Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/0824_6.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/0824_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/0824_6.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/0824_6.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/0824_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/0824_6.htm on line 2
Исмаил Исаков,
экс-министр:
"Элибиздин биримдиги, ынтымагы үчүн кызмат кылабыз!.."
- Исмаил Исакович, КСДПнын курамына кирүүңүзгө эмне түрткү болду? Дегеле, Алмаз Атамбаев менен жеке мамилеңиз кандай?
- "Азаттык" демократиялык партиянын төрагасы катары КСДПны колдоп, биргелешип чыгуубузду биз өзүбүздүн 22-августта өткөн кезексиз 2-курултайда бир добуштан чечтик. Албетте, чечим чыгарардын алдында башка партиялардан сунуштар абдан көп болду. Ошого карабастан КСДПны тандап алганыбызга эң биринчи - Атамбаев менен жеке мамилемдин дурустугу, анын жарандык, жетекчилик сапаты, ошондой эле өлкөнүн саясий айдыңында такшалгандыгы, Кыргызстандын элинин кызыкчылыгы үчүн күрөшүп жүргөн эң мыкты патриоттуулугу, тазалыгы жана иш билгендиги себеп болду. Эң негизгиси, экөөбүздүн өлкөбүздө туруктуулукту, элибиздин ынтымагын, биримдигин сактап калуу максаттарыбыздын төп келгендигин жана партияларыбыздын программаларынын орчундуу маселелери боюнча окшоштугун да айтсам болот. Чындыгында, айта берсе себептери абдан көп. 2009-жылдын декабрь айында БЭКти түзүп, Атамбаевди жетекчиликке шайлаганда, алдыбызга Бакиевдин режими менен күрөшүүдөн башка, өлкөбүздө тартипти, тазалыкты жана мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн орнотуу, Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына алып чыгуу боюнча жана башка бир топ максаттарды койгон элек. Ушул максаттарды да чогуу биргелешип ишке ашыруу да түрткү болду.
- КСДПнын башка партиялардан айырмачылыгы жана өзгөчөлүгү эмнеде?
- КСДПнын башка партиялардын айырмасы - партия эң тажрыйбалуу партиялардын бири. Жакында партия өзүнүн юбилейлик 10-съездин өткөргөнү турат. Ушундан эле жакшы баа берсек болот. Эң негизги алардын элге иш жүзүндө көрсөткөн эмгеги далил болуп турат. Өзүң жакшы билесиң, мурунку режимдер менен өзгөчө кийинкисинде БЭКтин өзөгүн КСДПнын мүчөлөрү жана анын тизмеси менен парламентке шайланган депутаттар түзгөн. Ошондо фракциянын башында турган Роза Исаковна жана алардын депутаттары Каркыра, Ысык-Көлдөгү пансионаттар, энергетика, адам укуктарын коргоо маселелерин иш жүзүнө ашырууда коркпой-үркпөй, талыкпай көрүшкөндүгүн, элибиз унута элек.
2008-жылы президенттик шайлоого партиянын лидери Атамбаевди БЭК бирдиктүү талапкер катары колдоого алып чыккан. Ошондо жеңиш Атамбаевдыкы болгонун жалпы эл билет. Бирок тилекке каршы, эски бийлик жеңишти өзүнө бурмалоо жолу менен ыйгарып алды эле, ал бийликти акыры элдин каргышы урду.
Дагы бир артыкчылыгы - партия эң жакшы адистерге таянып, элдин биримдигин, ынтымагын сактоодогу жасаган аракеттерин айтса болот. Партиянын жетекчисинин ачыктыгы, колунун тазалыгы, кең пейилдиги жана ишин жакшы билген патриоттуулугу көптөгөн адамдарды өзүнө тартып турат.
- Алдыдагы парламенттик шайлоо таза өтөөрүнө ишенесизби? Же кандайдыр бир деңгээлде административдик ресурстар колдонушу мүмкүнбү?
