"Фабула" • Кыргыз гезиттер Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эки саясатчынын тирешинен мамлекеттин кызыкчылыгы тебеленеби?
Дээрлик 20 жылдан ашуун убакыттан бери карай сүйүктүү Кыргызстаныбыздын өнүгө албай жатышынын башкы себеби неде деген суроо ар бир патриот мекендешибиздин көңүлүн өйүп келатканы белгилүү. Чындыгында эле кандай себеби бар? Буга жооп деле даяр. Башкы себеп - биздин өтө саясатташып кеткенибизде. Бардык маселеге өзүнүн багыты менен карабастан, кандайдыр бир адамдардын же бир топтун кызыкчылыгынын көз карашы менен карап, чарбалык маселелерди да, экономикалык маселени да саясатташтырууну адатка айлантып алганыбызда болууда. Буга мисалдарды келтире берсек ого эле көп. Алардын бири катары учурдагы "Жерүй" алтын кенинин айланасындагы талаш-тартышты айтсак болот. Эске сала кетсек, аталган алтын кенин Бакиевдердин убагында болгону 300 миң сомго эле сатып жиберишкен. Анда азыркыдай болуп нааразычылыгын билдиргендер деле болгон эмес. Бактыга жараша ал убакта алтын кенин иштетүү иши башталган эмес. Буга 2010-жылдагы Апрель революциясы да көмөкчү болгон. Болбосо ит бекер баага сатылган байлыгыбыздын үзүрүн көрө албай калат элек. Негизи эле экономикасы өмгөктөп жаткан өлкөбүздү бутуна тургузуп, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуу үчүн мына ушундай кен байлыктарыбызды мамлекетибиздин кызыкчылыгына иштетишибиз кажет. Эгерде ал жер ишке кирсе, биринчи кезекте жергиликтүү тургундар үчүн жумуш орундары түзүлөт. Жумуш орундары түзүлсө, ар бир үй-бүлөнүн социалдык абалы жакшырат. Экинчиден, мамлекетибиздин казынасына киреше түшө баштайт. Мамлекетибиз оңолсо, маянасы жакшыраак жумуш издеп чет өлкөлөргө агылып аткан мигранттардын саны кыскарат эле. Азыркы тапта мурдагы бийликтегилердин тушундагыдай мындай алтын кендерин жең ичинен соодалап жиберүү көрүнүшү жок. Бардыгы ачык-айкын, элибиздин кызыкчылыгы үчүн жасалат. Мына ушундай ачык-айкын иш-аракеттин негизинде "Жерүй" алтын кени жакында эле 100 миллион долларга сатылган. Анын 10 миллиону бүгүнкү күндө мамлекет казынасына келип түштү. Бул айтканга оңой болгону менен олуттуу суммадагы акча каражаты. Бакиевдердин убагында болгону 300 миң сомго сатылган болсо, бүгүнкү күндө 100 миллион долларга бааланып отурат. Айырмасы асман менен жердей экендиги 1-класстын окуучусуна да түшүнүктүү. Мунун өзү учурдагы бийликтин жең ичинен соодалашууларга барбаганын көрсөтөт. Ошого карабастан "Биз "Жерүй" алтын кенин иштетпейбиз" деп чыгып жаткан жергиликтүү тургундарды көрүп атабыз. Албетте, мындай акцияларга чыгып аткандар жергиликтүү тургундардын 100 пайызын түзөт деп эч ким айта албайт. Жалпысынан жергиликтүү тургундар учурдагы бийликтин олуттуу иш-аракеттерин колдоого алышууда. Бирок, айрым саясатчылар мына ушул жерден дагы жеке кызыкчылыктарын, болбосо эски кектерин алып калуунун аракетин көрүшүүдө. Бизге жеткен маалыматтар боюнча жакында эле аталган алтын кенин иштетүүнү утуп алган россиялык компания экс-премьер министр, учурдагы "Республика Ата-Журт" партиясынын тең төрагасы Өмүрбек Бабанов менен кандайдыр бир байланыштары бар экен. Мына ушуну илгиртпей байкап калган "атамекенчи" депутат Болот Шер Бабановго каршы аракеттерин баштаптыр. Тактап айтканда бүгүнкү күндө Талас жергесинде "Жерүй" алтын кенин иштетүүгө каршы өтүп ;аткан митингдердин артында "ата мекенчилердин" тураары ачык эле айтылууда. Эске сала кетсек, бир учурда Болот мырза Өмүрбек Бабановго ок жибергени бар. Ал октун кайда житип кеткени азыркыга чейин табышмак. Биздин билишибиз боюнча ал октун экинчиси Болот Шердин өзүндө калган. Андан деле дайын жок. Мына ушундан улам Болот мырза кыязы өзүндө калган экинчи "окту" мына ушундайча "Жерүй" алтын кенине каршы митингдерди өткөрүү менен "пайдаланып" жаткан жокпу деген суроо туулат. Эки саясатчынын тирешинен жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы тебелене берсе болобу? Эгерде экөөнүн бири-бирине болгон өчөгүшү бар болсо, аны минтип жалпы элдин кызыкчылыгын тебелөө менен чечишпей, өз ара чечишип алышса болбойт беле? Айтор кызык, учурдун талабы - жалпы мамлекеттин экономикасын көтөрүү, ал үчүн инвесторлорду тартуу аракеттери болуп ;атса, айрым саясатчыларыбыз дагы деле көрпенделик аракеттерин тыя албай жатышкансыйт...
Тиленбек АЗЫК






Кыргыз республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевге,
Кыргыз республикасынын премьер-министри Темир Сариевге
Кайрылуу
Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Урматтуу Темир Аргенбаевич, биздин Сиздерге кайрылуубуздун жөнү төмөндөгүдөй.
Жазуучу Мирзохалим Каримов кырк жылдан бери адабиятка аралашып, ошол жылдардын аралыгында жыйырмадан ашуун китеп чыгарып, кыргыз журтчулугунан миңдеген окуурмандарын таап келет. Ал дурус иштеди, дурус иштегени ошол-анын жыйнактары да арбын, окурманы да арбын. Эгерде чыгармалары начар болсо, окурмандары аз болмок.
Мирзохалим Каримовдун энеси кыргыз, атасы тажик, демек, тажик улутунда эсептелет. Энеси аркылуу кыргызга байланган. Андыктан ал эки элге тиешелүү болуп, эки элдин кулуну болуп, алардын ынтымагына салым кошуп келет жана да Кыргызстанда жашап келет. Мирзохалим көркөм чыгармалары менен катар эле кыргыздын көйгөйлүү маселелери камтылган публицистикалардын, макалалардын, сатиралардын да автору. Анын курч тили далай чиновниктин "жынын чыгарган" учуру аз эмес.
Мирзохалим кырк жылдан бери кыргызга, анын адабиятына кызмат кылып келсе да, мамлекет тараптан бир дагы наамга татыбады. Эмдигиче үй-жайы жок жүргөнү. Анын мүнөзү өтө жумшак, аны менен бирге бирөөнөн бир нерсе сурап эшиктен да, тешиктен да шуулдап кирип барууга намыс-мүнөзү жол бербейт, "кудай берген күнү баары болот" деп топуктуулугунан тайбай жашап келет. Андыктан Сиздерден суранарыбыз чыгаан жазуучуга жардам бериңиздер. Кандай жардам болсо да ушул азыр аябай керек болуп турат.
Биздин өтүнүчтү жерге калтырбайт деп ишенип:
Аман Саспаев, Кыргыз Эл жазуучусу, Үсөнбек Асаналиев, Филология илимдеринин доктору, профессор, Казат Акматов, Кыргыз Эл жазуучусу, Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз Эл акыны, Абдылдажан Акматалиев, академик, Бөкөнбай Боркеев, Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Баратбай Аракеев, Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.




КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго кулак кагыш
"Ибараттын" чыгармачыл жамааты даярдап эфирге чыгарып жаткан "Тоолуктардын ток-шоусу" берүүсү кыргыз элинин улуттук дүйнө таанымына, маданий дөөлөттөрүнө, нукура элдик таалим-тарбия берүүнүн унут калып бараткан жөрөлгөлөрүнө, анын ичинде эне тилинин көйгөйлөрүнө, демек, учурда буюгуп жол таба албай турган улуттук идеологияга арналган берүүлөрү менен калктын кеңири катмарына таанылып баратат.
Анын алып баруучусу Мирхамид Токтогул уулу берүүдөн берүүгө өсүп, жалпы даярдыгы, адистик чеберчилиги, басыгы чыгып бараткан, келечегинен үмүттөндүргөн жаш тележурналист. Анын берүүлөрүнө дайыма нускалуу, элге жугумдуу адамдар чакырылат. Тарыхчы Байас Турал да кыргыз десе ичкен ашын таштаган ошондой мекенчил адамдардын бири. "Тоолуктардын ток шоусунда" анын айткандарында эч калет жок. Тарбия тууралуу арыстандар менен чөөлөрдү салыштырып, элестүү сүйлөп уңгусунан ажырап бараткан уюткулуу элдин урпактарын терең ойлонто турган маселелерди козгогон. Жарым жыл мурун кеткен берүүдөн эч ким улуттарды кайраштырган "шовинизмди" көргөн эмес, Байас Турал эч бир жеринде башка элди (уйгур, өзбек, дунгандарды) чөө же "недочеловеки" деген жок. Ал өз улутташтарын гана уяткарып, бүгүнкү кашкайган чындыкты бетке айтып, улуттун эртеңкисине бушайман болуп жатат.
Капыстан чыга калган Улугбек Бабакулов деген жумурткадан кыр чыгарып, кылдан кыйкым таап, алгач кайсы бир газетага, кийин интернетке кыйкырып чыккан экен. Бабакулов жөн жерден чоң саясат жасап, чайкоочулук кылып жатат деп ойлойбуз.
"В передаче нарушены все мыслимые нормы журналистической этики, в частности, положение о недопустимости разжигания вражды по национальному, расовому, социальному и иным признакам", - дейт Бабакулов. Жөн жаткан элди кайраштырып, арадай жерде чарадай от жагып, макаласынын башында 1916-жылды козгоп, Эмилбек Каптагаевге, "Мекен шейиттерине", "Кыргыз чоролоруна" асылып, бүтүндөй улуттун ыйык сезимин козгоп, элди араздаштырууну максат кылганы, ага элдин ынтымагы эмес, чыр-чатак керек экени байкалып турат. Журналисттик этиканы ушул адамдын кеп кылганы уят. Анан дагы А.Алымбаев Жазуучулар союзун жетектейт деген калпы элди атайын дүрбөтүүгө багытталган. Улуттардын ортосуна от жаккан ушуга окшогондорду атайын кызматтар иликтөөгө алышы керек.
Бабакуловдун логикасын ээрчисек ар бир гезитке чыккан макала, теледен кеткен берүү катуу цензурадан өтүп, ой эркиндиги, сөз эркиндиги сындуу демократиялык принциптерди атайын ченемдер менен чектөө керек.
Бул маселе калыс териштирилет деген ишеничтебиз.

Эгемберди Эрматов, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ БОЮНЧА УЛУТТУК КОМИССИЯНЫН ТӨРАГАСЫ