presskg.com

Башбарак

Архив

Макала издегич Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Архив-1 Архив-2 Архив-3 Архив-4 Архив-5 Архив-6 Zaman Кыргызстан Агым Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Ош шамы Ош жаңырыгы Кыргыз руху Салык экспресс Саратан Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Алас Бишкек таймс Назар Энесай Новости Иссык-Куля Эркинтоо Биримдик Пресс kg Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар
mainkaptal

Пользовательский поиск
Фабула
Абактан келген кат колдоо таппады
Кечээ Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны болуп, анда "Ата Мекендин" лидеринин милдетин аткаруучу тапан Алманбет Шыкмаматов бар эмеспи. Ошол эрен сөз алып, акыркы күндөрү кызуу талкууга алынып жаткан алтынчы парламенттин тарашы тууралуу абактан келген кат бар экенин айтты. Ал каттын ээси абакта да жөн жата албай, актыгымды далилдейм деп алкынган Текебаев экен. Регламентке ылайык төрага сунушту кабыл алып, катты окууга депутаттардын добушуна койду. Текебаевдин кесиптештеринин арасында кадыры кеткенби же камалып кеткен кесиптешинин катын уккусу келбедиби ким билсин, айтор добушка койгон маселе колдоо таппай, Шыкмаматовду шым кылышты.

Төрөбаевди тепкиге алышууда
Өткөн жумада Өмүрбек Текебаевди коргоп "калыстыкты айта албаган парламент тарап кетсин" дегенди айта коём деп "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев кутулбас куяга калды. Андан бери улам бир депутат чыгып, андай кыйын болсоң айтканыңды аткар деп демитишүүдө. Ошол балп эткен кезде эле КСДПнын лидери Иса Өмүркулов "мандатыңды тапшырып берип үлгү көрсөт" деген маселени кабыргасынан койгон. Кечээ болсо дагы бир эл өкүлү Данияр Аттокуров: "Төрөбаев сөзү популисттик эмес экенин далилдегиси келсе, парламенттен кетебиз деп чечим чыгарып келсин", - деп азуусун көрсөттү. Айтор парламенттин тарап кетишинен чочуркагандардын баш көтөргөнү эле Төрөбаевди тепкиге алууда.


Каназаров иштен кеттиби?
"Азаттык" радиосунун Кыргызстандагы кеңсесинин директору Султан Каназаров ээлеген кызматынан бошотулганы кеп болуп жатат. Бирок бул боюнча "Азаттык" үн ката элек. Султан мырзанын кызматтан алынышына президент Алмазбек Атамбаевдин "Азаттык" демократиянын нугунда эмес, кош стандарттуу саясат жүргүзөөрү боюнча айткан сын-пикири негиз болгону айтылууда. Коомчулук дагы президенттин сынында жүйө бардыгын, "Азаттык" акыркы жылдары өзүнүн вазийпасын аткара албай, демократиялык баалуулуктарга жооп бербей калганын белгилешүүдө. Айрымдар болсо "Азаттык" тарыхый милдетин өтөп бүткөнүн, мындан ары баштагыдай нукта иш алып бара албасын, демек жабылып калуу чегине жеткенин каңкуулашууда...


"Тоок туурунда какылдайт"
Булуттан чыккан айга окшоп, анда-санда көзгө урунуп, анча-мынча маселе көтөрө койгон Марат Аманкулов кайрадан парламенттин горизонтунда пайда болду. Президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин бир нече айдан берки тирешине кулак салганы болбосо, үн катпай келди эле ажонун "КСДПда тазалануу жүрөт" дегенин угаары менен жанданып "мен бармын" дегендей ишарат кылды. Түз эле: "Президенттик шайлоого чейин аз эле убакыт калды. Президенттик шайлоо татыктуу өтсүн, митинг, пикеттердин элге кереги жок. Президентибиз ачуу сындарды айтып жатканы айрымдарга жакпай жатат. Элдер президентти ачык эле сындап, ага жалаа жаап жатышат", - деп күпүлдөп алды. Мындайды "тоок туурунда какылдайт" дечү беле...


