Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Мегакомду" сатуу, алтын жумуртка берип жаткан тоокту сатуу сыяктуу көрүнүш эмеспи же бул туура кадамбы?"
Өкмөт өлкө бюджетине оңбогондой каражат түшүрүп жаткан "Мегакомдун" сатуу баасын дагы арзандатты. Ушул өкмөт сатмайынча жаныбыз тынбайт деген девиз менен кетип бара жаткандай элес калтырат. Алсак, буга чейин да эки жолу сатыкка чыгарып, ала турган кардар жок артка кайтышкан эле. Ага болбой Өкмөт 7-мартта "Мегаком" деген бренд менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясын үчүнчү жолу сатыкка чыгаарарын жарыялады. Бул жолкусунда өлкөдөгү ири уюлдук компаниянын баасы баштапкы наркынан 25 пайызга арзандатылды. Негизи эле кирешелүү ишкананы сатуунун кереги барбы?

Биз бул боюнча атайын сурамжылоо кылып көрдүк.

Болсунбек Казаков, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы:
- Мыйзамдын чегинде "Альфа телекомду" кайра баалап чыгуу чечими кабыл алынган. Бул боюнча комиссиянын курамында Жо,горку Кеңештеги бардык фракциялардын мүчөлөрү, жарандык коом өкүлдөрү, биздин фонддун Коомдук кеңешинин мүчөлөрү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын адистери бар. Компаниянын баасы 13,5 миллиард сом деп аныкталып, аукционго чыгарылмай болду. 3-июнда каалоочулар болсо, сатылат деп ойлоп жатабыз.

Улан Примов,
ЖКнын депутаты:
- Убакыт өткөн сайын "Альфа Телеком" өз позициясын жоготуп жатат. Азыркы чыгарылган баада сатылып кетсе мамлекетибиз үчүн пайдалуу болмок. Бир топ курч маселелерди чечүүгө каражат табылмак. Бул жаатта өкмөт бардык аракетти көрүп жатат. Ошондуктан бул иштен майнап чыгат деген үмүттө турабыз.

Кубат Рахимов, эксперт:
- Бул албетте талаш жаратуучу пикир болуп саналат. Бирок эмне болгон күндө да "Мегакомду" кыргыз жарандарына сатышыбыз туура болот го деп ойлойм.

Абдишарип Бекилов, Ош шаарынын тургуну:
- Мындай чырлуу маселе жети ойлонуп, бир кесилген болуш керек. Азыр бардык жетекчилер, саясатчылар жасаган жумуштарына, кабыл алган чечимдерине кез келгенде баары бир жооп берээрин билип калышты. Баягы айыл чарбасын талкалап, талап-тоноп, реформанын шылтоосу менен элдин эсебинен чөнтөк кампайткандардан башкасы четинен жоопкерчиликке тартылып жатышпайбы. Менин оюмча мындан ары элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы чечим кабыл алуу оңой болбойт. "Мегакомду" сатыкка коюп жаткандар да кийинкисин ойлоп, анан чечим кабыл алышкандыр.

