mainkaptal
Пользовательский поиск
Фабула
Адамзат трагедиясы
(Публицистика)
Апаат
Түркүн түркүн заман алмашып, доорлор сүрүлүп кетип коомубуз зөсүп-өндү, цивилизациянын туу чокусуна жеттик дегенибиз менен (көптөгөн жакшылыктарына карабай) адам баласы баштапкы формациядагы кейпинен чыга албай, жырткычтыгын таштай албай жатат. Буга алардын өз ара согушуудан башы чыкпай, бирин бири талкалап, аесуз кан төгүп кырылышып, тирешип келе жатканы айкын мисал. Деги, адамзатынын тарыхында согуш оту каптап турбаган мезгил болду бекен?!...
Сыртынан сыпаа маданияттуу көрүнүп жибектей мүнөз күткөнү менен бирин бири жеп жиберейин деп, ачыка чыга албаса да жамандыгын тымызын жасап, (Адам пенделер арасында да, айрым мамлекеттер арасында да) кылтасын билгизбей кыйып салсам деп биринин ийгилигин бири көрө албай ичи тарып эрегишип, котур ташын койнуна катып, арамзалыгы кара башын жутчудай болуп турган пенделер турмушубузда четтен чыгат. Өлчөөлөрү өзү менен кетсин. Желмогузчулугу адамдык турпатын жеп турган мите пенделер бардык жерден жолугат.
(Алла Таалам адам баласына жараткандан ыроологон табияты түзүүчүлүк, жаратмандык касиетке ээ. Ал эми жаманчылыктары көр пендечиликке алдырып коюп жатканы). Мына ошондой желмогуздар өз өмүрүнүн кадырына жете албай туруп турмушубузду ичиркентип, адам үрөйүн учурган заарын айлана-тегерегине чачып, башкалардын өмүрүн да кыскартып жатышат.
Бардыгы ушундан, көрпендечиликтен, алардын карама көрлүгүнөн, бирин бири көргүсү келбей, эрегишип тирешип тургандыгынан башталат экен. Ар ким кудай ыроологон өз ырыскысына каниет кылып, тообо келтиргенди үйрөнсө, (карышкырдай тиш салып улкуп-жулкуп алып жеп турбаса, ажыдаардай араанын ачып там-таш, темир-тезек дебей туш келгенин оп тартып жута бербей жегеним аш болсун деп топук кылса) турмушубуз азыркыдан бейпил да, бакыбат да болот беле. Анткеним, өмүрдүн маңызын түшүнүп кадырлай алса дүйнөдөт турмушубузга бүлүк түшүрүп турган жаманчылыктар аз болмок.
Эми көрсөңүз, адамзатынын үрөйүн учуруп, улам улам кыяматты жакындатып турган дүйнөдөгү согуш апааттары да ушундан улам тутанып кетип жатпайбы. Бул эми карама көрлүк да. Жамандыктын жамандыкты алып келерин билбей турушпайпы. Жамандыгыңдын бумеранг сыяктуу өзүнүн мыйзамы бар.
Адамдын адамга душман болгону түбү жаман,эзелтен ушундай. Учурунда токтотпосо жер менен жексен кылып коет. Согушта жеңүү деген болбойт. Ал убактылуу эле пенделик ары жок салтанат. Тирешүү кесепетинен түбүндө эч ким аман калбайт. Көрпенделик, митечилик дегениң, согуш дегениң жашоо бүткөн дүмойсоп, талкалап, адамзатынын башына балээни үйүп, бара бара тукум курут кылып коюучу эң коркунучтуу апаат.
Ажыдаарчылыктын формуласы
Элдин кыжырын кайнаткан көрүнүштөрдүн баары пейилдин бузулушунан, "колунан келип кончунан басып тургандардын" обурун араандай ачып, алкымын тыя албай, ыйманын кошо жутуп койгондугунан болуп жатат. Элибизде "өзүмдү алсаң да пейилимди ала көрбө" деген накыл кеп бар. Турмушубуз ушул касиеттен мүчүп эңгиреп турат. Турмуштун оңолушу да пейилдин оңолушуна байланыштуу.
Менчиктештирүү мыйзамын кабыл алган легендарлуу парламенттин депутаттары мезгил өтүп кетсе да анын кесепеттери канчалык болуп жатканын эске алып, моралдык жоопкерчилик дегенди ойлоп коюшу керек эле. Алардын арасында "ушул мыйзамды бекер кабыл алган экенбиз, чоң жаңылыштык кетирген турбайбызбы, аттиң", -деп өкүнүп калгандары бардыр. Анын "өнүмдөрү" мезгил өткөн сайын терең тамырлап өсүп, кесепеттери күчөп баратат.Алдын алып бөгөт коюучу мыйзам кабыл алынып эле кайра кандаган шойкомдуу жүрүшүн ноктолоп койбосо токтоор түрү жок.
Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышындагы "Капиталды легалдаштыруу" мыйзамынын да элге, мамлекетке пайдасынан зыяны көп болгон. Ал бир ууч топтун, олжого оңой туйтунуп алгандардын кызыкчылыгын коргоп берген. Дегиси, түпкүлүгүндө элдин кызыкчылыгына, мамлекет таламдарына каршы келген мыйзамдардын кабыл алынып кетишине жол берилбеши керек. Ырас, бул жагынан билек түрүнүп иштеп жаткан азаматтарыбыз да бар. Мыйзам чыгаруу бул эң бир зор интеллектуалдык көрөңгөнү талап кылган илим, искусство гана эмес мамлекет менен элдин алдындагы чоң жоопкерчилик да болуп эсептелет. Аны эл сындап, мезгил таразалап өз баасын берип турат.
…Эзелтен келаткан социалдык теңсиздиктин жөнү бир башка. Ал эми бизде кесепеттүү мыйзамдаштыруу деген мыйзамга таянып, колунан келип тургандар амалкөйлүк менен чакалайдын чак түшүндө эле кызылдай талоонго алып, менчиктештирип "адалдап" ала коюшту. Ушунун көпчүлүгү эл менчиктештирүү деген эмне экенин толук түшүнө абай турган кезде болду. Айта берсе анын күңгөй-тескейлери оголе көп. Аз эле убакытта элдин бай жана кедей болуп эки жээкке бөлүнүп калышында мунун таасири канчалык болгону айтпаса да түшүнүктүү. Аны кыргыз эли жакшы билет, тарыхыбызда жазылып калды. Ажыдаарчылыкка жол ачкан балакеттин баары ушул менчиктештирүү деген мыйзам кабыл алынгандан кийин башталып тамырлап кетип олтурбайбы. "Эгерде, "меники", "сеники" деген түшүнүктөр жок болсо, жер жүзүндө мемиреген бейпилдик орнойт эле",-деп тээ илгери эле Генри Филдинг деген кеменгер айтып кеткен экен. Чыны адамдын көзү топуракка гана тоет эмеспи.
Мамлекеттин кедерин кетирген менчиктештирүү деген жараяндын кесепетинен жүз миң деген адамдар жумушсуз калышты, көпчүлүгү чет мамлекеттерге жумуш издеп кетишти. Алардын рынок кургуюундагы кыяматы, кандай азап-тозок тартып жүргөнү менен "куркулдайдын уясында" олтургандардын иши да жок. Ошол эле учурда бир аткаминердин ичип-жегени ашкереленип жоопко тартылып калса алардын ашыналаштары кандай ызы-чуу көтөрүп чыгарын эл көрүп турбайбы. "Алардын жаны элдикинен жогору эмес да. Бардык кылмыштары үчүн жооп берсин.Теңчилик деген, калыстык деген болуш керек. Кылмыш кылып, ыйманын жеп тургандар тийиштүү жазасын алышы керек". Көпчүлүктүн талабы ушундай. Уят-сыйытты, абийирди унутуп ыйманын жеп алган аткаминерлердин элге акыл айткан болуп жогорку кызматтарда олтурганга акысы жок. Эки жолку төңкөрүштөн кийин эл өз укугун жакшы билип калды.
Көпчүлүк жерде бизөзүбүздүөзүбүзкоргойалбай, ырыскыбыздыкөрүнгөн чет элдике жедирип, алдатып, өзүбүзгө өзүбүз жакшылык кыла албай жүргөнүбүз кызылдай чындык. Кыргыздын алтын кендерине кызыкпаган, сугун артпаган ким бар дейсиң. Дүйнөлүк миллиардерлер көз артып турбайбы. Алардын арам ойлору өз баштарына эле муш болсун. Өңгөсүн айтпайлы Кум-Төр маселесин эле алып көрүңүзчү… Эң эле чатак көйгөй, анын трагедиясынан кудай сактасын. "Центерра Гольд инк" компаниясынын жетекчилигинин өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип, мыйзамыбыздын алсыздыгынан, көзөмөлдүн боштугунан пайдаланып "жамандын коногу билет" болуп тайраңдап Кум-Төрдүн алтынынын кылкылдаган берекесин каратып туруп айлакерилик менен сузуп кетип, бизге бир үзүмүн же кырмычыгын калтырып кетип жатканы аз келгенсип, табиятыбызга зыян келтирип, калайык-калкыбыздын саламатчылыгына орду толгус коркунучтун кара туманын каптатып турганы коомчулуктун кыжырын кайнатып келген. Деги ушундай кордуктан чыгар күнүбүз болор бекен деген кыргыз элинин көкөй кести арманы бар эле. Жакында булуттан жарк этип күн чыга түшкөндөй азаматтык иштин толгоосу тартыла түшкөнү элибиздин көөнүн сүйүнтүп,үмүтүн арттырып койду. Уучубуз куру эмес тура деп көңүлү өсө түшкөн калайык күтүп калды. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын намыскөй, интеллектуал, көк жал депутаттарына элдин үмүтү чоң.
Меңдибек Асылбеков





Кыргыз элиме кайрылуу!
Кыргыз элим, кудайга үнүм жетчүдөй эмес, жок дегенде силер угуп үн кошуп койгулачы. Кыргызстанда коррупция гүлдөп өсүп жатат десем жаңылышпайм. Кыргызстанды талкалап, жерлерибизди саткан эки президенти качырып ийдик. Азыр Текебаев, Саляноваларды теледен, радиодон жамандап жатабыз. Мындай жамандоо Келдибеков, Бекназаров, Түлеев, Самаковдордо болгон. Мисалы Бекназаровду 16 миллион сом ячейкадан алды деп, Самаковду кыргыз эли 4 сотых жерди бир жерден ала албай жүрсө, 262 га жерди алып сатып жүргөнүн, Түлеевди 60 миллион сомду алды деп сот жообуна тартып, кайра эле 60 миллионду төлөп берди деп бошотуп койду. Сотторду тандоо кеңешин депутаттар тандайт. Азыр ушул тапта сотторду тандоо кеңешинде 24 мүчөсү бар. 24 сеникин мен өткөрөйүн, меникин сен өткөр деп сүйлөшүп ала албайбы, мына коррупция. Бизге партиялык шайлоо болбогон нерсе экен. Мисалы мен кимди депутат кылып шайлаганымды билбейм. Конституциялык укугум тебеленип жатпайбы. Шайланган депутаттар 5 жылга жакшыбы-жаманбы отурушат экен. Бир да депутатты чакыртып ала албайт экенбиз, андай мыйзамыбызда жок. Бизге парламенттик башкаруу болбогон нерсе экен. Кыргызда бир макал бар, "Көп суур ийин казбайт, ийин казса да кең казбайт" деген. Конуституцияда жазылып турат, шайланууга, шайлоого акың бар деп. Сен партияда жок болсоң эч жерге шайланбайсың. Депутаттар кимдер? Баягы эле жеп-ичкендер, карапайым элден бир киши жок. Бийлик алмашканы менен баягы эле коррупция. Бийликтегилер ойлонсо болмок. Кыргыз мамлекетин жоготуп алчудай болуп турабыз. Ички жана тышкы эмиграцияны токтотушубуз керек. Чет мамлекетке кетип жаткан кыргыздар кайра бизге кыргыз болуп келбейт. Кыргыздар жыргаганынан тентип кеткен жери жок. Чек арада жашаган кыргыздарыбыз жерин таштап кетип жатышат. Кыздарыбыз кытай, корей, түрк улутундагылырга тийип кетип жатышат. Кытай, корей, түрк жээндер менен көбөйтүп Кыргызстанды сактап калабызбы? Турмуштун жамандыгынан кытай, корей, түрктөргө ал карыганбы, сокурбу, төкөрбү баарына макул болуп тийип кетип жатпайбы. Тентип кетип жаткан жердештерибиз өрттөнүп, авария болуп өлүп келип жатпайбы. Жерлерибиз кимдерге сатылып жаткандыгы менен эч кимдин иши жок. Айдоо жерлерибизге там салып алдык, кийинки муундарыбыздын каргышына калып жатабыз. Бейиштин төрүндөй жерибизди кимдер ээлеп калат? Кыргызстанда бардыгы акчага сатылат. Акчаң болсо танкасың, акчаң болбосо маңкасың деген туура айтылган сөз. Качып кеткен эки президент Кыргызстанды кандай талкаласа, жерлерди сатса, мен көп жылдан бери Ысык-Көл областындагы Тоң районунда Бөкөнбаев айылындагы "Айкөл" корпоротивинин мурунку башчысы З.Мукашевдин заказы боюнча бир канча жолу Жогорку соттон кесилип жүрөм. Чымкоргонго 2011-2012-2013-жылдары жатып чыктым. Мукашев керек болсо сот, прокурор, милиция УКМК эмес, баарын сатып алам деп мактанып жүрөт. Мактанганы чындыкка окшошот, 2012-жылы 27-мартта Кыргыз-Туусуна адилет чечим күтөбүз деген макаладан келтирем. Эки чарбанын мал-мүлкүн талкалап саткандыгы үчүн КРнын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер деген сыйлыгын алган. Мектепти талкалап, бала бакчаларды саткандыгы үчүн Эл агартуунун отличниги деген сыйлыкты алган. Жерлерибизди, туздуу көлүбүздү, бала бакчаларыбызды, мектепти талкалап саткандыгы үчүн 2011-жылы "Руханият" ассоциациясынын мыкты бизнесмени деген сыйлыгын алган. Эң аягында президенттин Ардак грамотасын, Петр биринчинин экинчи даражадагы орденин алган. Жогорудагы сыйлыктардын баарын мурунку президенттерибиз берген. Мен кайрылбаган жер жок. Президентке, Жогорку сотко, депутаттарга Ө.