Жылдыз МУСАБЕКОВА,
журналист:
"Кыргызстанда кыргызчылык, тууган-урук, жек-жаат деген маселелер жоюлмайын демократия өнүгүүсү кыйын"
- Жылдыз Аманбековна, сиздин пикирде Кыргызстан элинин авторитардык жана үй-бүлөлүк кландык башкарууну кулатышына кайсы факторлор чечүүчү ролду ойноду?
- Авторитардык жана үй-бүлөлүк аксым бийликти кулатуунун эң негизги фактору деп мен "ханды кудай ураарда, өз элине кас болот" дегенди айтып кетер элем. Хандан адилеттик кетти эле, калктын тынчтыгы жоголду. Бакиев жана анын бир туугандары, үй-бүлөсү "Акаев азабынан кутулдук" деп көзүнө жаш алган кыргыз элинин башына келип конгон балээге айланды. Ажобуздун көзү тумандап, чыныгы турмушту көрө албай калганы, тегерегиндегилердин таасиринен чыга албаганы сокурга да дайын эле. Анын кадр саясатындагы калыссыздыгы өлкөнү төз эле кургуйга алып барып кептеди. Эки сөздү кошуп айта албаган кызматкерлерди, "а" менен "б"нын айырмасын билбегендерди Ак үйгө койкойтуп отургузганы аз келгенсип, өлкөнүн жүзү, кадыры, абийири болгон парламент ичин да ат сарайга айлантты.
Мыйзам, Конституция дегенди билбеген, китеп бетин ачып окубагандарды депутат кылдык. Балык депутаттарыбыздын былыгын карап отурган башкаларга шылдың болдук. Ал эми оозунда сөзү бар анча-мынча популист саясатчыларыбыз болсо ажонун алдына төшөлүп берди, кошоматка кой сойгондон башканы билбеди. Кадр саясатындагы алешемдик, Ак үйдүн 7-кабатынан даңгыр жол салынып, кокодон алган коррупция бала бакчага чейин жетти. Ансыз да жону жука элдин жонуна кайыш тиле, шордуу кыргыз башына кымбатчылык каамытын кийгиздик. Айласыздан ажобуздун айтканын жасап, айрымдарыбыз тезек тердик. Анан да ажобуз баш, башкалары төш боло аморалдуу жашоого бет алды. Бийлик башындагылар бир эмес, эки-үч катынды алууну модага айлантты. Үй-бүлөлүк ыйык очок тебеленди, булганды, бармактайдан баш кошуп, "эки бакыр бир тукур болуп жашаган" аялзаты кордолду. Байлык, бийлик мансабына көзү тумандагандар мыйзамды кымындай да сыйлаган жок. Аларды Конституцияга колун коюп, эл алдында берген антынын кусуру урду.
- Элдик көтөрүлүштөн соң республикада коомдук турмушту демократиялаштырууга багытталган процесстер кайра жанбастыгына ишенесизби?
- "Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок" демекчи, Кыргызстанда кыргызчылык, тууган-урук, жек-жаат деген маселелер жоюлмайын демократия өнүгүүсү кыйын. Биз азыр "түтүнү башканын, түйшүгү башка" деген принципти туу тутуп, мамлекеттин казынасын өз чөнтөгүбүз, туугандарыбыздын кызыкчылыгы менен алмаштырып, чөөлөрдөй талап-тоногонду токтотуубуз абзел! Анан да эң негизгиси шайлоолор ачык-айкын, таза өтүүсүнө шарт түзсөк. Албетте, шайлоолордун ыплас өтүп атышына элибиздин да күнөөсү зор. Акчасы мол, бирок кыргыз элине кымындай күйбөгөн жармач патриот уул-кыздарыбыздын тараткан акча, арагына алданып калып аткандары жүрөк сыздатат. Кылымдан кылым карытып, улуулугун сактаган, меймандос, алпейимдигин даңктаган кыргыз эли эч качан акча жана арак алдында чөгөлөбөш керек деп так кесе айтаар элем. Силерге берилген акчанын баары арам акчалар, анын ар бир тыйынынын сурагы бар демекчимин.
