Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Соолбойт элдик башат

Рыспайдын 70 жылдыгын өткөрөлү деп, Каракулжага барганбыз. Элдин катарында Гүлшайыр Садыбакасова экөөбүз бирдемелердин сүйлөшүп отурат элек. Бир маалда, баласы окшойт, колу-башы калчылдап, бутун сүйрөп басалбаган, бети-башы шылынып, салаңдап калган бир улгайган кишини жаныбызга отургузду. Бу шардуу да Рыспайды жанындай көргөн неме экен деп, ичим жылый түштү.
- Жеңишбек ака, мына, Рыспай аканын мааракесине Бишкектен Бөкөнбай акабыз да келиптир - деп, бетмаңдайын жансыз көзү менен карап турган кишиге бак-бак этти. Ошондо жүрөгүм оозума кептелип, ачуу жаш көкүрөгүмдү мыжып чыгакелди. "Ай, кудайым ай, ушундай да болобу! Басалбаса да, сүйлөй албаса да, Рыспайына келген тура, жарыктык Жеңишбек!" Көкүрөгүм ачышып, сүйлөөгө дарманым келбейт. Нес болуп, жалдырап турам. Ошондо Рыспайдын колу-буту соо шакиирттеринин көбү барбады. Жеңишбектин ошондо ким экенин билдим. Мурда ал жөнүндө жазгам, тарткам, чачынан бутунун тырмагына чейин билет элем. Совет доорунда салттуу музыкабыз жоголуп кете жаздаганда, ушул Жеңишбек Шамшиев белкөпүрө болуп сактап калбады беле... Ал жөнүндөгү эскерүүмдү кыргыздын көркөм уңгусу болгон салттуу музыкабызды жээрип бараткан жаштар биле жүрсүн деп ортого салып отурам.
Жеңишбек Шамшиевдин чыгармачылыгы жөнүндө жазуу жеңил да, оор да. Жеңили - анын шаңкар тоодой шаңкылдаган үнү кулакка жагымдуу, ошонүчүн обондору элибиздин табиятындай жөнөкөй, баарынан да ата-тегибизден бери каныбызга биротоло сиңип бүткөн элдик мүнөзү менен угармандарын тапты. Ушул касиети аркылуу ал бардык муундагы угурмандарды баш коштура алды. Элдик мүнөздөгү чыгармалар менен кошо калыптанып калган улуу муундун басымдуу көпчүлүгү азыркы ырларды анча "сиңире" албаса да, Шамшиевдин обондорунан улам жаштыгын эстеткен табериктей аздектешет... Кылым карытып келаткан кыргыз обону ушул өнөрпоздун сезимине байырлап калганына тымызын ыраазы эле. Мындай урматка азыркы муун да сараңдык кылбайт.Анткени,элдик башат, улуттук колорит качан да болсо өзүнүн алгачкылыгын жоготпойт .Кудум зор имараттын кебелбес жерпайы сыңары, ошол бийиктик эмнеге таянып турганын сездире берет. Азыркы муун аны дал ошол мураскерлиги үчүн, анан да элдик мотивди алардын көңүлүнө төп өнүктүрүп бергени үчүн урматташат. Анын ырлары жөнөкөй, кабылдоого ийкемдүү. Ошонусу менен таржымалын иликтөө жеңил. Ал жөнүндө жазууну оордоткон - ошол жөнөкөйлүктөн бийик көркөм нерселерди алып чыгып, автордун обончулар арасынан алган ордун аныктоо, музыка маданиятыбызга кошкон салымын окурмандарга нускалоо. Жеңишбек Шамшиевдин чыгармачыл таржымалы салыштыруу аркылуу гана жеткиликтүү болору калетсиз. Ансыз ал "улуу муундун өкүлү" бойдон калаберет.