Пирматов унутулабы?
Максим Бакиевдин жакын санаалаш досу Исхак Пирматов түрмөдө отура турган жерде эле багы тоодой экен, "Бир Бол" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп отурат. "Кыргызнефтегазды" жетектеп турганда кирешелүү ишкананы жасалма банкрот абалына жеткирип, мамлекетти 250 миллионго сызга отургузган "жемкорлугу" акырындык менен унутулуп баратат. Козголгон кылмыш ишин ар кимдин оозун майлап күм-жам кылганбы, Башкы прокурор Индира Жолдубаева Пирматов боюнча такыр ооз ачкысы келбейт. Ал эргул Исхак болсо мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөргө саякаттап кебелбей чартаңбай тээп жүрөт. Анда-санда эле парламентке келбесе, караанын көрсөтпөйт... Ушинтип эле кылган күнөөсүнө жооп бербей унутулуп калабы?


Мамлекеттик мүлктү мүлжүмөй жанданды...
Болсунбек Казаков Мүлк фондунун башына келгени баарын эле сатабыз деп жеңин түрүнүп шымаланып калды. Учурда сатылат деген ондогон мамлекеттик ишкана парламенттин кароосуна киргизилгени турат. Мындай кызарган жерди баса калып менчиктештирген адат токтоп калды эле, Болсунбек келгени кадимкидей жанданды. Учурда "МегаКом" компаниясы сатыкка чыкты. Буга дейре эки жолу сатыкка коюлуп өтпөй калган. Алгачкы баасы 19, 7 миллиард сомго бааланса, андан кийин 14 жарым миллиардга түштү, эми болсо 13 миллиард 500 миллионго бааланып отурат. Улам-улам баасы төмөндөп бараткан кирешелүү ишкананы сатып алууга Түштүк Кореянын, Түркиянын, Кытайдын бизнесмендери кызыкдар болуп жатышканын Болсунбек мырза чечекейи чеч болуп сүйүнчүлөп, буюрса сатабыз деп алакан ушалап жаткан кези...


Иманкожоева жеңилдей түштү
Бакиевдин бийлиги тамам болгондо Роза Отунбаеванын аппаратын башкарып калган Эмилбек Каптагаевдин аркасы менен 2010-жылы КСДПдан Жогорку Кеңешке депутат болгон Эркингүл Иманкожоева деген бар. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПга батпай өгөйлөнүп, тизмеге кирбей калды. Ич күптү арманы айтып бүткүс. Ызасын, бугун кантип чыгарышты билбей, бийликтин жер-жеберине жеткенге шылтоо таппай "көчөдө ышкырып" жүргөндө, көктөн издегени жерден табылгандай болуп Текебаев камалды. Эркингүл айым Өмүрбек мырзанын камалышынан трагедия издеп, бийликти сөгүп жатып калды. Бугу чыктыбы же дагы калып калдыбы, айтор бир топ жеңилдей түштү окшойт...


"Айыл Банкка" акча топуракпы?
"Айыл Банк" ААКсы Кыргыз Республикасынын ири банктарынын санына кирет жана 14 жылдан бери айыл чарбаны каржылаган негизги каржы-насыялык мекеме болуп эсептелет. Мына ушул тарыхы бар, мамлекеттик макамдагы эң чоң банктардын бири "Вефа центр" аттуу жеке менчик соода борборуна көчкөнү жатыптыр. Ал жеке менчик соода борборуна ижара катары бир жылда 21 миллион сом төлөйт экен. Мамлекеттик мүлк фонду бир топ ишканалар өзүн-өзү актабай мамлекеттик бюджетти чыгым кылууда, менчиктештириш керек деп өкмөткө кайрылып жатты эле. Ошол өзүн-өзү актабай калган мамлекеттик ишканалардан кеңсе кылуу үчүн "Айыл банкка" берип, жеке менчик ээлерине эмес, мамлекеттик бюджетке пайда алып келсеңер кантет байболгурлар.




ПОИСК ГАЗЕТЫ