Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Сапар мырзанын кел-кели...
Күздө өтүүчү президенттик шайлоого бийлик кимди сүйрөйт деген маселе коомчулукта актуалдуулугун жогото элек. Бирок бул маселе Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келип кетиши менен ого бетер кызыды. Путиндин Сапар Исаковго болгон жылуу мамилеси, бийликтин анын шайлоодо мураскор катары чыгаарын айгинелеп койду дешүүдө. Оомат бир келет дегендей, күлүк табында кезинде чуркаш керек. Демек Сапар мырзанын кел-кели келип турган чак. Саясаттагы кадамы айтылуу Медет Садыркуловдун жардамчысы болуп жүргөн кезинде башталганын көпчүлүк биле беришпейт. Садыркулов Бакиевдер колдуу болгондон кийин, Оксана Малеванная кызматка тарткан. Малеванная менен Садыркуловдун мамилеси ошол кезде баарына дайын болчу. Демек Медет мырза ишенген, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жигиттин потенциалын Оксана туура баалап, колдоо кылса керек... Исаковдун дараметин Аликбек Жекшенкулов дагы туура баамдап, тышкы иштер министри болуп турганда кызматка алып, карьералык жактан өсүшүнө түрткү берген...


Садык Шер-Нияз Текебаевди жалганчы кылды
Маданият тармагына сиңирген эмгеги оозго алаарлык аткаминерлердин катарын толуктаган Садык Шер-Нияз "Ата Мекен" партиясынан депутат болуп келгенден улам Өмүрбек Текебаевдин камчысын чабууга аргасыз болууда. Мындан улам бийлик куугунтук жасап жатат дегенди айтып, Текебаевдин актыгына ишенээрин тартынбай эле жар салып келди. Анан эле кара теке сүзүп Өмүрбек Текебаевге ишенбей турганын айгинелеп тарс жарылды. Текебаев Түркиянын атайын кызматы берди делген жашыруун маалыматта "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суда кыйраган самолёттогу жүк Атамбаевдики дегенди юристтеринин оозу менен айттырды эле, Садык мырза бул жалган, ишенбейм деп чыкты. Ошентип өзү коргоп жаткан Текебаевди жалганчы кылды...


Бабановдун айласы куруп жатат
"Республика - Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун маанайы нөлгө түшүп, сиркеси суу көтөрбөй жаткан кез. Буга президенттик шайлоого барууга бийлик тараптан ишарат берилбегени, Кыргызстанга Владимир Путиндин келип кетиши менен Сапар Исаковдун таскагы катуулап чыгып, көлөкөгө сүрүлүп калышы себеп болуп жатыптыр. Жаңы жылдан бери жер-жерлердеги штабдарын жандантып катуу камылга көрүп жатканы менен бийликтин колдоосун сезбей өгөйлөнүп, мындан улам эмне кылаарын чече албай суудан кургакка серпилип калган балыктай туйлап жаткан учуру. Бар тобокелге салып башын канжыгага байлап, ачык күрөшкө чыгууга суу жүрөк жаны даабай, жалтаңдап айласы куруп жатат. Чечкинсиз, кайраты жок неме анан кантип президент болуп жыргатат? Жарабайт го... Мамлекетти ойт берме, жалтаң, суу жүрөк башкара турган болсо, келечек тууралуу сөз козгоонун өзү опурталдуу болот го...


"Жансыз"
"Бел алма" көмүр кениндеги ызы-чууда кулагы көрүнгөн КСДП фракциясынын Улан Примов деген акчалуу депутаты бар. Оштун дагы олигархы Жалил Атамбаевден аталган кенди тартып алганы күнү бүгүнкүгө чейин айтылып келет. Мына ушул Улан мырза 2015-жылы Жогорку Кеңешке КСДПдан депутат болуп келгенге чейин "Республика" партиясынын Ош шаардык кеңеш депутаты, төрагасы болгон. Анан эле КСДПдан төбөсү сорок дей түшкөндө көпчүлүк түшүнбөй калышкан, Бабановду сатып кеттиби дешип... Көрсө сатпаптыр. Арканды алыс таштаган Өмүрбек Бабанов Примовду КСДПдагы окуяларды "төкпөй-чачпай" жеткирип туруш үчүн "агент" кылып атайлап киргизиптир. Бүгүнкү күндө Примов өзүнө тагылган вазийпасын кынтыксыз аткарып, эки күндүн биринде Бабановдун кабинетине чуркап, Кокон хандыгынын тушундагы "жансыздардан" дагы өтүп кетиптир... Президент Атамбаев бекеринен КСДП тазаланат деп жатпаптыр...