Биз 60-жылдарды музыкалык маданиятыбызда жаңы жогорулаштардын, жаңы ысымдардын, жаңы табылгалардын мезгили катары баалап жүрөбүз.Мындай кескин өрүш - кино өнөрүбүздө да, адабият майданында да болгонун өнөртаануучулар, адабият билермандары бир ооздон айтышат. Албетте, өсүп-өнүгүү мыйзамченеминин бир урунттуу доору. Союздук, дүйнөлүк адабият менен искусствонун жагымдуу таасиринен улам, жаңыча ой жүгүрткөн жаш муундардын өсүп чыгышы, айрыкча алтымышынчы жылдарда арбын учурап, ал тургай Р.Абдыкадыров, К.Тагаев, М.Рыскулбеков, С.Жумалиев, Сыдыков, А.Атабаев ал тургай башка обончулар ыр дүйнөсүнө удаа келип, музыка майданын шаңга бөлөп жиберишен. Булар, биринчи кезекте, мурдагы элдик мотивден айрымаланган жаңы ыргактарды алакелишкени менен баамга урунуду. Көптөн бери жаңыча жөрөлгөлөрдү эңсеп жүргөн угармандар жапырт аларга ооп, элдик мүнөздөгү ырлар экинчи планда калып калат. Албетте, алардын көркөмдүк деңгээлине салыштырып болбойт. Анткени кылымдар арытып келген элдик мотивдеги ырлар жүрөк жылытар жагымдуу кайрыктарга бай, ал эчкачан калпып бүткүс кенч бойдон кала берет.
Жеңишбек Шамшиев да ыр дүйнөсүнө дал ошол алтымышынчы жылдардын кап ортосунда келген. Чынын айтыш керек, ал да башка обончуларга окшоп, ыр сандыгына арбын обон салып келсе да, аларчалык эл оозунда көкөлөп жүрө албады. Бул обончунун ырлары начар дегендикке жатпайт, тескерисинче, элдик мүнөздөгү ырлардын жападан-жалгыз жаш өкүлү катары, салттуу ырларды уланткан мураскер катары өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Баарынан да, башка обончулар жапырт аккордеондун коштоосуна өтсө, Жеңишбек улуттук комузубузду шаңкылдата чертип, өзүнүн шаңдуу үнүнө жуурулуштура оболоду.
Биз жогоруда Жеңишбек Шамшиев башка обончуларга окшоп, эл оозуна тез илине албады деп айттык. Анткени угармандар мурда комуздун коштоосундагы элдик ырларды көп угуп, кулагы көнүп бүткөн. Алеми аккордеондун коштоосундагы жаңыча ыргактуу обондорду жаңылык катары кабыл алышып, жаңы бир ышкынын туткунунда калышат. Бирок элдик ырга кумар улуу муундар Шамшиевден "өз кишисин" көрүшүп, анын негизги угуучулары бойдон калаберишти. Радиодон анын ырларын уктуруп коюуну сурангандардын көбү да ошолор эле. Ушундай абал жетимишинчи жылдардын аягына чейин сакталды. Анткени аккордеон биздин турмушубузга, музыка маданиятыбызга биротоло сиңип, кудум өз аспабыбыздай кызмат өтөп турду. Кийинки обнчулардын баары ошол аспапта ойноп чыгышып, ага да акырындап кулак көнөбаштаган. Ошондо баягы өз аспабыбызга болгон кумар кайрадан тутанып, аны менен элдик ырлардын доораны сүрдү. Атургай элдик ырлардын көбү эл аспаптар ансамблинде кайрадан иштелип, комуздун керемет күчү улам даана көрүнө берет. Дал ошондон тарта Шамшиевдин ырларын жаңыча көз карашта баалоо аракети башталат.
