Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кыргызстан-Өзбекстан жаңы барагы ачылды: көп жылдан бери тоңуп турган муз ордунан козголду
Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси көп жылдан бери солгундап, чек ара аймактарында бир катар кесишпестиктер тез-тез орун алып келгени жашыруун эмес. Албетте, мындай көрүнүш эки өлкөгө тең зыянын гана алып келип жатты. Ал эми ушул жылдын күз айларынан тарта кыргыз-өзбек мамилеси кайрадан жандана баштады. Тактап айтканда 1-октябрда коңшу өлкөнүн чакыруусу менен 130 адамдан турган Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы Анжиян шаарында конок болуп кайткан болсо, 26-октябрда Өзбекстандын расмий өкүлдөрүнүн Ошко болгон сапары жагымдуу окуялардын бири болуп калды.
24-декабрда болсо президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Самарканд шаарына расмий иш сапары менен барып, Өзбекстандын жаңыдан шайланган президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту. Ушул жерден белгилеп кетүүчү жагдай, бул сапар Өзбекстан тараптан демилгеленип, Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиеевдин жеке чакыруусу менен аталган мамлекетке барды. Жолугушуу абдан жылуу маанайда уланып, эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөө тууралуу конкреттүү маселелер талкууланды.
Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапарынын алкагында алгач Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун Самарканддагы бейитине гүл койду.Андан ары мамлекет башчылары Самарканд шаарындагы өзбек-немис биргелешкен ишканасынын иши менен таанышып, бул заводдо чыгарылып жаткан техниканын үлгүлөрүн көрүштү.
Ал эми эки тараптуу расмий сүйлөшүүлөр учурунда Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун өлкө ичиндеги стабилдүүлүктү сактай алгандыгын баса белгилеп, анын жаткан жери жайлуу болушун тиледи. Ошондой эле президент Шавкат Мирзиеевдин Өзбекстанга президент болуп шайланышы менен куттуктады. "Мен сизди Өзбекстандын президенти болуп шайланышыңыз менен дагы бир жолу куттуктайм. Сиз мен тууганым деп эсептеген адамсыз, сиз мага өтө жакынсыз… Сиз Өзбекстан күткөн лидерсиз. Эми экономиканын өнүнүгүшүнө, барьерлерди алып салууга чоң күчтү жумшоо керек. Бизде мурун бир мамлекет болгон. Кокон хандыгы, анда чек ара болгон эмес. Мындан туура 20 жыл мурун биз биздин мамлекеттер ортосундагы достук тууралуу келишимге кол койгонбуз жана бүгүн биз жаңы баракты ачып жатабыз, эми бул келишим жөн гана кагаз болбойт", - деп билдирди Атамбаев.
Өзбек президенти Шавкат Мирзиеев болсо соңку үч айда Кыргызстандын делегациясы Өзбекстанга барганын жана Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрү да Кыргызстанда болуп кайтканын белгиледи. "Бүгүн биз Өзбекстандын биринчи президентин эскердик. Ислам Абдуганиевич сиз менен акыркы жолу кандай сүйлөшкөнү тууралуу айткан. Ал сентябрда сөз жок Бишкекке барабыз, ошого даярдануу керек деген эле. Анын айтканын биз аткарууга тийишпиз. Бул үч айда сиздердин делегация бизге, биздикилер сиздерге барып, эки эл ортосунда абдан жакшы нерселер болду. Эки жак тең көпкө ушуну күткөн", - деген Шавкат Мирзиеев эми мамлекет башчылары мамилелерди дагы арттырышы керектигин белгиледи.
Өзбекстандын президентинин айтымында, эки мамлекет ортосунда соода-экономикалык чөйрөдө көп жалпылыктар бар. "Биргелешкен аракет менен биз соода-экономикалык мамилелерди, товар жүгүртүүнү арттыра алабыз", - деди ал.
Президенттик аппаратынын сырткы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков аталган жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу журналисттерге маалымат берип, президенттин Өзбекстанга болгон иш сапары жогорку деңгээлде өткөнүн айтты. "Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстандын Самарканд шаарына жасаган иш сапары өтө жогорку деңгээлде болгонун белгилегим келет. Биз жыйынтыктарына өтө канааттандык. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө эки мамлекеттин мамилелеринин күн тартибинде турган бардык маселелер талкууланды. Мен өтө алдыга кетким келбейт, бирок биз позитивдүү деңгээлде кетип жатканыбызды белгилегим келет. Айрым деталдарды иштеп чыгуу керек жана биздин принципиалдуу макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча биз эки айдан кийин брифинг жасайбыз", - дейт Исаков.
