mainkaptal

Пользовательский поиск
Фабула
Бөрк ал десе, баш алмай…
Текебаевге боштондук, Карыпбековго "өлүмбү?" Кудайдан корккула!
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча коомчулукта талкуу дагы болсо катуу жүрүп жатат. Бир тарабы Текебаевди жактап, саясий куугунтук катары мүнөздөмө берип жатышса, экинчи тарап "колу менен жасаганды мойну менен тартсын", ак болсо мыйзам алдында укуктук талаада күнөөлүү эместигин далилдесин дешүүдө.
Мындай талаш-тартышуу, ак-карасы таасын ажыратылбай бүдөмүк тарткан саясий кызыкчылыктардын кагылышуусу өкүм сүргөн иш 1-мартта Жогорку Кеңеште дагы кызуу талкууланды. Парламентке башкы прокурор Индира Жолдубаева менен УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев чакыртылды. "Ата Мекен" партиясынын депутаттары Текебаевдин камалышын куугунтук катары сыпатташып, аны үй камагына чыгарууну, бул ишти комиссия түзүп иликтеп чыгуу зарылдыгын талап кылышты. Бирок үй камагына чыгаруу боюнча демилгени УКМКнын башчысы менен баш прокурор да, эл өкүлдөрү да колдогон жок. Баш коргоо чарасын сот гана чечээри айтылды. Ал эми Текебаевдин ишин Аида Саляновага козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн түзүлгөн комиссияга кошуп коюу чечими кабыл алынды. Ага Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш ишин кароо маселеси да кошулду. Ошентип депутаттык комиссия "Ата Мекен" партиясынын үч депутатына козголгон кылмыш иштерин иликтемей болушту.
Ал ортодо "Ата Мекен" партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз "АКИпресс" маалымат агенттигинде жыйын өткөрүп, Өмүрбек Текебаевдин камалышынын себебин 2017-жылдын 16-январында "Манас" аэропортуна жакын Дача-СУ айылынын үстүнө кырсыкка учурап кулаган Түркиянын "Боинг-747" жүк ташыган самолету менен байланыштырган билдирүү таратты. Авикырсыктан айылдын 40ка жакын тургундары өмүрү менен кош айтышып, 30га жакын үй талкаланган болчу. Самолёт сотовый телефон, электроника сыяктуу 85 тонна жүк тартып келе жатканы маалым болгон. Бул сырдуу жүктүн ээси ким экени боюнча маалымат айтылган эмес. "Ата Мекен" партиясынын юристтери дал ушул жүк президент Атамбаев менен анын жубайы Раиса Атамбаевага тиешелүү болгонун түрктөрдүн атайын кызматы изилдеп чыгып тактаганын, анан бул маалымат Өмүрбек Текебаевдин колуна тийип, жумурай-журтка жар салганы келе жатканда ага үлгүртпөй аэропорттон кармап, камакка алышканын айтып чыгышты. Ал түгүл Түркиянын президенттик аппаратына жазылган делген Түркиянын коопсуздук кызматынын өтө жашыруун деген документтердин айрым көчүрмөлөрүн көрсөтүшүп, түп нускасы Жогорку Кеңештин Текебаевдин ишин иликтеген комиссиясына бериле турганын жарыялашты.
Буга байланыштуу, ошол эле күнү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылычты чакыртып, элчиден "кырсыкка кабылган учактагы жүк президент Атамбаевге жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон" делген Түркиянын атайын кызматы бергени айтылган маалымат боюнча түшүндүрмө сурады. Мындай кабыргасынан коюлган маселеге, түрк элчиси учактагы жүк боюнча жарыяланган документтер жасалма экенин билдирип: "Түркиянын атайын кызматы өзүнүн эн белгиси басылган жашыруун документтерди эч кимге бербейт. Кимдир бирөөлөр бул чатакка түрк тараптын да тартылышын каалап жатат. Түркия башка мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын да ички саясатына кийлигишпейт. Бул айтылгандар - ыксыз айтылган жалган маалымат" - деп айтты.
Социалдык тармакта "Ата Мекен" партиясынын юристтери көрсөткөн, Түркиянын президенттик аппаратына жазылган делген, Түркиянын коопсуздук кызматынын өтө жашыруун деген документинде толгон-токой ката бардыгы факты менен көрсөтүлүп, кызуу талаш-тартыш жаратты. Айрымдар Текебаев абакта жатып алып президентке көө жаап, жалган маалымат тараттырып жатканын керт башын коргош үчүн бирөөнүн колу менен чок шилеп, "Ата Мекен" партиясынын юристтеринин камалышына шарт түзүп берди дешип айыпташты.
Өкүнүчтүүсү ушул эле күнү КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков жол кырсыгына кабылып, оор абалда Бишкек шаардык 4-ооруканасына жеткирилип өмүр менен өлүмдүн ортосунда жатканда, Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары (арасында Табылды Акеров, Турсунбек Акун да бар) КТРКга келип аталган документти коомчулукка жарыялоо үчүн эфир берүүнү талап кылышып, "Илим өлүп калсын"-деп кыйкырышты.
Кыргыз эч качан минтип өмүрү кылдын учунда турган адамга кара мүртөздүк кылып өлүм тилеген эмес. "Бирөөнүн өлүмүн тилегенче, өз өмүрүңдү тиле" дешип, душманына да кара санабаган. Кыянаттык мамиле көптүн жүрөгүн оорутту. Бул жагдай айкөл кыргыз майдаланып кеткенинен кабар берди.
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу





Жаздын бир күнү жүз күнгө тете
"Жаз - жарыш, күз - күрөш", "жаздын бир күнү жүз күнгө тете" дегендей, Талас облусунда жазгы жумуштарга даярдык башталды. Талас облусунун губернатору Даир Кенекеев баштаган облустагы суу чарба башкармалыгынын жетекчилери атайын адистер менен биргеликте, Киров суу сактагычынан түшкөн "Саза" каналынын (быстроток) абалы менен жеринде таанышышты. Белгилей кетсек, бул канал аркылуу Манас районуна караштуу Кызыл Жылдыз, Кеңеш, Жийде, Чоң Капка айыл элдеринин 2,5 миң гектар үлүш жерлери сугарылат. 2016-жылы нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Талас суусунун деңгээли көтөрүлүп, аталган каналдын жээктерин суу жууп кетип, айыл эли үлүш жерлерине суу жетпей, бир топ кыйынчылыктар болгону эсибизде. Быйыл дагы ушундай акыбал орун албашы үчүн облус жетекчилиги жаз алды менен тиешелүү аракеттерди көрүүдө. Алсак, Талас суусун эски нукка буруу, каналдын жээктерин калыбына келтирүү маселелери каралып, тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине талапка ылайык оңдоп-түзөө иштердин жүргүзүлүшүн, жазгы талаа иштери башталганга чейин сугат суу менен камсыз кылуу боюнча толук шарттар түзүлүшү боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле каналды оңдоп-түзөө иштерине "Бакубат Талас" фондунан 200 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.


25 миң мугалим турак жайга муктаж
Бизде мамлекеттик ипотекалык компания деген бар. Бул компания атына заты жарашпай, мамлекеттик ипотекалык эмес эле, мамлекеттик аферисттик компанияга айлангандай түр көрсөтөт. Алсак, буга чейин бюджеттик мекемелерде эле иштегендер турак жай ала алат деп ооздорун чоюшканы эсибизде. Аягы эмне болду? 7000ге жакын адамдан үй алууга арыз түшүп, тилекке каршы 860ка жакынынын гана үй алганга айлык маяналары туура келет экен. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, үстөк пайыздын жогору болгондугуна байланыштуу, бир катар үйгө муктаждар арыздарын кайрып алышкан. Ушул компания менчик банктардын капчыгынын кампайышына салымын кошушпай, мамлекеттик банктар менен эле иштешсе, үстөк пайызы төмөнүрөөк болмок. Бирок андай жолго барышпай, менчик банктан алчу алакан ысытчу акчаны кыя алышпай, ар кайсы шылтоону айтышып баш айландырышууда. Бүгүнкү күндө жалпы 77 миң мугалимдин 25 миңи турак жайга муктаж экен. Бирок тилекке каршы, мугалимдердин айлык маянасынын аздыгынан аты мамлекеттик, заты менчик компаниядан турак жай ала алышпай кыйналууда.


Текебаев бекер путевкадай да болбой калдыбы?
Өмүрбек Текебаевдин камалышын трагедияга айлантышып, кыргыз демократиясы өлдү дешип жер сабап кокуйлашып жаткан Адил Турдукулов, Равшан Жээнбеков, Замира Сыдыкова, Бегаалы Наргозуевдер бекер путевкага азгырылышып, мөөнөтсүз башташкан митингдерин токтото салышып Европага тыз коюшту. Кыйын күн башына түшүп карайлап турганда, ишенич артып жаткан адамдары бекер жолдомо үчүн Текебаевге башын оорутпай сейилдеп кетиши, "Ата Мекендин" атасына катуу тийиптир. Уккан-көргөндөр нерв деп жатышат.



меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика