Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Билимдүү айым - кең келечек
Түркия Республикасынын Премьер-министринин аппаратына караштуу Түрк Кызматташтык жана координация агенттигинин Борбор Азиядагы Башчысы - Али Өзгүн ӨЗТҮРК жана Кыргызстандагы ТИКАнын Координатору - Эврен РУТБИЛЬ Кыргызстан Аялдар конгресси менен биргеликте өткөрүлүп жаткан курстардын жыйынтыгы менен таанышып кетишти. Жолугушууда Али Өзгүн ӨЗТҮРК мырза Кыргызстан Аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышевга ыраазычылыгын билдирип өз ою менен бөлүштү: "Аял зат коомдо маанилүү роль аткарат, билимдүү айымдар тарбиялуу, ийгиликтүү балдарды тарбиялап өстүрөт. Кыргызстандын айымдары курстардан ар тараптуу билим алып, билимин өнүктүрүп жатканына кубанычтамын. Кыргызстан Аялдар конгрессине ыраазычылыгымды билдирип, иштеринде ийгилик болуусун каалайм".
Кыргызстан Аялдар Конгресси Түркия Республикасынын Премьер-министринин аппаратына караштуу Түрк Кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) менен биргеликте, жарым жылдан бери 700дөн ашык айымдар үчүн ар тараптуу курстарды өткөрүп келет, жаш орточолугу 40 жашты түздү,15 %-мамлекеттик кызматкерлер, 14% ишкерлер, 14% кожойкелер, 15% эмгек өргүүдөгүлөр, 12% магистранттар, 17% студенттер жана университеттердин бүтүрүүчүлөрү, мектеп окуучулары 13%.
Мына ошол курстардын алкагында айрым катышуучулардын ойлорун уктук. Курстарга катышкан Нишанова: "Мен мамлекеттик жумушта иштейм, экономикалык курстарга катышып, көп жаңы маалыматтарды алдым. Келечекте үй-бүлөлүк чакан бизнес ачуу пландарым бар".
Неевина Светлана: "Кыргызстан Аялдар конгресси ТИКА менен биргеликте уюштурган курстан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алдык, мен азыркы учурда балдар борборун ачып өзүмдүн чакан ишимди баштадым. Сыймыктануу менен уюштуруучуларга ыраазычылыгымды билдирем."




Кыргызстанды көз карандысыз эмес өлкө деген Адахан Кимсанбаевичтин акылына баракелде-е!
"Бүтүн Кыргызстан" деп партия түзүп, иш жүзүндө трайбалисттик кадамдарды жасап жүргөн Адахан Мадумаров көп жылдан бери ажо болом деп оолугуп жүрөт. "Элдин жонунан кайыш тилиш керек" деген принципти карманган бул саясатчынын акыркы кездери элге күнү түшүп, Россияда эмгектенип жүргөн мигранттардан колдоо сурап, жакында Москвага барды.
Адахан Кимсанбаевичтин Москвадагы жолугушуулары өзүнчө эле "хохма". Сыртта жүрүп, мекенин сагынгандарды "Кыргызстанда жашагандан уялам" деп оозун ачырыптыр. Жолугушууга келген мекендештерибиз мындай кепти угуп шаабайлары сууган экен. Эми, Мадумаров Кыргызстанда жашагандан уялса, эмне үчүн Кыргызстанга президент болом деп оолугуп жатат? Уялган адам акырын эле сыртка чыгып, көр оокатын башка өлкөдө өткөрбөйбү.
Ошондой эле Мадумаров Москвадагы жолугушуусунда "Кыргызстан эркин мамлекет эмес" - деген пикирин билдириптир. Кудум эле Американы ачкансып ооз көптүргөн Адахан мырза мындай кебин неге ушул кезге чейин жашырып жүрдү? Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну маалында "Кыргызстан эркин мамлекет, түрк тилдүү өлкөлөр менен мамилени бекемдөө керек" - деген кеби азыркы айтканына дал келбей жатпайбы? Эгер Мадумаров билсе, дүйнөнүн бир да мамлекети идеалдуу, эркин эмес. Ар бир өлкөнүн көз карандысыздыгы болгону менен экономикалык, саясий, географиялык жактан бири-биринин көзүн карайт. Ошол эле Россия Европага газ сатуу үчүн Уркаина сыяктуу мамлекеттерге көз каранды болуп келгенин баарыбыз билебиз. Президент болом деген адам башка мамлекеттер менен орток пикир таап, мамилени бекемдеп, тыгыз кызматташууну арттыруу боюнча пикир айтат. Адаханга окшоп "эркин эмеспиз" деп ийин куушурбай.