Ошондой эле С.Исаков Шавкат Мирзиеев бардык протоколдук иш-чаралардан чыгып, президент Алмазбек Атамбаевди жеке өзү аэропортко узатып барганын баса белгиледи. "Шавкат Мирзиеев бардык протоколдук иш-чаралардан чыгып, президент Алмазбек Атамбаевди жеке өзү аэропортко узатып барды. Кыргыз делегациясында иш сапардан өтө позитивдүү таасирлер калды. Биз мамлекет башчыларынан бир айдын ичинде иштелип чыгышы керек болгон конкреттүү тапшырмаларды алдык. Бул тапшырмаларды аткаруу үчүн күн-түнү иштейбиз", - деди Сапар Исаков.
Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоого байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Сапар Исаков бүгүнкү күндө тараптар биздин чек аралардын болжол менен 70%ын белгилешкенин билдирди. "Мамлекет башчылары эки тараптуу жолугушууда бул маселеге да кайрылышып, чек ара маселелери боюнча бардык маселелерди январь айынын орто ченине чейин иштеп чыгууну тапшырышты. Делимитация, демаркация маселелерине жооп бере турган тиешелүү мамлекеттик органдар бул маселелер менен тыгыз иштешишет. Январь айынын орто ченине чейин тараптар чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп терең ишенем", - деди ал.
Буга чейин президент Атамбаевди коңшулар менен (айрыкча Өзбекстан менен) мамилени бекемдей албай жатат деп сындагандар болгон. Албетте, ар бир нерсе убактысына жана кырдаалга жараша болот. Кыргыз-өзбек мамилесинин гүлдөп өнүгө турган доору келди деп ишенип туралы. Ошондуктан коңшулар менен ымаланы бекемдөөдө үчүн эки тараптын тең каалоосу зарыл экенин унутпасак. Саясий кырдаалга жараша өзбектер да коңшулар менен мамилени жакшыртуу керектигине толук ынанды.





Кыйырга кеткен кыргыз паспорту
Жасалма кыргыз паспорту бул убакка чейин кимден гана табылган жок, кимдер гана көтөргөн жок. Алсак, чет элдик кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрү, террористтер ж.б. Жасалма кыргыз паспортунун тагдыры боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев террористтер менен шылуундарга кыргыз паспортторун колдонууга жол берилбеши керек деген оюн айтты.
Жасалма паспорттор боюнча маселе Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин көзөмөлүндө тургандыгын, ал Түркияда кармалган 98 паспорт Кыргызстанда жасалганбы же башка мамлекеттеби, мындай фальсификацияга ким аркылуу жол берилген, Кыргызстандын укук коргоо кызматтары да Түркиянын укук коргоо кызматтары бул иш боюнча бир жыйынтыкка келип, аягына чыгара электигин, жашыруун сакталган маалымат экендигине токтолду. Андан тышкары улуттук паспорт бул биздин мамлекеттик атрибуттарыбыздын бири экендигин, ар кандай шылуундар менен террористтер паспортубузду жасап алышып колдонуп жүрүшү мамлекетибиздин аброюна кедергисин тийгизет. Бул документ боюнча укук коргоо органдары көзөмөлдү катуу жүргүзүшү керек экенин билдирди.


Сирияга кетип жаткандарга акчанын кереги жок
Теолог Кадыр Маликов акыркы убакта кыргызстандыктардын Сирияга агылып кетип жатышынын себеби акчада эместигине ынандырды. Маликов Сирияга кетип жаткандарды азгырган адамдар психолог болоорун, ал азгырыктар адамды сүйлөшүп жатып эле анын талуу жерин таап, адамдын алсыз жеринен кармап азгырат. Азгырылган адамдар көбүн эсе чыркыраган чындык издегендер. Азгырыктар ал адамдарга акча бермек турсун, керек болсо акча алышат. Ошондуктан бул жерде акча Сирияга кетип жаткандарга эч кандай роль ойнобойт.
Белгилүү болгондой, азыркы тапта ИГИЛдин катарында 860 кыргызстандык, анын ичинде 180 аял согушуп жатканы маалым.