Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

КСДП фракциясы күчтөнүүдө
"Жылкы теппей, жылан чакпай" КСДПнын депутаты Тилектеш Исаев мандатын тапшырды. Ордуна Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору Канатбек Керезбеков келди. Тилектеш Исаев 2010-2011-жылдары "Манас май куюучу комплекс" мамлекеттик ишканасын жетектеген. 2011-жылдан 2015-жылы, Жогорку Кеңешке КСДП партиясынын тизмеси менен депутат болуп келгенге чейин "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" ишканасынын башкы директору болуп турган. Исаевди жакындан билгендердин айтуусунда Икрамжан Илмиянов, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов менен жакын мамиледе экенин, депутаттыктан кеткенден кийин кайра эле күйүүчү май бизнесине кайтаарын айтышууда. Ал эми Жогорку Кенеште социал-демократтардын дагы бир депутаты Музаффар Искаковго кылмыш иши козголгонун эске алганда, мындан кийинки эле депутат болчу киши президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов экенин белгилеп коёлу. Мындай мандаттардын тез алмашып жактанын серепчилер президенттик шайлоонун алдында КСДП парламенттеги позициясын чыңдап жатканы менен түшүндүрүшүүдө.

Эсиңиз барда, этегиңизди жабыңыз
"Боёкчу, боёкчу десе, атасынын сакалын боёптур" демекчи, ызы-чуу менен шайланган Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду чарбачыл инсан деп койсо эрээркеп кеттиби же жеке кызыкчылыгы ойгонуп, кулкуну кууратып жатабы ким билсин, Бишкек шаарындагы гезит саткан базар менен күркөлөрдү шаар четине чыгарыш керек деген жолдо калчу жорукту баштап жатыптыр. Ким мындай акыл кошсо да же өзүнүн гениалдуу демилгеси болгон күндө да мэр катуу жаңылат. Бир да өлкөдө мындай одоно жорук жасалбайт. Шаардын четине чыгаргандай абаны булгап жаткан завод-фабрика же санитардык талапка жооп бербеген ишкана болсо бир жөн. Сыягы гезит базар менен күркөлөрдүн ордуна көзү түшүп Кудай уруп жаткандай... Эсиңиз барда этегиңизди жабыңыз. Ар дайым чырлуу иштен төбөңүз көрүнчү болду, аша чаппаңыз, арты жакшы болбойт...


Адамкуловага чара көрчү жан жокпу?
Кыргыз улуттук университетинин ректору Чынара Адамкулова Кудайдын чүчкүрүгүнөн түшкөн немеби? Тиешелүү мамлекеттик органдар университетти текшерсе эле мыйзам бузууларга байланышкан былыгы калкып чыкчу болду. Өткөн учурларга кайрылбай эле коёлу, мына кечээ жакында эле Эсеп палатасы 9,9 миллион сом каржылык мыйзам бузууну аныктады. Бирок ордунда былкылдабай эле отурат. Иштеген иши мандемдүү, айыбы ачылып, "абийири" төгүлүп жаткан ректорго чара көргөндүн ордуна билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева депутаттар менен айтышып, Адамкулованын таламын талашып жүрөт. Ичкен-жегени бир окшойт. Университеттин акчасы максаттуу жумшалбай ысырап болуп, улам-улам каржылык мыйзам бузуулар аныкталып жатса, Адамкулова өзүн-өзү пиарлатыш үчүн маалымат каражаттарына айына жүз миңдеген акча которуп жатат. Мына чара көрбөгөндүн кесепети... Бул деген "богума куурай сая албайсыңар" деген кеп да... Минте берсе эртедир-кечтир жазасын алчу учур келет. Ошондо абакта отуруп, чалчаңдаганын эстеп көзүнүн жашын көл кылаар...


Министрлик атасынан "мураска" калгандай тырышат...
Биздин аткаминерлер үлкөн кызматка отурса эле көздөрүн май басып, креслого көчүгү катып, атасынан калган мурастай мамиле кылып калышат. Мына Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев туурасында коомдо жакшы пикир дээрлик жок. Карапайым адамдар министрликтин алдына кызматтан кет деп митинг кылышты. Ал түгүл Жогорку Кеңештин депутаттары дагы иштей албай, интрига менен алек болуп калганын белгилешип, кызматтан кетүү маселесин кабыргасынан коюшту. Бирок Талантбектин кетейин деген ою жок. Тескерисинче аталган кызмат атасынан мураска калгандай "кетпейм" дейт көшөрүп отурат. Намыс деген жок тура. Буга жек көрүндү болсо да министр болуп отурган кызык экен. Албетте, үлкөн кызматты бизнес катары түшүнүп калышкан биздин аткаминерлер жем жеген акырын башка бирөөгө ыраа көрүшпөйт. Мындайлардын ишин иликтеп, ичкен-жегенин кустуруп түрмөгө отургузмайын, өз алдынча кызматтан кеткиси келишпейт. Арты таза эмес да, коркушат...



