Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Президенттикке талапкерлер мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерине барып жатышабы?

Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттикке ат салышаарын ачык айткан айрым саясатчыларды мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүдөн баш тартууга чакырды. БШКнын төрайымынын айтымында талапкерлер БШКнын айтканына көңүл бурбай, үгүттөө иштерине окшош иш-аракеттерин уланта бере турган болсо, кийин талапкерлерди каттоодо маселе жаралышы мүмкүн экенин айтты.

Таабалды Тиллаев, ЖКнын депутаты:
- Мен негизинен бул нерсеге туура эле карайм. Эл менен жолуккандын эч жаман нерсеси жок. Кандай жакшы болоор эле, элдин маселесин чечип, шайлоо учурунан сырткары учурда дагы элге аралашса. Эл аралап алардын маселесин чечип берүүнүн жолун издеген жакшы иш. Бирок шайлоо үгүт иштерине байланыштуу мыйзам бузса, анда бул туура эмес болуп калат.
Талант Мамытов,
ЖКнын депутаты:
- Азыркы учурда штаб ачканга болбогону менен коомдук кабылдама ачуу мыйзам бузууга жатпайт. Анткени алар деле партиялар сыяктуу эле өздөрүнүн ячейкаларын ачып, эл менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп турууга эч ким тыюу сала албайт. Бул мыйзамдуу эле көрүнүш.
Мелис Айдаркулов, коомдук ишмер:
- Албетте, эртең мамлекет башчысы болгусу келгендердин бул кылыгы туура эмес. Болочоктогу өлкө лидери сабырдуураак эле болгону жакшы го. Алар эмитен мыйзам сыйлабагандык көрсөтсө, кийин деле өлкөдө мыйзам бийлигин, адилеттикти орното алаарына кантип ишенсек болот?

Динара Ошуракунова, укук коргоочу:
- Азыр шайлоо баштала элек. Андыктан шайлоонун мыйзамы да өзүнүн күчүнө кире элек. БШК шайлоо процессти шайлоо мыйзамы менен камсыз кылат. Ошондуктан азыр БШК маалымат кампаниясын жүргүзүп баштаган адамдарга тыюу сала албайт. Бирок кеңеш катары кайрыла алат. Эгерде ал адамдар өзүнүн президенттик программасын, мени шайлагыла деп үгүт жүргүзсө, анда мыйзам чегинде чараларды көргөзсө болот. Бирок азырынча андай үгүт болгон жок. Ал эми маалымат кампанияны, пияр болгусу келгендерге любой убакытта жүргүзгөнгө тыюу жок. Шайлоого чейин пиар компанияны өткөзгөнгө мыйзамдуу тыюу жок.

Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер:
- Бул жерде эч бир мыйзам бузуулар жок деп эсептейм. Себеби талапкер деген адамдар көчөдөн келген адамдар эмес. Алар бүгүнкү Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий партиялардын лидерлери. Алар эл менен жолукканга эч ким тоскоол боло албайт. Экинчиден, алар президенттикке мени шайлагыла деп айткан жок да. Ал сөз айтылбаса, анда бул нерсени кантип "агитация" деп эсептейбиз? Үчүнчүдөн, футболкалар ж.б.у.с. жөнүндө сөз болуп жатса, ал футболкаларда президенттикке талапкер деген сөздөрдү көргөн жокмун. Футболкада партиянын аты жазылып турат, аны ким жазба деп айта алат. Төртүнчүдөн, шайлоочуларга болочок талапкер канчалык эрте көрүнсө, ачыкка чыкса, ошончо жакшы да. Угалы, көрөлү, баамдайлы дегендей... Мисалы, АКШда партиялык праймериздер 1 жыл мурда баштап жатпайбы, болгондо да ачыктан-ачык. Бешинчиден, кээ бир эрте чыккандарга бул кадамы тескери эффект бериши мүмкүн. Бизге, шайлоочуларга келесоосун да, акылдуусун да, татыктуусун да эртерээк билгенибизге жакшы.
Гүлмира ШАРШЕЕВА





