presskg.com

Башбарак

Архив

Макала издегич Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Архив-1 Архив-2 Архив-3 Архив-4 Архив-5 Архив-6 Zaman Кыргызстан Агым Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Ош шамы Ош жаңырыгы Кыргыз руху Салык экспресс Саратан Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Алас Бишкек таймс Назар Энесай Новости Иссык-Куля Эркинтоо Биримдик Пресс kg Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар
mainkaptal
Пользовательский поиск
Фабула
Индира айым кыйын экен…
Башкы прокурор Индира Жолдубаева кыйын экен. Камалбайт деген Текебаевге кылмыш ишин козгоп, темир тор артына отургузуп койду. Буга дейре бир дагы прокурордун эрки жеткен эмес. Албетте, мындай батылдыкка баруу ар кимдин колунан келе бербейт. Индира айымдын колунан келди. Демек жетиштүү далил, факт бар. Баары мыйзам алкагында болуп жатканына ишенген үчүн парламентте бир дагы депутатка моюн берген жок. Кыйын экен…


"Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан…"
Негизи "Республика-Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдон өткөн кыйды, сагызгандан сак саясатчы жок да ээ-эй. Парламентте Текебаевдин камалышы боюнча эл өкүлдөрү кырды-бычак болушуп кайым айтышып, ар бир фракция лидери өз ойлорун ортого салып жаткан күнү Жогорку Кеңешке басып келбей койду. Бабановдун бул кылыгын депутаттар, коомчулук Текебаев тууралуу пикир айтам деп президент Атамабевге жаман көрүнүп албайын деп сактанганы катары кабыл алышты. Чындыгында президенттик шайлоонун алдында бийликтин куйругун басып албайын деген кыйдылыгы кармап, "бириң өлүп, бириң кал мага бары бир" дегендей парламентке келбей, караанын көрсөтпөй качты. Анан ушундай ойт берме, жылма адам өлкө башына келсе, коңшу өлкөнүн жетекчилери менен тең ата сүйлөшө албай жалтаңдап, маселе чечүүчү жерден көлөкөсүн көрсөтпөй качса шорубуз катат го.


Ойгонду…
КСДП фракциясынын депутаты Асилбек Жээнбеков "ойгонду". Жаз келгенде аюу чээнден чыккандай эле таасир калтырды. Спикерлик кызматтан түшкөнү президентке таарынып эч бир ооз ачкан эмес. Атамбаев менен Текебаевдин кармашы апогейине жетип камалганга дейре түк үн катканга жараган жок. Анан Текебаев "алдамчылык", "коррупцияга" шектелип камалгандан кийин, параламентте "кынтыксыз аброй" туурасында кайра-кайра айтып катуу күпүлдөдү. Муну менен Текебаевде "кынтыксыз аброй" жок болгон, эми мыйзам алдында жооп берсин жасагн кылыгына дегенди туюндурду. Текебаев парламентте күүпүлдөп турганда эмнеге мындай оюн айткан эмес деп таң калгандар жок эмес…


Жапаров эмнеге күйгүлтүк түшүүдө?..
УКМК Садыр Жапаровду күбө катары сурак алууга кызыкдар экенин өзү чет өлкөдө жатып кабарлады. Мындан улам, чет өлкөдө жүргөнүнө байланыштуу, Кыргызстанга 25-март күнү бараарын айтып, ошондо өзү УКМКга бараарын жар салды. Бирок андан көп өтпөй, мени чек арадан киргизбөө боюнча УКМК тапшырма бериптир деп айкырып чыкты. Буга байланыштуу "Мага кылмыш иши козголгон жок. Козгойбуз деген ниеттери бар болсо керек? Мейли билгенин кылышсын"-деген билдирүү таратты.


Сариевден жаа бою кача башташты
Мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариев Текебаев 2010-жылдан кийинки "МегаКом" маселесине байланыштуу камалгандан кийин, Банк кутучаларынан алынган 1 миллион доллар боюнча мага дагы "укурук" ыргытылабы деп кабатыр. Арийне "Лонг-Хай" компаниясынан 6 миллион доллар алды деген шек али күчүндө турганда, банк кутучулары боюнча маселе кошулса иши чатакка айланаарында кеп жок. Демек, сурак берип жүргөн Сариев президенттик шайлоого аттанмак түгүл, темир тор артына кетүүдөн кантип сактанып, аман калам деген маселе менен алектенип, жан айласын таппай калышы мүмкүн. Андыктан Темир мырзанын президенттикке ат салышын колдойм дегендер эмитеден тескери айланып, жаа бою кача башташыптыр. Ырасында, ким эле тагдыры кылдын учунда турган адамга акча коротуп, колдогусу келсин…