Шайлоонун шайтан оюндарынан алыс болуп, элди сатып алуу процесстерин өнүктүрбөсөк. Анан да элибиз арак, акча алып келсе чөнтөгүнө салып коюп, түштөн кийин кыйкырып чыгышкандарына жол болсун! Мына ушундан башталат кадр саясатындагы калпыстык, коррупция, авторитаризм, үй-бүлөлүк башкаруу, абсолюттук монархия. Демек, бардык нерсеге кара чекит менен алдын ала бөгөт коюу менин кең пейил, акылман, калыс, "алдына келсе атасынын кунун кечкен" кыргызымдын колунда! Себеби алар Манастын тукуму, ар биринин жүрөгүндө Манас жашайт.
- Ар бир коомдук-саясий процесс негизги этаптардан турат. Революциянын максат, милдетине жетүү үчүн Кыргызстан дагы кандай этаптарды басып өтүүсү шарт? Анын жеңиштерин сактоонун, авторитаризмге бийликти бир колго топтоого, үй-бүлөлүк кландык башкарууга жол бербөөнүн кандай кепилдиктери болуусу керек деп ойлойсуз?
- Кыргызстан азыр өтө оор абалда. Кызыл канга боелуп али да сыздап-боздоп, онтоп турат. Бул абалдан чыгуубуз өтө жай жана оор күндөрдү башыбызга салат. Эң негизгиси, биз экономикалык кризистен чыгуубуз зарыл. Социалдык маселелерди, айыл чарба, бизнес, туризм жана башкаларды жолго коюубуз шарт. Андан кийинки чоң көйгөй-улуттар аралык мамилени жөнгө салуу. Диндер аралык чатакка жол бербөө. Түндүк-түштүк проблемасы өзөктү өрттөйт. Ал үчүн административдик бөлүнүүчүлүктү жоготуш керек. Кыргызстандыкпыз, кыргызбыз деш үчүн паспорттун улуту деген жерине кыргыз атуулу деп жазылышы зарыл.
Жаштардын проблемасын көңүл сыртында калтырбай, жаштарды тарбиялап, ар бир тармакта жаштарды өстүрүү зарыл.
- Республикадагы абалга бүлүк салууга тиш кайраган күчтөр баш көтөрүп, айрым аймактарда туруксуздук өкүм сүрүп турганда Кыргыз элин эмне бириктире алат?
- Бүлүк салууга кызыкдарлар көп. Саясатчылар бийлик, байлык үчүн тымызын күрөш менен алек. Саясий технологияны жакшы билгендер тынч уктоого бел байлай элек. Эгер эл башына келем деген адам кудайга ишенсе, балдары менен карганып туруп иш жасагандары оң. Эртең алар өз балдарынын бетине көө жаппаш үчүн иштөөсү зарыл. Ооба, акыркы 20 жыл Акаев да, Бакиев да күнүмдүк оокат менен жыргал турмушта жашады. Бирок алардын азабын эми алардын балдары тартканы турат.
Кыргызды ич-ара ынтымак, кечиримдүүлүк, Манастын духу, руху, ишеним гана бириктире алат. 1937-жылы бейкүнөө репрессияланып, 137 адам, 7-апрелде Бакиев огуна учкан 95 адам Ата-Бейитке көмүлдү. Кыргызга ажо болом, министр, спикер, чоң болом деген кыргыз уулдары Ата-Бейитке барып, ошо жерге калың элди чогултуп туруп, "эл үчүн ак, так иштебесем, ушу жерде жаткан кыргыздын чыгаан уул-кыздарынын арбагы урсун, убалы уктатпасын!" деп ант бериши зарыл!
- Кыргызстандагы демократияны чыңдоого жеке өзүңүз кандай салым кошо аласыз?
