Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Атамекенчилер" кырсыкка учураган жүк президентке таандык деген Түркиянын атайын кызматы иликтеген жашыруун маалыматты жарыялашты. Бирок Түрк элчилиги аны жокко чыгарды. "Атамекенчилер" бул маалыматты айласы кеткенде алып чыктыбы же чын эле жүк президентке таандыкпы?

Жолдошбек Токоев, журналист:
"Кырсык болгон жүк "Атамбаевге, жубайына тиешелүү" деген да жомок"
Мындан бир канча күн мурда Түкиянын атайын өкүлдөрү келип "Самолет биздики, жабыр тарткандарга жардам беребиз, балдарды окутуу милдетин алабыз" - дешкен. Эми жүк кимдики болсо да авиа кырсыкка жүк же жүк ээси күнөөлүү эмес, башкача айтканда кырсыкка учкучтар же аба ырайы, же дагы бир шарттардын кесепети тийди. Автоунааада, самолетто, поездде кырсык болсо жүк, жүктүн ээси эч качан күнөөлүү болбойт. Анын үстүнө жүк кимге таандык экендигин ар ким бүшүркөтүп жатышат. Мыйзамдарда "коммерциялык сыр" деген бар. Тигил же бул тараптардын, бизнесмендердин товарлары жарыяланбашы, айтылбашы керек. Муну эл түшүнбөй жатат. Өгүнү Дача-СУ айылындагы кырсыктаган учактагы жүктүн этикеткалары кыргыз тилинде экен деген жомокту айтып, жазып чыгышкан. Эл аралык соода-сатыкта, товарга англис тили колдонулат. Кыргыз тилин Сингапурлуктар кайдан билишет? Ал эми КМШ, ЕврАзЕСтин алкагындагы мамлекеттерде товарга белги орус тилинде жүргүзүлөт. Гонконг эмес, коңшу мамлекеттерде кыргыз тили товардык белгиге коюлбайт. Кырсык болгон жүк "Атамбаевге, жубайына тиешелүү" деген да жомок. Өйдөтө айтылгандай, кайсы мамлекеттин болбосун мыйзамдары боюнча бул "коммерциялык сыр" жашырун кармалат, аны ачыкка чыгарууга эч кимдин, эч бир мамлекеттин акысы жок. Эми Текебаев камалганда бир нерсе ойлоп чыгарыш керек да. Түркия элчиси Текебаевдин адвокатындагы документ жасалма деп айтты го, ушул жетиштүү. Түркиянын атайын кызаматтары деген да жомок. Атайын кызматтар андай маалыматты эч кимге, КР ЖК депуттарына бербейт. Анда эмнеси атайын кызмат?

Чолпон Осмонова, коомдук ишмер:
"Кырсык болгон жердеги жүктү түрктөр эбак эле биздики деп мойнуна алган"
- Ошол самолёт кырсыкка кабылганда эле, түрктөрдүн жүк ташыган фирмасы жүктү эбак эле биздики деп мойнуна алышып, үйлөрдү тургузуп беребиз дешкен эле. Менимче, ошол кырсыкка себеп болду деген таризде, жүктү Атамбаевдики деп "атамекенчилер" ойлоп чыгарышса керек. Чынында Текебаевди алар айткандай, ошол жүктүн ээсин жарыялап жибербесин деген максатта камашкан жок. Текебаевди "Мегаком" боюнча камады деп ойлойм.

