Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Үчилтиктин иши бүттү...
"Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" деп элибиз бекер айткан эмес. Эл көргөнүн, укканын айтат. Демек, кезинде ушак, жалган катары сыпатталган көрүнүш чындык экенин мезгил эчен ирет таразалады.

Быйыл жыл башында күзүндө өтө турган президенттик шайлоого карата Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев чогуу даярдык көрүп жатышканын жарыялап, бир кайыкта болоорун жар салышкан эле. Бирок билдирүү жасагандарынан ай айланбай араларын кара мышык аралап, ырктары келишпей тескери карап калышканы маалымат каражаттарында көп жолу жазылды.
Бирок "трио" ачуу чындыкты моюнга алгылары келишпей, душман көзүнө болсо да, бирикпей жатып бириндеп кетишкенин жашырып: "Баары жалган, баары ушак. Бизди көрө албагандар арабызга чок салып, жаманатты кылгылары келип жатышат. Бизде бөлүнүү тууралуу арам ой жок", - деп кара күчкө айгай салып, ириңдеп кеткен жараларын жашырууга катуу далалат жасашты. Тилекке каршы, "шибегени капка ката албаган" сыңары, чындык акыры бир күнү билинээрин эске алганда, "эки кочкордун башы бир казанда кайнабай" турганы анык болду. Жара жарылды…
Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев Адахан Мадумаровдон жүз үйрүп, ара жолго таштап кетишти. Мадумаров өз алдынча Жалал-Абадда эл менен жолугушууларды өткөрүп жүргөндө, Ахматбек Келдибеков Ташиевди, Улукбек Ормоновду ээрчитип кичи мекени Алайда эл менен жолугушуп, ак боз ат минип аламанга түшөөрүн маалым кылды. Элден бата алып ээленип алган Келдибековдун бул жоругунан Мадумаров кабары жоктугун айтып, шаабайы сууду. Мындан улам, президенттик шайлоого катышаар-катышпасын так айта албай, "Аны кийин айтам" - деп тайсалдады.
Албетте, окуянын финалы дал ушундай сценарий менен аяктаары буга дейре айтылып жаткан. Коомчулукка үчөөнүн оту күйүшпөй калганы мурун эле маалым болчу. Үчөө деле эки айрылыш жолго кептелип, айтылган убада шерти же жеке өз алдынча кызыкчылыкты тандоо зарылдыгынан баштары катып турган. Эми минтип экинчи жолду тандаганга аргасыз болушту өңдөнөт. Анткени бири-бирине болгон ишенич жок, бир кайыкта баш байлаган майнапсыз экенин түшүнүштү көрүнөт.
Деги эле Адахандын кимдир бирөө менен тандем түзүүдө багы жок экен. Парламенттик шайлоо алдында Аскар Салымбеков менен биригип, кийин Жогорку Кеңештин босогосун аттай албай ара жолдо өксүп, марага жетпей калган. Ошондо шайлоодо жеңишке жетпей калганын Салымбековдон көрүп, аны менен бириккени өмүрүндөгү эң чоң ката болгонун айтып бет тырмаган жайы бар. Эми минтип үкөлөрүнө ишеним артып, мага жөлөк-тирек болуп шайлоодо колдоп, сүрөйт деген кыялы ойрондолуп, суудан жээкке серпилип калган балыктын кейпин кийип отурат. Инилери тилинен башка берекеси жок, курсак тойгузбаган куру чеченден алыс бололу дештиби же кийин өз кемчилигин бизге оодарып жаманатты кылат дешип сактанып чочулаштыбы, айтор эртелеп кол үзүштү.
Ылайланган суу тунган менен мурунку калыбына келбей турганын көңүлгө түйсөк, Мадумаров өз арабасын Ташиев, Келдибековсуз тартууга туура келет. Эми Мадумаров шайлоодо саясий фигура катары эч бир роль ойной албайт. Түндүк аймакта дээрлик добуш ала албайт. Түштүктөн добуш алуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко чыкты. Оштун добушун Келдибеков, Жалал-Абадды Ташиев оодарып берет, Баткенди өзүм имерем деген изги тилеги таш капты. Демек, Бакыт Төрөбаевдин этегин кармагандан башка чарасы калбады. Куру намыс кылып шайлоого аттанган менен майнап чыкпайт. Ишенген, жөлөп-таяган саясий күчтөр жок ооматы кеткен Мадумаровдун жеке керт башынын амбициясы үчүн моралдык да, каржылык жактан да колдоо көрсөткөндөр чыгышы күмөн.
Ошол эле учурда коррупцияга шектелип соттолуп, мамлекетке 10 миллион сом айып пул төлөп берген Келдибековдун президенттикке ат салышуусуна мыйзам жол бербейт. Соттолгону жоюла элек. Ошого карабай ээленип жатканы табышмак. Балким, минтип чамынып жаткандан кийин "куйрукка калбыр болуп байланып" жаткан ишти жайгарып беребиз деген убада берилсе керек. Арийне, убада берилген күндө да "кыңыр ишти камырдан кыл сууругандай" бүтүрүү оңойго турбасы белгилүү. Андыктан, Келдибеков шайлоого катышуу укугуна ээ болбой, ара жолдо калышы мүмкүн. "Бирөөгө аң казсаң тайыз каз, өзүң түшүп калышың мүмкүн" дегендей, ошондо Мадумаровдун таз кейпин кийип калышы ыктымал. Албетте, муну убакыт таразалайт дечи. Канткен күндө да, бийликтин сценарийи болдубу же өздөрүнүн амбицияларын ооздуктай албаган ынтмактарынын жоктугунун кесепетиби, "саясий погода" жарата алат деген саясий биримдиктин иши бүттү.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу