Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
Рыскелди МОМБЕКОВ,
экс-министр, социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү:
"Барып келгенди эмес, алып келгенди айталы"
- Рыскелди мырза, өткөн аптада партия жетекчиңер Алмазбек Шаршенович Орусияга барып, ал жактын өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушуп кайтканы кабарланды. Ушул тууралуу учкай кеп салып берсеңиз?
- Ооба, Алмазбек Шаршеновичтин Орусияга болгон расмий сапары, алардын Кыргызстанга бере турган 10 миллион долларлык жардамы тууралуу кабарды Орусиянын бардык массалык маалымат каражаттары таркатты. Оболу биз анын барып келгенин эмес, олчойгон каражат алып келгенин айтканыбыз оң болот. Кана айткылачы? Кайсы партиянын лидери качан, кимден канча каражат алып келе алды? Жок. Демек, буга дагы кайчы пикирлер болбошу керек.
- Муну менен эмнени айткыңыз келип жатат?
- Жумурай журт болгондон кийин, жумурткадан кыр издегендер чыгат да. Маселен, эртең бирөө жарымы айтышы мүмкүн, "шайлоо алдында өздөрүн пиар кылып жатышат" кыязында. Ошондой обу жокторго, оболу ошол жакка барып кел(эгер кабыл алышса), ошончо каражат таап кел, андан кийин оозуңду болушунча кер деп айтып кетет элем. Мына, ошол эле Орусияга биздеги эки-үч партиянын лидерлери барып келди. Эмне алып келди? Болгону Дмитрий Медведевдин администрация башчысы Нарышкин менен жолугуп келди. Анысын азыркы күнгө чейин айтып бүтө алышпай жатат. Гезиттерге бере берип тажатты. Мен жогоруда айтып кетпедимби, барып келгенди эмес, алып келгенди айталычы деп. Барып келгенге, Байгаранын баласынын деле башы жетет.
- Эми муну үгүт деп айтып чыгышпайбы?
- "Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" демекчи, кандай айтышса дагы, карапайым эл өзү калпып алат. Үгүт иштери деп эле үмүт иштерин үзгүлтүккө учурата берсек, эртеңки күнүбүз эмне болот? Жакшы үмүт бул - жакшы үгүт болуп калышы деле мүмкүн. Бирок биз эртеңки шайлоонун келечеги менен мамлекеттин эртеңки келечегин эки башка карашыбыз керек да. Бардыгын эле үгүт иштерине байлай берсек, чекесинен гезиттерди жайлай берсек, элдин маалымат алуу укугу кайда калат? Ошондуктан БШКнын мүчөлөрү эскертүү берерден мурун, маалыматтын маанисине баа бериши керек деп ойлойм. Андан кийин анын чыккан булагына бурулушу керек. Маселен, Орусиянын атактуу "Фергана. РУ" маалымат агенттиги "Владимир Путин пообещал лидеру СДПК Алмазбеку Атамбаеву десять миллионов долларов" деген теманын астында макала жарыялады. Эгерде ошол макаланы силер толугу менен бассаңар, БШК силерге тийишиши мүмкүн. А силер, "маалымат булагы биз эмес, тигилер" деп айтышыңар керек. Ошондо жанагыдай обу жок нерселерден оңой кутуласыңар.
- Эми, маегибизди мандат талаш майданына бурсак. Бара турган партиялардан баш адашат. Көп партиялардын катышканы көп чырларды жаратпайбы?
- Башында "барабыз" деп 57 партия ээленип чыкты эле, азыр эленип отуруп отузга жакындайы калыптыр. Тарыхта деле, жарышта деле, такталып калбады беле, башында бапырап, аягында чачырап калары. Анын сыңарындай, марага жетпей эле, мандат талаш майданынан бир топ партиялар чыгышы мүмкүн. Бул турган иш. Ал эми аягында чыр чыгарына мен ишенбейм. Анткени азыркы тапта элибиздин эңсегени эле бул - туруктуулук жана стабилдүүлүк. Аны бузам дегендерге эл эч кандай мүмкүнчүлүк бербесе керек. Мына, шайлоо башталбай жатып эле бир топ партиялар чырылдап жатышат "тигинткиле, минткиле" кыязында. А өздөрү болсо эки ай мурун эле үгүт иштерин жүргүзүшүп, көрүнгөн жердин баарына көрнөктөрүн илип салышкан. Шайлоо фонддорун ачпай туруп эле, ар бир айылга асмандаган акчаларын чачып салышкан. Жумшак тил менен айтканда, өз баштарындагы төөлөрдү эмес, башкалардын башындагы бакалды байкап калышкан. "Кыз боозуп энесин коркутат" дегендей эле, буга чейин булганып алгандар эми эмне кыларын билбей жатышат да. Шайлоо деген бул - саясий майрам. Ал майрамдык маанайда өтүшү керек. Ага макул эместердин эсебин эл өзү бериши керек.
- Демек, сиз деле чочулап жаткан турбайсызбы?