Гүлмира ШАРШЕЕВА




Бийликтегилердин тынч жашоого акылары жок!
Дегеним, илгери союз мезгилинде Т.Усубалиевден баштап, колхоздун башкармаларына чейин тынч жашай албай, элдин алдындагы жоопкерчиликтен коркуп тынчтары кетип, бир балээден чочулагандай ичкендери ирим, жегендери желим болуп, ай ушул кызматын аман-эсен өткөзүп берсем экен деп ак эткенден так этип түн уйкуларынан качып иштээр эле. Буга бир мисал: Биздин айылда (Нарын облусу, Ак-Талаа району) Касым деген багаар-көрөөрү жок "отко айдасаң бокко качкан" дейдилик менен күн өткөзүп, ар кимдин малын кайтарып жан баккан бирөө бар эле. Бир күнү Матен Сыдыков баш болуп обкомдон текшерүү келип, маселени ошол Касымдан баштабайбы. Ал кезде "Адам фактору колхоздун байлыгы" деген ураан эле. Ошондуктан райкомдун 1-секретары К.Акназаров Айтыш деген колхоздун башкармасынан "Кана, Касымдын ахыбалы кандай?" - деп сураса, жакшы-жакшы деп кекечтене түшкөндө, чакыргыла аны көрөлүчү деп М.Сыдыков каарын чачып, эгер анын турмуш шарты оңолбосо анда партбилеттерди мобу трибунага таштап кете бер, ишиңди өткөзөсүң, анан кайда барышты билесиң да дегенде эле, башкарма Айтыш өң-алеттен кетип, а кокус Касым келип калса, булардын суроолоруна утур- тетир жооп берип тантырап турса анда өлгөнүм дедиби, айтор сүйлөй албай, киши аягандай акыбалга келип эстен танган. Азыр ошол Касым эмне болду экен, эмгиче көзү өтүп кетти го, айылга бара элекмин. Эмичи, эми жыргализм, бир аз бийлик колдоруна тийсе болду, кимден коркмок эле? Илгерки союздагыдай талап жок. Азыр капитализм, демократия тралилай, тралилай капитализм. Биз ал батыш өлкөлөрүндөгү жарандардай керт башыбыз үчүн жашабайбыз да, биз кыргызбыз, бизде ата-эне, куда-сөөк, дос-тамыр, таяке-жээн, небере, чөбөрө деген бар. Аларда деле бар дечи урук-тукум, бирок өзүңөр билесиңер, аларда биздикиндей боор тартып, жүрөгү сүйүп карайбы туугандарын? Өз алдынча, өз кара жанынын камын көрүп кете беришет. Куда-сөөк деген алардын түшүнө деле кирбесе керек? Туугандар, эл-журт, биз кыргызбыз, ошондуктан алардын үрп-адаттарын үйрөнүп, мыйзамдарын көчүрүп жазып албай, мыйзамдарыбызды тээ алыскы Нарын, Баткен облустарына барып, алар кыйналса кыйналып, жыргаса жыргап жүрүп мыйзам жазып келиш керек, Жогорку Кеңеште отурган жан багар билермандар. Тээ илгери эле КПССтин кадыр-баркын кетирип, ошондо эле пейил-ниеттери бузулуп байлыкка тап берип жүргөндөр, союз ыдырашына көмөктөшкөн айбандардын заманы келип, карапайым калктан мурун озунуп байлыкка тунуп, бийликти менчиктеп, жашоолору жомоктой, кан сарайларды куруп, завод-фабрикаларды, жерлерди, чарбаларды "беспредел" ээлеп жатып калышты го? Анан калса, элдин башын ал айбандарың айлантып, ким бай болсо ошол бийликке келиш керек, анткени алардын байлыгы бар, эми алар эч ким эмес, ичип-жебейт, карапайым колунда жок жаран келсе ал тоюнганча деген теореманын негизинде ал "Кинг-Конгдор" бийликке жетчү жол ачып алышкан. Мына эми ошол байларың тоюндубу? Тойбойт дагы, табигаттын закону ушундай. Эми ошол анакондалар бийликке келип алышып, ого бетер бизнестерин коррупциянын эсебинен өркүндөтүп-өстүрүп, карапайым элдин күчүн жарыбаган эмгек акы менен пайдаланып пайда көрүп, ого бетер баюунун теневой пландарын түзүп жатышса алардын тизгинин ким тартып коёт, бийлигиң кошо аралашып камыр-жумур болуп алса. Мына келдик "тупик" жол жок. Булардан арылуунун бир гана жолу кулакка тартуу керек болуп калды. Муну айтпаска чарам жок. Айтууга туура келди. Деги эле бийликте таза инсан барбы деги? Даңкы чыгып жүргөн атактууларды айтпай эле коёлу. Аларга айла жок. Жерге-сууга тийгизбей мактаган К.Самаковубуз ал, А Саляновабыз бул. Дээринде жок, а бирок эрдиги бар кол башчыдан көрө этият болгон, сак кол башчы жакшыраак деген экен ойчул Октавиан Август. Бул макал өзгөчө Акаев менен Бакиевге төп келет. Дагы кимдерге жарашат? Атамбаевди дагы жерип тажай баштадык. Анда эмки президентибиз ким деп ойлойбуз, кандай инсан болуш керек, кана айткылачы эл- журт? Бийликтеги оппозициялар менен бийлик ээлери бири-бирин шыбап эле жатып калышты. Алардын өзүлөрүн өздөрү шыбагандарын, айтып, дегенин элге жеткизип, бийлик менен элдин ортосундагы почтальон болгону гана болбосо, гезитчилердин бул жерде кыпындай да күнөөлөрү жок. Карап отурсак, бийликтин жогорку бутагындагылардан баштап, айыл өкмөттөргө чейин таза адам жоктой. Чындыгында ушундай болуп калды. Эми кантип ушулардын арасынан таза кишини таап алабыз да, президент кылып шайлайбыз? "Вот в чем проблема" Ошондуктан элге кайрылып кетээр элем. 26 жылдан бери жаңылдык, жаздык. Кеч болуп кала электе эмитен Ак үй, көк үйдөгүлөрдүн (закон жунгли) амалына алдырбай, эмки президентибизди элдин камын ойлогон, мамлекет үчүн өмүрүн берип жанын аябаган, элдин алдында жоопкерчиликтен корккон, уйкусу качкан, эс алууга убактысы жок, тынч жашоого укугу жок инсанды тандашыбыз керек, окурманым.

Темирбек Мамбеталиев,
Бишкек шаары: