Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Тумшугум канжалап,
алаам айрылмак эмес...
Айта берсе окшошо береби же Ташиевдин омбу-домбу мүнөзүнө ылайыкпы ким билсин, айтор "Эгер былтыр мен "Республика - Ата-Журт" партиясынын катарында парламентке депутат болуп барып калсам бүгүнкү күндөгү саясат, мамлекетибиздеги абал таптакыр башкача болмок. Себеби мен чындыкты ар дайым айтып турмакмын. Эч кимден жалтанмак эмесмин", - деп балп этти. Бирок абал кандай болмоктугун түшүндүрүп бергенге жараган жок. Ырас, депутат болгонун деле көрдүк. Алтынбек Сулаймановдон тумшукка жеп мурду канжалап шермендеси чыкканын, Ак үйдүн темир тосмосунан секирем деп алаасын айыртып алганын коомчулук жакшы билет. Демек бул жолу алаамды айыртпай секирмекмин, тумшугум канжаламак эмес дегиси келди окшойт. Башка Камчыбек мырзадан эмне жылышты күтүүгө болот...


Калый Салянов качтыбы?
Эки жылдан ашуун мезгилден бери чуусу бүтпөй, тергөө иштери аягына чыкпай жаткан Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш ишинде жаңы жагдайлар маалым болууда. Бул кыздын өлүмүнө шектелип сурак берип жүргөн Аида Салянованын байкеси Калыбек Саляновго байланышкан шектүү көрүнүштөрдүн сыры ачылууда. Учурда басма булактарында Калыйбек Саляновдун жалган көрсөтмө бергени боюнча, ошондой эле негизги күбө суракка алынбай ың-жыңсыз жок болуп кеткени туурасында басма булактарында кызыктуу маалыматтар чыгууда. Ошентип карындашы Аида айым Башкы прокурор болуп турганда токтоп калган кылмыш иш жанданып, жаңы фактылар иликтене баштаптыр. Ал ортодо адвокат Икрамидин Айткулов Калыйбек Саляновдун качып кеткени боюнча социалдык баракчасына жазды. Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дечү эле...


"Балтыр бит башка чыгат"
Кээ бирөөлөрдү саясатчы, эксперт деп коюшса эле ойду-тоону сүйлөп оттоп кетчү болушту. Чыныгы саясий жагдайды, экономикалык абалды терең анализдеп ой корутунду чыгарышпай эле, жеке ич күптү таарыныч, жек көрүү сезими менен эле мааниси жок жалаяктай маектерди берип, ээн баш малдай жайылып кетишет. Сынчынын сыңар өтүгү майрык экенин эске алышпайт. Эми мындайларды санап отурсаң четтен чыгат. Мына Кадыржан Батыровдун өлкөдөн качышына дипломатиялык паспорт жасап бергенге көмөктөшкөнү айтылып жүргөн Эдил Байсалов тартынбастан туруп: "Атамбаев Бакиевге салыштырмалуу өтө начар жетекчи" - деп "Сентябрь" телеканалында олуттуу кишидей отуруп алып оозун чойду. Бул Байсаловдун логикасына таянсак, Атамбаев Бакиевге окшоп саясатчыларды аттырып, журналисттерди сабатып, каматып, үй-бүлөсүнө бийликти басып берсе жакшы жетекчи аталмак экен. Кудайды карабайсыңбы деген киши жок. Ушундай "жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат" болгондор күйгүзөт да. Бакиев жакшы жетекчи болсо Америкада эмнеге кара башын калкалап качып жүрдү? Эми болсо баатыр болуп акыл айтат. "Балтыр бит башка чыгат" деп накта ушундайларды айтат эмеспи.