- Кыргызда жакшы сөз бар эмеспи, "жаман айтпай жакшы жок" деген. Азыркы кырдаалыбызды туруктуу жана стабилдүү дегенибиз менен, кимдир бирөөлөр кирдетип жибериши мүмкүн. Андай арам ою бар партиялар дагы арабызда жүргөндүктөн, абайлашыбыз керек. Аларга жакындан жардам бере турган бакиевчилер бар экендигин дагы эске тутушубуз кажет. Биз биринчи кезекте шайлоого эмес, шайлоодон кийинки жагдайга даярданышыбыз керек. Элдин эртеңки добушу оңой эле бөлүнөт дечи, бирок парламенттеги мандат бөлүштүрүү машакаты бир топ оорчулуктарды алып келет. Ар бир партия лидерлеринин өтө күчтүү амбициялары бар экени, эбак эле элге белгилүү болгон.
- Өткөндө 20 чакты партия лидерлери чогулушуп, меморандумга кол коюшкандай болушту эле. Ошол сөздөрүнө турушабы?
- Ооба, ошондой документке кол коюшкандарын мен дагы билем. Бирок анда алар үгүт иштери маалында бири-бирине карата кара ниеттик кылбоо, "кара пиарларды" колдонбоо максатында кол коюшса керек эле. "Кара пиар" демекчи, аны карапайым эл жасабайт, аларга анын кереги деле жок, аны жанагы кара ниет партиялар өздөрү жасашып, карапайым элге таңуулашат. Ачыгын айтканда, андайлар менен алсыз партиялар шугулданышат.
- Айрым гезиттер жазып чыгышпадыбы, "СДПК партиясынын съездинен кийин, андагы бекитилген тизмеге каршы чыккандар көп болду" кыязында. Мисалы, сиз деле 49унчу болуп калыпсыз. Буга эмне дейт элеңиз?
- Эми ага ошол съездге катышкан айрым делегаттар каршы болбосо, тизмеге киргендер каршы деле болбосо керек эле. Анткени ар бир тизмеге кире турган адамдар менен Алмаз Шаршенович алдын ала макулдашкан да. Ооба, башында мен деле отуздун ичинде болчумун, бирок орто жолдон бир топ партиялар бизге бириккенден кийин, 7-апрелдеги курман болгондордун туугандарына, ошол окуяда оор жарадар алгандарга, Балыкчы окуясы боюнча соттолуп чыккандарга орун берилгенден кийин, оптомубуз менен ордубуздан жылдык да. Эгер мен эртеңки шайлоодо жеңип чыгарыбызга ишенсем, эмнеге нааразы болушум керек. Өзүңөр деле карап көргүлөчү, КСДПдан мурда депутат болушкан Асел Кодуранова менен азыркы штаб жетекчибиз Айбек Азыранкулов кайсы тизмеде болуп калганын. Эмнеге мындай болгону тууралуу унчукпай туралы, учугун учурунда угасыңар. Согушта техника эмес, тактика артыкчылык кыларын унутпагыла.
- Өткөндө, сиз кандайдыр бир сенсацияларды дайындап жаткан экендигиңизди "Учур" гезити жазып чыкты. Эмне экенин билсек болобу?
- Ошону сыр бойдон эле калтыралычы.
- Таластык талапкерлерге болгону төрт эле орун берилиптир, аз эмеспи?
- Кеп санда эмес, сапатта да. Ооз ачпаган он депутаттан көрө, төө бастыга алган төрт депутат жакшы эмеспи. Сөзүм кургак болбос үчүн айтып коюшум керек. Мурунку "Ак жолдун" курамында бир дагы таластык депутат болгон эмес. Ал эми жалгыз эле КСДПчы Роза эжебиз ошол 70 "ак жолчудан" ашып түшкөнүнө күбө болуп эле жүрбөдүкпү.
- Ии баса, Роза Исаковнанын иниси Болот Отунбаевдин талапкер болуп катталганына кандай карайсыз?
- Эң туура кадам катары кабыл алдым. Анткени мен ал жигитти жакындан жакшы билем. Жети кыздан кийинки жалгыз бала. Ага учурунда Бакиев жумуш бербесе, эми эжеси жумуш бербесе, эмне кылышы керек? 22 жыл тышта иштеди. Генералдыкка тете толук жана ыйгарым укуктуу элчи деген наамга жеткен. Кызыгы, ал наамды Бакиев өзү берип кеткен. Алмазбек Шаршенович вице-премьер болуп турганда Болотту Орусиянын элчилигине жиберейин десе, "анда биздин Бакиевдерден айырмабыз эмне болуп калат" деп, элчиликтен баш тартканын билем. Ал ошондуктан өкмөттүн өкүлү болбой, элдин өкүлү болгусу келип жатканын туура баалайм. Үч кызыл диплому бар, чыныгы дипломат жигит ишсиз отурса, ичиң ачышат экен да.
- Аябай кызык маек куруп бердиңиз, рахмат сизге, ийгилик каалайбыз.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"




Яндекс.Метрика