Назгүл Мамытова, "Ачык саясат плюс" гезитинин башкы редактору:
"Бул жөн гана Атамбаевге болгон Текебаевдин чабуулу"
- Мыйзамдын атасы деген Текебаев ушундай жалган маалымат менен өзүн коргош үчүн элдин башын айлантканы абдан өкүнүчтүү. Каргашалуу жүк Атамбаевдики деген маалыматтын жалган экени билинди. Эч кандай ишенимдүү фактылар менен тастыкталган эмес. Алар көрсөткөн документте элементарный кириш-чыгыш номери да жок. Түркиянын атайын кызматы шалаакы эмес да. Мындай чалды-куйду документти чампалап бергидей түрктөр биз эмес. Текебаев жүк Атамбаевдики десем эл ишенет деп ойлогон. Ооба, эл ишениши мүмкүн, бирок баары мыйзам чегинде болушу керек да. Анан да азыр технология өнүккөн заманда документти жанына кармап жүрбөй эле, интернет аркылуу ишенимдүү жеткирсе болот да. Демек бул жөн гана Атамбаевге болгон Текебаевдин чабуулу. Экөөнүн эрегиши жакшылык менен бүтпөй калды окшойт...

Алга Кылычов, коомдук ишмер:
"Атамекенчилердин" тараткан маалыматынын баары карандай калп"
- Демократиянын, сөз эркиндигинин баркын билбей, бүгүнкү саясатчылардын көпчүлүгү оппоненттери менен күрөшүүнүн эң эле ыплас жолуна өттү. Текебаевдин жактоочулары айткан кырсыкка себеп болгон жүк президентти каралоо үчүн гана айтылып жатат. "Атамекенчилердин" тараткан маалыматынын баары карандай калп. "Атамекенчилер" эле эмес, алардын юристтери да кошо калп айтып жатышат. Бул абдан уят. Алар сенсациялуу маалымат тараттык дешкени менен Түркия элчилиги ал маалыматты расмий түрдө жокко чыгарды. Бул каралоонун артында ким турганын аныктап, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартылышын талап кылышыбыз керек!
Негизи мындай маалыматты "Атамекенчилер" эки нерсени ишке ашыруу максатында таркатышты. Биринчиси, кылмыш ишин жаап жоопкерчиликтен качып, элди дүрбөтүп митинг, пикет менен кутулууга аракет кылып жатат. Экинчиси, быйылкы өтүүчү президенттик шайлоодо ута албасына көзү жетип, төңкөрүш жолу менен болсо да бийликке жетүү аракетин жасап жатышат. Бирок кандай болгон күндө дагы президент сөзүнө туруп, коррупция менен тууганы, досу экенине карабай күрөштү. Президенттин эл үчүн кылып жаткан кызматын карапайым эл колдоого алып, жардам беришибиз керек деп ойлойм.

Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы:
"Өз президентине жиберген жашыруун маалымат чоочун адамдын колуна тийиши мүмкүн эмес"
- Мен юрист катары далилдүү маалыматка комментарий бере алам. Мындай мааламат "Ата Мекендин" юристтери тарабынан таратылгандан кийин соцтармактарда өзүмдүн жеке пикиримди билдиргем. Атайын кызматтардын өз президентине жиберген жашыруун маалыматтын чоочун адамдын колуна тийиши мүмкүн эмес. Андай учурларда күнөөлүү кызматкер соттолуп кетет. Мындан тышкары маалымат булагын айта албаган соң, биздин кылмыш процессуалдык кодексине ылайык далил катары пайдаланууга болбойт. Демек далил катары жарабаган маалыматка комментарий берүүнүн кереги барбы?

Руслан Бекназаров, "Эл үнү" кыймылынын мүчөсү:
"Жасалма кагазды жарыялап, бийликке жооп кылды"
- Жеке пикиримде Текебаев жарыялаган документ чындыкка жакындабайт. Анткени ал маалымат Түркиянын атайын кызматынын президент Режеп Тайип Эрдоганга даярдаган күнүмдүк маалымдамасы экен. Ал жашыруун маалыматты жарыялап жиберүү дүйнө элине шерменде болчу иш болмок. Менимче Текебаев бийликтин айлакердигинен камакка алынгандан кийин ушул жасалма кагазды жарыялап жооп кылдыбы деген ойго кептелип отурам.

Чынайым Кутманалиева