Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Алга Кылычов:
"Атасы менен бир тууганына догун арткан адам мамлекетке да ошондой мамиле кылат"
Чоң атам менен сыймыктанып чоңойдум
- Ааламга жол айылдан башталат дегендей, менин кичи мекеним Нарын областынын Кара-Кужур, Лахол айылы. Ошол кездеги Лахол орто мектебин, азыркы Кылыч Рысмендеев атындагы орто мектепти аяктагам. Ар бир өзүн кыргызмын деп эсептеген адамга кымыз жыттанган айылы кымбат болот эмеспи. Шартка байланыштуу мен жайкы эмгек өргүүсүнө чыкан маалда, анан жакшылык-жаманчылыктарда гана айылыма каттап турам. Жайкы эс алууда биринчи айылыма барып, аңдан соң кыргыз бермети аталган Ысык-Көлгө барып эс алууну үй- бүлөм менен салтка айлантканбыз. Киндик кан тамган жер адамды өзүнө тартып турат эмеспи, айылга барганда ата-бабалардын арбагына багыштап куран окутам. Туугандарга учурашам, андан соң бала кезде ойноп өскөн жайлоону көздөй жол тартам. Жайлоодо өсөн бала кезимди эстегим келип турат. Айрыкча тестиер убагымда ышкын терип ойноп,таң атпай жайлоонун шүүдүрүм баскан шиберин жылаңайлак боюнча шымдын багалегин түрө чуркап, сергек жашоодо чоңойдук. Чоң энем Кайырсага бээлерди сааганга тосуп айдап келип, кулун салып берген күндөрүмдү сагынам. Жайлоонун таза абасын, шарпылдап агып, мөңгүдөн келген тунук суусу, айылдын тазалыгы, өзүнө тартат. Кичине кезимде тарбиянын башаты чоң атамдан болду десем жаңылышпайм. Чоң атамды эстегенде, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасы эсиме келет. Себеби чоң атам Кылыч Рысмендеев биздин өрөөнгө орус алфавитин тааныткан биринчи мугалим болгон экен. Ошол эмгеги үчүн айылыбыздын мектебине чоң атамдын ысымы берилген. Мен чоң атам менен сыймыктанып чоңойдум. Ал кезде сабаты жоюлган адамдар аз болчу да. Чоң атамдын агасы Темир чоң атам да кат-сабаты жоюлган, билимдүү адам эле. Бала кезде мага "Манасты" окуп берип, китепти кырааты менен окуганга үйрөтүп, тарбиямдын башатын ачышкан. Мени ушул даражага жеткирген чоң атам жана чоң атамдан татыктуу тарбия алган баласы Зарип Кылычев болгон. Атам ыраматылык өлсөң да чын айтып өл, эч качан калп айтпа, баштаган ишиңди аягына чейин чыгар деп тарбия берип өстүргөн. Өзү совхоздо бригадир болуп эмгектенчү. Апам Ажыкеева Шайырбүбү мектепте башталгыч класста мугалим болуп иштеп, азыр ардактуу эс алууда. Жети бир тууганбыз. Үч кыз, төрт уулбуз. Менден улуу эжем бар. Балдардын улуусу менмин.

Эмгек эрезеге жеткирет
- Бой тартып, 9-классты бүтүргөнүмдө, атам туура багытта өссүн, билим алсын деп мени азыркы Дайыр Асанов атындагы атайын аскердик окуу жайына өткөзгөн. Тилекке каршы ден соолукка байланыштуу бүтүрө албай калдым. Орто билим алып, андан ары билимди улантыш үчүн Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейди аяктадым. Жаңы жогорку окуу жайга тапшырууга даярдана баштаганымда атам ыраматылык мезгилсиз дүйнөдөн өтүп кетти. Ал убак 90-жылдардын ортосунда, базар экономикасында жашап турган маалыбыз эле. Атам кайтыш болуп, апам менен биргеликте үй-бүлө багуу милдети, түйшүгү мага эрте тийди. Ошол кездеги көптөгөн жаштар сыяктуу эле базарда соода кылып, Казакстандан, Өзбекстандан товар ташып, апама каралашып, соода менен алектенип жүрүп, бой тарткан убагыма келгеним сезилбей калган. Башыма эрте турмуштун түйшүгү түштү. Соодадан бутума туруп баштасам да, баары бир билим алуу керек экенин сезип, Бишкек шаарындагы Бишкек медициналык окуу жайдын "санитария эпидемиология" сан инспектор кесипти бүтүрүп чыктым. Андан соң "Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунан "Башкаруу менеджери" кесибин алып чыккам. Андан кийин Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жаны муундагы башкаруучуларды чакыруу" программасы боюнча билим алдым.

