Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Сөз сурайм, кеп бергиле!

"Сыйыртмак" учу ташталды, саясий шоу башталды…
Эски бийлик эңшерилип, жаңы Башкы мыйзам кабыл алынып, укук талаасы деп кыйкырганыбыз менен алакандай кыргыз жеринде 157 партия түзүлүп, башка жагынан болбосо да, бул багытта Кыргызстан Гинесстин китебине кирерине күмөн саноого болбой отурат. Өлкөдө башаламандык күчөп, бийлик мунарасында да бири-бирине тымызын бут тосуулар күч алууда. Анархиянын кубаттуулугу артканын эми жашырууга мүмкүн болбой калды.

Жалпы мамлекетибизде стабилдүүлүктү орното албагандыгыбызга кечээги Ош жана Жалал-Абад аймагындагы синдромдор, айыпталгандарга кылмыш иши козголуп, андан кийин "акчалуулугунанбы", айтор "үй камагына" которулуп" жатышы, Урмат Барктабасовдун аракети, бүгүн болсо мамлекет башчысы жана техникалык Өкмөтү Ош шаарынын мэри М. Мырзакматовду башка кызматка которууга макулдашууга жетише албагандыгы сыяктуу көптөгөн айкын мисалдарды келтирсек болот. Ошол эле учурда А. Бекназаровдун И. Чудиновдун үстүнөн экономикалык жактан келтирген зыяндары жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча козголгонун шардана кылып, азыр болсо анын У. Барктабасов менен байланышы бары-жогун аныктоо үчүн кармалганынын шылтоосу менен "үй камагына" чыгарылганы боюнча маалымат таратылганы шектүү мүнөзгө ээ болуп отурбайбы? Ошентип, окурмандар түгүл, саясий серепчилер деле кайсы билдирүүлөргө ишенерин билбей, баштары маң болуп жатканын ачык айтсак болот.
Оппозициянын "туз көзүрүнүн" бири А. Бекназаров болгонун эч ким танбайт. Ал түгүл К. Бакиевдин учурунда "радикалдуу революциялык" кыймылга үндөгөндүгүн эске алсак, акыркы күндөрдө "бакиевчилердин" таламын талашкандардын "актоочусу" катары кызмат кылып жатканына калктын калың катмарынын акылы жетпей, айраң-таң калышууда. Жогорудагы күтүлбөгөн жоболоңдуу жоруктардан кийин, К. Бакиевдин: "оппозициядагылардын максаты бир гана бийликке ээ болуу" - деген пикири чындык сыяктанат. Жалпы кыргыз эли эски бийликтин саясий жана экономикалык жактан аёосуз басмырлашына дуушар болгондугунан каршы чыккан. Ак үйдүн аянтында мурдагы же кийинки бийлик төбөлдөрүнүн жакындары эмес, карапайым калктын каны төгүлгөн. Эми алардын арбактарын кордоого эч кимибиздин акыбыз жок экендигин эстен чыгарбоого милдеттүү экендигибизди неге унутуп отурабыз? Эски бийликтин аёосуз эзүүсүн унутуп, алардын айтканын "кыңк" этпей аткаргандардын таламын талашып, ал түндүктүн, же түштүктүн кулуну деп, элди экиге бөлүп жатабыз? Кана, кайсы кимиңер мурдагы бийликтин учурунда жооптуу кызматтарда жүргөндөр жалаң эл үчүн эмгек кылган деп кепилдикке өтө аласыңар? Алардын коомдук байлыктарды, өзүңөрдүн эмгегиңер менен түзүлгөн байлыкты менчиктеп алган эмес деп кимисин актай аласыңар? Элди-жерди экиге бөлүп жатып, өзүңөрдү ушундан кийин "патриотпуз" деп айта аласыңарбы? (М. Мырзакматовдун атаган адамдарынын көбү А. Акаевдин, К. Бакиевдин учурунда ири мамчиновниктер болбогондугун ким тастыктап бере алат болду экен?)
Биз 2010 - жылдын 7 - апрелиндеги окуяны революция дейбизби, же жөн эле төңкөрүш дейбизби, бирок баары бир эски бийлик кулатылды. Курамы 14 адамдан турган Убактылуу Өкмөт түзүлдү, алар акырында президенттик кызматты "убактылуу түрдө" Роза Отунбаевага ыйгарышты. Бул аялзатын урматтообу, же мындан башка арга болбогондуктан келип чыккан саясий жүрүшпү? Ой жүгүртүп көрөлү.
