Каныбектин кайгысы…
Акаевди апендинин кызындай мактап жүрүп, саясий карьерасынын чыйыр жолун Майрам апчесинин "өздүк каридору" аркылуу түзгөн Каныбек Иманалиев 7-апрелден бери бир орунга отура албай тыбырчылап, аябай түйшүк тартты. Убактылуу Өкмөткө жармашып кайсы бир кызматты кучактай жыгылайын деген ою ишке ашпай калды. Эми кантип депутат болом дегенде эки көзү төрт. Жакшы эле белдүү бир партиянын этегине жармашып көрдү эле, "кагып" түшүрүштү. Айтор, Каныбек мырза "эр албаган…" болуп, жаман эле болду. Учурда кимдин этегин карманарды билбей, аргасы куруп, амалы түгөнүп турат. Мансап көксөбөй, сабагын берип жүрө бербейби десең…


"Ит" үрө берет, кербен жүрө берет
Жаамы журттун аллергиясын карматкан "Ата-Журттун" арыгын чаап, көлдөлөң болуп төшөлгөн, анысынан уялымыш болуп, өздөрү иштеген гезитке ысымдарын жазуудан корккон, аты бар, заты жок "Апта" гезитинде иштегендер "итче үргөнүн" токтотподу. Битке өчөшпөйлү десек, "балтыр бит башка чыгат" болуп, "Ата-Журтка" асылбагыла маанисинде "чылпагымды алам деп көзүн чукуп" алган сыңары, биз "Ата-Журттун" "малайлары" болобуз, эмне дешсе, ошондой үрөбүз дешкенге чейин жетишти. Аброю, намысы бийик кесиптештер, "малай" катары силер коргоп жаткан "Ата-Журттун" ит аягын ыргыта тээп баса беришти. Сыягы, ошондон кийин намысы бар, аброю бийик журналисттерди алып келсек эшигибизди тарс жаап баса берет экен деген "ата-журтчулар" ит аяктан алыстай албаган, "малайлыгын" айтып сыймыктанган "Аптанын" азыркы жамаатын топтоп, каалаганча үрдүрүп жатканын түшүндүк. Анткени ит аякты имерчиктеген "ит" үрө берет, кербен жүрө берет.
Баса, "өзү тийишкен бала ыйлабайт" демекчи, кийинки саныбызда "Аптанын" кожоюну болгон Акматбек Келдибековдун Бакиев менен коюн-колтук алышып иштеп тургандагы былык-чылыктары, кимден канча акча алганын, кайсы жерлерге кандай хан сарайларды салдырып, кимдин атынан каттатып койгонун, К.Бакиевдин "суусун ичип, тузуна ушатып" абийир-намыстан куржалак калганына карабай жандимилигин карматып, Алмаз Атамбаевге эмне себептен шыйпаңдап жакындап жатканынын аки-чүкүсүнө чейин жиликтеп баяндайбыз.


Гуревичтин тууганы шайлоого аттанып жатабы?
Ушундай бир кеп уктук, кадимки каржы боюнча атагы чыккан аферист Евгений Гуревичтин бир тууган иниси, ушул эле Бишкекте чоңоюп-чочойгон, бир тууган иниси кайсы бир партиянын катарында шайлоого аттанып жатат деп уктук. Кайсы партия экен деп сураштырсак, кайсы болмок эле бай партиялардын бирине деп жатышат. Таң калбай кантип коёлу, бу Гуревич дегениң сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн, жылып жүрүп жылма жасаган бир кайбар тура. Болбосо, Кыргызстандын карманаар каржысын өз чөнтөгүнө "култ" эттирип кеткен неме, эл аралык издөөдө жүрүп, ошондо дагы куйругун Кыргызстандын саясатына булгалап турушу эмнени каңкуулайт? Деги акыркы кездеги кабар-каңшаарларга караганда, учурда парламентке бараткан партиялардын бир тобу колтуктарына Бакиев менен Максимдин жакын кишилерин катып баратат окшоп калды. Абайлабасак, эртең алданып калчудайбыз, акчалуулардан алыс эле болсокпу...