- "Демократиялык аралча" атыккан Кыргызстаныбыз чындыгында азыр оор акыбалды баштан өткөрүп жатат. Демократиялык өнүгүүгө бут тоскондор кыргыз элин, жерин, маданият, адабият, каада-салтын, үрп-адатын ушуга чейин көк бөрү тартып келишти. Демократияны мындай кой, "өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман" демекчи, кыргыз элин жер менен жексен кылууну көздөгөндөр бар. 7-апрелдеги төгүлгөн канга көзү тойбогондор согушту каалап турат. Ооба, биз андайга жол бербешибиз керек. Кыргызды кыргыз гана башкарып, кыргыз тилинде сүйлөп, ырдап, ыйлап туруусу абзел.
Ар бир адам мыйзамды сыйлагандай көз карандысыз басма сөз катары конструктивдүү сындарды айтып, өз салымымды кошушум зарыл. Өкмөт туура эмес жолдо баратса багыт таап бергенге ар бир адам көмөктөшүшү зарыл. Кризистен кандай чыгуунун сунушун берип, эл тараза демекчи, элдин ойлорун гезит бети аркылуу чагылдырып турушум абзел. Өз убагында салык төлөп, мамлекет менчигин уурдап-тонобой, ак дилден эмгек өтөсөң, акыры эмгегиңдин акыбети кайтаары бышык. Демократияны чыңдоо үчүн ар бир адам барабан кагуусу зарыл. Ак, таза иштөө ар бир адамдын максаты, ой-тилеги болсо гана атаганат!
КСДПнын
басма сөз кызматы
Материал КСДПнын
шайлоо фондусунан каржыланды




Сариевге салам дуба
Бакиевдердин балит шайлоосунан көңүлүбүз аябай эле калгандай болгон. Ошондогу өкүм-зордук менен бюллетендерди пачкалап ыргыткан Бакиевдердин Боршайкомдогу кошоматчы-жасоолдору мамлекетибизге чыккынчылык кылышкан деп ачык эле айтып коюшубуз керек. Ошондойлордун бири былтыркы президенттик шайлоодо накта Бакиевдерге жел добуштарды "санап берген" Ысык-Көл областтык шайлоо коммиссиясынын төрагасы Жоомарт Барктабасов деген неме ошол эле кызматында дагы деле чалкалап отурат. 7-апрелдеги элдик революциябыздын келип чыгышына былтыркыдай шайлоолор себеп болбоду беле? Облустук шайлоо комиссиясын жетектеп отурган Жоомарт Барктабасов "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" болуп, 10-октябрдагы шайлоодо баягы адатын дагы карматып, балит шайлоосун баштап ийеби деп коркуп турабыз. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы ушул жагын эске алып, көл жакка көңүлүн көбүрөөк буруп койбосо, ким билет эмне болуп кетээрин?


Койсунду кой деп коюшса…
Алдыдагы шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт дегенибиз менен, айрым бир партиялардын камчысын чапкан чиновниктерибиз "казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" болуп, мансабына таянып, башка партияларды өгөйлөп атканын угуп атабыз.
Алсак, Талас областынын губернатору "ата мекенчи" Койсун Курманалиева КСДП сыяктуу бири катар партиялардын үгүт жарнактарын айыл-өкмөттөрүнө кысым кылып илдиртпей, түндөсү КСДП, "Ак шумкар" партияларынын үгүт жарнактарынын үстүнөн "Ата Мекендикин" чаптап кеткен окуялар катталып жаткандыгын таластыктар айтып отурушат. Губернатор айымдын мындай өкүм зордугуна кээ бир айылдын тургундары ачуу сөздөрүн да айтышыптыр. Биз сыйлап, урматтаган "ата мекенчилер" Таластагы партиялаш бир айымына "кой антпе" деп, эмитеден тизгинин тартып койбосо, эски бийликтен эч айырмабыз жок болуп калат го…