"Обонго" айланбай, эсиңе кел!
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова акыркы кездери такыр эле алапайын таппай, "обон" катындардан айырмасы болбой калды. Кайсы жерде митинг болсо ошол жерге жетип барып бийликке болгон ички бугун, ич күптү ызасын чыгарып, жарашса-жарашпаса деле сын айтканды өнөргө айлантты. Мына эми болсо Дача-СУдагы авиакырсыктан жапа чеккендерге элден чогулган 95 миллион сомдун 9 миллионун өкмөт өз кызыкчылыктарына жумшаган дешип, Текебаевдин жактоочулары айкырык салып чыгышты. Ошол жерде да Аида айым жүрдү, калпты-чынды койгулаштырып. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бир дагы тыйын коротулбаганын айтып жатат. "Ата Мекенчилер" жалаа жапканды адат кылып алышты. Арыдан-бери болгулачы, "кыз боозуп энесин коркутат" болбой...


Президенттикке көз кызартып...
Эл башкарам деген амбициясы барлардын айрымдары президенттик шайлоого аттанышаарын ачык айтып камылга көрүп жатса, кээлери тымызын даярдык көрүп жаткан кез. Ошондой жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, президенттик такты мелжеп жаткандардын арасында Кочкор районунан чыккан олигарх Рахатбек Ирсалиев бар. Курулуш бизнеси гүлдөп, ити чөп, акчасы самандай сапырылган бул жигит учурда каражат жагынан каржалбай турганын айтып, шайлоодо саясий салмагын аныктап көргүсү келип жатыптыр. Мурда-кийин Жогорку Кеңештин депутаты болуп, мансаптын даамын татып калган жаны тынч жата албай жатса керек. Анын үстүнө акча деген көздү май бастырат эмеспи. Айтмакчы, бул жигиттин агасы Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районундагы мамлекеттик маанилүү маселелердин баарына мурдун тыгып, райондун көмүскө кожоюнуна айланып алды. Бүгүнкү күндө Бишкек эркин экономикалык аймагын жетектеп, өзү бий, өзү хан болуп, оозунан муз бүркүп турган чагы. Мүлк фондун башкарып турганда Кытай Эл Республикасынын эски имаратын менчиктештирип алган жайы да бар. Айтор, кызарган жерден кыя өтпөгөн немелер...


"Ата Мекендин" ыркы кетти…
Өмүрбек Текебаевдин камалышы "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн ыркын кетирди. Учурда партия ичинде бир багытты көздөгөн пикир жок. Бири ойду, бири тоону карап, баштары бирикпей бириндеп турган чагы. Буга "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын кылыктары ачык мисал боло алат. Маселен, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова, алардан тышкары Каныбек Иманалиев, Садык Шернияз жана Наталья Никитенколор Текебаевдин камалышына нааразы болушуп митингдерде активдүүлүктү көрсөтсө, Айсулуу Мамашева, Бахадыр Сулайманов, Абдимуктар Маматов, Эмил Токтошев, Сайдулла Нышановдор кабагым-кашым деп да коюшкан жок. Мындан улам, "башка кыйынчылык түшүп турганда колдогонго жарабайсыңар" деген сөздөр айтылып фракция экиге бөлүнүп, ыркы кетүүдө


Жээнбековдун көздөгөн максаты эмне?
Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков кандай жеке кызыкчылыкты көздөп жатканын түшүнүп болбойт. Дегенибиз, мамлекеттин мүлкүн көзөмөлдөгөн Мамлекеттик мүлк фонду турса, дагы бир мамлекеттик "Мүлк" ишканасын түзүп жатыптыр. Ушул кантип болсун. Бирин-бири кайталаган кызматтарды кыскартып, оптимизация кылгандын ордуна, ээр токумдун үстүнө ээр токугандай жоругу кайсы акылга сыят. Сыягы мындай жол аркылуу, калган-каткан менчиктештирилбей калган мамлекеттик ишкана-мекемелердин түбүнө жетейин деген максаты бар го. Соо киши минтпейт эле.


"Айгай-пресс" маалымат айдыңында...
Жакында "Айгай-пресс" коомдук -саясий гезити кайрадан маалымат айдыңына чыгуу алдында турат. Аталган гезит кыргыз басма сөзүндө өз орду бар басылма. Убагында сөз эркиндигинин, демократиялык принциптердин калыптанышына өз эмгегин өтөгөн. Маалымат айдыңында кайрадан жарык көрүү алдында турган бул гезитти анын мурдагы редактору, кезинде эркин гезиттердин башаты болгон "Аалам", "Кыргыз Руху", "Агым" ошондой эле "Назар-пресс" гезиттерин жетектеген белгилүү журналист Кенжебек Арыкбаев жетектемекчи. Биз да кайрадан жарык көрүү алдында турган "Айгай-пресс" гезитининин жамаатына чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!