Эмир Сарпашев, "Тазар" кинокомпаниясынын проюсери:
"Саясий реформаны Атамбаевден башкалар жасай албайт"

Эмир Сарпашев менен президенттин колдоого аларлык иштери жана боюнча баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.
- Эмир мырза, президенттик шайлоонун болоор күнү талаш маселе болуп, эки ача пикир жаратып жатат. Сиздин оюңузча президенттик шайлоо кайсы күнү өтсө мыйзамга дал келет? Президенттик шайлоо 15-октябрда же 19-ноябрда өтсө, бийликти узурпациялоого алып келиши мүмкүнбү?
-Эгерде силерде Атамбаев бийликти узурпациялап алды деген ойдо болсоңор, ага ошол кездеги Акаев менен Бакиевдин түзгөн "чирип бараткан" системанын кишилери ою. Эгерде андай деп ойлобосоңор, алты жылда бийликти узурпациялабаган Атамбаев, бир айда андай ишке барбайт. Мен үчүн Атамбаев канчалык бийликте көп отурса, ошончолук жакшы. Бирок баш мыйзамга баш ийишибиз керек.
- Эмне үчүн президент кызматта көбүрөөк отурса ошончолук жакшы деген ойду айтып жатасыз?
- Өлкөбүздөгү саясий реформаны Атамбаевден башкалар жасай албайт. Ошон үчүн президент кызматында көбүрөөк отурса жакшы болот эле деген ойду айтып жатам. Анткени ал баштаган реформаларды ишке ашырууга андан башкалардын саясий эрки да, билими да, пейили да жетишпейт. Совет бийлигинен кийин түзүлгөн саясий, экономикалык түзүлүштү толук реформалоо керек. Бирок аны башка саясатчылар каалабай жатат.
- Президент Алмазбек Атамбаев баштаган реформаларынын аягына чыгыш керек деген ойду айтып жатасыз. Бирок ал кишиде реформаларды аягына чыгарууга убакыт жетпей калбайбы?
- Менимче, президенттин убактысы аз болуп кала турган болсо, ал баштаган ишти анын командасы аягына чыгарат деген үмүттөмүн. Бирок ал ишеним арткан команда ким экенин азырынча белгисиз.
- Командасы келечекте президент болчу адам деп түшүнсөк болобу?
- Келечекте президент болобу же премьер-министр болобу иши кылып, Алмазбек Шаршенович баштаган ишти аягына чыгарып, президенттин реформаларын ишке ашырат.
- Бирок президент мен мураскер калтырбайм деди го?
- Чынымды айтсам, мен мураскер деген сөздү жаман көрөм. Ошон үчүн ал сөздүн ордуна президенттин командасы деген сөздү колдоном. Силерди да ушул сөздү колдонушуңарды суранат элем.
- Президент мактоого аларлык кандай иштерди жасады?
- Атамбаевдин жасаган иштери "Манас" эпосундагы Семетейдин образын элестетет. Семетей ким экенин кыргыз элинин баары билет.
Ошондой эле бизнесмендердин иштери оңолуп, алардын ишмердүүлүгүн жакшырткан КМШ мамлекеттеринде жок мыйзамдар кабыл алынып, инвесторлорго жакшы шарттарды түзүп берип жатат жана кыргыз элинин эл аралык аброюн көтөргөн биометрикалык паспортту киргизди. Буюрса, келечекте туура иш кылганын түшүнөсүңөр.
- Демек, сиздин оюңуз боюнча президенттин саясаты идеалдуубу?
- Идеалдуу деп айта албайм. Ар кимибизде катачылык болот. Бирок Кыргызстандагы мурунку президенттерге караганда колдоого аларлык иштерди жасады.
Чынайым Кутманалиева