Сандан-санга

Кандуу жылдар
Аты жакшы болуш керек. Кыз эркектердин аттарын эстеп жатат, бири жагып, бири жакпайт. Жакпаган аттарды а жигитке ыраа көрбөйт... Камырын жууруп, үстүнө табак көмкөрүп, шайдоот кыймылдап бөлмөсүнө кирип, төшөгүнүн баш жагын ачып, кичинекей кара кутучаны алып ачты. Ичи кыпкызыл, ортосунда аксаргыл ташы бар шакек. Шакекти чыгарып сол колунун аты жогуна салды. Чак экен. Анан колун алдына сунуп кыймылдата карап, суктанып койду. Баасы канча болду экен. Кинолордо көргөндөй кымбат болсо керек. Кымбатына карабай алып келген тура. Жакшы көрсө, кымбатына карамак беле... Кыз шакекти кутучага салып, аны ордуна катты. Кайра ашканага келип эт туурап, тамагына киришти. Жанагы ыры өзүнөн-өзү сыбызгый чыкты. Үйдө жалгыз болсо катуурак, сөзү менен ырдамак. Үнүң артистикиндей деп классташ кыздары айтышчу эмес беле...
- Ой өлүгүңдү көрөйүн, сойку. Ырдан кетесиңби. Ай жалап, ырды деген ыймандуу кыздар ырдаса жарашат. Сага эмне жок. Сен кошок кошушуң керек, шуркуя! Эми араң этин туурап жаткан тура. Жаагыңды басып, тамакты даяр кыл! Ой өлүгүңдү көрөйүн, жаман десе, - Сонун капыстан кирип ушинтти да, залдагы диванга чалкалап, Американын абийирсиз киносун көргөнүн улантты. Жаагы сыздай ооруп, тапанча такаган чекеси азга шиший кызарып, анысын күзгүдөн сан ирет карап, жанагы экөөнү каргап-шилеп, жини кайнап жатат. Экөөнө тең көргүлүктү кантип көрсөтөрүн ойлойт. Азыр кыңылдаган кыздын үстүнөн чыкканда каадасынча чачтан алып баса калып, эзип-эзип кумарын кандырып алат эле, жанагы тапанча такаган неменин элеси ортого түшө калып атпайбы... Шашпасын, катынга тапанча такаганды көрсөтпөсө элеби. Бул эки жигитти кимдерге жазалатарын ойлоп-ойлоп отуруп, бир маалда бирөөнү эстеп сүйүнүп кетти. Шер деген айылдаш жигитти эстеди. Ал жөнүндө көп уккан. Райондогу бандиттердин анабашы дейт. Андан баары жүрөктөрү түшөт экен, атургай аким да, милийсанын начальниги да унчуга албайт дешет. Айда-жылда кезиккенде жакшы учурашат а жигит. Болду, ошого айтат, каалагандай жазалатпаса элеби! Ага чейин...
***
Жакшы адам болобу, жаман адам болобу, акчанын азгырыгына алдырып коет. Чыкса чыгар миңдин биринен акча артынан түшпөгөн. Токен өзү ак көңүл, айкөл жигит болгону менен, акчанын кызуусуна аябай кирди. Бүгүнкү табылган акчаң эртеңкини саматып турат экен. Токендин иши жакшы жүрдү, эсеби сом менен эмес, доллар менен жүрдү. Эми азык-түлүк менен гана соода кылбастан, бензин аралаштырды ошол бизнесине. Бу чоң шаардын эки тарабында акыркы техника менен жабдылган эки май куюучу жайы күндүр-түндүр иштеп турат. Көл жээгинен килейген эс алуучу жай сатып алды, жакшылап оңдоп-түзөттү. Жай келсе эс алуучулар толуп тургудай болду. Ошол тарапта дагы бир май куюучу жай ачып, экинчисин ачуунун алдында. Мындай иштер жөндөн-жөн эле бүтө бербейт, тутамдалган долларлар бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп турушу керек. Ал өз жолу менен болуп атты. Кол алдында иштегендерден аянбайт, алар ыраазы...
***
Ром бу шаарда кимдердин иши өр алып, кирешесин батыра албай жатканын, кимдер банкрот болуп килейген үйлөрүн, мыкты-мыкты иномаркаларын сатып, итке минип жатканынан кабардар болуп турат. Бир дагы окуя көз жаздымда калбайт. Аз мезгилде эле кабары угула түшкөн "мадырабаш" Токенди "өз эсебине" киргизип коюуну ойлоп, бир күнү ошондой иштерди так бүтүрчү жигитин чакырып, тапшырмасын берди...
Ал жигит кечке жуук келди Токенге. Ийиле учурашып, анча-мынча ал-абал сурагандан кийин келген жөнүн айтты:
- Ромдон салам апкелдим.
Ром жөнүндө бизнеске аралашканы жакшы кабары бар Токен токтоо сүйлөдү:
- Саламатта болсун.
Ромдун "саламы" жөнүндө да жакшы билет, билмексенге салып турду.
- Эмне деп жооп алып барайын Ромго?
- Саламатта болсун де...
Келген жигит Токенге таңгала карады. Бу неме эчтеке түшүнбөй жатат го деген ойго да келди.
- Болгону ошобу?
- Саламаттыктан өткөн баалуу нерсе жок болсо керек адам өмүрүндө, - бул сөздү Токен шашпай, жылмая айтты.
Жигит үн каткан жок, коштошподу, көзүнөн заардын учкуну бир жылт этип, анысы кекердүү көз карашка өтүп, эшикке чыгып кетти.
Ал жигит Ромго түз жетип, Токендин жообун айтты. Ром алдындагы кофесин шашпай ууртап, тамекисин кошо тартып, кандай өкүм чыгарарын таразалагандай болду да, ооз учунан минтти:
- Жаш эмеспи, менин саламымды кандай алик алыш керек экендигин такыр унутпагандай эскертип койгула.
Жигити сөз маанисин түшүнгөн неме, ошол эле күнү Ромдун айтканын аткарууга киришти...
Токен Ромдон салам-дуба алып келген жигит кетери менен дароо Маканды чакырды:
- Макан, азыр менден чыккан жигитти көрдүңбү?
- Ии, чала-була.
- Эмесе, жакшылап таанып калчы.
Макан сыртка чыгып, тиги жигитти көрдү. Жай басып тротуар менен кетип баратат. Машинесине отуруп жигит бараткан жакты көздөй айдап, андан бир аз өтө берип токтотту да, эми жигиттин маңдайынан даана көрдү. Узун кайыш пальточон, кочкул-кызыл шарфчан. Башы жылаңбаш, кыска алдырган. Ошо пальтосунун сыртынан эле денесинин олбурлуу экени байкалат, мурунку спортсмендерден го кыязы. Жигит Макан туштан өтө берип, жол жээгинде турган көгүш "Мерседеске" түшүп кетти. Каратору, чапжаак, өзбекчалыштанган жигиттин өңүн Макан дурус эстегенсип калды да:
- Көрдүм, - деди Токендин кабинетине кирип, "Мерсин" бир квартал нары токтотуптур.
- Карасаң, ошо Ромдон салам апкелиптир.
Макан түшүнүп:
- Аликти жакшы алып кеттиби? - деди жылмайып.
- Нааразы кетти. Ромду билесиң да, бүгүн болбосо эртең сөзсүз балээсин баштайт эмеспи. Не кылдык?
- Биз эми бала эмеспиз десекчи?
- Ал биз менен сүйлөшпөйт.
- Сүйлөшпөсө, сүйлөтөбүз да...
Макандын бу сөзү Ром жөнүндө терең билбегендиктен чыгып отурат. Болбосо ушул килейген шаар эмес, бүткүл өлкөдө анын сөзүн эки кылгандар, же тоотпогондор аз эле болсо керек, эгер болсо. Макан наркы-беркини терең калчабай эле жалы бар жүрөгүнүн сөзүн айтып салбадыбы. А Токен болсо Ром жөнүндө тереңирээк билет эмеспи, санаа коштоп турду анын оюн.




  Сандан-санга

Катаал чечим
Айбек ШАМШЫКЕЕВ
Кумарбек азыр Аймончоктун сулуулугун айтат деп күткөн. Бирок Эргеш жанагыдан да катуу сүйлөдү:
- Анан эмне? Кадимкидей эле кыздардай эки көзү, бир башы, кара чачы, узун шыйрагы, эки тоголок алмасы бар экен. Сен айткандай, кыздардан башкача артык мүчөсүн көрө алган жокмун, тилекке каршы. - Эргеш бул сөздөрдү бир дем менен сүйлөп, демин басып унчукпай калды.
Кумарбек анын бул сөздөрүнө жини кашайып:
- Энеңди, ишенген кишим сен болсоң. Көзүң көр экен. Сен такыр сулуулукту баалай албайт турбайсыңбы? Ошон үчүн алдыңа чөгөлөп, сүйүүсүн сунуп жаткан Шириндин кадырына жетпей жүрөсүң да, -деди досунун жаралуу жерине бир тийип.
- Койчу, Кумар башым ооруп кетти, Эми Аймончогуң бүтүп, Шириниң калдыбы? Чынын айтсам, ушул эки кызың тең мага айыкпас баш ооруну алып келишти. Суранам, кол шилтеп койчу ошолорго. Депутаттын кызы менен эле жүрө берчи, жаман деле кыз эмес экен го?
- Жок, досум. Кечирип кой мен Аймончокко, сен Ширинге кол шилтегендей кол шилтей албайм. Андан көрө, жүрү дагы бир сыйра Аймончоктун артынан көз салып келеличи, мен анын жигити кандай неме экенин өз көзүм менен көрөйүнчү.
- Көрүп алып, кызганып жиндилигиңди карматып, чуркап барып, жакалап калбайсыңбы? - деп Эргеш Кумарбекти жалт карап тиктеп калды.