- Административдик ресурстарды колдонууга жергиликтүү бийликтегилер, шайлоого катышкан партиялар, бүгүнкү өлкөдөгү кырдаал жол бербейт. Ошондуктан шайлоо таза жана мурунку шайлоолорго караганда ачык өтөт деген ишеним зор. Ушул эле учурда кээ бир партиялар тараптан элди алдоо, бөлүп жаруу, добуштарды акчага сатып алуу аракеттери болушу мүмкүн. Эл арасында азыр, кээ бир партиялар эмитен эле акча, ун, чай берип таратып жүргөндүгү ачык эле айтылып жатпайбы. Алданып калбаш үчүн акча тараткан партиянын өкүлдөрү шайлоочуларга: "Шайлоо учурунда берген добушуңарды чөнтөк телефонуңарга тартып чыгып, көрсөтөсүңөр" - деген маалыматтар да бар. Шайлоо комиссиясы байкоочулар андайга уруксат бербешин түшүнүш керек. Андай болгондо шайлоонун жашыруун өтүү принцибин бузууга алып барарына шек жок. Шайлоо кандай таза өтпөсүн кээ бир партиялар уттурганын моюнга албай чыр чыгарары турган иш. Ошондуктан бийлик тарап алдын ала элге чындыктын ачуусуна карабай түшүндүрүү иштерин токтоосуз жүргүзүү керек.
- ИИМдин жетекчиси К. Байболов: "Курманбек Бакиевди жакында кармайбыз" - деп ишенимдүү түрдө айтып жатат, деги эле Бакиевдерди кыргыз бийлиги кармай алабы?
- Эгерде Коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги биргелешип жакшы аракет кылышса, бир эле Бакиевдерди эмес, башка кылмышкерлердин кармаларына да ишенсек болот. Айыгышкан кылмышкерлерге каршы күрөшүүгө бизде бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.
- Июнь айында болуп өткөн түштүк окуясына кандай баа бересиз. Деги эле бул коогалаңда эки тараптын (кыргыз-өзбек) кимиси уттурду, кимиси утту?
- Түштүктө болуп өткөн өтө кайгылуу, кыргыз тарыхына кара так калтыра турган окуяга баа берүү абдан оор жана кыйын. Бир сөз менен айтсам, 20 жылдан бери ириңдеп келе жаткан шишик июнь айында жарылды. "Кыргыз руху" газетасына түз байланышка чыкканда бул тууралуу толук айткан элем. Азыр аны кайталабай эле койсом туура болот. Бул жерден эч ким уткан жок. Утабыз дегендер да, ошол кырдаалдан пайда таап калабыз дегендер да, бөлүп-жарып дайыма согуш кырдаалында болтурабыз дегендер дагы ж.б. Кыскасы, бардыгыбыз уттурдук. Азыр биздин алдыбызда шишиктин ириңин тазалап, өзөгүн алып, жакшынакай кылып "дарылоо" гана калды. Ал үчүн баарыбызга убакыт керек. Албетте, "дарылоо" процесси көпкө созулат. Жабыркагандардын ыйы, кеги, ызасы жакын арада токтобойт. Бири-бирибизге сабырдуулук менен мамиле кылып, кечиримдүү, мээримдүү болуубуз талап кылынат. Кыргызстанда Тажикстандай согуш чыгарбоо үчүн болгон күчүбүздү, аракетибизди жумшабасак кийин кеч болуп калат. Ушул нерсени баарыбыз так, ачык түшүнүшүбүз керек. Убактылуу Өкмөттүн кырдаалды турукташтыруу үчүн болгон эмгегин, аракетин унутуу, аны жокко чыгаруу туура болбой калат.
- Ош шаарынын мэри Мырзакматовдун кызматында кайрадан калып калышына пикириңиз кандай? Мырзакматовдун ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
- Түштүктө Убактылуу Өкмөттүн өкүлү катары кырдаалды жөнгө салып жүргөнүмдө, Ош шаарынын мэри Мырзакматов башка жетекчилер менен бирге мен койгон тапшырмаларды, өз милдетин жакшы эле аткарып жүрдү. Ал өз ишин билген, жетекчилик сапаты бар жигиттердин бири. Кемчилдиги жок жетекчи болбойт. Сөзсүз бирине жагасың, экинчисине жакпайсың. Убагында Мырзакматовдун өзүн, кол алдында иштеген шаар чиновниктерин, депутаттарын чогултуп, шаар тургундарын электр энергия, суу, газ, транспорт менен камсыз кылуудагы оңдоо иштерин тездетүү, шаардык ооруканадагы оор абалды тез аранын ичинде оңдоодогу кемчиликтерди катуу айткан учурларым болгон. Менин айткан сөздөрүмдү туура түшүнбөй мага капа да болуп жүрдү. Эң негизгиси, айткан кемчиликтерди оңдоп, кыска убакытта жасоого аракет кылып, туура тыянак чыгаргандай болду.
Негизи эле бизде кадрларды даярдоо маселеси жөнгө салынган эмес. Союз учурундагыдай "партшкола" сыяктуу окууларга, жетекчиликке багыттаган курстарга окутсак, көптөгөн жигит-кыздарды даярдап коёт элек. Тилекке каршы, андай окуулардын жоктугунан көп кадрларыбыздын билим деңгээли, руханий байлыгы төмөн болуп жатат.
