Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Акин Токталиев, адвокат, укук коргоочу:
"Максат ажы үч жыл бою муфтий болуп иштеп мыйзамсыз маяна алып, мусулман коомчулугун алдап жүргөн"

Азыркы муфтий Максатбек ажынын тиешелүү диний билими жок, ал мусулмандардын укугун анча коргой албай, кайдигерлик кылып жатат деген Акин Токталиев менен байланышып, суроолорубузга жооп алдык.

- Акин мырза, маалымат жыйын берип, муфтий тууралуу айткандарыңызды муфтияттан жокко чыгарып, Максатбек ажы Скрябин атындагы айыл чарба институтунан зоотехник адистигине ээ болгонун жана Пакистандын Лахор шаарындагы "Аль-Арабия" университетинен билим алганын айтышты го? Буга кандай жооп кайтарасыз?
- Максатбек ажы жогорку билим алдым деген "Аль-Арабия" деген окуу жай Пакистанда жогорку окуу жайга кирбейт экен. Айтайын дегеним, "Аль-Арабия " диний окуу жайы тууралуу Дин комиссиясынын директору Орозбек Молдалиевге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен 04.06.2015-жылы №16-025/6101 номерлүү кат менен маалымат беришкен. Ал документти жакын арада эле көрдүм. Кайсы тармак болбосун адилеттүүлүк орун алсын деген максатта ошол маселени көтөрүп, Максат ажы үч жыл бою муфтий болуп иштеп мыйзамсыз маяна алып, мусулман коомчулугун алдап жана КМДБнын уставын бузуп жүргөнүн айтып чыктым.
- Муфтий тууралуу тараткан терс маалыматтарыңыздан улам аны менен мамилеңиз начар окшойт деген ойго кептелет экенсиң. Азыркы муфтий менен кандай мамиледесиз?
- Негизи муфтий Максатбек ажы тууралуу коомчулукта терс пикир жаратайын деген деле оюм жок. Чынын айтсам, Максатбек ажы менен абдан жакшы мамиледемин. Мен аны, ал мени сыйлайт. Башкача айтканда, пофессионалдуу укук коргоочу жана адвокат деп мага урмат-сый менен мамиле кылат. Бирок орустар "Платон мой друг, но истина дороже" дегендей, мен КМДБ өздөрү кабыл алган мыйзамдуу устав сакталсын деген гана ой менен ушул маселени көтөрүп, бул нерсе кийинки шайланчу муфтийлерге сабак болсун деп жатам. Анткени эртеби-кечпи жасалма сөздөр, дипломдор айтор, ар кандай терс иштери бүгүн жашырганы менен эртең эле ачыкка чыгып калат деп ойлонсун, өзгөчө молдокелер мыйзамды сыйлаганды жана аны аткарганды үйрөнсүн деп жатам.
- Муфтийликке ат салышсамбы деген оюңуз барбы? Муфтий Максат ажыга каршы топтун заказын аткарып жаткан жоксузбу?
- Мен өзүм укук коргоочумун жана адвокатмын, өз профессионалдуу ишимди гана аткарам. Менде муфтий болот элем деген ой жок. Себеби диний билимим жок. Муфтийликти талаша албайм. Өзүм да муфтийликке жарабайм. Кабыл алынган мусулмандардын уставы бурмаланбай так аткарылсын деген гана таризде ошол маселени көтөрүп, өз көз карашымды билдирип жатам. Чынын айтсам, мага муфтийликке ким келгенинин айырмасы жок. Эң негизгиси, муфтийликке мусулмандардын укугун коргогон адам келиши керек. Эгер чала сабат адам келсе, ал бийликтин марионеткасы болуп, ажылыкта акча бөлүшкөндөн башка иш алып бара албай калат.
Өкүнүчтүүсү, 1700дөн ашык момун мусулмандар мыйзамсыз экстремист деген жалган жалаа менен соттолуп кетишти. Масатбек ажы болсо аларга арачы түшө албай кайдигер мамиле кылып, мен келтирген далилдерди бийликке жеткире албай мококтук кылып жатат. Ушул жагынан караганда, мусулмандардын таламын талашкан адам муфтий болсо деген оюм бар.
- Сизди экстремист, террористтердин демилгечиси деген маалымат чыкты эле. Ал сөздүн аныгына чыга алдыңызбы?
- Мени аз жерден экстремист - террористтердин уюштуруучусу, демилгечиси деп, сот жообуна тарттыруу үчүн УКМКга жашыруун катты Дин комиссиянын директору жибериптир. Ал аз келгенсип, Акин Токталиев эл аралык уюмдан акча алат террорист-экстремисттин уюмун коргош үчүн жана ызы-чуу салыш үчүн деп жазылыптыр. Мен айткан жашыруун каттын ээси менен соттошуп жатам. Мага өтө чоң оор кылмыш кылды деп жазыптыр, ошону далилдеп бергиле деп, 2015-жылдын июнь айынан бери соттун аягына чыга албай жатабыз.
- Чубак ажыны да президенттик тактан көргүсү келгендер бар экен. Өзү Чубак ажыга ишенгендер барбы?
- Чубак ажы негизи реформатор муфтий болгон. Бийлик менен теңтайлашып, мусулмандардын укугун коргой алат жана бийликтин кетирген кемчилигин саясатчыларга окшоп беттен албай, Куран, хадистерди айтып, тарыхта падышалар, вазирлер, соттор кандай болгон жана кандай болуш керек экенин жалпак, жумшак тил менен түшүндүрөт. Ал эми коомчулукка болсо падышаны жана анын өкүлдөрүн кандай мамиле жасашты айтып даават жасап митинг, пикет дегенди жоготот, Сирияга адашып кетип жаткан элди токтотуп, кеткендерди чакырып алып келет. Мусулман өлкөсү президентке караганда Чубак ажыга ишенет. Ошондуктан инвестицияны Чубак ажы жеңил алып келип, кыргыз элин бир заматта байытып жибере алат. Азия жана Россияда билими ага тең келген бир дагы муфтий жок. Чубак ажы президенттикке койсо да эл колдойт, бирок ал саясий жагынан жаш, такшала элек. Ошондуктан "карышкырларга" алданып калышы мүмкүн.
Чынайым Кутманалиева