Бириккен тажик оппозициясынын таяныч бекети болгон районго көп санда аскер жиберген соң болгон. Көп сандагы аскерлердин келиши ал жердеги мурдагы талаа командирлерин камтамага салгандай. Сүйлөшүүлөрдүн алдында Тажикстандын атайын кызматтары Ислам кайра жаралуу партиясынын активисти, Рашт райондук кеңешинин депутаты Хусниддин Давлатовду камакка алган болчу. Анын бир тууганы Аловуддин Давлатов жекшембиде өкмөттүк күчтөргө жасалган кол салуу үчүн айыпталып отурат.
Дүйшөмбүдөгү ИНДЕМ аналитикалык уюмунун жетекчиси Саймуддин Дустовдун пикиринде, өткөн аптадагы сүйлөшүүлөр эки ортодо чыгып кетиши ыктымал конфликтти алдын-алуу максатында өткөрүлгөндөй:
- Менимче, бул жолугушууну ошол аймакта жыйналган өкмөттүк күчтөр менен мурдагы тажик оппозициясынын отряддарынын калдыктары ортосундагы өз ара түшүнбөстүктөрдү алдын алуу аракети катары баалоо керек.
Талдоочу Саймуддин Дустов "Азаттык" радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, өкмөттүк күчтөр Рашт районуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагынан өткөн айдын соңунда согушкер деп эсептелген 25 адамды издөө операциясынын алкагында жиберилген. Тажик Ички иштер министрлиги билдиргендей, качкандардын жетинчиси өткөн аптада чыгыштагы Вахдат районун аймагынан кармалды. Рашт районунда өкмөттүк күчтөрдүн топтолушу өз кезегинде, тажик оппозициянын мурдагы талаа командирлер арасында аларга жарандык согуш аяктагандан кийин берилген коопсуздук кепилдиктери бузулабы деген тынчыздануу жараткандай.
Дүйшөмбүдөгү "Азия инфо" маалымат агенттигинин жетекчиси Марат Мамадшаевдин айтымында, расмий ырасталбаганы менен аскерлер ал аймакта мурдагы тажик оппозициянын дагы бир талаа командири Абдулло Рахимовдун же молдо Абдуллонун согушкерлери жүрүшү мүмкүн деген жүйөө менен жиберилгендей:
- Аны (молдо Абдулло) издөө үчүн алар Мирзохожа Ахмадовдун жергиликтүү тобу менен издөөгө тоскоолдук кылбоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Мирзохожа Ахмадов Рашт районунда таасирлүү адам, бирок ресурсу канчалык, тобунда канча адам бар билбейбиз. Ушундай мүнөздөгү сүйлөшүүлөр болгону жөнүндө бизге жергиликтүү тургундар жана Ахмадовго жакын булактар айтып жатышат.
Өкмөттүк делегация Рашт өрөөнүн байырлаган мурдагы талаа командирлери Ахмадов менен Искандаровдон алардын мурдагы кесиптеши молдо Абдуллону кармоодо жардам берүүнү суранганын "Азаттык" радиосунун Тажик кызматына да жергиликтүү булактар айтышты.
Өлүү-тирүүсү анык эмес молдо Абдулло
Тажик бийликтери издеп жаткан молдо Абдулло да 1992-97-жылкы жарандык согуш учурунда Бириккен тажик оппозициясынын талаа командирлеринин бири болгон. Бирок тынчтык келишимине кол коюлган соң башка талаа командирлеринен айырмаланып, өкмөттүк кызмат алган эмес, келишимди тааныбастан өкмөттүк күчтөргө каршы урушун уланта берген. Тажик соту молдо Абдуллону жана анын согушкерлерин Улуттар уюмунун алты аскерий байкоочусунун 1998-жылкы өлүмү үчүн жоопкер деп тапкан. Маалыматтарга караганда, Абдулло кийинчерээк Ооганстанга ооп, ал жакта Талибан менен байланыш түзгөн. Бирок былтыр 100дөй согушкери менен кайра Тажикстан аймагына кайтып келгени айтылып жүргөн. Анткен менен душанбелик талдоочу Саймуддин Дустов молдо Абдуллонун тирүү экендигинде шек бардыгын белгилейт:
- Менимче, молдо Абдулло жөнүндө айтылып жүргөндөрдүн көпчүлүгү, албетте, миф. Ал Тажикстанга, коңшу Кыргызстанга деле кандайдыр бир коркунуч туудурбайт. Менимче ал качан эле өлтүрүлүп, көмүлгөн болуш керек.
Ушундай эле ойду "Азаттык" радиосунун кабарчысы менен маегинде тажик журналисти Марат Мамадшаев да айтты. Анын пикиринде аскерий операцияларда молдо Абдуллонун ысымы аталганы менен башка максаттар орундалып жаткандай таасир калат:
- Кээде бул адам чын эле барбы, тирүүбү деген күдүк ой пайда болот. Маселен, былтыр да молдо Абдулло Тавильдара өрөөнүндө жашырынып жүрөт деген ушак-айыңдар тарап, коопсуздук күчтөрү атайын операция өткөрүшкөн. Бирок натыйжада молдо Абдулло эмес, мурдагы талаа командирлердин бири, кийин өзгөзчө кырдаалдар боюнча министр болгон Мирзо Зиоев курман болгон. Молдо Абдулло Тажикстанда жүргөнүн көргөн бир адам жок. Былтыр биз да ошол аймакка журналистибизди жиберип, эч маалымат таба алган эмеспиз.
Тажик бийликтери табышмактуу молдо Абдуллону бугуп жүрөт деп эсептеген Рашт өрөөнү Кыргызстан менен чектешпейт. Бирок тоо аркылуу өтүүчү жолдор бар. Чек ара кызматынын мурдагы төрага орун басары Кубанычбек Сарыбаевдин пикиринде, эгер коңшу өлкөдө атайын операция жүрүп жатса, Кыргызстан да сак болуш керек:
- Түз жол жок. Бирок Кыргызстанды көздөй кеткен маршруттар бар. Былтыр болсо ошол эле молдо Абдулло Рашт өрөөнүнүндө 150дөй согушкери менен Кыргызстанга наркозат киргизүүгө аракеттенип жатат деген маалымат болгон. Быйыл ошол ойлору, барбы жокпу? Ушуну караш керек. Былтыр Тажикстандан майдан октябрга чейин Көкнар деген аталыштагы операция өткөргөн.
Чек ара кызматынын мурдагы төрага орун басары эскерген "Көкнар -2009" операциясы учурунда Тажикстанда согушкерлер жок кылынган.
Тажик президенти Эмомали Рахмон Рашттагы кан төгүү тууралуу кабарды Нью-Йоркто БУУнун саммитине катышуу үчүн жүргөн жеринен укту жана президенттин басма сөз кызматы билдиргендей күч органдарынан аймакта көзөмөл орнотууну талап кылды, каза тапкан аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.
Улан Эшматов,
"Азаттык"