presskg.com

Башбарак

Архив

Макала издегич Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Архив-1 Архив-2 Архив-3 Архив-4 Архив-5 Архив-6 Zaman Кыргызстан Агым Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Ош шамы Ош жаңырыгы Кыргыз руху Салык экспресс Саратан Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Алас Бишкек таймс Назар Энесай Новости Иссык-Куля Эркинтоо Биримдик Пресс kg Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар
mainkaptal

Пользовательский поиск
Фабула
Жомокто жашаган Абдраимов…
Мурдагы БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов өзүн президенттикке ат салышчу күчтүү талапкер катары көрсөтө албай аябай жүдөдү. Айласы кеткенде президентке талапкер болчулар сүйлөшө албай, жанына жолой албай апкаарып жатыптыр деген күлкү келтирген жомокту жаздырып баштады. Ушинтип жаздырсам эле эл ишенет деп ойлойбу же кошоматчы, жагымпоз көбүртүп-жабыртып жатабы, айтор деңгээлин өтө эле төмөн түшүрүп жатат. Элдин баары эле билип турбайбы, талапкер болумуш болуп кимдир бирөөлөр менен соодалашкысы келип жатканын. Андан башкага жарабайт… Алыска чуркаганга каржылык да, кадыры жактан да аксап турганын танып болобу?..


Эркиндик элирткен го
Чыны-калпын ким билсин, жакында Нариман Түлеев кайсы бир тойдо: "Кезинде Атамбаев ыйлаактап, менден 100 миң доллар карыз сурап келген, бербей жүрөт. Кайсы арына миллионермин деп жатат. Бийликтен кетээрине аз калды, жашап алсынчы, андан кийин өзүм жекече сүйлөшүп алам" - деп ооз көптүрүптүр деген маалыматты "Эгемен" сайты жарыя кылды. Жаңы эле айып пул төлөп темир тор артынан чыкты эле. Эркиндик элиртип, абакты сагынып калган го? Эгер чын эле аласасы болсо, катынга окшоп күбүрөнбөй ачык айтса болмок экен...


Кытайдан Кыргызстанга эшектин эти кирип жатабы?
Чек ара кызматынын кызматкерлери 8-майда "Торугарт" өткөрүү пунктунан тиешелүү документтери жок Кытайдан алынып келген эттерди кармашты. Бирок эт кайсы малдын эти экени айтылган жок. Маалыматка ылайык, алынып келген эт документ боюнча алма деп жазылган. Эми бул боюнча тиешелүү иш-чаралар көрүлүп, кылмыш ишин тергөөнү Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жүргүзөт. Бул биринчи жолу эмес экени айтылууда. Мындай көрүнүштөр буга дейре бир нече жолу болушу мүмкүн. Коомчулукта болсо Кытайга сатылган эшектердин терисин сыйрып калышып, этин кайра Кыргызстанга киргизип жатышы мүмкүн деген шектенүү жаралды… Чындыгында бул жагын тиешелүү органдар иликтеп чыгышы зарыл. Эшек бизнеси акыркы учурда катуу гүлдөп кетти. Кайсы чиновниктин кулагы чыгаар экен?..


Абдыгулов саламаттыгына кам көрүш керек го…
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Кыргызстанга туристтерди тартыш үчүн марихуанага уруксат бериш керектигин, ошондо чакырып келтире албай жаткан туристтер өздөрү эле агылып келээрин жар салды. Чын ниетин айттыбы же тамашалап какшыктагысы келдиби, айтор айткан сөзү коомчулукту иренжитти. Кандай болгон күндө дагы бул сөз чиновниктин оозунан чыкчу сөз эмес болчу. Алжыды дейин жаш, акылынан айныганбы дейин десең Улуттук банкты башкарып отурат… Эмнеси болсо да саламаттыгына кам көрүшү зарыл го. Элди дагы, өзүн дагы кыйнабай?..


Айбаттуу көрүнгүсү келет, бирок…
Өзүн Ош шаарынын кожоюну катары жарыялап, ошондон көп өтпөй былыктары ашкереленип, кылмыш иши козголуп камалаарда кара башын калкалап чет өлкөгө куйрук түйүп кеткен Мелис Мырзакматов учурда бирде бийликти сындап, бирде элди майрамдарда куттуктаган болуп, идея, акыл айткан болуп, ар кандай билдирүүлөрдү таратуу менен алек. Бир сөз менен айтканда унутулуп калбайын деген илең-салаң жүрүш менен күн өткөрүп, президенттик шайлоо өтсө, жаңы келген өлкө башчысы менен тил табышып өлкөгө кайтып келсем деген кыял менен жашап жаткан кези… Эл башкарчу жигит минтип керт башынын мүдөөсүн ойлоп жатпаш керек эле. Күнөөсү болсо тартып, ак болсо өз укугун коргошу зарыл болчу. Сыягы, даяр ашка келгиси келет го…


"Аккула" ат майданынын ээси аныкталды
Бишкектеги "Аккула" ат майданынын ээси ким экени аныкталды. Буга чейин "Аккулага" ээлик кылуу укугуна байланыштуу соттук териштирүүлөр жүрүп келген. Сыягы бул чырлуу ишке чекит коюлду көрүнөт. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ат майданды оңдоп, жаңылоо маселеси боюнча жыйын өткөрүп, Башкы прокуратура менен Бишкек мэриясынын маалыматын укту. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, ат майдандын менчик хронологиясы боюнча бул объект жана анын тегерегиндеги 54 гектар жер борбор калаанын балансында экени аныкталды. Ат майданды реконструкциялоого 300 млн. сом талап кылынары эсептелип чыкты. Эске сала кетсек, быйыл 21-март Нооруз күнү ат майдандагы улуттук спорт оюндары учурунда адам батпай, сахна жана көк бөрү аянтына чейин чыгып кеткени интернетте талкууланган болчу.


Баягы эле Бажы кызматы
Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков Кыргызстанга алтын буюмдарын мыйзамсыз ташуу тыйылбай жатканын билдирди. Бул туурасында парламентте аталган маселеге тийиштүү мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты. Ырасында эле 2017-жылдын алгачкы 3 айында кыргыз мамлекетине алтын буюмдарынын 88 пайызы аткезчилик жол менен киргизилген. Бул деген 10-20 пайыз эмес, дээрлик 90 пайыз дегенди түшүндүрөт. Демек, бюджетке түшчү миллиондор жеке бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жатат дегендик. Мыйзамды сыйлаган өлкөдө мындай көрсөткүч үчүн Бажы кызматынын жетекчилиги токтоосуз отставкага кетип, тийиштүү жазасын алмак. Бизде андай деген жок. Деги эле Бажы тармагында жоопкерчилик тарткан жан боло элек. Анан "Раим миллион" дегендер пайда болот да?!




ПОИСК ГАЗЕТЫ