Сариевди "иттен" чыгарып коюп жатышат...
Бекер отурганча айранга нан малып же дегендей, президенттик жарышка чыгаарын элден мурун жар салган Темир Сариев элдин абалын сураган болуп учурда түштүктү түрө кыдырып жатат. Өкмөт башчы болуп турганда минтип элден кабар алчу эмес эле. Шайлоонун жел аргысы үйүнө тынч жаткырбай "думана" кылды. Бирок карапайым калк Сариевдин шайлоо жыттанган саясатын илгиртпей сезип жатышат. Мындан улам, кайсы жерге барбасын сылык-сыпаа эле сен жакшы деп, иттен чыгарып коюшууда.


Айлалары кетүүдө...
Президент Алмазбек Атамбаев КСДПда тазалоо процесси жүрөөрүн каңкуулагандан кийин куйругунда калбыры бар далайлардын түн уйкусу бузулду. Өзгөчө күндүзү КСДПда, түндөсү башка жерде обон созгондор баскан издерин санашып, кулак түрүп элеңдеп калышты. Тазалоо иштери башталса, КСДПнын Жогорку Кеңештеги депутаттарынын арасынан биринчи кезекте Абдувахап Нурбаев, Жанар Акаев, Улан Примов өңдүү депутаттары көчөдө калаары ачык көрүнүп калды. Мындай абалдарын алдын ала сезген алар учурда Өмүрбек Бабановдун колтугуна баш катууга жан үрөшүп жаткан кез. Жанар Акаев Өмүрбек Текебаевдин короосуна баш багып үйүр алгыча кыялы ойрондолуп, эми Бабановду айланчыктап жаткан учуру....


Башкы прокуратура 10 млн. сом доо койду
"Ата Мекен" партиясынын юристтеринен Башкы прокуратура 10 миллион сом моралдык чыгым өндүрүп алуу талабын коюуда. Буга 1-мартта "Ата Мекен" партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз маалымат жыйын өткөрүшүп, 16-январда "Манас" аэропортунун жанындагы кыйраган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевге жана анын аялына таандык экенин билдиришкени себеп болгон. Ошондой эле "Азаттык" жана "Zanoza.kg" сайттарын дагы сотко берген. Алардан 3 миллион сомдон талап кылынууда. Себеби дал ушул маалымат булактарында кыйраган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү экендиги тууралуу документ чыккан.


Жел болсо эле жалп этет
Жогорку Кеңеште "эт эмес же чел эмес" ортозаар депутаттар иттин кара капталынан экени жашыруун сыр эмес. Өз үнү, көз карашы жок андай жетеленмелер шамал кайсы жактан соксо ошол жакка ооп, камгактай тоголонуп жүргөнү жүргөн. Албетте, мындайлар жөнөкөй депутат болсо "кой аксагы менен миң" дегендей, көптүн бири катары билинбей жүрө берет. Бирок ыргылжың, ортозаар сапат фракция лидерине жарашпайт эмеспи. Дегенибиз, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмаз Баатырбековдун дал ушундай арабөк сапатына фракциялаштарынын ичи чыкпай нааразы. Эч бир пикири, ою жок, жел болгон тарапка жалп этет деп жактырышпай жатыптыр...


Сайдулла Нышанов кодуланып...
"Ата Мекен" партиясынын "атасы" темир тор артында эс алып жаткандан бери партиянын ынтымагы ыдырап, Крыловдун тамсилиндеги арабаны үч тарапка сүйрөгөн ак куу, чортон балык, жаяндын кейпин кийишти. Фракция депутаттары бирин-бири жектеп, жаманатты кылышып, интрига күч алды. Мына "Ата Мекен" партиясынын белдүү депутаттарынын бири Сайдулла Нышанов президент сыйлык тапшырган иш-чарага барам деп, партиялаштарынын кодулоосуна кабылды. Сайдулланы чыккынчы катары сыпаттап, сатып кетти дешип жер муштагандар чыкты. Айтор партиядан ырк кетти. Алманбет башкарган "Ата Мекен" деген кеме түз эле айсбергди беттеп баратат...