Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Атамбаевди эмес, кыргыз жерин, кыргыз элин коргогула"
Кечээ "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин бешинчи отуруму болду. Анда президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчылыкка ат салышууга камынып жаткандарга кайрылып, Кыргызстандын эгемендигин коргоого чакырды. Бул туурасында: "Мен Кудайдан гана корком. Мен элимдин алдында акмын. Кудай көрүп турат. Мага мени коргой турган мураскер кереги жок. Бүгүн ушул жерде президент болом деген бир топ жигиттерибиз отурат. Баарыңарга ийгилик каалайбыз! Кудай колдосун! Бирок унутпагыла, бийликтин булагы - эл. Президент болуп калсаңар Атамбаевди эмес, кыргыз жерин, кыргыз элин коргогула. Уурулардан, мародерлордон, эл бузарлардан коргогула!" - деп билдирди.


Канатка сыйыртмак ыргытылды
Кыргызстан фракциясынын экс-лидери кадимки Канат Исаевдин былык иштери боюнча материал УКМКга берилди. Исаев Токмок шаарына мэр болуп турганда бир катар мамлекеттик мекемелерди менчиктештирүүгө тиешеси бар экендиги айтылган. Бирок бул иштер Токмок шаарынын прокурору Руслан Нурбеков болуп турганда токтотулган эле. Анткени ал иштер боюнча материалдар жоголуп кетип, прокурор Нурбековго иш козголуп камакка алынган. Мына эми кыңыр иш кырк жылда дегендей, кыңыр иштер калкып чыгып УКМК иликтей баштады. Эске сала кетсек Исаевге 303-берене коррупция менен кылмыш иши козголгон.

Депутат Музаффар Исаковго айыбы угузулду
УКМКнын тергөө башкармалыгы Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча айып койду. Натыйжада депутат өлкө аймагынан эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Маалыматка ылайык, Музаффар Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген. Коомчулукта ушундай эле коррупция беренеси менен айыпталгандар түрмөдө отурат, эмне үчүн Музаффар эркиндикте жүрөт деген нааразы пикирлер айтылууда. Чындыгында бийлик тандоо ыкмасын колдонбой, баарына калыс, мыйзам чегинде мамиле жасаш керек.


Күлүктүн дүбүртү күйгүлтүк тарттырып…
"Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт" дегендей, буга чейин президенттикке аттанам дегендердин арасынан Ө.Бабановдун басыгы башкалардан бараандуу окшойт. Дегенибиз, акыркы кезде анын артынан атайылап кара пиар таркатып, кадимкидей кара жанын карч ургандар пайда болду. Сыягы алдыдагы аламан байгеде дал ушул Өмүрбек мырзанын күлүгү озуп келээрин алдын ала сезе башташкан окшойт. Кыргызда "жакшы атты башка чаппайт" дейт. Улам бир мыктыбызды бутунан тартып, артынан ушактап жүрүп нени уттук. "Жакшы ниет-жарым ырыс" дегендей, чыгаан жигиттердин "жаманын жашырып, жакшысын ашырып" айтып турсак, кыргыз жергесин береке, ырыс, кут уялайт беле. Деги биз качан жакшыны жакшы, мыктыны мыкты дегенди үйрөнөөр экенбиз.


Кезек Зарылбек Рысалиевге жетти
Өткөн жумада Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан "Кыргызнефтигаз" ачык акционердик коомунун төрагасы Жеңишбек Жумашов кармалган. Ал Кылмыш жаза кодексинин 221 (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 171-беренелери (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) боюнча айыпталууда. Эми "Кыргызнефтигаздын" жетекчилигине "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нургазы Нышанов бараары кеп болуп жатат. Эгер ал мандатын тапшыра турган болсо, ордуна Зарылбек Рысалиев депутат болуп келет.


Жангороз Каниметов ректор болду
Бишкекте жайгашкан Эл аралык "Ататүрк-Алатоо" университетинин аты "Ала-Тоо" деп өзгөртүлдү. Окуу жайдын аталышы "Себат" билим берүү мекемесинин аты "Сапат" деп өзгөртүлгөн соң алмашкан. Мындан сырткары окуу жайдын ректору Осман Гокалптын кызматынын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу ордун бошотту. Ректорлук кызматка экс-депутат Жангороз Каниметов дайындалды.


Драмтеатрдагы кадрдык драма
Кыргыз мамлекеттик Токтоболот Абдымомунов атындагы драмтеатрда директорду алмаштыруу драмасы башталды. Директору Темирлан Сманбеков маданият министринин орун басары Бекмамбетов арыз жаз дегенин айтып ыйламсыраптыр. Демек ишинен кемчилик кеткен же ээлеген оруну кимдир бирөөгө керек болгон. Директор болсо 11-мартта айтыш болуп өткөндүгүн, айтышка депутаттар катышканын, алар кирип келе жатып күтүп калганын, ошолор жогорку жетекчиликке кайрылып, жетекчилик алардын айтканынан кийин жумуштан алып жатканын айтыптыр. Бирок быйыл драмтеатрга 90 жыл толуп, маараке начар деңгээлде өткөнү боюнча да кептер тарады эле, мүмкүн кептин баары Сманбековдун мааракени тиешелүү деңгээлде өткөрө албаган мажүрөөлүгүндө болуп жүрбөсүн? Дегенибиз, Сманбеков мааракеде жалаң жердештерине сөз берип, ыйык сахнанын кутун учуруп жибергенден улам маданият министри Түгөлбай Казаков ордунан туруп кетип калганы айтылган эле. Андыктан күнөөнү өзгөдөн издебей, өзүнөн издесе болчудай.


"Ата Мекен" партиясынын юристтерине кылмыш иши козголду
"Ата Мекен" партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизге "жалган билдирүү жасоо" боюнча айып тагылып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Канат Азиз билдирүү таратты. Буга чейин 16-март күнү Башкы прокуратуранын доо арызы боюнча Октябрь райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын юристтери Канат Азиз жана Таалайгүл Токтакунованын үстүнөн соттук отурум болгон. Анда юрист Таалайгүл Токтакунованын мүлкүнө камак салынган. Анда "Ата Мекен" партиясынын жактоочуларынан 10 миллион сом моралдык чыгым өндүрүү талабы коюлган болчу. Буга 1-мартта "Ата Мекен" партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз маалымат жыйын өткөрүшүп, 16-январда "Манас" аэропортунун жанындагы кыйраган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевге жана анын аялына таандык экенин билдиришкени себеп болгон.