Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
"Ак жолдун" депутаттары келе жатат, абайла элим, абайла…

Бакиевдин атактуу "Ак жол" партиясынын депутат "батальондору" убагында кыргыз элин "эл" деп санабай калганын азыр беш жаштагы бала да билет. Кудайдан жөө качкан Курманбек Бакиев өзүнө окшогон "сырты да, ичи да калтырак" 71 адамды 2007-жылдын башында элдин добушун уурдоо жана бийликтин зордугу менен ЖКга ЖЕП УТАТ кылган эле. Ибрагим Жунусовдун тили менен айтканда, ал 71 солдаттын таалайы таштан чоң экен. Болбосо, булар кечээки кандуу 7-апрель окуяларынан кийин "жепутат" болуп турган учурундагы колу менен кылган күнөөлөрүн, мойну менен тартышы зарыл эле го. Тилекке каршы, андай болбоду. Албетте, бул жаңы бийликтин чектен ашкан "айкөлдүгү" болуп кала берди. "Ак жолчулардын" башка жоруктарын айтпаганда да Манас, Бакай баштаган ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолу, изи, тарыхы ташка тамга басылгандай калган атактуу Каркыра жайлоосун жана керемет Ысык-Көлүбүздүн жээгиндеги төрт пансионатыбызды казактарга кармата беришкен итчилиги кыргыз тарыхында кара тамга менен жазылып калды. "Ак жолчулардын" мындай жер сатар "айкөлдүгү" муундан-муунга каргыш менен коштолуп, айтылып кала берери турган иш.
Калп жасакерленбей, калыс сөздү айталычы. Бакиевдин бул 71 солдаттан турган "Ак жол" батальонунун арасынан "Биздин эл астында жүзүбүз жарык, биз элге мындай жакшылык кылдык" деп кимиси элге тик карап айта алат? Айтууга укуктары да жок. Анткени алардын эл алдындагы жүзү жарык эмес, болушунча "булганган" адамдар. Алардын 7-апрелден кийин коомчулукка "биз минттик эле, биз мындай элек" деп актанып чыгышкан сөздөрү суу кечпеген, калп сөз экенин эл жакшы билет. Демек, булганган адамдар элге эмне жакшылык кылмак эле? Сөз кыскасы, жакшылык күтүп болбос…
Учурда шайлоого аттанып, үгүт иштери менен күнү-түнү алектенип, карапайым элге кооз сөздөрдү сүйлөп, "асмандан айды алып беребиз" деген сыяктуу укмуш убадаларды берип жаткан талапкерлердин жарымы дал ушул "ак жолчу" азаматтар экени элдин кыжырына тийип турат. Булар элдин кулагына дагы бир жолу "лапша" илгенге абдан жан үрөп, болгон аракетин кылып, депутаттык мандат үчүн башын сайып күрөшүп жатышат.
Өзүңүз байкап, кылдат жыйынтык чыгарып карап көрүңүзчү? Маселен, ыйык Ата-Журттун атын жамынып, өздөрүн өлкөнүн ашкан патриот жана таза адамдары катары сезишкен "Бригада" баштаган "Ата-Журт" партиясында "ак жолчулар" арбын. Бул партияда 7-апрелде элди атууга түздөн-түз буйрук берген мыкаачылардын бири Данияр Үсөновдун аялы, "Итек-Эйрдин" ээси Динара Исаева, Шадиев Аскар Бишкектеги бир топ казинолордун кожоюну Роман Шин, сахнадан саясатка секирген Ибрагим Жунусов, Хаджимурат Коркмазов, Нарынбек Молдобаев, Нургазы Айдаров, Ажибай Калмаматов. Мына, "Ак жолдун" бакыйган 8 "жеп утаты" "Ата-Журттан" кайрадан депутаттыкка аттанып турат. Мындан тышкары экс-министрлер Нурлан Сулайманов, Курмантай Абдиев, экс-мэр Нариман Түлеев, анын орун басарларынын бири Элмира Иманалиева, Ак үйдүн экс-администрация башчысы Мыктыбек Абдылдаевдер бар. Партиянын калган талапкерлерин дале болсо бакиевчилердин эң ишенимдүү адамдары түзүп тургандыгын жокко чыгарууга болбойт.
"Ак жолдун" атаманы Адахам Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап койгонсуп, "Бүтүн Кыргызстан" деген партия ачып, тизмесинин алдыңкы сабына "Ак жол" "машинасынын" (мотору, дөңгөлөктөрү дейличи) болгон баалуу "запчасттарын" шурудай тизип алгандыгы менен айырмаланат. Алар: Улугбек Ормонов, Рашид Тагаев, Төлөнов Арапай, Исанова Мария, Кулубаев Абдыреймдер. Кыскасы, Адахам баш болуп, бул партияда "Ак жолдун" 6 "азаматы" бар. Мындан тышкары бул партиядан Бакиевдин басма сөз кызматынын жетекчиси жана кеңешчиси болуп жүргөн Нурлан Шакиев ж.б. Бакиевдерге "аюу кызматын" көрсөтүшкөн "азаматтар" да бар.
"Ак жолдун" эки күнкү депутаты болгон Нифадьев Владимир да "Содружество" деген партия ачып, учурда элге үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыгы маалым. Бул партиянын өзгөчөлүгү деле жогорудагы эки партияныкынан көп айырмаланбайт Айтсак, партиянын алдыңкы тизмесинде баягы эле "аты жаман" "Ак жолдун" 5 депутаты бар. Кыргыз тилин билбеген "киргиз", бирок Бакиевдин тушунда "Кыргыз Республикасынын Баатыры" болуп, багы ачылган Эрнист Акрамов, Бакиевдин акыркы спикери, "семиз колбаса" атка конгон Зайнидин Курманов, "Ак жолдун" эң публичный депутаты Бегалы Наргозуев, Лейла Сыдыковалар бар.
"Ак жолдун" Бакыт Төрөбаев жана Алтынбек Сулайманов деген эки депутаты Бабановдун "Республикасынын" байрагын көтөрүп чыгышты. Мындан тышкары, баса белгилеп айтып койчу нерсе, "Республиканын" башкы талапкерлерин жакшы байкаган адам "опей, Бабановдун эмес, Бакиевдин батальону го" деп, ийне менен бир сайгандай чоочуп алары турган иш. Себеп дегенде, бул партиядан депутат болууга белсенип жаткан талапкерлердин "жаны" Бабановдуку болгону менен, "сөөгү" Бакиевдики десек аша чапкандык болбос… Бабанов мырза бул чындыкка чыркырап, чычаласа, чычалай берсин. Балким, эркекчилик кылып, мойнуна алып коер. Неге дегенде, негизги чындыкты жокко чыгарбай, моюнга алуу, эркектин эң жакшы сапаттарынын бири эмеспи. Айтор, кандай болгон күндө да, чындыкты жерде калтырбай жазуу - биздин башкы милдетибиз.
Ал эми Темикеңдин "Ак шумкарынан" "Ак жолдун" Гүлнара Дербишева деген айымы ат салышууда. "Ак шумкарда" дагы акаевчилер менен бакиевчилер арбын экени белгилүү. Сөз коногу келгенде аларды да шашпай бир сыйра "жиликтеп" чыгарбыз.
Ал эми "Үй куруучулар" партиясынын башында "Ак жолдун" эки "көзүр" депутаты Исабеков Кубанычбек менен Бейшенбек Абдыразаков турат.
Мына, кыраакы эли-журтум! 10-октябрда боло турган парламенттик шайлоого ушул беш партиядан эле баары биригип, "Ак жолдун" 25ке чукул ЖЕП УТАТЫ кайрадан "жепутат" болууга ашыгып турат. Болгондо да, булар партиялардын тизмесинде. Мындан башка партиялардагы "ак жолчуларды" (санагым да келбей калды) санаган жокпуз. Булар азырынча үгүт иштеринен зор үмүт артып жүргөн кези. Эл бул "ак жолчуларды" мурда да шайлаган эмес, эми деле шайлап жибербейт. Чынында, "ак жолчулар" кетирген күнөөлөрү үчүн, "ит болдук, куш болдук" деп курун моюндарына салып алып, жалпы элден чөгөлөп кечирим сурашы керек болчу. Тилекке каршы, булар мансап кууган "маңкурттук" иштен башка иш билишпеген эргулдар экен. Андыктан эл "Ак жолдун" депутаттарынын чыныгы орду кайда экенин көрсөтүүсү зарыл.
Бул учурдун улуу талабы экенин жокко чыгарууга болбойт!
Айбек Шамшыкеев





Азикени ачууланткан кадр саясаты
Президент Роза Отунбаеванын акыркы кадрдык орун алмаштыруулары көпчүлүктүн көңүлүнө туура келип отурат. Вице-премьер министр Азимбек Бекназаровго "өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк" болуп жүргөн ишенимдүү кадрлары Байтемир Ибраев Башкы прокурорлуктан, ал эми Кубанычбек Момбеков Жогорку соттун төрагалыгынан "алып ыргытылды".
"Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" демекчи, Азимбек Бекназаров күч структураларына көзөмөлдүк кылып, куратор боло баштагандан бери эле артынан ар кандай кептер айтылып, алары күнү бүгүнкүгө чейин токтой элек. Дал ушундай күбүр-шыбырларга себеп болуп жүргөн прокуратура жана сот тармагынын бакыйган эки өкүлүнүн, болгондо да Азимбек Бекназаровдун ишенимдүү кадрларынын кызматтан алынышы Азике үчүн күтүлбөгөн "сүйрү приз" болуп калды окшойт. Ууланып калганына карабай, ооруканадан чыга калып, журналист журтун "конокко" чакырып, чоң маалымат жыйынын өткөрдү.
Ал жыйында президент теңирден тескери иш кылды деп, "Президент жаңы парламенттен көпчүлүктү алып, өкмөт түзүүгө кызыкдар" деген дооматын айтты. Ал гана эмес, Амангелди Муралиев менен Эмилбек Каптагаевдер "АзияУниверсалБанкты" рейдерлик жол менен алууга түздөн-түз көрсөтмө беришкен" деген чуулгандуу билдирүүсүн коомчулукка жар салды.
Ал эми Азикенин курсташы, кан досу делинип жүргөн экс-прокурор Байтемир Ибраев кызматтан четтетилгенден кийин, "биз баштаган иштер аягына чыкпаса экен деген тараптар буга чейин эле тергөө иштерине ар кандай тоскоолдуктарды жасап келишкен болчу. Мен мына ошол тараптар бийликти өз таасирине киргизүүгө эми гана жетишкен экен деп ойлоп калдым. Беш айдан бери төрт тергөө тобун түзүп, өзүм жетектеп жүрүп апрель, май жана июнь окуяларындагы бир топ иштердин башын ачууга жетишип калган болчубуз. Биздин өмүрүбүзгө коркунуч туулган учурлар да болду. Мени кызматтан алышкандыгына өкүнбөйм" дептир. Байтемир мырза өкүнбөгөнү менен, эски бийликтин Малеванная, Турдумамбетов, Чудинов, төңкөрүш жасап жибере жаздаган Сыдыковдордун эркиндикте жүргөнүнө бүтүндөй элибиз өкүнүп атат го. Алардын үй камагына чыгарылышы боюнча "ден соолугуна байланыштуу" деген шылдың аралаш жообунан башка алгылыктуу себептерин айтышкан да жок.
Кандай болгон күндө да, Азикенин командасындагылардын жасаган ишине көпчүлүктүн ичи бышпай келген. Бышмак түгүл нааразычылыгы жеткен чегине жетип калган. Демек, президенттин мындай кадрдык өзгөртүүлөрү туура болду десек болот. Эми жаңы Башкы прокурор Кубатбек Байболовдун аракетине баам салып, принципиалдуулугунан үмүт артып туралык.




