presskg.com

Башбарак

Архив

Макала издегич Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Архив-1 Архив-2 Архив-3 Архив-4 Архив-5 Архив-6 Zaman Кыргызстан Агым Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Ош шамы Ош жаңырыгы Кыргыз руху Салык экспресс Саратан Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Алас Бишкек таймс Назар Энесай Новости Иссык-Куля Эркинтоо Биримдик Пресс kg Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар
mainkaptal
Пользовательский поиск
Фабула
УКМК Үмөталиевди суракка алды...
2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мезгилинде Экономикалык тескөө министринин милдетин аткарып иштеген Эмил Үмөталиев абакта жаткан Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу күбө катары УКМКга сурак берип чыкты. Сурактын чоо-жайы азырынча ачык айтылган жок. Белгилүү болгондой, Эмил мырза кыйын кырдаал учурунда Бакиевдер басып алган мамлекеттин мүлктөрүн кайра мамлекетке өткөрүүдөгү эл анчалык терең билбеген сырларды билет. УКМКга чакырылганынын себеби дагы ушул десек болот. Жакынкы күндөрү ал сырлар деле ачыкка чыгышы мүмкүн. Күтө туралы...


Парламентти таркатуу демилгесин колдойм
Алмазбек Атамбаев 6-мартта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында маданият кызматкерлерине сыйлык тапшыруу иш-чарасында: "Депутаттар президентке чейин, анын үй-бүлөсүнө чейин казып жатышат, эсептеринде мынча миллиард бар деп, өздөрүнүн акчасы жана эсептери жоктой. Мына, Бакыт Төрөбаев, парламент тарасын деп билдирди. Мен билем, ал өзүнүн мародер агасын колдоп айтып жатат. Бирок мен анын бул айтканын колдойм. Анткени парламент мыйзамдарды чыгарбай эле, ушактарды таратып калды", - деп айтып, Кипрде анын эч кандай акчасы жоктугун билдирип, парламентти да сындады. Ошондой эле президент "дагы далай лөктөрдүн кыңыр иштери ачыларын", өзү болсо президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин спикер да, премьер-министр да болбосун айтты… Бул туурасында кенен маалыматты 6-беттен окуй аласыздар.


"Таз таранганча той таркайт"
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Бишкектин чок ортосундагы Скрябин көчөсүндөгү Максим Бакиевдин жерин менчиктештирүүгө күнөөлөнүп, убактылуу кызматтан кеткенине бир топ убакыт болду. Сарпашевдин бул ишке күнөөсү бар-жогун вице-премьер министр Жеңиш Разаков башында турган комиссия иликтемей болгон. "Таз таранганча той таркайт" болуп, бир айдан ашуун мезгилден бери таш бакадай кыбырган Разаковдун иштин акырына чыкчудай түрү жок. Мындан улам, соодалашып жаткандан сообу деген шектенүүлөр пайда болууда. Чындыгында Разаков өзүнө тагылган ишке ар дайым жоопкерчилик менен эмес, кайдыгер, шалаакы мамиле жасаары көптөн бери эле айтылып келет. Ушундай "арабадан" чыккан аткаминердин кимге кереги бар?..



Сариев "эзилип" жатат...
Өмүрбек Текебаев камалгандан кийин, унчукпай койсом президенттик шайлоодо эмнеге ак же көк деген жоксуз деген суроо берилсе эмне деп жоо берем деген сары оору менен эмне кыларын билбей, айласы кеткенде "Текебаевдин камалышында саясат бар" дегенди айтып жиберген Темир Сариев учурда тилин тишине басып, башын мыкчып отурган кези. Ансыз да сурак берип, козголгон кылмыш ишинен кантип кутулушту билбей жүргөндө Текебаевдин камалышына саясий боёк сүрткүсү келген жоругу жогору жактардын куйкасын куруштуруп, "чычкан ийинине кире албай жатып, куйругуна калбыр байлайт" деген ушул тура, "балтыр битти башка чыгарбай" эсине келтирип койгула деген "коңгуроо" кагылыптыр.. Мындан улам азыркы тапта шайлоого катышмак түгүл, темир тор артынан орун алып калбасам болду деп жан айласын таппай, "Текебаев колу менен жасаганды мойну менен тартсын" деп айта албай эзилип жаткан кези экен...