Мигранттар Адахан Кимсанбаевичке ар түрдүү суроолорду жаадырган экен. Президенттик шайлоого катышуу тууралуу суроого так жооп бере алган жок. Эгер ал өзүнө ишенсе, "шайлоого катышам" деп так кесе айтмак. Бул да болсо лидермин деген саясатчынын деңгээли.
Эң кызыгы Мадумаров өзүн байдын кызындай мактап бүтүп, "Мен мактоого татыксызмын" - дептир. Чын. Апрель окуясында элдин келечеги үчүн курман болгондорду мазактап, канкор Курманбек Бакиевди сый-урмат менен Кыргызстанга алып келем деген Мадумаров мактоого татыксыз. Керек болсо президенттик кызматка деле татыксыз. Мындай адамдар каргышга гана татыктуу.
Анан дагы кууратып "Путинге сөзсүз жолугам" - дептир. Эми Путин Адаханга окшогондорду кабыл ала бергидей бекерпоз эмес да. Дүйнөнүн "мен" деген лидерлери аны менен жолугууну самап күн санап кезек күтүп турганда, Мадумаровго окшогондорго кантип убактысын коротсун? Бир аз реалдуу болгонду үйрөнсө болмок.




Сатира
"Алтындан тактың болгуча, бир чымчым бактың болсун"

Алыскы айылдан келип, ал жердеги айыл өкмөтүнүн, акимдеги аткаминерлердин элге болгон "аяр" мамилесин Ак үй, көк үйдөгүлөргө арман кылып айтайын деп Бишкек деген калаабызга келип, оозумду ачып кайра жаба албай калдым. Биринин көчүгүн бири жалаган автоунаалар жолдун бетин бербей, аркы-берки өйүзгө өткөрбөйт. Орусчасын эптеп эжелеп окусам, башка тилимди сындырган көрнөк-жарнактарды көрүп борбор калаага келдимби же чет мамлекетке келдимби деп дендароо боло түштүм. Аңгыча өзүмдөн бир аз улуу абышка чыкканынан Ак үй кайда, көктү тиреген Көк үйүң кайда деп собол таштап калдым.
- Ак үйгө арызданам десең андан майнап чыкпайт, - деп сөзүн баштады абышка чү деген жерден антаңдап, - Ак үй, көк үйгө барсаң көчүккө тээп чыгат. Алар сен эмес өзүлөрүнүн айласын таппай, фракция, топторго бөлүнүп тытышып, мушташканга чейин барышканын көрбөй көзүң сокур болуп жүрөбү?! Алар элди ойломок беле?! Өзүлөрүнүн майлуу-сүттүү орундарын кармаш үчүн Кумтөрдү бетине кармап, караганы, карманганы ошол. Эл деп коюшат дагы! Элден айлангылар!
Ээгинде эки тал сакалы жок абышка ачууланып, кимдир бирөөгө муштумун кезеп ээленип кирди.
- Аксакал, бир ачууңузду мага бериңиз, баарын эле ашата сөгө бербеңизчи? Алардын арасында айтылган сынды туура кабыл алган, адамга жакшылык жасап аны колко кылбаган, эл жүгүн көтөргөн азаматтар, акылы тунук аял заттар бар эмеспи.
- Ээ, аларың саналуу он чактысы болуп жатпайбы! Калгандары баланча токтомду токудук деп уктап, жарымы ойду-тоону айтып, карапайым калкты кой, өз кампаларын кампайтуунун камын ойлоп каткырып, кара папке көтөрүп чалкалап басып жүрбөйбү! Алар асмандагы ойлору менен фракция, комитет арасында эки жаат болуп жаакташып, ажаан катындай ажылдашпай, ажого панегирист болбой, легиондорго барып, эл менен жолугушуп, алардын проблемаларын угуп келүүнүн ордуна полемикага берилип, пантомимого өтүп алышкан! - деп ээленип кирди.