эх Россия,
Россия мунуң кандай?
Шайлоонун дүбүртү жакындаган сайын ар кандай шардана кептердин да учугу узарып барат. Азыр коомчулукта парламенттик шайлоого тышкы күчтөр батыл аралашып жаткандыгын, алардын максаты парламентке 2-3 фракция эмес, бери дегенде 7 фракция отуруп, бир пикирге келе албай кажы-кужу болуп турушун каалап жаткандыктары тууралуу маалыматтар байма-бай тарап жаткан кези. Ал кептерге кулак төшөсөк, ушу тапта бу "бир боор эне" эсептелген Россия "Содружество", "Ата-Журт", "Ар-намыс" саясий партияларын катуу сүрөөнгө алып каржылык жана саясий технологиялык жактан опол тоодой жардам көрсөтүп жатыптыр. Бу кандай кеп? Ал эми атын атагысы келбеген айрым серепчилер, Россия Кыргызстандагы кырдаалды кудум Украинанын сценарийи менен башкарып, парламенттеги башаламандыктарды күчөтүү менен өз максаттарына жетүүгө аракет кылып жатканын айтышууда. Айталы, Украинанын мурдагы Президенти Виктор Ющенко Россияга бир катар жолу моюн толгоп, өз алдынча геосаясат жүргүзүүгө аракет кылгандыгы менен Россияга жакпай калганы белгилүү. Буга жооп кылып, орустар Украинанын Жогорку Радасы менен иш алып барып, орусчул Янукович, Тимошенко баштаган саясатчылар аркылуу Рада менен Президентин тирештирүүгө жетишкен. Натыйжада, Янукович президенттикке отуруп, кандай иш-аракеттерди жасап жатканы баарыбызга маалым.
Бирок кыргыз элинин табияты украиндерден алда канча башкача, саясий деңгээли дагы бышып жетилген. Керек болсо коомчулук ошо тышкы күчтөрдүн өзүнө жооп кылып, андай амал менен ыргытылган сыйыртмактарды шыпырып таштайт!..


"Ар-Намыстын" аппетити же "көзү ачыктын" көксөгөнү
"Ар-Намыс" партиясынын съездинде анын төрагасы Феликс Кулов адам таңгаларлык ачылыш жасаптыр. "Биз үчүн парламенттен 25-30 орун алыш бул - утулгандыкты моюнга алыш. Биз эң чоң күч менен бара жатабыз, мен жеңерибизге ишенем" дегени аздык кылгансып, өзүн тизмеде 42-орунга коюусун сураныптыр. Демек, кайран генерал 45 орун аларын элестетип жатса керек. Партиялаштары анын мындай алабармандыгын сезген окшобойбу, аягында тизмеге биринчи кылып киргизишиптир. Айтайын дегеним, "Ар-Намыстын" лидери алдыдагы шайлоодо жеңип чыгаарын азыртан айтып жатканына караганда, "көзү ачыктыгын" дагы эле койбосо керек. Эсиңердеби, айтылуу апрель митингдеринде дал ушул киши айткан эле: "Бакиев тынчтык жолу менен кызматын өткөрүп берет"- деп. Аягы эмне менен бүткөнү элдин эсинде болсо керек. Ии баса, бул партиянын тизмесине экинчи болуп, 6-апрелде таластыктардын таламанында калган Акылбек Жапаров кирсе, Таластагы штабын ошол жердин эски губернатору Байымбет Мураталиев жетектеп жатыптыр. 2000-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Куловду колдоп Бишкекке келген кара-бууралыктарды "кайра кайткыла" дегендердин башында Байымбет мырза турду эле, эми экөө ээрчишип барса эл эмне дээр экен. Айтор, майга жетпеген мышыктын ыйы ушул жактан угулгандай окшоду.


Көргөндөр да арманда, көрбөгөндөр да арманда…
Жаамы журтка белгилүү, ар тараптуу таланттуу сүрөтчү Асан Турсункуловдун Кылымдын Улуу курулушу Камбар-Ата-2 ГЭСине арналган "Алтын чөйчөк" аттуу графика, живопись жанрын камтыган жеке көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылыш аземи 28-август күнү Кыргыз мамлекеттик Г.Айтиев атындагы искусство музейинде орун алат. Искусствого кайдыгер карабаган, анын түпкү маңызын түшүнө билген атуулдар үчүн эшик ачык. Маданият тармагында салмактуу орду бар таланттуу агабыздын жеке көргөзмөсү келгендерди кайдыгер калтырбашы бышык. Анда эмесе, кайталангыс сүрөт көргөзмөнү көрбөй арманда калбай күбө болуп кетиңиз.



"Доор kg"
добулбас болуп кагылат
Азыр эмне көп? Албетте, гезит көп. Гезит күркөсүнүн бетин бербей турган менен коомчулукка таанылганы, окурмандардын оюнан түнөк тапканы албетте, аз. Көбү эртеңки шайлоону утурлап, эптеп бир партиянын этегин кармап калууну максат кылгандай…
Айталы дегенибиз, жакында "Доор kg" гезити жарыкка чыкканы турат. "Ар кимдин камчысына айланбай, доордун добулбасы болобуз, чындыкты чын деп, ак-караны калыс ажыратып, укук бузууларды, паракорчулуктун бетин ачып, абийирин аштай кетиребиз" - деген асыл максаттар менен дагы бир гезит маалымат майданына кошулмакчы. Ак жол каалайлы, "Доордун" добушун тыңшагандар көп болсун!