Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Элди ойлобогон Бабанов
Президенттик шайлоо жакындаган сайын амбициясы ашынгандардын "эшек курту" ойгонуп, күйгүлтүк түшүп башташты. Президент болууга мүмкүнчүлүгү жогору деп эсептелген Өмүрбек Бабанов учурда камылганы катуу көрүп, Кремлге дейре киши салып, ажо болуунун амалын катуу көрүп жаткан кези. Бирок Бабановго Москванын көзү түз эместиги айтылууда. Какаганга муштаган дегендей, колдоону тыштан издеп, кыргыз элин акчага сатып алам дегендей көз карашка коомчулуктун дагы ичи чыкпай турган чагы. Маселен, Таласта Бабанов досу Бажаев экөө сатып алган "Жерүй" кенин иштетүүгө каршы митинг өттү. Анда Бабанов элди эмес, акчаны жакшы көрөөрүн, элди ойлосо мөңгүлөрдү талкалап "Жерүйдү" иштетүүгө кызыкдар болбой, Россиянын Пенза облусуна 370 миллион долларга курган цемент заводун Таласка курмак деген көз караштар айтылды. Минтип өз жердештеринин ичи чыкпай жатканына караганда, Бабановдун иши чатак болчудай...


"Душка" депутат болду
Референдум өтсө мандатымды тапшырам деген Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова айткан сөзүнө туруп, тойдум байдын кызына дегендей, парламенттин эшигин жаап, кызматтан кетти. Ордуна партиянын шайлоо алдындагы тизмесинде 15-орунда турган "Душка" деген лакап ат менен таанымал, эрежесиз мушташтын чебери Дүйшөн Төрөкулов депутат болуп келди. Ошентип Алтынбек Сулайманов кара күч жагынан Жогорку Кеңеште өзүнүн позициясын бекемдей алды. Коомчулукта болсо парламентке күч менен эмес, акыл менен маселе чече тургандар келсе болмок деп шыпшынгандар арбын. Ким билет, балким "Душка" күчүнө эмес, акылга таянганга аракет кылаар...


Эл өздөрү күнөөлүү экен
Түкүрүгүң жерге түшпөй турган аязда Нарын шаарында көмүр жок эл сууктун капшабын тартып жатканы айтылууда. Дубан башчы Аманбай Кайыпов "мурда эле күн жылууда тонналап келип жаткан көмүрдү сатып алышпай, эми чуу кылышат" таризинде элди күнөөлөп "күңк" этти. Муну менен Аманбай мырза ток бала ач балага күйбөсүн далилдеп койду. Сыягы элдин баарын өзүнө окшогон жылуу тондун астында булоолонуп тердеп-кургап, "жолтандабаста" чалкалап жүргөндөй элестетет көрүнөт. Тонналап эмес, мүшөк менен көмүр алганга чамасы жетпегендер бардыгы эсине эмес, түшүнө да кирбейт өңдөнөт. Элдин камын көрчүлөр минтип тетири ушатып жатышса, анан кантип карапайым калктын чекеси жылысын. Алып сатарлык деңгээлинде ой-жүгүрткөн соодагерлер эл башкарса ушул экен да.


Абактан ажолукка
Куураган "кулкундун" айынан коррупцияга шектелип камалып, бирок туугандарына жол жаптырып, бийликке кошомат айтып, айтор болгон айла-амалды колдонуп отуруп түрмөдөн айып пул төлөө менен кутулган Ахматбек Келдибеков учурда саясатка аттанып, президент болууга үмүт артып турган чагы. Колу туткак, алкымы жаман деген жарлыкка кабылып, кылмыш жоопкерчилигинен жеңил-желпи кутулуп кеткен неме учурда кайрадан кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет болуп көнгөн адатын карматып жаткандай. Ак жеринен күйүп, куугунтук жеген дегенди коомчулукка сиңирип, соттолгону туурасындагы кара такты жойдуруп, күздө күрүлдөп президенттик ат салышууга чыгууга азыртадан мыктап кам көрүүдө. Мындан улам Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров болуп бириккен үчилтик, президенттикке Келдибековду сүйрөйт экен дегендей жылма маалымат таратып элдин, бийликтин маанайына байкоо салууда.


"Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт"
Душман көзүнө биригип, жарашканын жар салышкан Канат Исаев менен Темир Сариевдин кайрадан оту күйүшпөй калганы айтылууда. Буга экөөнүн "Сариевден Исаев кечирим сураптыр, жок Исаевден Сариев кечирим сураптыр" деген өңдүү маалыматтар кабылдап кеткен жарага туз сепкендей болуп жатыптыр. Себеби ким-кимден кечирим сурап, курун мойнуна салды деген маселе экөөнө тең оор тийип, бирин-бири "менден кечирим сурап келди" дедиртип маалымат булактарына жарыялатышып, "эки кочкордун башы бир казанда кайнабай турганын" айгинелешүүдө. Чындыгында эле Сариевдин Канат Исаевди кечириши, же алдына түшүп кечирим сурашы осол көрүнүш. Анткени ким эле "1 жарым миллиард сомду жеп алды" деп айыптап, коррупционер катары сыпаттаган адамга колтук ачат. Бирок Балык-Корумду жол чыры боюнча тергөө иштери бүтпөй сурак берип жүргөн Сариев Исаев менен жүздөшүп чайлашканынын өзү эле анын принциби жоктугун, саясий кызыкчылык үчүн шайтан да болсо достошуу керек деген позицияны карманаарын айгинелеп койду.


Чоң ичип, чоң чычсаң, богуңа куурай сая алышпайт
Мындан эки-үч жыл мурда коррупцияга каршы катуу башталган күрөш чала өлүк болуп ара жолдо калды окшойт. Мамлекетти ичип-жеди, тоноду дегендер бири калбай четинен бошоп, коррупциянын тамырын кыркабыз деген жараян жөн гана шоу болгондой таасир калтырууда. Мына башканы айтпай ак коёлу, учурунда коррупцияга шектелип камалышкан Ахматбек Келдибеков, Нариман Түлеев баш болгон бир катар лөктөр жазадан айып пул төлөө менен кутулуп, ак жеринен куугунтук көрүшкөндөй даң салып жүрүшөт. Ал эми айрымдар КСДПнын лөктөрүн шынаарлап, куйруктарын шыйпаңдаткан кошоматчылыгы үчүн мыйзам укуругун тоготушпай, козголгон кылмыш иштерине жооп беришпей ээн-эркин сайран куруп, көргөндөрдүн көзүн күйгүзүшүүдө. Маселен, "Кыргызнефтегазды" мойсогон, мамлекетке 250 миллион сомдон ашык зыян алып келген "Бир Бол" партиясынын депутаты Исхак Пирматов, "Кыргызкөмүр" ишканасын жетектеп, 35 миллион сомду сиңирип кеткен Мирлан Жакыповдор КСДПнын чоңдору менен чайлашып, кылы кыйшайбай басып жүрүшөт. Мындан улам коомчулукта чоң ичип, чоң чычсаң, богума куурай сая алышпайт деген түшүнүк калыптанууда.


ЖоКеде жоголгон акчалар
Өткөн жылы кыргыз парламентин багууга элдин эсебинен 725 миллион 535 миң сом короптур. Анын көбү, тагыраагы 464 миллион 470, 4 миң сому айлык акыга кеткен. Албетте башкаруу бийлигинин башкы бутагы катары Жогорку Кеңештегилер жогорку айлыкка татыктуу дейлик. Бирок Динара Исаевага окшогон жыргаткан бир сөзү же кыйраткан иши жок ондогон "балык ооз" депутаттарга жана алардын папкеси менен сумкесин көтөрүшкөн жандоочторуна корогон миллиондор кумга сиңген суудай эле кетип жатпайбы.