Мыктыбек эми эмне дейт?
2013-жылдан тарта өлкөдө "Кыргызстан залал индустриясын өнүктүрүү борбору" аталышындагы мекеме иштеп, алар өлкөдөгү азык-түлүк өндүрүүчүлөрдүн продукциясын ткшерүүгө алып, ислам дининин талабындагыдай даярдалуусун көзөмөлгө ала башташкан. Бул борбордун элегинен өткөн ишканаларга атайын бирдиктүү "Халал", башкача айтканда, "адалдыгы тастыкталды" деген сертификат берилип, жарандар мындай тастыктамасы этикеткасына чапталган азык-түлүктөрдү коркпой жеп калышкан. Бирок кечээ интернет булактарына байма-бай тарап жаткан мыйзамсыз эт сатуу бизнеси тууралуу чуулгандан кийин бул борбордун ишмердигинен да көпчүлүк шектенип туру. Тагыраагы, борборрдун башчысы Мыктыбек ажы Арстанбеков эми "Аль-халал" аталышындагы колбаса өндүрүүчү ишкана үчүн кантип жооп берет болду экен? Дегеле, алардын текшерүүсү жыл бою болуп келеби же сертификатты бир жолу тапшырып туруп, "эми эмне болсоң ошо бол" деп көзөмөлсүз таштап коюшабы?


2016-жыл компроматтардын
жылы болдубу?
"2016-жыл сот реформасын ийгиликтүү ишке ашыруунун, экономикалык алга жылуулардын, мыкты башкаруучу менеджерликти көргөзгөн өкмөттүн жылы эмес, компроматтардын жылы болду". Мындай сөздү кечээ тегерек үстөл жыйынында ЖКнын жаш депутаты Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында, бийлик адамдары бири-бирин каралап, бири-бирин аңдуу менен убакытты өткөрүп, эл болсо өз күнүн өзү көрүүдө. Ошондой эле эч кандай мандатын тапшыруу ою жоктугун, келерки жылы жакшы иштер жасалаарынан үмүтүн үзбөй турганын айтып, активдүү жарандарды сөзгө эмес ишке өтүүгө чакырды.


Осмонбек ооз ачты...
Мамлекеттик бир катар жетекчилик кызматтарды аркалап, энергетика министри да болгон Осмонбек Артыкбаев ортозаар жетекчи катары элге таанылды. Мына ушундай арабөк абалына карабай багы жанып, бийлик эшелонунда көптүн бири катары күн кечирип келе жатат. Учурда Жогорку Кеңеште депутат. Бир жылдан бери жарытылуу ооз ачып сүйлөгөн жок. Качан ооз ачат болду экен деп күткөндөр көп. Коомчулуктун кызыгуусу кулагына жеткенби, чочуп кеткендей үн катты. Чү дегенде эле "Жогорку Ке?еш мыйзамдарды кабыл алат, бирок өкмөт аларды аткарбайт. Биз мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек", - деп агынан жарылды. Сыягы "жыгылсаң төөдөн жыгыл" болоюн деди окшойт. Бирок мындай маанилүү маселени көтөргөнүнө жараша кайсы мыйзамдар аткарылбай жатканын так айтып койсо болмок. Эгер бир-экөөсүн билсе... Анан жөн эле капталдан чыга калып, уктап отурганча үн катып коёюн дебей...


Кайран гана Айыл чарба министрлиги
Пахта жыйнап жүрүп эле Жогорку Кеңешке депутат болуп капысынан келип калган чоң муштум, зөөкүрлүгү менен коомчулукка таанылган Нурбек Мурашев айыл чарба министри болгону аталган тармакты такыр талкаламай болду. Сабатсыздыгы аз келгенсип, опурулуп башкарам деген Мурашев эмгек жамаатты экиге бөлүп, ал жердеги дасыккан адистерге өз кишилерин, "кыздарын" жумушка кое баштады. Сабатсыздыгын ушундан билиңиз,мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзам боюнча конкурстан өтүп келгендерди айыпсыз иштен айдатканга аракеттенип, жакындарын "милдетин аткаруучу" кылып дайындатканы жатат. Ал эми Мамлекеттик кадр кызматынын көрсөтмөсү боюнча министрликке конкурстан өтүп келген киши гана кызматка отура алат. Прокуратура, Мамлекеттик кадр кызматы, АКС дегендер бул жакты бир карап коюшса...