- Өкмөт коррупция менен күрөшүп жүрөт го дедим аксакалдын ачуусун басуунун амалын жасап.
- Эй, сен даана галдирбай экенсиң! Коррупция менен жанагы антикоррупция деген мекемеси күрөшүп жатат. Миллиондоп жеп-жутуп жүргөндөрүн кармап далилдеп беришсе, аларың арам акчаларын кустурбай, соттон сүттөн ак болуп чыгышып, калгандары калчылдап отурат, мага качан укурук мойнума илинет деп. Өкмөт деп коет. Өкмөттүн "Кумтөрдөн" беш эсе бай "Куттуу-Сай" кени боюнча лицензия берип эмнени кыйратып жатышат.
- Өкмөт башчысын, министрлерди жылга эмес, ай сайын алмаштырып, экономиканы оңдойлу деп жатышкандыр?
- Министрлерди бет аарчыдай алмаштырып жатканы - бул чоң бизнес. Ар бир должность 100 миң доллардан турат. Жүз миң доллар алат да, партиялык тизме менен артындагысы келе берет. Партия лидерлери жакпаганын жаакка чаап айдап жолго салганын телевизордон көрбөй каякты карап жүрөсүң?! "Мен шайлоого мынча акча чачкам, сен акча берген эмессиң" деп ар ким өзүнүн кишисин алып келип, депутатка кеткен акчасын кайтарып алат. Коррупциянын түбү, тамыры ушу жерде жатат. Коррупция менен күрөшүп жатабыз деген болбогон сөз. Миң сом берип врачты камап коюп, миң сом алды деп мугалимди кармамыш болушат. Миллиондогон долларды жеп-жутуп жүргөндөр кайрадан депутат-жепутат, Ак үй, көк үйдө ууртунан май агызып коюп койкоюп отурушат. Ар бир партия өзүнчө мамлекет болуп, алардын өзүлөрүнүн министри, акими, айыл өкмөтү, сот, прокурору бар.
- Жети облустан ондон депутатты шайлап, 70 эл өкүлү болуп жалаң мыйзам үстүндө иштесе деле болмок дечи?
- Кыргыз эли, жери үчүн күйгөн, улуттук аң-сезими күчтүү, мекенчил акчасы жок азаматтар боз чаңгылда калбадыбы! Азыркы депутаттардын сексен пайызы бизнесмендер же атасы, апасы топтоп берген акчасынын күчү менен келип, андан аркы бизнесин өркүндөтүп, аны калкалап кайкалап отургандар. Бул бир. Экинчиден, мамлекеттик тендерлерге катышып, ага-үкөлөрүнө, жакын туугандарына, фирмаларына акча алыш үчүн. Үчүнчүдөн, өзүлөрүнүн тууган-туушкандарын майлуу-сутүү жумушка орноштуруш үчүн. Мына ушундай үкөм. Так, что айылыңа баргын да, жаман арабаңды кылдыратып оокатыңды жөн кыл. Бул жактан жакшылык күтпө!
Кайсы жакка барба, ким менен отурба, саясатты семичкедей чаккан карысы да, жашы да бар. Деги саясатты сайрабай илгерки ата-бабадан калган нарк-насилдүү каада-салтты, үрп-адатты, кылым карыткан кыргыз элимдин тарыхы жөнүндө нускалуу сөздөрдү качан кеп кылаар экенбиз. " Бул дүйнөдөн бардыгы өтөт, жараткандан үчөө гана өлбөйт. Калдайган кара жер өлбөйт, аскасы бийик зоо өлбөйт, агыны катуу суу өлбөйт" - деп Калыгул олуя атабыз айтып өткөн экен. Аны эстеген бирөө жок.Түбүң түшкүр дүйнөкоруң ай, байлык колдун кири, бийлик учкан куш дегенди билээр бекен. "Алтындан тактың болгуча, бир чымчым бактың болсун" деп айтаар эле эзелки элибиз.

Асан АКМАТОВ