Ал эми Мырзакматовдун кызматтан алынышы, же калышы - президенттин жана шаардык депутаттардын укугу.
- Сиз 7-апрелден кийин мурда жетектеп келген Коргоо министрлигин кайрадан 3 айдан ашуун убакыт башкардыңыз. Бул убакыттын ичинде эмнелерге жетиштиңиз?
- Чынын айтсам, министрлик милдетти аркалаганга караганда түштүктөгү кырдаалды турукташтыруу менен алек болдум. Атап айтканда,13-14-15-майдагы Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарындагы окуялар, 18-19-20-майдагы Жалал-Абад шаарындагы кагылышуулар, Сох анклавындагы жана анын тегерегиндеги маселелер, акырында июнь айында болгон Ош, Жалал-Абад дубанындагы каргашалуу окуялар. Мына ушул окуяларга карабастан, Коргоо министрлигинин басымдуу көпчүлүк аскерлерине барып, ахыбалды өз көзүм менен көрүп, бир топ жакшы иштерди аткарууга жетиштим. Мисалы:
- Кара-Сууда аскерлер убактылуу кызматын өтөө үчүн эч нерсеси жок талаа жерге төрт кичинекей үй салдырдым.
- Балыкчыда 250 жоокерге жатакана курууну чоң клубду ремонттоо иштерин баштаттырдым.
- Тамгада аскер санаториясындагы бассейинди ремонттон толугу менен өткөрттүм.
- Ошто өзгөчө кырдаалга карабай, аскер госпиталында администрацилык шарт менен аптеканын курулушун, аскер бөлүгүндө күжүрмөн даярдыктары үчүн тренердик комплексинин имаратынын курулушун баштадык.
- Бир топ аскер танкаларын оңдотуп, жаңы мобилдүү техникаларды түндүктөн түштүк регионуна ташып бардык. Аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыктарын жакшы нукка салдык.
- А.Атамбаев менен биргелешип, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн колдоосу менен аскер кызматчыларынын айлык акысын, пенсиясын 50% көбөйтүүгө жетиштик.
- Эң акырында 12 миң сом төлөп бир айлык аскер кызматын 2011-жылдан тарта токтотуу жөнүндө офицерлердин кызматын жетекчилердин уруксаты боюнча дагы 3 жылдан 5 жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү боло турган мыйзам кабыл алдык. Ошону менен бирге Беш-Күңгөйдөгү госпиталда иштегендерге үй салуну ж.б. объектилерди ремонттоо, куруу, 7 млн. сомдон ашык каражатка медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн акча каражаттарын бөлүп бердирдим.
Кыскасы, аз убакытка карабай бул тарапта дагы көп иштерди бүтүрүүгө жетиштиим деп айтканымды Коргоо министрлигинин жамааты жокко чыгарбаса керек.
Дагы бир маанилүү нерсе, төрт алыскы чек ара райондорунда аскер коммисариатын ачтырууга үлгүрдүм.
- Эгер депутат болуп шайлансаңыз, депутат бойдон эле каласызбы, же кайрадан өкмөттүн курамына барып иштейсизби?
- Кудайдын колдоосунда болуп, элибиз биз үчүн жакшы добуштарын берип парламенттен орун алып калсак, депутат болуп иштейминби, же өкмөттүн курамына барып каламынбы аны ошол учурдагы кырдаалга карата айтсам туура болсо керек. Эмнеси болбосун, эл үчүн, элибиздин биримдиги, ынтымагы бакубат жашоосу үчүн кызмат кылабыз.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/0824_6.htm on line 54

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/0824_6.htm on line 54

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/0824_6.htm on line 54


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/0824_6.htm on line 54

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/0824_6.htm on line 54

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/0824_6.htm on line 54


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/0824_6.htm on line 54

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/0824_6.htm on line 54

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/forum/10/0824_6.htm on line 54