Текебаев, И.Өмүркулов, Ж.Акаев, Ө.Бабанов, Антикоррупция боюнча ГКНБнын жетекчисине кайрылгам. Жогорку соттон, президенттин аппарат башчысынан алган жообумдан келтирем. Мен жазган кайрылуумдан бир сөз жок. Мукашовдун заказы боюнча канча сапар соттордон кесилгендигим жөнүндө, канча сапар Чымкоргонго жаткандыгым жөнүндө бериптир. Ошол убактагы президенттик аппарат башчысы С.Субановго туура эмес маалыматты Ысык-Көл областтык прокурору М.Айдарбеков бериптир деп кайрылсам, О.Т.Бердибаев сенин арызын каралбайт, биз сот, прокурор эмеспиз деп койду. Элдин мүдөөсүн чечпесе президенттик аппаратта эмнеге олтурат. Мен кайрылган депутаттардан, ГКНБнын жетекчисинин биринен да жооп алган жокмун, баары сатылат. З.Мукашовдун он эки табакташтары менен соттошуп жатсам, Тоң районуна сот болуп иштей элек жатып С.Соодонбеков, А.Б.Сыдыгалиевалар З. Мукашевди күбө кылып коюптур. Он эки сапар сот отуруму болуп, мени бирөөнө да катыштырбай кароосуз калтырды. А.Б.Сыдыгалиеванын өңүн да көргөн жокмун. З.Мукашовдун заказын С.Соодонбеков аткарды. Т.Баялиев Баястановдорго акчалай айып салды. С.Соодонбеков мени саат 15:00гө 23.12.1016-жылы чакырып, Турумтаевди саат 10:00 23.12.2016-жылы чакырган. Күбөлөр Т.Алчикенов, К.Шахматов, М.Мамбетов, З.Мукашевдерди катыштырып, мени катыштырбай С.Соодонбековдун чыгарган чечиминен келтирем. Жогорку соттор жалган ушак деп чыгарса, С.Соодонбеков төмөндөгүдөй чечим чыгарган. Доогер Жайыков Тынчыбектин жоопкер Турумтаев Мукамбет Жумакеевичке карата моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө доосу толугу менен канааттандыруусуз калтырылсын. Жайыков Тынчыбектен республикалык бюджетке 80000 (сексен миң) сом мамлекеттик алым өндүрүлсүн. Атамбаев президент болсом Назарбаевдин астына барып чөгөлөсөм дагы Каркыраны кыргыз элине алып берем дедиң эле. Биздин элге туздуу көлүбүздү, сатылган жүз га жерибизди, талкаланган, саткан мектебибизди, бала бакчаларыбызды калыбына келтирүүгө жардам берүүңүздү өтүнөм. Карапайым кыргыз элине адилеттик, чындыкты качан кудай буюрат?

Далил кылып тиркедим: (бардык документтин көчүрмөсү) Кыргыз-Туусу 27.03.2012-жылы чыккан макаланы тиркедим.
1.Жогорку соттун 16.08.2012-ж. токтомунун көчүрмөсүн, фото-видео материал.
2.Тоң районун сотунун чечими 30.07.201- жыл.
3.Тоң районунун прокурорунун аныктамасы 29.07.2010-жыл.
4 Башкы прокуратуранын аныктамасы 15.08.2011-жыл. Орун басары Э.Алымов. УКМКнын Ысык-Көл обл. башкармалыгынын чечими 11.04.2012-жыл. Башчысы А.Мазарипов.
5.ИИМдин ишти кароо боюнча чечими 15.03.2012. полковник М.Исмаилов.
6.Тоң районун прокурорунун чечими Н.Дарданов. 08.07.2011-жыл.
7.Омбудсмендин чечими М.Мойдунов 31.10.2012-жыл.
8.Ысык-Көл облсотунун төрагасы К.К.Джунушбаевдин чечими 19.04.2011-жыл. З.Мукашовдун апелляциялык карызы (заказы) 10.08.2010-жыл.

Тоң районун сотторунун чечимдери



Яндекс.Метрика