Жеңишбектин чыгармачылыгын иликтеп отуруп, ал ыр дүйнөсүн бирдей басык менен аралап келгенин байкоого болот. Көпчүлүк обончулар обонду бир кылка чыгарышпай, кээде көпкө чейин жаңы обонуна "зар" кылса, ал обондорунун учугун үзбөй, жаңыларын бир калыпта тартуулап турду. Азыр радио казынасында анын жыйырмадан ашык обону бар. Ушунун өзү чыгармачылыгын баамдан чыгарбай, анын аргендей үнүн ардайым угуп турууга мүмкүнчүлүк түзүп отурат.Мындан тышкары ырларынын көптүгү да тажатма кайталоодон, бир-эки ырын уга берүүдөн куткарып, анын бир калыптагы басыгын камсыз кылган. Анүстүнө салттуу ырлардын доору сүрөбаштаганда, батышты туурап, жайытын түгөтүп алган жаштар элдик мүнөздөгү ырларда кыргыз руху уютку болуп турарын сезди да, ага каныкктан ырбулактан азык алууга өттү.
Жеңишбек Шамшиевдин чыгармачылыгындагы бир калыптуулук анын мүнөзүнө да кандайдыр бир деңгээлде байланышып кетет. Табиятында токтоо жигит кайсыл иште болбосун өзүн сабырдуу тутуп, шашпай, майын чыгара иштеп келди. Кайсыл ырын албайлы, тексттин мазмунуна шайкеш кайрыктар менен жабдылып, качан да болсо элдик мүнөзүнөн жазбайт. Ошо нүчүн элдик ырларды ийине жеткире аткарганы менен бүткүлдүйнөлүк фестивалдын лауреаты болууга татыган Жапар Чабалдаевдин обончунун "Карагым келет" деген ырына дидары түшүп, угармандардын черин жаза шаңкылдап ырдап жүргөнү да бекер эмес эле.
Жеңишбек Шамшиевдин обондорунун элдик мүнөздө болушуна дагы бир жагдай себепкер сыяктанат. Маселен, обончулар нота билип, аккордеон ойноп, кандайдыр бир деңгээлде музыкага катыштыгы болсо, Жеңишбектин кесиби обончулук өнөргө дегеле жакындабайт. Ал кесиби боюнча экономист болгон.
Иштеген иши да ушул эсеп-кысап жаатында эле. Атургай иш билги, уюштургуч жөндөмүн баалап, аны Совет совхозуна партиялык уюмдун секретары кылып дайындашкан.Ушундан улам, музыкага жакындыгы жок кесиптин өтөөсүнө чыга олтуруп, кандайча татынакай обондорду жаратып калды деген суроо туулат. Көрсө, табият берген талант, анан аны улам жандандырып турган ышкы оту себепкер болгон тура. Кызматтан тышкары учурда жандүйнөсүн тыбыраткан ойлорду комуз кылынын дирилдеген добушуна салып, ичтеги чыгармачыл бугун обонго салчу экен.
Кантсе да, талант кандайдыр бир башаттан азыктанбаса, жарк этип көрүнбөй калышы ыктысал. Шамшы аксакал, Бүбүкан эне деле колуна комуз кармап көрбөптүр.Бирок агалары Рашид менен Годовой комуз чертип, аккордеон ойношуп, эң кенже иниси Жеңишбектин ышкы отун тутандырган окшойт. Ага он жашынан комуз үйрөткөн да ошол эки агасы болушкан. Окурманга алдынала айтып коюш керек Жеңишбектин комузун коштогон аккордеончу агасы Годовой. Эки биртуугандын биргелешкен аракетинен улуам, элдик мүнөздөгү ырлар жаңыча, жагымдуу угулуп, алардын аткаруучулук чеберчилигин ачып берген. Бул көбүнчө кайрыктардын так чертилишинен, эки аспаптын үнүнүн шайкеш келишинен даана сезиле. Жеңишбек аткаруучулук чеберчиликке жашынан машыгат. Мектепте да, кийин университетте окуганда да өздүк көркөм чыгармачылыгына катышуусун токтотпойт. Айрыкча студент курагында бош убактысынын баарын ушул өнөргө жумшайт. Студенттик фестивалдарда, кароолордо экономикалык факультетти далай мөөрөйгө маарыткан. Андан тышкары оюн-зооктун да көркү эле. Жагымдуу ыр угууга кумар улан-кыздар айланчыктап жанынан чыгшчуу эмес.