Адамкуловага чара көрүлөбү?
Биз буга чейин КУУдагы каржы бузууларды жазып да, айтып да келе жаттык эле. Мындан улам ректор Адамкулова миллиондон ашык каражатка сотко берип, жазгандарыңар калп деп, акча өндүрүүнү көздөп жаткан. Ал ортодо эсеп палатасы КУУдагы 2015-жылдагы текшерүүдөн 9,9 миллион сом каржы бузуу болгонун таап чыкты. Эсеп палатасы билдиргендей, 2015-жылы 9,5 миллион сом каражат жетпей калган. Анын ичинде 2,9 миллион сом мугалимдерге негизсиз айлык акы катары, жогорулатылган карыздардын суммасы 6,6 миллион сомду түзгөн. Андан тышкары бюджетине ижарадан түшө турган каражаттын суммасы 0,4 миллион сом. Дагы бир мыйзам бузуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн эч кандай бүтүмү жок эле жумуштун оордугуна, зыяндуулугуна шылтоолоп мугалимдерге негизсиз 2,2 миллион сом кошумча айлык коюп койгон. 2015-2015-жылдары 54 кызматкерге (анын ичинде декандар бар) белгиленген айлыкка дагы кошуп 0,6 миллион сом төлөнгөн. 2016-жылдын 1-январына бухгалтердик эсепти алганда 5,5 миллион сом дебитордук карыз көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле жатаканада жашагандардын ижара акылары боюнча да 1,1 миллион сом карыз да көмүскөдө калган. Аудиттердин текшерүүсүнүн дагы бир жыйынтыгы резерв жана бюджеттеги чыгашалар 3,4 миллион сом. Институттарды кайра түзүүдө 0,8 миллион сом, анын ичинде 0,7 миллион сом материалдык каражаттар институттан университеттин балансына кашайып өтпөй калган. Анан ушундай кылган иши мандемдүү немени эмнеге ректор кылып эркелетип отургузуп коюшту түшүнүксүз. Чара көрүлөбү?


Чыныбай мырза Аида айымды бозала кылды
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламенттик жыйында "Ата Мекен" партиясынын депутаттарынын кыйкымчыл аракеттерине катуу туруштук берди. Чектен чыккандарды ордуна коюп, тизгинин тартты. Маселен, Аида Салянова төрага менен кагышууга шылтоо таппай калганда жок жерден убактымды токтотпой коротуп жатасыңар деп кинелеп, итиреңдеп чыкты эле, чыдабай кеткен Чыныбай мырза "убакытты мен эмес, Кудай да токтото албайт" деп оозун жап кылып, "дем алганына да убакыт кошуп берип койгулачы" деп какшыктады. Акыркы учурда парламенттеги "обонго" айланып бараткан Аида айым бозала болуп, жооп кайтара албай калды.


Мухаммед Салихтин "Ата Мекен" менен кандай байланышы бар?
Президенттик жарышка даярдык көрүп жүргөн "Ата Мекен" партиясынын Жогорку Кеңештеги бараандуу депутаттарынын бири Өзбекстандын бийлигинин элдешкис душманы, Өзбек ислам кыймылынын лидери катары саналган Түркияда баш калкалап жүргөн Мухаммед Салих менен тымызын жолугушканы айтылууда. "Ата Мекендин" ал депутаты 20-январь күнү Стамбулга учуп Мухаммед Саликке жолугушуп, 23-январь күнү Москва аркылуу Кыргызстанга кайтып келген. Мухаммед Салихтин Стамбулдан 60 чакырым алыстагы резиденциясында кучакташып түшкөн сүрөтү тиешелүү органдардын колуна түшүптүр. Өзбекстан бийлиги менен мамиле жаңыдан оңолуп келе жатканда, мындай жорукка жол берилбеши керек. Түркиянын атайын кызматы берген документ делип, Текебаевдин юристи жарыялап жаткан материал да Мухаммед Салихтен келиши мүмкүн деген божомолдор бар. Бул сырдуу жагдайды эл өкүлдөрү "Ата Мекендин" кайсы депутаты 20-январда Стамбулга учканын, анан Москва аркылуу кайтып келгенин тиешелүү органдардан сурап билип, бул маселени тыкыр текшерүүгө алдырышы керек. Бул жерде өлкө коопсуздугуна байланыштуу маселелер чыгышы ыктымал…




ПОИСК ГАЗЕТЫ