Элибиздин: "- Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт" - деген сөзүнө кайрылалы. Эски бийлик кулаган соң, мамлекеттин коопсуздугун сактоо маселеси келип чыккан. Ал эми "казанга" эки кочкордун башы батпаса, "14 кочкордун башы кайнабастыгы" белгилүү болгон. Натыйжада, көз караштары, көтөргөн идеялары, негизги максаттары дал келишпеген бул топтордун бири эле бул орунга келсе, ич ара тирешүүлөр ачыкка чыкмак да, аны эски бийликтегилер билгичтик менен пайдаланып кетмек. Мындай кырдаалга жол ачылса, кайрадан бийлигин калыбына келтирген тарап буларга аёосуз жаза көрмөк. Эмне кылуу керек? - деген суроо өзүнөн-өзү түзүлгөн болчу. Бир гана арга, "түлөөгө чабылуучу бир сары улакты табуу" керек эле. Ал окуя тескери жагына айланса, негизги жоопкер Р. Отунбаева болмок. Өлкөдөгү оор абалдар үчүн күнөө да буга жүктөлмөк, башкача айтканда "шапалактын катуу соккусу" ага багытталган.
Албетте, алар Убактылуу Өкмөткө мүчө болушту, бирок бийликтин негизги бөлүгү жаңы "хансти-туция" боюнча парламентке өтөт. Ошол себептен алар Р. Отунбаеваны "чөгүп кетер кемеге" жалгыз таштап, саясий шоуларды уюштурууга "качып" чыгышты. Бул "техникалык багыттагы Өкмөткө" өздөрүнө каршы күрөш жүргүзүп келген топтордун кирип кетишине жол ачты.
Мындан тышкары алардын шайлоого карата талапкерлерди тандоодо кечээ өздөрү "сындап" жүргөн "ак жолчуларды" алдыңкы катарга алып чыгышы менен эски бийликтин "аттуу-баштууларынын" "тегирменине" суу коюп беришти. Бул чыккынчылыкпы, же байкабастыкпы, же аргасыздыкпы, айтуу кыйын, бирок алардын бул кадамы эски ири чиновниктердин "кызматты атасынан калган мурас" катары санашына жол ачып берди. Натыйжада, кимиси кызматтан кетирилсе, же оруну которулуштурулса, "нааразылык акциясына чыккан" туугандарынан, "жердеш" жоро-жолдошторунан, "куралдуу күзөтчүлөрүнөн" турган топтордон бийлик "жазганып", чечимин өзгөртүүгө өттү. Бул өздөрүнүн чечимдерин коргой албаган бийликтегилер элди жана өлкөнү коргой алабы? - деген ишенбөөчүлүктү пайда кылды.
Албетте, жогорудагы кетирилген кемчиликтерди иштиктүү аракеттер менен жоюуга мүмкүнчүлүктөр бар эле. Тилекке каршы, алар эл ишенимин актоого умтулбастан, шайлоонун шайтан оюнунда "акчалууларды" өзүнө көбүрөөк тартууну максат кылууга өтүштү. Такталбаган маалыматка кайрылалы. Калкыбыз айрыкча ишенген "Ата Мекен" партиясы эски бийликке каршы күрөштө активдүү күрөш жүргүзгөндөрдү артка сүрүп, акчалуу "ак жолчуларды" депутаттыкка талапкер катары алдыңкы орундарга алып келгени элдин кыжырдануусун гана эмес, партиянын эски мүчөлөрүнүн күчтүү нааразылыктарын пайда кылды. Алар топ-тобу менен партиядан гана чыкпастан, ага каршы үгүт-насыят иштерин жүргүзүүгө өтүшмөккө убадалашкандыгы белгилүү болуп отурат. Сөзүбүз төгүн болбосун, Дунларовдун эле "ата мекенчил" болуп чыгышы эмнени каңкуулайт? Оппозициянын мүчөлөрүн түптүктөр жумуртка менен урганда, Каркыраны казактарга берүүгө ушул Дунларовдордун да "кол көтөргөнүн", оппозицияга каршы бийликтин аракеттерин колдогонун партиянын лидери Ө. Текебаев унутса, анын нааразы болгон тобу эстеринен чыгара элек экен.
Мурдагы оппозициянын көпчүлүк лидерлеринин азыркы күндө жасаган мындай калпыс кадамдары алардын партиясына гана терс пикирлерди жаратпастан, жаңы бийликке "тымызын бут тосуу" катары калктын терс ойлорун күчөтүүдө. Азыркы мамлекет башчысы Р. Отунбаева эмне үчүн "садагага чабылуучу сары улактын" милдетин аткарып калганын элдин көбү ушул өңүттө карап жаткандыгын баса белгилесек болот.