Ушундай көңүлдүү жагдай, анан да студенттик романтикалуу дүйнө анын өзүнө белгисиз ышкы отун козгоп, чыгармачылык чабыттарга жетелеп келген. Ошол кезде ыр да жазып жүргөндүктөн, ал ырларынын үчөө-төртөөнү газетага да жарыялаган. Ошол ынтызарлык обон жаатына да ооп, адегенде эле өзүнүн "Чабан кызга", "Эсиңдеби" деген ырларына обон чыгарат. Өзүнө билинбей, көңүлүндө көптөн бери бышып жүргөн болсо керек, негедир тез эле жаралат. Курбуларына жаккан соң, бул төлбашы ырлар Жеңишбектин көкүрөгүндө катылып жаткан башка ырларга кеңири жол ачат да, алар жарык дүйнөгө удаалаш кирип келет.
Жеңишбек Шамшиевдин чыгармачылыгында лирикалык ырлар басымдуу. Алардын ичинен "Эсиңдеби", "Таарынба", "Бирге өткөрсөм", "Атам менен апама", "Сен дейм дайым", "Кубандырчы", "Күтүү", "Өчпөс мүнөттөр" деген обондорунун сөзү өзүнүкү. Албетте, негизги ишинен тышкары убакта эки өнөрдүн башын кошуп, көкүрөк ойлорун эл менен бөлүшүп турган.Дал ушунун өзү анын да, угармандардын да турмушун алдаканча мазмундуу, жагымдуу сүрөттөп бергендигин аныктайт. Он беш жылдан ашуун чарба кызматында жүрсө да, обончу баягы студенттик курагында баштаган обончулук өнөрүн таштабайт. Алтурсун анын көркөмдүк деңгээлин улам жогорулатып, азыркуу муун унутабаштаган элдик кайрыктардын жагымдуу жактарын ачып берген.
Ошон үчүн анын ар бир обону, ички дүрмөт тээп тургандай шаңкылдап шаңдуу угулат. Анын "Толгонуу" деген ырын угуп көргөнүбүздө, шаңдуу добуштун ар жагында назиктик, ата-энеге болгон түгөнбөс мээрим туюлуп турат. Биз үчүн кымбат эки адамдын - ата менен эненин элеси, шаңдуу добуш назик ыргак менен жуурулушуп, бирин экинчисинен бөлө алгыс, бири-бирисиз жашай алгыс бүтүндүктөй, өлбөстүктүн символундай бажырайып көрүнөт. Боёктор шоокумундай куюлушкан кайрыктардан шол асыл адамдардын образы суурулуп чыгып, алдыбызда жаңы ажарында - үй-бүлөнүн куту, түркүгү катары сүрөттөлөт. Бизге эчактан маалым болсо да, мукам обон аны биздин эсибизге дагы бир жолу салып, ата-эне жөнүндө жаңыча ойлонууга, аларды кадырлоого тымызын үндөп, зоболосун көтөрөт.Деги эле эл менен жашап, аны өмүр бою жан шеригиндей коштоп келген ырларынын маңызы ушундай.Жеңишбек Шамшиевдин чыгармачылыгына күлазык болуп, анын ырларын элдик нукка салып турган башат соолбой турганда, элдин канына сиңип, анын жүзүн качан, кай жерде болбосун тааныта алчу мукам ыргактар жашап турганда, обончунун үнү шаңшып угула берет...
Жеңишбек Шамшиевдей соолбос элдик башаттын көзүндөй көбүрүп турчу көрөңгөсү бар экенин, ал биркезде "тулпар - тушунда" болуп турганда, колун кармап коюуга зар болгон ышкыбоздордон кезек тийбей калган күндөрдү эстеп айттым бул арманды. Калганын, 2012-жылы көзү өтүп кетсе да, алиге ырдалып, дагы эле кылым карытып жашай бере турган ырларында экенин угарман өзү сезип алар...
Бөкөнбай Боркеев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңиирген ишмер