- Жок эй, жөн эле азыр көрүп эле кетебиз.- Кумарбек сөз берип жаткансып, үнүн бийик көтөрүп ишенимдүү сүйлөдү.
- Мейли, өзүң бил. Мушташа кете турган болсоң, ажыратпайм. "Бириң өлүп, бириң кал" деп кете берем.
- Жок, анда эле Аймончоктун алдында шерменде болбоймунбу. Мушташпайм дебедимби. Кеттик, эрте баралычы бажырабай.
- Шашпа, жетишебиз. Аймончогуң апасынын жанына жете элек, жигити менен жолдо жомок айтышып жатса керек. Түз эле үй жагына айдай берсең.- Эргештин минтип маашырланып сүйлөгөнүнө Кумарбек эч нерсе деген жок. Тек гана аны жаман көзү менен бир сыдыра карап, унчукпай машинесин ордунан козгоду.
Экөө тез эле Аймончок менен Бердибектин изине түшүштү.
Бердибек менен Аймончок окуудан бирге чыгышып, Бердибек Аймончокту үйүнө узатып келаткан. Алар автобустан эки аялдама эрте түшүп алышып, жай баракат, жайдары мүнөз менен, узун сөздү башташкан болчу. Бердибек Аймончоктун кол сумкасын көтөрүп алып, Аймончокту жандай басып баратат. Аймончок, Бердибекти бирде колтуктап, бирде коё берип, кылаңдаган ак маралдай кериле басат. Кыязы, Бердибек кызга бир окуя айтып берип жаткан сыяктуу. Кыз оозун басып, улам жылмайып күлүп коёт. Жигит ансайын окуясын абдан кызыгуу менен айтып жаткандай колдорун жанагыдан да күчөтө жаңсап жатты. Сырттан байкап турган кишиге жигит кызга көбүрөөк күлкү тартуулагысы келип тургандай туюлуп турду. Жигит сөз арасында кучагын кенен жайып, кыздын бетинен назик сүйүп алып жатты.
"Урунарга тоо, урушаарга жоо" таппай алаңдап турган Кумарбекке ушул эле керек болчу. Аймончокту жигити менен көрдү. Ал гана эмес бетинен өпкөнүнө да өз көзү менен күбө болду. Дагы эмне керек? Аймончоктун жигитин көргөн сайын, каны бетине тээп, бир заматта туталанып чыкты. Жанындагы досу Эргеш болсо, эч нерсе менен иши жоктой, болуп жаткан окуяга кайдыгерлигин билгизгенсип, уйкусурап өзүнчө эле делдейет. Автоунаадан чыгып, тиги жаңы эле Аймончокту аймалаган жигит сөрөйдү ак карга оңкосунан сайып, оодара чаап, оозу-мурдунан кан кеткенче сабагысы келди. "Тиги жигити чынында сымбаттуу көрүнгөнү менен арык эле неме экен. Менин бир, эки эле соккумдан чыкпай калса керек"- деп кыска ой жүгүртүп, өзүнчө эрдемсип алды. Бирок мындайга азыр жол берип койгондо, эч нерседен кайра тартпаган, өжөр мүнөздүү Аймончок Кумарбектин бетине шарт эле түкүрбөйбү. Анда биротоло Аймончокту унутууга туура келет. "Жок, мунун айласын башкача жол менен чечсе боло турган. Болбой турган эч нерсе жок. Колдон келип турганда, баарын окшоштурса болот. Баарын болтурса болот да." Акыры ушундай ойго токтоду. Оң колунун жинин сол колу менен араң басып, бардык кайратын жыйып, үргүлөп жаткан досуна да бир ооз сүйлөбөй, машинесин ордунан атырылта айдап, дароо катуу ылдамдык менен көздөн кайым болду.
Жакын эле жерден көз жоосун алган ал машиненин дароо катуу "чаңырганын" үнү аргасыздан кыз-жигиттин сөзүн бөлүп, экөөнү бирдей жалт каратты. Машиненин калың, бийик дөңгөлөктөрүнөн, айрыкча арткы дөңгөлөктөрү тегеренип, бир топ катып калган карды казып, айланага сапырылтып жиберди. Ошол алакандай жер жаз күнүндөй карарып калды. Бүгүн күн башка күндөргө салыштырмалуу жылуу эле. Дөңгөлөк казган жердин кичинекей кара денеси ачылып, кышкы таза абадан кере-кере дем алгандай болду. Анан казылган кара жерден, билинер-билинбес буу асманды көздөй жай көтөрүлдү. Бирок ал кичинекей алсыз буунун артынан коштоп учкан "бир тууган" буулары болбогон соң, бир аз бийиктеген соң, көзгө илешпей, жоголууга дуушар болду. Күн болсо ак тончон, ак калпакчан кыл чокуларга жакындап калган. Күндүн өзгөчө тоолорду, булуттарды боёй турган, кызгылт- саргыч нурлары күүгүмдөгү "жумушун" аткарууга күтүнүп калган учуру эле.