Өлкөдөгү окуяларга саресеп салып көрсөк. Акыркы күндө бир тараптуу жыйынтык чыгаруу адатка айланган сыяктанат. Акаевчилер, Бакиевчилер деген элди бөлүү коркунучтуу стереотип экенин унутпашыбыз керек эле. Эгерде ошого чейин барсак, анда неге шайлоонун шайтан оюндарына ошолордун камчысын чапкандарды мурдагы айрым оппозициялык партиялар өзүнө тартып алып жатат? Техникалык Өкмөттө деле ошолордун адамдары экендигин кантип тана алышат? Ошондон улам биздин "лидерлердин" айрымдары "жек көргөн адамынын жакшы жактарын көрбөгөн, "мыкты" адамдардын терс жактарын сезе албаган" адаты күчтүү экендигин ачык айтууга мажбур кылып отурушат.
Азыркы күндө жүрүп жаткан саясий шоулар Мекенибизде дагы бир опурталдуу кырдаалдын жер-пайын түптөп жаткансыйт. Парламенттик шайлоонун жүрүшү менен сыйыртмактын учу ташталды. Буга билип туруп башын салып бергендер эртеңки күндө өлкөнүн коопсуздугуна кандай коркунуч түзүлгөнүн ойлошту бекен, же жаңыдан түптөлгөн мамлекетибиздин келечегинен жеке амбициясы жана мансабы өтө жогору турабы? Жогорудагы "Ата-Мекен" партиясынын шайлоого карата жасаган кадамынан улам, бул партия экинчи "Ата-Журт" партиясы болуп калабы, же бул партияга өнөктөш болуп чыгабы деген ойго түртөт.
Алдыдагы шайлоо жергебизде элибиздин түндүк-түштүк болуп бөлүнүшүн күчөтүүдө. Региондук бөлүнүүлөрдүн кесепетинен трайбализм үстөмдүгүн жүргүзүп, мамлекетибизди жок кылып албайбызбы? Уруулук бөлүнүүлөр аз келгенсип, жер-жерлерге бөлүнүүлөр күч алганын саясатчыларыбыз неге эске албай отурушат? Бийлик талашкандардын акчасына, байлыгына, мурдагы кызмат абалына карата мамиле жасап, алар үчүн түрдүү митингдерди, пикеттерди уюштуруп, өзүбүздүн жана уул-кыздарыбыздын өмүрүн тобокелге салууга дегеле адам катары моралдык укугубуз барбы? Же ошол бийликтегилер жана байлыгына чиренгендер силер кыйналган учурда кайсы кимиңердин казаныңарга аш салып берди болду экен? - деген суроо пайда болот.
Алдыга ташталган бул сыйыртмакка партиялар гана эмес, жалпы кыргыз элинин жана жарандарынын башы салынганын эскерте кетели. Шайлоодо эки-үч партия жеңет, жеңилген калган партиялар биригип, нааразылык акцияларын жүргүзө баштайт. Бул бизге көндүм адатка айланганын эки бийликтин күч менен кулатылышы тастыктап берди. Мындай нааразылыктар шайлоодон кийин биздин өлкөдө жарандык согуш башталышына алып келбес бекен? Бул маселе карапайым калкыбыздын көкүрөгүн өйүгөн маселеге айланууда. БШКнын төрагасы А. Сариев да шайлоодон кийинки мамлекетибиздеги кырдаал өтө оор болорун аргасыз моюнга алып отурганын белгилеп кетсек болот.
Акырында айтарыбыз, элибиз айткандай, "эсибиз барда, этегибизди жаап" калышыбыз керек. Партиялардын, алардын лидерлеринин, же уюшулган айрым топтордун кызыкчылыгы үчүн мамлекетибиздин коопсуздугун курмандыкка чалууга эч кимибиздин акыбыз жок дегим келет. Керт башыбызды саясий курмандыкка чалдырбай, сыйыртмактагы башыбызды бошотушубуз гана туура жол боло алат. Ансыз Ооганстандын, же Синай жарым аралындагы Палестинанын, болбосо 90-жылдардын аягындагы коңшубуз тажиктердин тагдыры башыбызга түшүшү мүмкүн. Акыл жүгүртөлү, агайын-туугандар!..
Эртабылды АТТОКУРОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"




Яндекс.Метрика