Үй-бүлөң - өз тандооң
- Мен келинчегим менен жакшынакай сүйлөшүп жүрүп анан үйлөнгөм. Тааныбаган кызды ала качып алгандарга башынан каршы болчумун. Бул туура эмес. Мындай жосунсуз жорукту салт катары колдонуп жүрүшкөндөр көп. Мындай жорук кыргыздын салтында болгон эмес. Чынында кыз ала качып кетти деген түшүнүктүн мааниси такыр башка. Келечек муун биле жүрүшү үчүн айта кетчү нерсе, эки жаштын ата-энелери кудалыктан баш тарткан учурда, эки жаш бирин-бири жактырып калып, кайсы бир учурларда колунда жок жигит калыңын төлөй албай, бирок кыздын сүйүүсү, макулдугу менен кыз-жигит сүйлөшүп алып, башка жакка ээрчишип качышкан. Мына ушундай шартта "Кыз ала качты" деген түшүнүк калган. Сөзүм куру болбош үчүн Көл тараптан Чүйдү көздөй келе жаткан жолдо Боом капчыгайынын ичинде "Кыз-Күйөө" деген айылды баарыбыз билебиз. Илгери Көл тараптан бир жигит байдын кызын жактырып калып, бай каршы чыгып, бирин-бири сүйгөн эки жаш качып келип, артынан келген куугун жарга такап кармаар маалда, эки жаш жардан сууга боюн таштап каза болушкан деп айтылат. Ошонун урматынан ал айылдын аты "Кыз-Күйөө" болуп аталып калган экен. Ал кезде да азыркыдай тааныбаган кызды малчасынан бүктөй качуу болгон эмес. Муну маңкуртчулук десек болот. Өмүрлүк жубайды ойлонуп туруп, өмүр бою жашагандай кылып тандаш керек. Мен өмүрлүк жубайым Ниязова Гүлнур менен таанышып, ойлорубуз, сезимдерибиз төп келишип анан үйлөнгөнбүз. Азыркы тапта Айназик, Гүлназик, Айтумар аттуу үч кызыбыз бар.

Татыктуу жашоо
- Татыктуу жашоо - атанын тарбиясын, эненин ак сүтүн актоо. Балдарга камкор ата, эң негизгиси элинин керегине жароо деп билем. Бир келген өмүрдө калыс, чынчыл, ак эмгектенип, мекенимдин татыктуу уулу болуу. Эр жигиттин жүрөгүндө, мекенди өмүрүн берсе да сакташы керек деген түшүнүк жашашы керек. Мекенимдин өнүгүшү, келечеги, элимдин бакубат жашоосу жөнүндө көп ойлоном. Кайсы бир деңгээлде элимдин керегине жарап, атым калса экен деген кыялым бар.

Ата сөзү
- Мен 7-апрелде канчалаган эл керегине жараган жигиттерибизди Бакиев аттырып, мекендештерибиз каза болгондо жана андай учурлардан пайдаланып намыссыздар талоончулук кылып жаткандарды көрүп катуу ызаланганым эсимде. Иш баштап, аны аягына чыгара албай жатканда көп ызаланбайм, себеби бштаган иш бүтөөрүнө көзүм жетет. Негизгиси эмгектенүү керек экенин билем. Убактылуу кыжаалат болом, бирок ызаланбайм. Ыраматылык атамдын баштаган ишиңди аягына чейин чыгар деген сөзү ар дайым жүрөгүмдө.

Калыптануу
- Жылдан-жылга биз адамдар башкача болуп, пейилибиз тарып бараткандайбыз. Мунун бардыгын ушул учурга, заманга шылтайбыз. Заман бизди жасабайт, биз заманды жасайбыз. Болбосо мындан өткөн согуш жылдары ата-бабаларыбыз машак терип, намысын сатпай, ынтымак менен согушту жеңген да. Жашоодо жакшы жашаш үчүн ар бир куракта милдетиңди өз убагында туура аткарыш керек. Окуучу кезде жакшы окуганга аракеттениш керек, иштечү убакта иштеш керек, ак эмгегиң менен баарына жетсе болот. Атам мага эмне кылып берет, бир тууганым мага эмнесин берет деген түшүнүктөгү адам акыры мамлекет мага эмне кылып берет деген сөздү айтат. Тескерисинче мен ата-энеме, элиме, мамлекетиме эмне кылдым деген түшүнүктү калыптандыруу керек. Жакшы жашоонун да, кризистен чыгуунун да бир эле ачкычы бар , ал - аракет, ак эмгек жана ынтымак.

Сергек жашоо
- Спорт, деги эле сергек жашоо улуттук идеологиянын бир бөлүгү десек болот. Мамлекет башчыбыздын "Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун" дүйнөлүк деңгээлде таанылтууга аракет кылып, спорт сүйүүчүлөргө жакшы шарт түзүп берип, үлгү болгонун баса белгилеп кетким келет. Ар бир спортчу өжөрлүк менен туура машыгып, ак эмгектенсе жеңишке жетишет. Мисалы Айсулуу Тыныбекова карындашыбыз жаракат алганына карабастан, өзүн эркин көргөзүп жеңишке жетишкени келечек муунга эң сонун үлгү боло алды. Ар бир спорт түрү оңой деп айтуу туура эмес. Ар бир иш кажыбас мээнет, ак эмгекти талап кылат. Мен өзүм йога, кулатуу менен машыккам. Студенттер арасындагы мелдештерде жеңишке жетише алгам. Андан сырткары шахмат, тогуз коргоол сыяктуу акыл-эсти өстүрүүгө багытталган оюндарды да унутпашыбыз керек.

Шүгүр кылам
- Эгемендүү Кыргызстан мамлекетинде, суверендүү өлкөдө жашап жатканыбызга шүгүр кылам. Биз улут катары сакталып, өз алдынча эгемендүү мамлекет болгонубузга тобо кылып жашашыбыз керек. Болбосо бизден улуту боюнча бир канча чоң болсо да мамлекети жок калктар бар. Кылымды кезген кыргыздар кылымдан-кылымга жашай берет. Жаркын келечек мен үчүн - элимдин тынчтыкта, бакубат жашоосу.

Гүлмира ШАРШЕЕВА