Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

-Президент Алмазбек Атамбаев "азыркы Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу жыйын эмес, ушак чыгаруучу жыйын болуп калды"-деди. Сиз бул сынды кандай кабыл алдыңыз, президенттин айтканында негиз барбы же курулай эле сөзбү?

Эрнис Асек уулу,"Баягы Асаба" гезитинин башкы редактору:
"Президенттин жообу болду окшойт"
- Президенттин айткандарына көнгөндөй деле болдук. Бул парламент жөнүндө эмес, жеке Өмүрбек Текебаевге карата айтылганы көрүнүп эле турат. "Ата Мекендин" лидери өлкө башчысынын дарегине сын гана эмес, олуттуу кине коюп келгенин билебиз. Анан президенттин жообу болду окшойт.

Осунбек Жамансариев, адвокат:
"Ар кандай оюндар болушу мүмкүн"
- Президенттик шайлоо күзүндө болот. Ошого ар кандай оюндар болушу мүмкүн. Ошон үчүн парламент таркайт болуш керек дегендей божомол айтылууда... Ал эми президенттин айткан сөзү Жогорку Кеңеш эффективдүү иш алып барсын деген максатта ачуу сөз айтты окшойт деген ойдо калдым. Себеби президент бир нече жолу "Жогорку Кеңеш таркабайт, кийинки келген парламент өзгөчө иштеп берет деген кепилдикти эч ким бере албайт", - деп айткан.

Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат:
"Чөнтөк парламенттин эркиндиги жана эрки жок болсо кантип өзүн элге таанытсын"
- Бул чакырылыштагы депутаттар шайлоодон кантип өтүп келгенин билебиз да. Ошон үчүн чөнтөк парламенттин эркиндиги жана эрки жок болсо кантип өзүн элге таанытсын?! Бир эле жол калды: артисттик, популизм, бири-бирине асылмай жана эски пластинкадай эле өзү шайлаган өкмөткө асылуу. Эгер айрым депутаттардын президент менен жеке тирешүүсү болбогондо, Жогорку Кеңеш уйкучу парламент катары элдин кыжырына тиймек жана тишсиз депутаттар катары элдин эсинде калмак.

Өмүрбек Абдырахманов, экс-депутат:
"Президентке ыраазы болушубуз керек"
- Президенттин "эркин" сүйлөгөнүнө көнүп деле калдык. Бирок формасы жагынан бир аз одоно болгону менен айтканында чындык бар. Парламент чынында эле идеялардын, реформалардын демилгечиси боло албады. Ар кимиси өзүнүн гана иштерин бүтүрөт, көбү коррупцияга малынган. Бир да фракция мамлекеттик башкарууну өзгөртүү жөнүндө, терең реформаларды жаратуу боюнча Концепция алып чыга албады. Ошентсе да президент деген парламентти, жалпы элди өзгөрүүлөргө шыктандыра турган терең маанилүү сөздөрдү сүйлөсө болмок. Ага карабай, биз президентке ыраазы болушубуз керек. Анткени Конституцияны өзгөрткөндө "президент 2 мөөнөткө шайланат" деп кийирсе, кыргыз эли аны деле колдоп бермек. А эгер Атамбаев президенттикке өз кандидатурасын койсо эл шайлап бермек. 2009-жылы деле Бакиевди шайлап беришкен. Мындай иштерге барган жок. Демек бийлик тынч алмашканы турат. Жаңы адамдар президенттикке чыкканга жакшы шарт түзүлдү. Биз эми кечке эле жаңыла бербей, Кыргызстанды өнүктүрө ала турган президент шайлап алышыбыз керек. А парламентти президент тарата албайт, депутаттар да өз ыктыяры менен кетишпейт.... " Мындан көрө тарап кетели" деген Бакыт Төрөбаев өрнөк көргөзүп, парламентти таштап кетиши керек эле. Бирок биздин саясатчылар эч качан сөзүнө турушпайт.

