Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Осмонбек Артыкбаев, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Ызалануу сезими мен үчүн алсыздык комплекси болуп эсептелет"
Балалык чакка кылчайып
- Балалыгым жөнүндө сөз болгондо 40 жыл убакыттын артта калганы сезилет. Мен 17 жашымда аримияга чакырылып айылдан кеттим. Ошол боюнча четте болуп калдым, айылдан кеткениме 40 жыл болду. Бирок өзүм айылда болбосом да ички жан дүйнөм, оюм, сезимим, керек болсо түшүм да айылда, ошол менин киндик кан тамган жеримде калды. Айылдагы менин бала чагым өткөн кичинекей үйүбүз, ошол жердеги бардык нерселер, тоолор, кырлар, дарактар, суулар, таштар дагы менин жан дүйнөмө жакын. Менин туулган айылымда болгон ар кандай окуялар, туугандарымдын, ата-энемдин элестери көз алдыма келип, кинодон көргөндөй, өткөн убакытка кайрадан кайтып келгендей болом. Мен үчүн бул сезим эң баалуу. Ошондуктан дайыма айылга баргым келет. Менин чоң атам дүйнөгө башкача касиет менен келген адам эле. Бала кезинин эле ошол убакыттагы касиеттүү инсандар менен Анжиан, Кокон, Самаркандга чейин барып, ошол жактан өзүнүн билимин өнүктүргөн экен. 12 жашын өрөөндө имам болуп эл кыдырып, аларга руханий жактан таасирин тийгизип, аларды ар кандай оорулардан айыктырган. Күнү-түнү үйгө ар кандай кыйналган адамдар үзүлбөй келип, ал аларга жардам берген жана эч качан алардан акы алган эмес экен.
Атадан эрте ажырадык
- Менин атам чоң атамдын экинчи баласы болгон. Жаш кезинде ооруга чалдыгып, аны 16 жашында эле өлөт дешкен экен. Бирок ден соолугу үчүн катуу күрөшүп, кийин пединститутту бүтүп мугалим болуп иштеп жүрүп, 39 жашында көз жумган. Биз чоң атабыз курган үйдө чоңойдук. Үйдүн жанында чоң атам 19-кылымдын аягында курган мечит турчу. Ал жерге тынбай адамдар агылып келип, сыйынып турушар эле. Биз үчүн ата-энеге катуу айтып, жаман сөз сүйлөө же каяша айтуу деген түшүнүк төмөндүктү билдирчү. Айылдаштар эгерде биздин тескери жактарыбызды көрсө, касеттүү калпанын небереси деп жаман сөз тийгизип алабыз деп, тартиптүү жүргөнгө аракет кылчубуз. Атадан мен 4 жашымда калдым, кичүү иним ал кезде 7 айлык бала болчу. Ошондуктан биз бала кезден эле аракет кылып апабызга жардам берип, башка балдардай болуп кенен ойночу да эмеспиз.
Нике кайып
- Мен 27жашымда гана үйлөндүм. Жубайым менен Таш-Көмүр жарым өткөргүч заводуна багыттама менен келгенде тааныштым. Таанышкандан 2 жумадан кийин эле биз үйлөндүк. Жайында Таш-Көмүр шаарында өтө ысык болот. Ошондуктан дем алыш күндөрү Кара-Көл шаарына барчубуз. Ал шаар салкын жана эс алууга мүмкүнчүлүк көп. Жубайымдын аты Раушан. Мен алгач Раушанды Кара-Көлдө бир агам бар эле, анын үйүнө алып баргам. Агам келин алып келдиңби деп сураганда эмне дээримди билбей, бул кыз менин жакшы таанышым, чогуу иштейбиз, жөн эле дем алышта эс алганы келдик деп мукактанып жатканымды көрүп айттырбай түшүнгөн агам: "Кызды үйгө үйлөнүш үчүн алып келет, жөн эле кыз баланы үйгө ээрчитип келе бербейт, жакшы кыз көрүнөт, көңүлүңөр туура келсе үйлөнүп алгыла" - деп, туугандарды чогултуп үйлөндүрүп коюшкан. Кудайга шүгүр, 30 жыл бирге жашап 3 балалуу болдук. Улуу балам үйлөнүп, балалуу болгон. Чогуу жашайбыз. Экинчи балам Лондондо университетти бүтүп, Кредит сервис банкта иштеп жатат. Кызым азыр Эденбург университетинде окуп жатат.