Иманалиев эми Шыкмаматовго ор казабы?
Өмүрбек Текебаев камалгандан кийин "Ата Мекен" партиясынын лидерлигине көз артып, партиянын атынан күздө өтүүчү президенттик шайлоого аттанууну кыялданып жаткан Каныбек Иманалиевдин кыялдары кыйрап, ойлогон ойлору ойрондолду. Шыкмаматов "Ата Мекен" партиясын шашылыш жыйынга топтоп, партиянын атынан Текебаев президенттик шайлоого чыгаарын жар салып жиберди. Мындай күтүлбөгөн жүрүш Иманалиевдин башына түшкөн чагылгандай болду. Амбициясы суу сепкендей өчүп, эмне кылаар айласын таппай турган чагы. Жөн жүрбөгөн жаны эми Шыкмаматовго ор казып, түрмөгө камалышына жол чаппаса болду. Ага дейре өзүнө деле мыйзамдын укуругу илинип калышы мүмкүн болуп турат... Жетишээр бекен?..


Текебаев Бабановго нени эскертти?
Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков баш болгон фракция лидерлери Алмаз Батырбеков, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев, Алмамбет Шыкмаматов 5-мартта "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп УКМКнын тергөө абагында жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен жолугуп чыгышты. Жолугушууда Текебаев "Республика -Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун эмнеге келбей койгонуна кызыгып, "Бул жак менен таанышып кетсе болмок, өзүнө деле жакшы болмок" - деген дубай салам айттырганын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Сыягы Текебаев Бабановго байланыштуу чуулгандуу иштер менен тааныш көрүнөт. Анткени Бабановго дагы Орусиянын мамлекеттик думасынын депутаттары "МегаКомго" байланыштуу доомат артып, акча алган деген кине коюп жүрүшкөнүн коомчулук унута элек. Демек "МегаКом" чырында Бабановдун дагы кулагы чыгышы ыктымал. Сыягы Текебаев ошону эскертип жатышы мүмкүн.


Кокуйлаган Жапаров
Кара башын калкалап чет өлкөдө сайран куруп жүргөн Садыр Жапаров жакын арада Кыргызстанга келе турганын социалдык тармактар аркылуу жар салып, "Кыргыз элим мени тосуп алгыла" - десе, күлкүдөн ууртуң жыйылбайт. Тим эле Кыргызстандын намысын коргоп жоо чаап, туу сайып келе жаткансып, кайсы арына "тосуп алгыла" дейт болду экен? Керт башын калкалап качып жүргөн жоругу үчүнбү? Же Жыргалаң шахтасын менчиктештирип алып, светке 20 миллион сомдон ашык карызын төлөбөй жүргөн суу куйдулугу үчүнбү? Кызыгы Кыргызстанга келип шайлоого аттанып, президент болгусу келгенин айтса күйөсүң. Алына ченеп иш кылып, мурдуна ченеп бышкырбайбы? Айткандай, Садырды УКМК Кыргызстанга келсе эле суракка алаары айтылды эле, сыягы ошондон чочулап, мени тосуп алгыла деп "кокуйлап" жатат көрүнөт...


Өмүркуловго чалма ыргытылдыбы же..?
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештин 1-марттагы пленардык жыйында Текебаевдин камалышы боюнча чыгып сөз сүйлөп: "Мына мага убагында Салянова иш козгоп, тергөө жүрүп, жыйынтыгында мен актыгымды далилдегем" - деген эле. Бирок ошол замат Аида Салянова Иса Өмүркуловго иш козгоп камап коюуга башка материалдар да бар экендигин, бирок ал материалдар боюнча эч кандай чара көрүлбөй жаткандыгы боюнча кеп козгоп, жыландын башын кылтыйткан. Мына ошол чара көрүлбөй жаткан материалдар эмне болгон материалдар экенин, аны текшерип, тиешелүү баа берип, чара көрөбүз деген максатта Башкы прокуратура ЖК депутаты Аида Саляновага Иса Өмүркулов боюнча өзүндө болгон материалдарды берүүсүн талап кылган кат жөнөттү. Башпрокуратурага Салянова материалдарды береби же ал жөн айтылган сөзбү эми билинет. Эгер материал болсо Башпрокуратура Иса Өмүркуловго иш козгойбу? Жок болсо, Салянова жоопкерчилик тартабы?




ПОИСК ГАЗЕТЫ