Абдышарип Бекилов, Ош шаарынын тургуну:
"Президентибиздин кечээки сөзүнөн жыйынтык чыгат деп ишенип туралы"
- Президентибиздин айтканында кандайдыр бир деңгээлде чындык бар. Улуу урматтуу депутаттарыбыз көбүнчө ушак аңдып, ошолордун чын-төгүнүн билүүгө аракеттенип жүрүп көп убактыларын кетирүүдө. Өздөрү интрига жасашып, бири-бирине компромат чогултушуп, анысын соцтармактар жана жеке менчик ММКлар аркылуу акырын коомчулукка чыгарып жиберишип, кайра ал маалыматты Жогорку Кеңештин трибунасынан тактамыш болуп койгон депутаттар да жок эмес. Андан көрө кышка даярдык, жаз-жай айларына даярдык, алардын аткарылуусу, мыйзамдардын аткарылуусу сыяктуу маселелер менен иштешкенде, жемиштүү болмок. Мисалы, азыр тендер, портал дегендер чыккан. Мамлекеттик кайсы мекемеге барба, ошол маселе менен башы ооруп отурушат. Мына ошого окшогондорду жеңилдеткен мыйзамдарды, токтомдорду карап чыгышса, өкмөткө да, элге да жеңил болмок. Мындай көйгөйлүү маселелер толтура. Ушак териштиргенге кеткен энергияны өкмөткө, элге пайдаланышса, эң сонун болмок. Президентибиздин кечээги сөзүнөн жыйынтык чыгат деп ишенип туралы.

Надира Нарматова, экс-депутат:
"Азырынча одоно көрүнүштөр жокко эсе"
- Конституциянын талаптарына ылайык, депутаттар эки гана жол менен таратылат. Биринчиси өздөрүн өздөрү өз эрки менен таратышы керек. Экинчиси, мөөнөтү бүткөндө тарайт. Башкача айтканда, аларды таратуу үчүн үчүнчү жол жок. Таратуу үчүн кандайдыр бир саясий негиз болуш керек. Азырынча өзгөчө негиз болуучу одоно көрүнүштөр жокко эсе. Майда-чүйдө моралдык, психологиялык көрүнүштөр, пикир келишпестиктерден башка тарашына негиздүү деле себеп жок. Ошондуктан президенттин мамлекет башчысы катары, байкаган саясий көз карашын парламент терикпей сын катары кабыл алышы керек. Анткени президенттин пикири коомчулуктун парламенттин аракетине, денгээлине жараша туура эле айтылды деп эсептейм.

Айгүл Бакеева, журналист:
"Коомубуз кандай болсо, бийлигибиз жана мыйзам чыгаруучу органдарыбыз деле ошондой"
- Биз өзүбүз коомубуз кандай болсо, бийлик, мыйзам чыгаруучу органдарыбызга тандалып келген өкүлдөрүбүз деле ошондой болууда. Өзүбүз тандап алганбыз. Анын дараметине, акыл-парасатына, татыктуу же татыктуу эмес экенине карабайбыз. Кайра шайлоо өткөрсөк деле арасында 10-15 татыктуусу болсо да, кайра эле чабалдар акчанын күчү менен келе берет.

Клара Сооронкулова, экс-судья:
"Жөн жүргүлө, болбосо тарайсыңар деген мааниде айтты"
- Бул ЖК эмес, жалпы элди мазактаганы. Анткени депутат бул элдин өкүлү. Экинчи жагынан тарагыла дегени, бул саясий басым жана коркутуу. Жөн жүргүлө, болбосо тарайсыңар деген мааниде. Президент өзүнүн статусуна жараша, бийлик бутактарынын макулдашып, чатаксыз ишмердүүлүгүнүн кепили. Биздин мамлекет башчыбыз тескерисинче депуттарды бири-бири менен кагыштырып, бөлүнүүгө жасап жаткан аракеттери. Саясий лидер үчүн бул абдан уяттуу, ойго келгис көрүнүш.

Чынайым Кутманалиева