Кыйынчылык - бул мүмкүнчүлүк
- Туура жашоо бул убакытты баалоо, ар бир секундду жашай билүү. Бул дүйнө чексиз сыр, ошону билүүгө, үйрөнүүгө, сезүүгө, умтулуу, түшүнүк эркиндиги, ой көз карансыздыгынан эркин болуу. Жашоо бул чексиз күрөш, аракет, ийгиликке жетүү, эгерде максатка жетпей калса ошол кеткен катачылыктын себебин таап, түшүнүп кайрадан максатка жетүүгө аракет кылуу. Жаңы бийик максат коюп ошону аткаруу, дайыма өнүгүү. Тынбай максаттуу кыймылдоо. Жашоодогу кыйынчылыкты мүмкүнчүлүк деп түшүнүш керек. Ошол кыйынчыкты жеңгенде гана биз өнүгөбүз. Кейигенди жаман көрөм. Айланада болуп жаткан окуяларга өз көз карашым менен карайм, кейип убакыт өткөрбөй, аракет кылып алга жылыш керек. Кыйынчылык бул салыштырма түшүнүк. Телегейи тегиз адам жок, дайыма кыйынчылык, проблема болуп турат. Биз ошол кыйынчылыкты чечиш үчүн аракет кылып кыймылдашыбыз керек.
Кыялдана билүү керек
- Кечинде асмандагы көп жылдызга карап ааламдын чексиздигине таң калып, ой жүгүртүү менен ошол ааламды түшүнүүгө аракет кылам. Кыялым менен ошол таң калычтуу чексиз дүйнөнү көзүмө элестетип, кыдырууну кыялданам. Ызалануу сезими мен үчүн алсыздык комплекси болуп эсептелет, тескерисинче максатка жетпей калсам анализдеп, кеткен катачылыкты изилдеп, аны аныктаганга аракет кылам. Кайрадан аракет кылып, ишти бүтүргөнгө умтулам. Ар кандай кризис бул өнүгүүнүн, ийгиликтин жаңы мүмкүнчүлүгү. Турмуш дайыма циклдик түрдө өйдө-төмөн болуп турат. Ошондуктан ар бир адам кыйынчылыкты чечүү үчүн ойлонуп, анализдеп, ошол кыйынчылыкты жеңүү планын түзүш керек. Ал пландын негизинде күнүгө аракет кылып, иштеш керек. Туура эмес жери болсо оңдоп, дагы аракет кылыш керек. Тынымсыз аракет ийгиликке алып келет. Балдарыма да ушинтип көп айтамын.
Биринчи байлык...
- Ден соолукка өз учурунда кам көрүш керек. Спорт мен үчүн өтө манилүү, спорт ден соолуктун, узун жашоонун мүмкүнчүлүгү. Мен күнүгө кеминде 6 км жолду жөө басканга аракет кылам, машыктыруучу залда да басам, лыжа тебем, жайында тоонун чокусуна чыгам, ат минем.
Ойдун тазалыгы
- Кудайга ишенүү мен үчүн чексиз мүмкүнчүлүккө ишенүү. Анткени Кудай берген мүмкүнчүлүк чексиз. Ал үчүн күнүгө аракет кылып, максат коюп, ошого умтулуу. Кудай аракет кылганга берет. Кудайга ишенүү - бул ойдун тазалыгы, чексиз мээримдүүлүк. Кудайга ишенүү - бул адамдар менен сый мамиледе болуу, жамандык кылбоо, айлана-чөйрөнү таанып, сүйүп, коргоо. Колдон келишинче адамдарга жардам берүү.
Өлкөбүздүн кожоюну өзүбүз
- Мамлекеттин келечеги ар бир адамдын аракети менен барабар. Эгерде ар бирибиз аракет кылып, максат коюп ийгиликке жетишсек мамлекетибиз да өнүгөт. Ар бир адам өз жерине кайдигер болбой, туура эмес болуп жаткан нерселерди оңдоого көмөктөшүп, өзү да жакшы иштерди жасаса анда мамлекет оңолот. Ар бир жаран мыйзамды аткарып, аны сыйлап, мыйзамды сактабагандарга көз салып, тартиптүүлүккө аракет кылса, анда биздин мамлекетте өнүгүү болот. Биздин өлкөдө өнүгүүгө эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр бар. Элибиз билимдүү, иштерман, жаратылыш байлыктарыбыз көп. Өзүбүздүн өлкөбүздүн кожоюну өзүбүзбүз. Жардамды сырттан күтпөй, күркүрөп өнүккөн кыргыз мамлекетин куруу ар бирибиздин колубузда.
Гүлмира ШАРШЕЕВА