Мамлекет эмгегимди баалап атса…
Кадр саясаты демекчи, Президент Роза Отунбаеванын Указына ылайык, ИИМдин башчылыгына Бишкек шаарынын ИИБин жетектеп келген Зарылбек Рысалиев дайындалган. Акмат, Санжар Бакиевдерди кылтакка илип, элибиздин алкоосуна татыган ИИМдин орун басары Мелис Турганбаев менен бийликти басып алам деп келген Барыктабасовдун өзүн басып койгон, жаңы министр Зарылбек мырзанын мамилеси анча эмес экен, кызматтан кетем деп жатыптыр дегендей имиштер айтылып жүргөн. Өз ишин мыкты билген бул эки профессионалдын мындай мамилесине өкүнгөндөр да көп болгон. "Эл оозунда элек жок" демекчи, биз дагы "чын эле ошондойбу?"-деп, Мелис Турганбаевдин өзүнө телефон кагып, чын бышыгын аныктап көрдүк.
- Бул болбогон кеп. Зарылбек менен мен көп жылдан бери чогуу иштедим. Экөөбүздүн мамилебиз эң сонун. Милиция тармагын ийне-жибине чейин билген, тажрыйбасы мол жигит. Ал эми мени "кызматтан кетет экен" деген да чындыкка дал келбейт. Мамлекетибиз өтө чоң саясий өнөктүктүн алдында турганда, жоопкерчиликтен качып, кызматтан кетип калышым акылга сыйбаган жорук болуп калбайбы. Анын үстүнө жакында эле мамлекет, элибиз эмгегимди баалап, мага генералдык наамды берип атса, мындай кадамым туура эмес болуп калбайбы. Кыргызстан үчүн, элибиз үчүн канча керек болсо, ошончо иштеп беребиз.








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"




Яндекс.Метрика